Айтматовсуз бир жыл
Мезгилдин учкулдугуна кайрадан таң калып туруудан башкага ал келбей, кечээ эле болгон нерсе сыяктуу өткөн күндөрдү колдон чыгарып ийгенге таң кала ойлонуп жатабыз. Арабыздан бөлүнүп кеткен залкар инсан, кайталангыс чоң талант Чыңгыз Айтматовду жоктоп ыйлап турган учурдан бери да минтип бир жыл өтүп кетиптир. Биз ошондо улуу жазуучуну урматтап анын ысымын түбөлүк калтырабыз, ар дайым эскерип турабыз, кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу жазуучуга артында калгандар тынымсыз кызмат кылабыз дегенбиз. Ошол айткан нерселерди аткара алдыкпы? Жок. Азырынча жок.

АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ
Анын атын Бишкек шаарындагы Эмен багына (Дубовый паркка) бердик эле, тилекке каршы, ал жерде адамзаттын Айтматовун эстеткен бир да белги жок, эл бул аймакты мурдагыдай эле аты жок парктай кабыл алат. Ал эми анын ысымы Н.К.Крупскаянын наамын алып жүргөн орус академиялык драма театрына ыраа көрүлдү эле, театр гастролго да чыкпай, бул жерде да активдүү иштей албай, жамаат экиге бөлүнүп "согушканда" гана Айтматовдун аты аталчу болду.
Ысык-Көлдөгү "Аалам-ордо" этнографиялык борборунда маркумга арнап аш берип, атактуу жазуучунун жылдыгын белгилеп, анын ысымындагы театр ачабыз дедик эле, бирок андай кыла албай турабыз. Ал жакка Түркиянын президенти Абдуллах Гүл да бармак, тилекке каршы, майдын аягындагы ал иш-чараны уюштура албай калдык. Q АЙТМАТОВ 09




Ала-Тоого жарашкан жаңы туу…
Кыргызстанда мамлекеттик символикаларга байланыштуу дагы бир дата пайда болду. Мындан ары 3-март "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун күнү" болуп калмакчы. Ал эми "Ала-Тоо" аянтында 45 метр бийиктикке жаңыланган кыргыз байрагы илинди.

ЭЛЬВИРА КАРАЕВА
11-июнда саат тогузда "Ала-Тоо" аянтында гимн менен коштолгон жаңы байрактын көтөрүлүү аземи болду. Ага Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев баш болгон жетекчилер жана шаар тургундары катышты. "Бүгүнкү иш-чара - мамлекеттин көз карандысыздыгын бекемдөөгө дагы бир алдыга жылган кадам",-дейт Курманбек Бакиев. Ал мамлекеттик тууга өзгөчө бир ыйык белгидей этияттык менен мамиле кылууга чакырды. Анын айтымында, быйылкы жылдан баштап өлкөбүз эл аралык байланыш жана мамилелерде сырттан байкоочу катарында эмес, активдүү катышуучу иретинде иштеп жатат. Ошондой эле, 1992-жылы 3-мартта Кыргызстандын мыйзам чыгаруучу бийлиги Мамлекеттик туу жөнүндө мыйзам кабыл алса, мындан соң, президенттин буйругу менен бул күн "Мамлекеттик байрактын күнү" болуп калмакчы. Узун-туурасы 10-15 метр, көлөмү 150 чарчы метр болгон жаңы туу өзгөчө жеңил кездемеден тигилип, Түркиядан заказ менен даярдалып келинди. Бишкек мэриясынын маалыматында жаңы символго 2 млн. сом сарпталган.




Барак Обама
Курманбек Бакиевге кайрылды
611-июнь күнү тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев АКШнын президенти Барак Обаманын дипломатиялык каналдар менен келген кайрылуусун Курманбек Бакиевге тапшырды. Кадырбек Сарбаевдин айтымында, Барак Обама Афганистандагы кырдаалды турукташтырууга жана эл аралык терроризм менен баңгиликке каршы күрөшкөнү үчүн Кыргызстандын элине жана жетекчилигине ыраазычылык билдирет. АКШнын лидери кыргыз-америкалык мамилелердин позитивдүү жүрүштөгү өнүгүүсүн жогору баалаган. Андан сырткары, Б.Обама жакынкы убакытта Кыргызстанга администрациясынан жогорку кызматтагы чиновниктерин жөнөтөрүн айткан. Курманбек Бакиев тышкы иштер ж.б. кызыкдар министрликтерге кайрылууга жооп берүү боюнча сунуштарды даярдоого буюрду. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА

Жетөө… жана бирөө…
6Ошентип, Кыргызстандын "атасынын" бүгүнкү күндөн баштап эсептегенде, туура 40 күндөн кийин тагдыры чечилип, ага эл добуш берет. Он сегиз талапкерден жетөө калып, анын ичинен канчасын Борбордук шайлоо комиссиясы жаратат, ага мезгил тараза. Президенттик ат салыш тууралуу бул апта ичинде болуп өткөн кабарлардан…

АПТАНЫН ЖЕТИ "АЖО БОЛЧУСУ"…
Алардын тизмеси:
1. Азыркы президент Курманбек Бакиев
2. Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев
3. "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев
4. Врач-нарколог Жеңишбек Назаралиев
5. Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева
6. "Жоомарт" патриот эл кыймылынын лидери Нурлан Мотуев
7. Ишкер Акбаралы Айтикеев Q КАБАРЛАР 04