Сынак бересизби, анда сизге атайын рецепт…
Мектеп жана жогорку окуу жайдын билим алуучулары азыр кызуу сынак тапшырууда. Айрыкча, мектеп бүтүрүүчүлөргө оор, анткени, алар эки жолу күчүн сынашат. Байкуш башыбыздагы мээге кыйын болору анык, бирок, биз ага жардам бере алабыз. Кантип?

6Экзамен, сессия, диплом, диссертация ж.б. - мунун баары өтө даярданууну талап кылат. Окуйбуз, жаттайбыз, бирок, дал тапшырарда кашайып унутуп калабыз? Бул эмнеликтен экенин билесизби? Мээ - темирден жасалган эмес, ал деле организмдин бири. Ошондуктан, ага дыкат мамиле жасаш зарыл, себеби, өтө көп маалыматты эстөө кээде оорго турат. Андыктан ага эмне керек?

Микроэлементтер
Мээнин дурус иштеши үчүн ага - фосфор, калий, кальций жана йод кажет. Фосфор менен йодго деңиз балыктары жана продуктулары (өзгөчө балыр өсүмдүгү) бай келет. Калий кызылча, өрүктүн өзү жана кагында көбүрөөк болот. Кальций - сүт продуктуларында мол. Бирок, чыныгы витамин жана микроэлементтердин жыйындысын бирге алам десеңиз, таза бал сизге жардамга келет. Андан өтөрү жок дешет врачтар.

Витаминдер
Стресс кырдаалда жана өтө оор учурда - витамин Е сизге маанилүү. Ал кандын айлануусун жакшыртат, кайсы бир клетканын (анын ичинде мээнин да) жабыркашына жол бербейт. Аны издейм десеңиз, өсүмдүк майы, буудай жана жумурткадан таба аласыз. Демек, эрте менен эки жумуртка кууруп, нан менен жегениңиз жетиштүү болот. Андан сырткары, С жана В витаминдери да керек. Алар өзгөчө кара карагатта жана көк чөптө толтура.

Сынакка бир канЧа апта калдыбы?
Эгерде жашооңузду башка нукка бура турган күндөргө бир канча апта калса, анда сиздин күндө жей турган тамагыңыз төмөндөгүчө:
- деңиз балыгы - жумасына 3-4 жолу
- балыр өсүмдүгү - күндө
- жумуртка - жумасына 3-4 жолу
- өсүмдүк майы - күндө
- кызылча жана көк чөптөн (өзгөчө петрушка) жасалган салат - күн сайын
- эт (эскертүү: колбаса эмес) - жумасына 3-4 жолу
- майлуулугу 5 пайыздан ашпаган сүт продуктусу - күн сайын

Туура бир жума калды…
Сынакка бир апта калганда, этти азайтып, бирок, углеводдун санын көбөйтүш керек болот.
- кара нан - күн сайын
- ар түрдүү дандардан даярдалган ботко
- дарыканада гүлдүн чаңчасы сатылат. Ошону күнүнө 3 жолу жарым кичинекей кашык кабыл аласыз.
- өнгөн буудайды эрте менен ачка бир чоң кашык жейсиз.
Буудайды өндүрүү жолу:
Буудай дандарын жууп, идишке салып, аны 1см. көмө турган суу куясыз. Үстүн даки менен жаап, жылуу жерге 10-18 саат коёсуз. Качан гана дандардын ак өнгөнү пайда болгондо, суусун төгөсүз. Аны оозу жабыла турган идишке салып, муздаткычка саласыз. Эске тутуңуз: аны туура бир жума пайдалана аласыз жана анын пайдалуулугу жоголбойт.
Баары башталды!
Мында сизге таза тоонун балы жана кактар (өрүк, алма ж.б.) жардам берет. Албетте, кыям жана шоколад деле жакшы, бирок, анчалык пайда алып келбейт. Күндө:
- бал кошулган суу (эртең менен, сынак алдында жана жатаарда)
- бир күн ичинде 150-200 грамм как
- гүлдүн чаңчасы
- балык
- жашылчалардан салат
Эң маанилүүсү өзүңүздү башка тамактардан алыс кармап туруңуз. Мисалы, көчөдөгү гамбургер, хот дог ж.б. тез даярдалуучу тамактардан. Сизге ийгилик каалайбыз!




Асем буюмдарды тазалоодо пайдалуу кеңештер
1. Ар жолу тагынып, кечинде чечкенде аларды кебез менен кургатып сүрткөндү унутпаңыз. Себеби, көбү алардын карарып кеткенин байкашат. Ал нерсе тердегенден улам пайда болорун эске алыңыз.
2. Асем буюмдарын кургак жана күн тийбеген жерде сакташ керек. Анткени, аметист, бирюза, топаз, акак сыяктуу таштар ультракызгылт нурлардан улам, өз түсүн жоготот.
3. Алтын менен капталган кооздук буюмдарды одеколондо сиңдирилген пахта менен тазаласа болот. Ошондой эле, жумуртканын агы да жакшы жардамын берет. Аны да жогоркудай эле ыкма менен пахта менен тазалайсыз.
4. Алтын буюмдар дагы да жалтырап турсун десеңиз, аны кумшекер кошулган сууда кармасаңыз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз.
5. Күмүш буюмдарын тазалоодо мындай ыкма колдонсо болот. Самын кошулган жарым стакан сууга 1 чай кашык нашатыр спирт кошуңуз. Жумшак тиш тазалагыч щетка менен тазалап жууп, кийин кургаганча сүртүңүз.

Эмне жаман?
Анжияндык айры сакал сынчы Сынчыбекке бугунун атактуу манабы Боромбайдын уулу Өмүрзак:
- Кадырман сынчым, бу дүйнөдө эмне жаман? - деген суроо коёт.
- Эл-журтту бийлеп жүрүп, ошону билбейсиңби? - деп туруп:
- 1-жаман: бирдиги жок эл жаман,
- 2-жаман: энеси жок кыз жаман,
- 3-жаман: үлгүсүз бычкан иш жаман,
- 4-жаман: төрөсү жок эл жаман,
- 5-жаман: уул-кызсыз белгисиз кеткен эр жаман,
- 6-жаман: кочкору жок кой жаман,
- 7-жаман: токсонго чыгып тоголонгон чал жаман, - деген экен.
(Акматалиев Амантурдун "Каада-салт, үрп-адат, адамдык оң-терс сапат" деген китептен алынды)

БЕТТИ ДАЯРДАГАН ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




  Чай - император суусундугу…

Биз жашаган планетада чай ичүүнү жактырбаган адам жоктур. Ал эң көп ичилген суусундуктардын ичинен - суунун өзүнөн кийин эле экинчи орунду ээлейт. Бир күндү да чайсыз элестете албаган жаныбыз, бир кезде мындай эместигин билээр белеңиз. Аны падышалар гана ичкенин уккансызбы?

Чайдын тарыхынан…
6Чайдын мекени Кытайдын түштүк-батыш тарабы деп айтышат. Ал жер Бирма жана Вьетнам өлкөлөрү менен чектеш. "Чай" деген сөздүн пайда болушу тилчилерге абдан кызык. Анткени, чай кытайларга тиешелүү болсун, сөздүн аталышы байыркы түрктөрдөн келип чыккан. Ал сөздүн так кайсы жылы айтылып калганын билбей келсек, чайдын пайда болуш тарыхын да так билбейбиз.
Алгачкы чай жөнүндөгү уламыш тээ байыркы жылдарга барып такалат. Негизи чай тууралуу жомоктор Кытай, Индия жана Японияда көп. Анын биринде биздин заманга чейинки 3 миң жылдыкта Түштүк Кытайдын императору Чен Нунгдун кайнатылган суусуна капысынан жалбырактар түшүп кетет. Ал суусундук жыттуу жана даамдуу болуп чыга келет, кийин императордун жарлыгы менен баягы жалбырактар чогултула баштайт. Тарыхый эстеликтерге карасак, Кытайда биздин замандын 220-280-жылдары чай белгилүү боло баштап, 350-жылдан баштап, аны пайдалануу үчүн өстүрө башташкан.
Ал эми индиялыктардын айтымында, алардын Дарум деген ханзаадасы кудайына сыйынып жатканда, уктап калбаш үчүн кирпиктерин кырктырат. Ошол кирпиктер жерге түшкөндө, бадал өсүп чыгат экен. Бадалдын жалбырактарынан даярдалган суусундук адамдарга сергектик берген.
1763-жылы бир швед улутундагы деңиз саякатчысы Кытайдан окумуштуу Карл Линнейге чайдын бадалын алып келип берет. Дал ушул окумуштуу алгачкы жолу чайга "thea sineusis" ("Кытайдын чайы") деген илимий аталышын берген. Кийинчерээк XIX кылымда Индияда англиялык окумуштуулар чай бадалдарын көрүп, аны "thea assamica" ("Ассам чай") деп аташкан.
Кытайдын философтору: "Чай шарапка караганда жакшы, анткени, кызуу кылбайт, бирок ден-соолукту чыңдап жана сергитет. Чай суудан да жакшы, себеби, инфекция ташуучу эмес",-дешкен. Чайды эң башында императорлор гана дарылык касиети бар суусундук катары ичишкен. V кылымдан баштап, императорлор аны мыкты төрөлөргө белек катары тартууласа, Х кылымдан бери Кытайдын улуттук суусундугу катары таркалып, ал сооданын товарына айланган.
Европага чай XVI - XVIII кылымдарда португалиялык жана голландиялыктар аркылуу келген. 1664-жылы "Ост-Инд" англиялык компаниясы ошол мезгилдин өлкө башкаруучусуна чайды белекке беришет. Башында Англияда чай байлыктын белгиси катары кабыл алынып, аны акчасы барлар гана иче алышкан. Ал эле эмес, тарых барактарында Томас Твиннинг деген дүкөнчү 1850-жылдарда чай талон чыгарган деп жазылат. Ал талон кадимки акчадай жүгүртүлүп, майда тыйындардын ордуна берилген. Аны шаардыктар баш тартпай алып, каалаган дүкөнгө кирип, бир чыны чай иче алган. Ошол учурда Индия Улуу Британиянын колониясы болуп турган жана жылына 2 миң тонна чай ташылчу. XIX кылымдын биринчи жарымында чай Ява, Суматра жана Вьетнамда, экинчи жарымында Африка, Түштүк Америкада, ХХ кылымдын башында Түндүк Италия жана Түштүк Швейцарияда өстүрүлө башталган.
Кийинки сандарда чайдын биз билбеген касиеттери менен тааныштырабыз.