Суу үчүн күрөш…
Жердин жарым калкы дүйнөдөгү эң чоң 10 дарыянын жанында отурукташкан. Жапайы жаратылышты коргоо дүйнөлүк корунун эсептөөсүндө, бул дарыялар учурда өтө кооптуу кырдаалда турат. Алар: Ла-Плата, Дунай, Рио-Гранде, Ганг, Муррей-Дарлинг, Инд, Янцзы, Меконг, Нил жана Евфрат.

БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ

15-июнда Токтогул суу сактагычына куйган агымдын көлөмү секундасына 1 миң 151 куб метрди түзүп жатат (салыштырма иретинде Таб.№1ге караңыз). Чыгымы да былтыркыга салыштырмалуу азыраак, учурда секундасына 168 куб метр (былтыркы жылы бул көрсөткүч 177 куб метрди түзгөн). Ошентип, 15-июнга алынган "Түндүк электро" ачык акционердик коомунун маалыматына караганда, Токтогул суу сактагычынын көлөмү 8 млрд. 89 млн. куб сууга жетти. Бирок, баары бир мурдагы жылдарга караганда аздык кылат (Таб. №2ге үңүлүңүз).
Биз сиздерди суу жөнүндө колубуздагы бардык маалымат менен бөлүшүп, болушунча терең тааныштырууга аракет кылабыз. Анткени, бүгүнкү күндө Кыргызстан Борбордук Азияда "суу падышасынын шериги" (бири Тажикстан) катары таанылып жатат, ошол эле учурда мындан кийин суу ресурстарын бөлүштүрүү маселелери турат. Биз дүйнөдө бул маселеге биринчи жолу кептелип отурган жерибиз жок, ошондуктан, кайсы өлкөлөр кантип чечкенин байкайбыз. Дүйнөлүк суу потенциалы, суу чатактары жана саясаты, жыйынтыгы жана жеңиши тууралуу кеңири баяндамакчыбыз.

АЛГАЧКЫ СӨЗ БИЗДЕН БОЛСУН…
Сиздерге ааламдан кеп баштардан мурун Ала-Тоодон кеп чубайлы. Быйылкы жылдын 16-мартында Түркиянын Стамбул шаарында дүйнөлүк суу форуму болуп өткөн. Анда өкмөт башчы Игорь Чудинов катышып, Борбордук Азияда жайгашкан мамлекеттерди Сырдарыя менен Амударыя суу-энергетикалык бир бүтүн түйүнгө бириктирет деген. Анын айтымында, Кыргызстан учурда өзүнүн гидропотенциалынын 10 пайызын гана өздөштүргөн. Эгерде республика өзүнүн керектөөсүнө жылына 8-9 куб чакырым пайдаланса, коңшу өлкөлөргө орточо 30 куб чакырым суу берет. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бир чайнекте 4 чынылык чай болсо, анын бир чынысын гана өзүбүз ичебиз (ред.). "Совет учурунда Борбордук Азияда компенсация төлөө каралып, ал адилеттүү жол катары эсептелген. Дал ушул принцип 1996-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда макулдашуу катары кол коюлган. Бирок, ал иш-чаралар кагаз жүзүндө гана калып кеткен",-дейт Игорь Чудинов. Ушундай маселелерден улам, 2008-жылы энергетикалык жана суу кризисине тушуктук. Өз жарандарыбызга жана өнөр жай ишканаларына токту пайдаланууга чектөө киргизүүгө аргасыз болдук. Жетишпеген энергетикалык ресурстарды Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстандан дүйнөлүк баа менен сатып алууда. "Экономикалык шарттарга байланыштуу Токтогул суу сактагычын мындан соң, ирригациялык максатта эмес, бир гана энергетика өндүрүүгө пайдалануу дегендик болуп калды",-деген өкмөт башчы. Нарын дарыясынын төмөнүндө орун алган Камбар-Ата-1, 2 ГЭСтери курулуштары башталып, кызуу уланып жатат. "РосБизнесКонсалтинг" компаниясынын маалыматына таянсак, Камбар-Ата-1 ГЭСтин курулушу 7 жылга созулуп, ага 3 млрд. доллар сарпталмакчы. Мурун келишилгендей эле, 2 млрд. долларын Россия берип, кайра инвестиция кайтарылганча, Камбар-Ата-1 ГЭСи алардын компаниясынын карамагында болот. Булар ишке киришкенде республикада жетишпей жаткан токту өндүрүп, Токтогул суу сактагычы мурункудай эле ирригациялык иштерге жумшала бермекчи. Айта кетчү жагдай, ГЭСтердин долбоорлору 1980-жылдары эле коңшу мамлекеттер менен келишилген. Анда экологиялык экспертизадан да өткөн. Игорь Чудиновдун айтымында, Бишкек шаарында суу-энергетикалык академия ачуу зарыл. Анда суу иштери боюнча дасыккан адистер даярдалып, аймактын маселелерине чоң салым кошмок.

100 ТАМЧЫ СУУ БОЛСО, АНЫН ҮЧӨӨСҮ ГАНА ТАЗА!
Биз жашаган планетадагы суунун 97 пайызы океан жана деңиздерге тиешелүү. Ал эми 3 пайызы бул - таза суу. Анын жарымынан көбү муздар жана жер алдындагы суулар. Дал ушул далил ачыкка чыккан соң, коомчулук 2000-жылы апрелде ошол мезгилдеги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башчысы Кофи Аннанга кайрылган. Башчы суу ресурстарын сактоо жана жаңы булактарды издөө зарылчылдыгын айтып чыккан. Батышта бул сөздөн кийин "XXI кылым - суу кылымы" деп аташып, айрым пессимисттер "суу согуштарынын кылымы" деп да жиберишкен. Америкалык жазуучу Сандра Паустель: "Нефтини эми унуткула, таза суу жоголуу коркунучунда турат",-деп жазган. Иче турган суунун айынан далай саясий чатактар чыгарын айткан.

СУУ ГЕОСАЯСАТЫ
Жердин жарым калкы дүйнөдөгү эң чоң 10 дарыянын жанында отурукташкан. Жапайы жаратылышты коргоо дүйнөлүк корунун эсептөөсүндө, бул дарыялар учурда өтө кооптуу кырдаалда турат. Алар: Ла-Плата, Дунай, Рио-Гранде, Ганг, Муррей-Дарлинг, Инд, Янцзы, Меконг, Нил жана Евфрат. Планетабыздын калкынын 41 пайызы жайгашкан бул жердин жашоочулары азыркы учурда суунун дефицити менен тушугушкан. Дефициттин пайда болуш себептери: сууну тосуучу көтөрмөлөрдүн курулушу жана климаттын өзгөрүшү болуп эсептелет. БУУнун эсептемесинде, дүйнөнүн 227 чоң дарыяларынын 60 пайызы көтөрмөлөр менен тосулган жана жасалма каналдарга жык толгон. Бул экологиянын талкаланышына алып келери айтпаса да түшүнүктүү. Жыйынтыгында, суу ресурстарынын маселелери көптөгөн өлкөлөр үчүн улуттук коопсуздук проблемасына айланган.

АЛТЫ КИШИНИН БИРИ ЧАҢКАП ОТУРАТ…
Азыркы учурда болжол менен 1 млрд. адамдын сууга жетүү мүмкүндүгү жок. 15-20 жылдан кийин суунун жетишсиздигинен Жердин жарым калкы жабыркашы ыктымал. 2025-жылга барып, 3 млрд. адам суу тартыштыгы болгон мамлекеттерде жашайт. Ал эми 2050-жылы планета калкынын үчтөн экиси суусуз калат деген божомолдорду БУУ тактап чыккан.

50 ЖЫЛДА 500 ЧАТАК
Суу ресурстарын пайдалануудан улам, акыркы жарым кылымда суунун айынан 500дөй тартышуу болгон. Дүйнөдө 40 өлкө географиялык жактан суу дефицитине кабылган. Булар чөлдө жайгашкан мамлекеттер. 1980-жылы АКШ дүйнөнүн 10 аймагында суудан улам согуш чыгыш ыктымалдыгын иликтешкен. Алардын катарына өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Аравия жарым аралы кирген. Ошол учурда АКШнын президентинин жардамчысы Жойс Старр гезитке берген маегинде: "Суу коопсуздугу жакында аскер коопсуздугу менен тең болот",-деп айткан. Андан сырткары, АКШнын божомолу боюнча, Кытай жана Индия, Египет жана Эфиопия, Ангола жана Намибиянын ортосунда суу талаштары чыгышы ыктымал. 2001-жылда АКШда жарык көргөн Майкл Клэрдин "Ресурстук согуштар" деген китебинде Перс булуңунда нефти чырын айтып келип, Нил, Тигр, Евфрат, Иордан жана Инд дарыяларынан улам чатактар чыгарын белгилеген. Чынында эле, акыркы он жылда бул аймакта бир канча окуялар болуп өттү. Анын акыркысында, 2008-жылы Түркия менен Сирия таза суу булактарын талашып калды. Мында сириялыктар өз аймагына Евфрат дарыясынын суусунун көлөмүн көбөйтүүнү талап кылган, бирок Түркия Евфраттан көз каранды болгондуктан, баш тарткан (бул тууралуу кийинки сандарда кеңири таанышасыз). Ошондой эле, 2006-жылы Шри-Ланкада 60 миң адам колдонгон суу сактагычын бийлик менен талашып, Тигр кыймылынын лидери Тамил Илама басып алат. Ал өкмөттү сууну тең бөлүштүрбөгөнү үчүн күнөөлөгөн. Көп күнгө созулган чатак 1 000 адамдын өмүрүн кыйган.

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫЖАҢЫ ЧАТАК
Дүйнөлүк аймактардын ичинен эң көп сууга жетишсиз Жакынкы Чыгыш болуп саналат. Израилдин 60, Сириянын 85, Иорданиянын 90 жана Египеттин 90 пайызы чөлдөн турат. Бул аймактын дарыялары Тигр менен Евфрат мамлекеттердин бири-бирине чегинен өтүп агат. Алар - Түркия, Сирия жана Ирак өлкөлөрүнөн агып, экономикалык жана геостратегиялык ресурстардын өнүгүүсүндө маанилүү кызмат кылат. Ошол эле учурда, бул дарыялар өлкөлөрдүн өз ара талаш-тартышуусуна да айланган. Бул жерде белгилей кетчү нерсе, өлкөнүн канчалык суу ресурсуна ээ экендиги эмес, кимиси суунун башында турганы сөзгө кожоюн. Мисалы, Нил, Тигр, Евфрат жана Иордан аймактын негизги дарыялары транс чегаралык болуп саналат. Булардын айынан Израиль менен Араб өлкөлөрү, Израиль, Сирия менен Иордания чатакташкан. Же Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Кувейттин суу булагы болуп, баарына Перс булуңу эсептелет. Андан сууну алып, атайын каражаттар менен пайдаланууга жаратат. Кувейт мамлекетинин тышкы иштер министри Мухаммед аль-Сабах бир маегинде: "Булуң - биздин жалгыз суу ресурсубуз. Эгерде, Перс булуңунда өзөктүү катастрофа болсо, биз эч нерсе иче албай калабыз. Биз суудан айрылабыз",-деген.

ЕВФРАТ - ТАРТЫШТЫН ЧОРДОНУ
Бул дарыя тарыхта да көп эскерилген. Анын жээктеринде дүйнөгө белгилүү бир топ цивилизациялар отурукташып, гүлдөп-өскөн. Евфраттын суу бассейни 580 миң чарчы чакырымды түзөт. Анын 49 пайызы Ирак, 21 пайызы Түркия, 17 пайызы Сирия жана 13 пайызы Сауд Аравияга бөлүнөт.
PS: Сиздерди эмки сандарда Түркия мамлекетинин мисалында суу талаш маселеси кантип чечилгени жөнүндө тааныштырабыз. Андан сырткары, башка өлкөлөрдүн бул маселеге байланыштуу тажрыйба маалыматтары жарык көрмөкчү.

Таблица №1:
Жылы: Секундасына:
2009-ж. 15-июнь 1 151 куб метр
2008-ж. 786 куб метр
2007-ж. 754 куб метр

Таблица №2:
Жылы: Көлөмү:
2009-ж. 15-июнь 8 млрд. 89 млн. куб метр
2008-ж. 8 млрд. 249 млн. куб метр
2007-ж. 12,5 млрд. куб метр
2006-ж. 15,3 млрд. куб метр