Мурза Гапаровдун жемиш багын аралаганда
Биздин эл аралык "Zaman Кыргызстан" газетабыздын биринчи редактору Мурза Гапаровдун "Экөө ээн бакта" деген китебинин таанытым кечеси болуп өттү.

Абдыкерим Муратов
4-июнда Улуттук китепканада жазуучу, драматург, киносценарист, биздин эл аралык "Zaman Кыргызстан" газетабыздын биринчи редактору Мурза Гапаровдун "Экөө ээн бакта" деген китебинин таанытым кечеси болуп өттү. Кечени ачып жатып, алып баруучу китепкананын директору, филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Бакашова жазуучунун өмүр баянына токтолуп өттү.
Маданият жана маалымат министри, жазуучу, драмачы Султан Раев бүгүнкү китептин чыгышы маданий дүйнөдөгү чоң окуя экендигин белгилеп, М.Гапаровду уникалдуу чыгармачыл адам, өзүнчө өзгөчөлүккө ээ сүрөткер деди. Жазуучунун шакирти министр мырза жаңы китептин автору ыйман категориясын чыныгы сүрөткер катары өмүрүн сайып коюп иштегендигин айтуу менен анын аңгеме-повесттери лирикалуу, романтикалуу келерин белгилеп, жазуучу өзгөчө бир боёктор менен адам жүрөгүнө жетчү жол тапкан деп, анын стандарттуу эмес, рамкага батпаган гапаровдук жекече бейнесин ачып берди.
Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Абдырахман Алымбаев, академик Турар Койчуев жаңы китеп жана анын автору тууралуу ойлорун ортого салды.
Жазуучунун кан досу Кеңеш Жусупов өз досунун көзү өткөнгө жети жыл болуп кеткенин айтып, экөө бала чактан теңтуш, чыгармачылык сырларын бөлүшкөн калемдеш экендигин белгилеп, ал жүрөгүнөн сүйлөп, жүрөгүнөн жазчу, бир нерсе укса, окуса, көрсө, мага да сүйүнчүлөп айтып турчу деди.
Ал эми китепти өз басмасынын каражатына чыгарып берген, "Турар" басмаканасынын директору Тилек Мураталиев, бул жазуучунун чыгармаларын он бир жашынан окугандыгына, өзгөчө мургаптыктар тууралуу жазгандарына кызыгып калгандыгына, ошон үчүн да бул китепти чыгарууну колго алгандыгына токтолду.
Мурза Гапаровдун чыгармачылыгы тууралуу Буудайбек Сабыр уулу, Абдыкерим Муратов пикирлерин бөлүштү. Ал эми жазуучунун байбичеси Алмакан Осмонкулова ушул китепти чыгарабыз деп демөөрчү издеп кичүү жубайы Галия экөөнүн түртпөгөн эшиги калбагандыгын, эми мынтип ал иш оңунан чечилгендигин кубануу менен белгилеп, Мурза Гапаровдун Ноокаттын Нойгут айлындагы үйүн чыгармачылык таланттарды тарбиялоочу устакана кылуу үчүн даярдап жаткандыгын айтып өттү.
Агасынын адамдын сапаттары тууралуу иниси Момун Гапаров айтып берсе, музыкант уулу Азиз Гапаров өзүнүн "Апендинин түшү" аттуу чыгармасын аткарып, мыкты өнөрпоз экендигин көрсөттү.
"Экөө ээн бакта" китеби "Турар" басмасынан 1000 нускада, 30 басма табак көлөмүндө жарык көргөн. Бул жыйнакка окурмандарга мурда тааныш айтылуу повесть-аңгемелерден сырткары "Сүйүүнүн кайыгы" повести, "Аялдардын деңизи", "Экөө ээн бакта" аңгемелери, "Чагылгандын огу", "Темир корук", "Туздуу чөл", "Мээримдүү Мээри", "Өлгүм келет, спонсор керек" деген пьесалары кирген. Соңку сөздү китептин редактору жазуучу Мелис Абакиров жазган (ал төмөндө берилет).




Кыргыз Чехову (Мурза Гапаровдун эскерүү кечесинде сүйлөгөн сөз)
Мелис Абакиров
Урматтуу замандаштар!
Мурза аке тууралуу, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мурза Гапаров тууралуу, эң кыска да, эң узун да сөз кылсак болот. Анын кыргыз адабиятындагы, кыргыз драматургиясындагы, кыргыз театр, кыргыз кино өнөрүндөгү ээлеген ордун эми эч тартынбай айтканга мезгил жетти, кезек да келди.
Менин ынанган пикиримде, көркөм дөөлөттөрдү баалай билгендер, бул салыштыруумду кабыл албай койбойт деген ишеничте, атайылап ачыкка чыгарып жатамын, эгер орус адабиятында, орус маданиятында Антон Павлович Чехов кандай роль ойногон болсо, биздин Мурза Гапаров кыргыз адабиятында, кыргыз маданиятында так ошондой өлбөс-өчпөс тагдырга ээ.
Жазуучунун чеберчилигин баалоо критерийинде "стилист" деген термин бар. Ал жүздүн, миңдин бирине ыйгарылат. Дүйнөлүк адабиятта эң таанымал стилисттерди атап өтсөк деле болот, а бирок көбүбүз алардын айрымдарынын атын гана угуп, затына сүңгүп кирбегенибизди моюнга алууга парызбыз. Анткени Мурза аке айтып калчу, кыргыз интеллигенциясынын, жазуучуларынын көрөңгү билим базасы начар, а бирок интуициациясы кудайга шүгүр, ошондон улам баарын үстүртөн билет, чыгармаларынын атын атайт, а бирок өзүн окуган эмес дечү. Так ошондой. Ошондуктан, эгер мен, азыр, чыныгы стилист жазуучулардын атын атасам, кээ бирлер мыйыгынан жылмайып мени шылдыңдашы ыктымал. Мен ага терикпейм. Себеби мен деле силердей эле өз доорума, өз заманыма кызмат кылган интеллигенциясынын кулу болучумун. Ага эмнеге теригебиз?
Бирок Мурза Гапаров 20-кылымдын 60-жылдарындагы жаңы муундун өкүлү экенин - так ошо жылдарда СССРде жаңыча көз караштар жанданып, коммунисттик идеологиянын прессингинен чыгууну көздөгөн "диссиденттердин" жактоочулары болгонун айта кетейин. Кыргыз адабиятында "диссиденттик" көз караштын баштоочусу Мурза Гапаров болгон.
- Эмне үчүн?!- деген суроо туулат. Ага жооп, анткени Мурза Гапаров дүйнөлүк адабий дөөлөттөрдүн эң мыкты үлгүлөрү менен таанышкан, сугарылган. Ооба, сугарылган. Так ошо бүткүл дүйнөлүк дөөлөттөрдү, өзгөчө 19-20-кылымдагы орус, француз, англис, испан, португал адабияттарынын мыкты үлгүлөрүн өздөштүрүп, Чехов менен Буниндин, Фолькнер менен Эдгар Понун, Кафка менен Хемунгуэйдин, аягында Неруда менен Маркестин чыгармалары менен таасирленген, так ошолордун деңгээлинде жазуу керек дегенди өзүнө өзү талап койгон художник - Мурза Гапаров эле.
Ачык эле айтып коёюн, Мурза Гапаров кыргыз жазуучулардын чыгармаларын, анын ичинде менин да, ага арнаган "Канталамай" трагифарс повестимди да мыйыгынан жылмаюу менен кабыл алган, өзүнүн "Экөө ээн бакта" деген аңгемесин мага атайы арнап жазганына карабастан.
Кечиресиздер, көбүрөөк, узагыраак сүйлөп баратам көрүнөт, кыскарта чабайын, ичи тарлар, ичи күйгөндөр күйө берсин, ичи кеңдер Мурза Гапаровдун кыргыз адабиятындагы өз ордун белгилейли.
Кыргыз жазуучуларынын арасында жана мен мурда айтып өткөндөй "стилист" жазуучу канчоо десе, тартынбай туруп үч-төртөө дээр элем. Бири - Мукай Элебаев - 48 бетке "Узак жол" романын - 16-жылдагы Улуу Үркүндү - кыргыз тарыхын, кыргыз элинин трагедиясын сыйдырган, анан да 5-6 бетке "Кыйын кезең" менен "Бороондуу күндөрдү" көз алдыга көрсөтүп койгон. Кайсы кыргыз даана, таамай сүрөт тартып берген? Касыкем, Касымалы Баялиновдун "Ажары" гана атаандаша алар. Анан Мурза Гапаровдун бардык аңгемелери, повесттери. Калган экилтик, үчилтик - миң, эки миң беттен турган "Зайыптарды", "Түпкүрдөгү нур", "Гүлазык", "Жашагым келет", Бийиктик", "Көк жайык", "Ата Мекен" жана башка толгон-токой романдарын кайсы кыргыз баласы окуп жыргатып ийди. Же ошончо романдардан эстеринде эмне калды? Ачуу чындыкты айтпасак болбос. Кеп так мына ушунда.
Мурза Гапаров табиятынан сүрөткөр, талантын бапестеп өстүргөн калемгер катары, интуитивдүү да, иррационалдуу да чыгармаларына бийлик идеологиясынын боёгун сүрткөн жок. Мурза Гапаровдун бир да чыгармасынан "Коммунист Танабайдын" образын таппайсыңар, а бирок Мурза акенин "Кадыр түнү" менен Чыкемдин "Фудзиямадагы кадыр түнүнөн" окшоштуктарды, айырмачылыктарды издесеңер болот.
Аягында "Пайгамбардын өз элинде баркы жок!" дебестен Мурза Гапаровду барктай билели. 29.05.2003




Абдыкерим Муратов
Адеп сабагы. 9-сабак
Өмүрдүн баасы жана баркы
Бул дүйнөгө келген адамдын жөн гана келип кетиши, күндүз күндү, түндөсү түндү узатып, тагдырын жылган мезгил менен тең жарыштырып коюусу эмес, анын татыктуу жашап өтүүсү, адамдарга, бала-чакасына жакшылык кылуусу жашоодогу негизги вазийпасы болууга тийиш.
Өмүр бул - адамга берилген эң чоң ырыскы, белек, тартуу болсо, аны туура эмес пайдалануу бул - эң чоң күнөө, ырыс тебүү, кылмыш, жараткандын жарлыгына тескери мамиле кылуу.
Мындай бир улама-насаат кеп узак жылдардан китептен китепке, ооздон оозго өтүп айтылып келет. Көп жашаган бир даанышмандан "Айтыңызчы, сиз ушунча көп жашадыңыз, ушул жарык дүйнөгө келип эмнеге жеттиңиз да, эмнеге жетпей калдыңыз" деп сурашат. Ошондо ал киши ойлонуп туруп ушундай жооп бериптир: "Мен бул дүйнөдө көп нерсе көрдүм. Көп нерсени таптым да, жоготтум да. Мен көп мал-мүлккө ээ болдум жана көп мал-мүлк жоготтум. Бирок мен алардан кол үзгөндө анчалык капаланган жокмун, себеби ошол мал-мүлктү өзүм таптым эле, кайра өзүм жоготтум. Калаберсе, эгер мен адал мээнет кылсам, андай малды, дүйнөнү дагы да таап алам деп жашадым.
Мен дагы бул жарык дүйнөгө келип анча-мынча кызмат-даражага жеттим. Алардын көбүн кайра жоготтум да. Бирок булардан кол жууганым үчүн да анча дале күйүнбөдүм. Анткени ошол кызмат-даражага өзүм жетишкен элем, өзүм кайра колдон чыгардым. Калаберсе, эгер мен жакшы адам болуп адал мээнет кылсам, андай кызмат-даражаны, мансапты дагы да далай жолу таап алам деп үмүттөндүм.
Мен бу ааламга келип көп достор күттүм, ошол эле кезде алардын бир тобун жоготтум да, башыма мүшкүл иш түшкөндө көп досторум мени таштап кетти, демек алар менин чыныгы досторум эмес экен. Калаберсе, эгер мен жакшы адам болсом андай досторду дагы да таап алам деп ойлоп келдим.
Лекин мен ушул дүйнөгө келип өзүмдүн баасыз бир казынамды жоготтум дегиле, аны үчүн өзүмдү эч качан кечире албайм. Бул - менин бекер өткөн учурларым, пайдасыз күндөрүм, болор-болбоско ысырап болгон айларым. Мага табият өмүрдү тартуу эткен эле, мен болсо топтолтура турган казынамды өз колум менен, өз ыктыярым менен бөксөрттүм. Мына ушул үчүн өзүмдү эч качан кечире албайм. Мунун эң жаманы ушунда: бул үчүн өзүмдү өзүм актай да албайм. Жоголгон байлыкты кайра тапса болот, жоголгон бийликке кайра жетсе болот, жоголгон досту да табууга мүмкүн, бирок жоголгон өмүрдү кайра табууга мүмкүнбү?! Мына ушуга чыдай албаймын.
Даанышман ушинтип айтыптыр. Айтса, айтпаса, төгүнбү, бардык нерсени тапса, сатып алса болот экен, өмүрдүн бошко кеткен учурларын эч качан толтура албайт экенсиз. Ошон үчүн кийин өкүнүп калбагандай жашоо кечиргин дешет акылмандар.