"Чоңойсом, депутат болом…"
Жалал-Абад шаарында мындан 3 жыл мурун үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү ачылган. Даниянын "Балдарды коргойлу!" аттуу эл аралык уюму менен Жалал-Абад шаардык мэриясы биргеликте ачкан бул балдар үйүнө "Ак-Бермет" деп наам беришкен. Учурда шаардык бийлик аталган үйдүн материалдык жана финансылык маселелеринде кыйынчылык жаратпай, жардам берип келүүдө.

Учурда үй-бүлөлүк типтеги "Ак-Бермет" балдар үйүндө 10 бала тарбияланып жатат. Алардын улуту ар түрдүү болгону менен бардыгы бири-бирине бир туугандай мамиле жасашат. Анткени, балдар үйүнүн директору Алима Ташбаева алар келген алгачкы күндөн эле "Мындан ары бир туугансыңар, бири бириңерге жөлөк болгула",- деп айткан.
СҮРӨТ: САНЖАРБЕК ЭРАЛИЕВ

САНЖАРБЕК ЭРАЛИЕВ ЖАЛАЛ-АБАД
6Балдар үйүнүн директору Алима Ташбаеванын айтымында, "Ак-Берметке" арналып атайын имарат салынган эмес. Үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү болуп эсептелгендиктен, шаардагы үйлөрдүн бирин алып эле ремонттоп, пайдаланышууда. Ал жерде ата-энеси жок, кароосуз калган балдар жана үй-бүлөлүк шартынан улам баласын бакканга мүмкүнчүлүгү жетпегендердин наристелери тарбияланышат.
Тарбияланып жаткан балдар директор эжени "апа" дешип, тарбиячы Апаля Кыргызбаеваны "эже" дешет экен. Ал тургай бири бирине "ага", "ини", "карындаш" деп мамиле жасашаарына да күбө болдук.
Сайдулланын бул жерге келгенине эки жылдай болуп калды. Учурда тарбияланып жаткандардын эң чоңу. Ошондуктанбы, балдардын бардыгы Сайдуллага "ага" деп кайрылышат. Өз кезегинде Сайдулла да аларга агалык милдетин чын дилинен аткарат экен.
"Алгач келген күнүмдө мага жакшы мамиле жасашып, дасторконду тамактын түрүнө толтурушканын бир күндүк эле го, менин келгениме ушундай кылып жатышса керек деп ойлодум эле. Көрсө, андай эмес экен. Келген күнүмдө жасалган жакшы мамиле, түркүн тамактар дагы эле уланып жатат",- дейт Сайдулла.
Ал эми Кадыржан болсо "Ак-Берметтеги" алгачкы тарбиялануучулардын бири. Ал деле бул жерден кеткенди каалабайт. "Анткени, кеткенге эч кандай себеп жок. Бардыгы сонун. Ойногонго, мектепке барганга, ийримдерге катышканга, кийимиң жакшынакай болуп, дайыма курсак ток жүрүшүңө шарттар бар",- дейт ал биз менен маектешкен учурда.
Келечекте эколог болуп, жаратылыш байлыктарын сактап калууну каалаган Саша кыргыз тилинде эч кандай кемчиликсиз сүйлөшү бизди таң калтырды. Кыргыз тилинде сүйлөп гана тим болбой, "байке, дасторконго өтүп, тамактаныңыз, нандан ооз тийиңиз",- деп меймандостугун да көрсөтүп жатты.
Ал эми Акмал болсо тарбиялануучулардын арасында дайыма күлүп жүрүшү менен айырмаланып турат. Анын келечекте мыкты укук коргоочу болуп, сот тармагында иштесем деген ниети бар. "Учурда көбүнчө акчасы барлар гана сотто утуп, кыйналып жашагандарга анчалык көңүл бурулбай калган. Эгер сот болсом, адилеттүү болом",- дейт ал.
Келечекте Жогорку Кеңештеги креслолордун бирин ээлегиси келген Равшан ачык көңүлдүүлүгү менен бизди өзүнө тартты. Эмне үчүн депутат болгуң келет?- деген сурообузга "Эгер депутат болсом, биздей балдар үчүн бардык шарты бар үйлөрдү салып, балдардын көчөлөрдө түнөп жүрүшүнө жол бермек эмесмин",- деп жооп берди.
Тарбиячы Апаля Кыргызбаеванын айтымында, "Ак-Берметте" балдарга башпаанек, тамак-аш жана кийим-кече гана берилип тим болбой, аларды турмуш-тиричиликке да үйрөтүүгө көңүл бурулат. "Балдарыбыз тиричилик жумуштарын эч кыйналбай жасай алышат. Келечекте ар кандай тармакта мыкты адис, үй-бүлөдө зор кожоюн же кожойке болушуна шек жок",- деди ал бизге ишеничтүү түрдө.




Чет жактарда саргайган өмүр
Жалал-Абад шаарынын П. көчөсүнүн тургуну Назира жетишсиз жашоо, аз өлчөмдөгү айлык менен үч баласын жана күйөөсүн багуудан кыйналып, мындан эки жыл мурун чет өлкөгө барып иштеп, акча табууга бел байлаган. Иштөө үчүн ал бир эмес, эки мамлекетке барып, бактысын сынап көрдү. Бирок, бардыгы ал ойлогондой болгон жок. Карызга батып келгени аз келгенсип, энесинин акыркы сапарга узатуу зыяратына катышуу да насип этпеди…

Карыздан башталган сапар
6Иштеп акча табуу максатында Жалал-Абаддан көпчүлүк Түркияга кетип жатканын уккан Назира жетишсиз жашоодон арылам, деген максатта Стамбулга барууну чечкен. Тааныш эжеси аркылуу Түркияга иштеш үчүн адам топтоп жаткан Салима аттуу аял менен таанышып, ниетин айткан. Анын максаты тез эле орундалып, 2007-жылдын июнь айында Түркияга жөнөп кетүүгө камдана баштаган.
Бирок, Назирада Түркияга баруу үчүн акчасы жок эле. Үй-бүлөсүндөгү абал начар болгондуктан, акча табууга кыйналып, он чакты адамдан карыз сураган. Бирок, эч кимден ал сураган суммадагы акча чыккан эмес. Натыйжада, анын Түркияга баруу ниети өчө баштаган. "Ошол маалда мени Түркияга алып кетмекчи болгон Салима эже телефон чалып, даярдыгым тууралуу сурады. Мен абалымды түшүндүргөнүмдөн кийин ал эже өзү мага жол кире боюнча жардам берерин айтты. Мен ага карызымды Стамбулга баргандан соң, иштеп төлөп бермек болдум. Ошентип, Салима эже берген 300 АКШ долларын алдым да, балдарымды апама таштап, Түркияга сапар тарттым. Ал кезде 300 доллар күчтүү акча эле",-дейт Назира биз менен болгон маегинде.
Үй-бүлөдөгү жетишсиздикти жоюу максаты менен бөтөн элге барган жердешибиз, ал өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнү жана мүмкүнчүлүктөрдүн көптүгүн көрүп, аябай көзү кубанган. Ушул өлкөдө жашап калуу максаты пайда болгонун да жашырбайт. Бирок, анын суктануусу үч күндүн ичинде мекенди сагынуу менен алмашты. "Барарым менен даяр жумуш жок болгондуктан, бир жумадан ашуун Салима эженин жардамы менен иш издеп, чертпеген эшигим калбады. Бул арада Кыргызстанды аябай сагындым. Айрыкча, балдарым көзүмдөн өтүп, кыйналдым. Жумуш табылганга чейин Салима эже мен үчүн дагы 100 доллар жумшады. Ошентип, ага төлөй турган акчамдын жалпы суммасы 400 доллар болду",-дейт Назира.

Бөтөн элдеги кусалык
Бир жарым жумалык изденүүдөн соң Назира үчүн ылайыктуу жумуш табылды. Ал бардар үй-бүлөдө жашоочу сексен жаштан ашкан кары кемпирди багуучу болуп жумушка кирди. Бул эмгеги үчүн үйдүн ээси Ахмет бей айына 150 доллар төлөрүн жана кийим-кече, азык-түлүк менен камсыз кылаарын айтты. Ошентип арадан эки ай убакыт өттү. "Бул убакыттын ичинде мен ал бай кишинин үйүндө жашаганга үйрөнүп калдым. Алар аябай жакшы кишилер эле. Үйүмдү, балдарымды, апамды сагынганымды айтып ыйласам, үйүндөгү компьютерден интернет аркылуу Кыргызстандагы жаңылыктар менен тааныштырышат болчу. Ал тургай жалал-абаддык бир таанышымдын электрондук почтасына кат жазышып, ал аркылуу балдарымдын сүрөтүн да алып беришкен",-дейт Назира.
Ал өзү айткандай, иштеп жүргөн жеринде бардыгы жакшы болчу. Бирок Жалал-Абаддан тез-тез телефон чалып, апасынын ооруп жатканын айтыша бергендиктен, тезирээк үйүнө кетүүгө камдана баштаган. Салима эжесинен алган карызын да толук төлөй албай, Кыргызстанга барып төлөө шарты менен мекенине кайткан. Өзү иштеген үйдүн ээси анын кызматынан ыраазы экендигин айтып, Кыргызстанга жетип алгыдай акча берген. Ошентип, ал 2007-жылдын сентябрында мекенге карай жол алган.

Кайрадан чет өлкөгө
Назира келгенде апасынын чындап эле бели ооруп жаткан экен. "Апам медицинага ишенбейт эле, ошондуктан, үйдө аны өзүм дарылай баштадым. Себеби, элдик табыпчылыктан да кабардар жерим бар. Анүстүнө кошуналарыбыз орус кемпирлер болгондуктан, алардан да ар кандай кеңештерди алып, апамдын белин айыктырдым",-дейт Назира.
Апасын айыктырганы менен тиричиликтеги жетишсиздик өз өкүмүн көрсөтүп жаткан эле. Үйүнө жашаш үчүн ижарага койгон студенттерден алган жана манты кылып сатып тапкан акчасы коммуналдык төлөмдөрдөн, күндөлүк тамак-аштан ашпай, кийим-кечеден аябай кыйналгандыктан, кайрадан чет жака иштегени барууну ойлой баштайт. "Күйөөмдүн эркек деген эле аты бар. Кудай пешенеме ушул кишини жазган экен, кантем. Көрүнүшүнөн төгөрөгү төп келишкен мырза. Бирок, үйдө жатып телевизор көрүп, көчөгө чыгып арак ичкенден башканы билбейт. Ажырашайын десем, балдарымдын атасыз өсүшүн каалабайм",-дейт Назира.
Ошентип ал кайрадан чет өлкөгө даярдана баштайт. Бул жолу ал курбуларынын кеңешине таянып, Россияга барууну чечет. Бирок дагы эле баякы жолкире маселеси аны начар абалга дуушар кылат. Издеп жүрүп, Россияга автобуста адам алып баруучулардын бирин табат да, карызга алып кетүүсүн өтүнөт. Карызын ал жакта иштеп, төлөп берүүгө келишет жана 2008-жылдын июль айында Россиянын Самара шаарына бет алат.

Убарагерчиликтеги шум кабар
Назираны Россияда деле даяр иш күтүп турбагандыктан, жумуш табуу аны аябай кыйынчылыкка дуу-шар кылат. "Ишенсеңиз, бир ай жумуш издедим. Натыйжа жок. Бул жакка мени алып келген киши эптеп ижарага үй таап берди. Курсакты багыш керек, жашаган жериме ижара акысын беришим зарыл. Эмне кылааарымды билбей, пирожки, самса кылып сатууну чечтим. Бул пайда бербеди, себеби, самаралыктар колуңузда көтөрүп жүрүп саткан самсаларга карап да койбойт экен. Анан манты жасап сатайын дедим, анымды да бирөө албады",-дейт ал.
Эмне кылаарын билбей, көчөдө жүрүп, алдынан чыккан кишиден жумуш сурап олтуруп, бир дүкөнгө тазалоочу болуп орношот. Бир күнгө жүз элүү рубль табат да, элүү рублине тамактанып, жүз рублин сумкага бекитип топтой баштайт. Анткени, үйгө да акча жибериш керек. Барганына төрт айдан ашат, анын жалпы топтогон акчасы үч миң алты жүз рубль. Же үйүнө акча жөнөтө албай, же өзү жакшы жеп-ичалбай жүргөн кездердин биринде Жалал-Абаддан телефон чалып калат. Ал кеткенден соң апасы дагы ооруп калган эле. Дарттын күчөшүнүн натыйжасында кенже кызын көрбөй дүйнө салып кете берет. Ал эми кызы чет өлкөдө убара болуп, энесин акыркы сапарга узатуу насип этпегендигинен зар какшап ыйлайт. Ошол күндөн баштап анын чет жерде иштөөдөн көңүлү калат.
"Көз алдымда апамдын элеси. Россияга жөнөп жатканда күлүп-жайнап дарбазадан узатып койгон апам эми бул жарыкта жок. Муну менин абалыма түшкөндөр гана түшүнөт…",-дейт Назира.
Ошентип иштен да көңүлү калган Назира Кыргызстанга кетүүчү поездге келип, андагы кызматкерлерге жалынып, мекенине алып кетишин суранат. Жакшы адамдардын бар экендигинен, декабрдын аягында эптеп Бишкекке келип алат. Колундагы эки миң рублди сомго алмаштырат да, анын миң сомун Жалал-Абадга жетүү үчүн жол киреге ажыратып, калганын балдары үчүн белек-бечкек алууга сарптайт.
Жаңы жылдын алдында Назира үйүнө келип, үч күн ыйлайт. Акыры ый менен эч нерсени өзгөртө албашын түшүнүп, Жалал-Абаддагы мекеме-ишканаларга жумуш сурап кайрыла баштайт…
Учурда ал шаардагы жеке фирмалардын биринде иштеп жатат.
"Алган айлыгым тиричилик өткөргөнгө толук жетпесе да, убарагерчиликтин жоктугуна ыраазымын. Эптеп акча топтоп, мени Россияга алып кеткен айдоочуга карызымды төлөшүм керек",-дейт Назира үшкүрүнө. С. ЭРАЛИЕВ, ЖАЛАЛ-АБАД