presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Алтын баштуу аялдан…
Аялдар дүйнө калкынын басымдуу бөлүгүн түзөт. Бирок, алар эркектерге салыштырмалуу коомдогу социалдык маанилүү маселелерден четтетилген. Буга байланыштуу Кыргызстандагы аялдардын абалы кандай жана бул багытта кандай иш-чаралар жүргүзүлүшү керектиги тууралуу пикирлерге орун бердик.

Аймира Мендеева

"Тренингке катышкан аялдар окутуунун негизинде "лидер" деген сөздү кеңири түшүнгөн соң, "көрсө, мен үйдө лидер экенмин", "мен саясатта лидер экенмин", "мен кызымды лидерликке көтөрө алат экенмин" деген ойлорун айтышат. Бул бардык коомдо анын бай же кедей экендигине карабастан башчылыкка умтулууга болот деген түшүнүктү берет"

Кызга кырк үйдөн тыюубу?
Кыргыз элинде кызды илгертеден аны болочоктогу эне, сүйүктүү жар, акылгөй кеңешчи катары урматтап, кастарлап келишкен. Бекеринен Каныкей, Курманжан Даткадай акылман айымдар эл баштап, элдин тагдырын чечип келбегендир. Мындай мисалдар элибиздин көөнөрбөс тарыхында канча ирет кайталанып келет. Бирок, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын жетектөөчү адиси, филология илимдеринин кандидаты, доцент Кынатай Эдилованын пикиринде, кыргыз элинде кызды "кызга кырк үйдөн тыюу" деген чектөө менен тарбиялап, аны жаштайынан эле эркектен төмөн тураарын кулагына куюп чоңойтот экен. Мындай нуктагы тарбия анын жеке инсандык баалоосунда "аял үйдө олтуруп бала багууга, анан күйөөсүнүн кир-когун жууганга гана кызмат кылат" деген туюмду сиңирет. Ошондой эле бул жедеп каныбызга сиңген адат эркек балдар үчүн да жат эмес. Алар так ушул каада-салт менен чоңоюп, эр жетип үй-бүлө күткөн учурда дагы "сен аялсың, күйөөңө баш ийишиң керек" деген сөзүнөн танышпайт. Андыктан эркек да, аял да бирдей эле инсандыгын, алардын укуктары бирдей экендигин кыздарга гана түшүндүрбөстөн, эркек балдарга да кыздарды сыйлоо, урматтоо, алардын үй-бүлөдөгү орду тууралуу айта жүрүү керек. "Менин эки уулум бар. Мен аларга кичинесинен тартып эле, кыз деген назик жан, аларга аяр мамиле жасап, урматтап күтө билүү керек, алар келечектеги эне деп түшүндүрүп келем. Мындай акыл-насаат сөздөрдүн алардын келечегине жакшы таасирин тийгизе тургандыгынан шек санабайм. Анткени алар келечекте жубайлуу болушат, ошондо келинчегин урматтап, түшүнө алат. Мындай тарбия алган балдар үй-бүлөсүн таштап, балдарын кор кылбайт",-дейт К.Эдилова.

"Лидерликти тандайбыз"
Кыргыз аялдарын лидерликке, же башкача айтканда, башчылыкка тарбиялоо учурдун талабы. Коомдогу социалдык кыйынчылыктар менен катар үй-бүлөнүн бекемдиги да бошоңдоп бараткандай. Буга сандаган ажырашуулар, аялдардын укугу күйөөлөрү тарабынан тебеленүүсү, алган аялы менен ажырашпай туруп үстүнө дагы аял алышы, ортодогу балдардын психологиялык жактан жабыркашы мисал боло алат. Мындай турмуштук оор кырдаалга басынып, өзүн жоготуп ичкиликке берилип, же депрессия абалына туш болгон аялдардын саны да аз эмес.
"Жарандар коррупцияга каршы" Укук коргоо борборунун директору Төлөйкан Исмаилованын айтымында, жер-жерлерде аялдарды лидерликке тарбиялоо боюнча тренингдерди өткөрүү зарыл. Бул багытта "Аялдардын тең укуктуулук жана тынчтык, билим берүү коалициясы" (Womens Learning Partnership for Rights, Development, and Peace) - (WLP) деп аталган долбоор иштөөдө. Аталган борбор тарабынан "Лидерликти тандайбыз" деп аталган китеп жарыкка чыгарылган. "Китептин мукабасына кыргыздын оймо-чиймелери салынып кооздолуп, улуттук өзгөчөлүктү бергенге аракет кылдык. Аны англис тилинен орусчага Өзбекстандагы белгилүү лидер аял Барфа Токтогажаева которгон. Ал эми орусчадан кыргызчага бул долбоордун координатору Жыпара Арыкова которуп, журналист Бакыт Орунбеков редакторлук кылды. Китеп Кочкор, Нарын, Ош, Баткен, Чолпон-Ата, Караколдо өткөн тренингдердин негизинде кошумчаланып, толукталды. Ошону менен бирге китепке кандайча лидер болуп чыккандыгы тууралуу үч кыргыз айымынын тарыхы киргизилди", -дейт Т.Исмаилова.
Басылмага тарыхы киргизилгендердин бири Талас областындагы жарандардын укугун коргоо боюнча иштеген Арзыкан Момунтаева Кыргызстандын эгемендүүлүгүн топтогонго салымын кошкондордон. Экинчиси Жыпара Арыкова - Улуттук Коопсуздук Кызматынын түрмөсүндө олтургандыгы, бейкүнөө жеринен кылмышкер аталып, запкы тарткандыгы, эркиндик үчүн кандай күрөшкөндүгү тууралуу. Үчүнчүсү "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын тарыхы. Бул китептин экинчисин да чыгаруу пландалууда.

"Аял бай же кедей экендигине карабай лидер боло алат"
Ж.Арыкованын айтымында, биздин менталитетибизде башчы эркектер гана боло алат, ал эми аялдардын милдети үйдө олтуруу, бала багуу деген түшүнүк калыптанып калган. Аялдарга лидерлик боюнча өткөрүлгөн окуулар алардын түшүнүгүн бир кыйла кеңейтет. "Тренингке катышкан аялдар окутуунун негизинде "лидер" деген сөздү кеңири түшүнгөн соң, "көрсө, мен үйдө лидер экенмин", "мен саясатта лидер экенмин", "мен кызымды лидерликке көтөрө алат экенмин" деген ойлорун айтышат. Бул бардык коомдо анын бай же кедей экендигине карабастан башчылыкка умтулууга болот деген түшүнүктү берет. Адам жалгыз өзү лидер боло албайт, ал өзүнүн жактоочуларын топтоп, өзүнө жамаат түзүшү керек. Бул китеп лидерликке үйрөтө турган алиппе болуп эсептелет. Албетте, Кыргызстанда бул багытта жазылган көп эле китептер бар, бирок мында коммуникация стратегиясы жана күчкө ээ болуу жолдору көрсөтүлгөн",-дейт Ж.Арыкова. Анын айтымында, биздеги ар кандай ыкмаларды үйрөткөн усулдук китепчелерден айырмаланып мында байланыш түзүүнүн жолдору киргизилген. Аталган окуу курал дүйнө жүзүндө эркектер сыяктуу эле аялдарга да теңчиликтүү мамиле түзүүгө жардам берет. Кыргызстанда аялдарды мүмкүн болушунча бийлик органдарына тартуу жакшы жолго коюлуп, учурда парламентте аялдардын саны өстү. Жергиликтүү кеңештерге да аялдар шайланууга аракет кылып жатышат, бирок биздеги авторитардык режим, коррупция аларды басмырланууга дуушар кылууда.
Долбоордун окутуучусу Чынара Батрекееванын айтымында, эгерде лидерликке умтулган аялдын үй-бүлөсүндө колдогон адамы же бизнеси болсо утуп чыгат. Ал эми жөнөкөй аялдардын идеялары күчтүү болсо, кандай аракет жасоо керектигин окутуп, үйрөтүү зарыл. Андыктан Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө аялдардын активдүү ролу зор таасирин тийгизет. "Күйөөсү тараптан басмырлоого туш болгон аял, бул жашоо үчүн күрөшүү, өзүнүн коомдогу орду жана ошодой эле аялдын бактысы жеке эле эркекте эместигин туура түшүнгөндө гана алга умтулат. Ал үчүн айыл, кыштактардагы аялдар арасында тренингдери уюштуруу орчундуу мааниге ээ",-деп кошумчалады Ч.Батрекеева.
Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, демек, аялдардын лидер болушу кыздын наристе чагынан тартып, бардык нерседен тайманбай өсүшүнө байланыштуу экендигин белгилеп кетмекчибиз. Эзелтен элибизде айтылып келгендей "Алтын баштуу аялдан - бака баштуу эр артык" деген макалды түз маанисинде эмес, тереңден талдаганга аракет кылсак…




"Үйүм турушу менен архив"
Эмгектин ардагери, Эл агартуунун отличниги наамдарына татыктуу болуп, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгисин тагынган Бурмакан Орозова Жалал-Абаддагы бардык редакцияларга тез-тез келип, макалаларын таштап кетет. Бир топ жашка барып калса да, колунан калемин койбогон эне менен маектешкенбиз…
Бурмакан Орозова деген ат журналистика чөйрөсүнө аралашып жүргөн жалал-абаддык жазармандарга жакшы тааныш. Ал тургай агартуу тармагынын өкүлдөрү да бул ысымды жакшы билишет.
Анткени, Бурмакан эне бул эки тармакта тең иштеп, өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтө алган. Сексен үч жашка чыгып калса да, макала жазып, редакциялар менен тыгыз байланышта болушу, жаш мугалимдерге насаатын айтып, агартуунун адамы кандай болушу керектигин дайыма уктуруп келиши - ал кишинин жүрөгүндө өчпөс чок бар экендигин айгинелейт.
- Бурмакан эне, ден соолук кандай? Чыгармачылык уланып жатабы?
- Ракмат, балам, бардыгы жайында. Гезит чыгаруучу жерлерге баш бакпасам, көңүлүм толбойт. Айрымдар айтса керек, бул киши улгайып калса да жаза берет экен, үйүндө олтурса болбойбу деп…
- Сиз көп жылдан бери макала жазып жүргөн кишисиз. Жаш калемгерлерге кеңештериңиз, албетте, керек.
- Ооба, көп жылдан бери гезиттер менен иштешип келем. Ошондуктанбы, дайыма гезит-журналдарды окуп турам. Эч бир күнүмдү гезит же китеп окубастан өткөрбөйм.
- Сиздин негизги кесибиңиз - мугалимдик. Ал эми журналистикага кандайча кызыгып калгансыз?
- Айтып атпаймынбы, гезит окубасам күнүм өтпөйт деп. Тээ жаш кезимде да гезиттердин түрүнө жазылып алып окуйт элем. Ал кезде бардык басылмалар советтик идеологияны алга сүрөйт болчу. Алгач гезиттерди окуп жүргөн кезде менин деле макалам басылмаларда жарыяланышын аябайт кыялданат элем. Ал кыялымды орундатуу үчүн аракет кылдым.
- Алгач жазган макалаңызды эстей аласызбы?
- Ооба, эстей аламын. Бирок, макаламдын кандай аталганы эсимде жок. Мен Токтогул районунда чоңойгонмун да. Ал жерде райондук гезит бар эле, атын унутуп жатам… Кыскасы, биринчи жолу ошол гезитке макаламды бергем. Анда согуш маалы - 1942-жыл болчу. Райондун эмгекчилери тууралуу жазгам.
- Эмне үчүн дайыма айылдын жашоосу, алардын көйгөйлөрү, ийгиликтери тууралуу жазасыз?
- Анткени, мен айылдын адамымын. Ал жердеги жашоону жакшы билем. Өзүң жакшы билбеген тармакты жазып эмне кыласың? Андан көрө тааныштыгың бар нерсе тууралуу жазсаң окумдуу болот.
Мен 50 жыл мугалимдик кесипти аркаладым. Мугалимдик менен кошо журналисттикти да алып жүрдүм. Пенсияга чыкканымдан соң мугалимдик кылбасам да, журналисттик кесипти улантканга аракет кылдым. Эгер жалпылап эсептесем, 67 жылдык эмгек стажым бар экен.
- Алтымыш жети жыл айтканга оңой эмес. Бул аралыкта кыйынчылыктар да болсо керек?
- Кыйынчылык болбосо, жашоонун кызыгы эмнеде? Алгач мугалимдик кесипти баштаган жылдарымда айрым ата-энелер балдарын мектепке бергенди каалабайт эле. Ошол кездери бардык адамдар сабаттуу болушу үчүн аракеттер жүрүп жаткан. Айла жок, ат минип алып, үймө үй жүрүп, балдарды мектепке алып келгем. Азыр мен окуткан көпчүлүк кишилер жакшынакай кесиптерде иштеп жатышат.
- Сиз айтпадыңызбы, күн сайын гезит окуйм деп. Азыр деле окуп турасызда ээ?
- Ананчы, албетте, окуйм. Көзүм мурдагыга караганда, начар көрүп калды, ошентсе да гезит окуганды койбойм. Үйүмдө көп жылдардан бери чыгып келе жаткан гезиттердин аябай көп подшивкалары бар. Мындайча айтканда, менин үйүм турушу менен архив.
- Азыркы кыргыз журналистикасына кандай баа бересиз?
- Балдарыбыз өстү. Аябай кызыктуу, актуалдуу маселелерди көтөргөн макалалар байма-бай жарык көрүп жатат. Ал тургай, бийликтегилерди сындап, алардын туура, ак иштешине жакшы жардамчы болгон журналисттерибиз көп.
- Бирок көпчүлүк гезит окуганды каалабайт, буга кандай көз караштасыз?
- Ошонусу жаман. Ал тургай адабий китептерди да окубай калышпадыбы. Аларды моралдык тараптан кембагал адамдардын катарына кошом. Заман алдыга умтулгандарга ийгиликтин эшиктерин ачат. Ийгиликке жетүү үчүн окуп туруш керек. Маектешкен: Санжарбек Эралиев, Жалал-Абад





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
5-июнь, 2008-ж.:
1-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
2-бет
Россия абактарында 950 кыргыз жараны олтурат
3-бет
Жоголгон учактын сыныктары табылды
4-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
5-бет
Нарында фамилиясын
өзгөрткөндөр көбөйүүдө

6-бет
Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
7-бет
Алтын баштуу аялдан…
12-бет
Талак кимдин пайдасын көздөйт?
13-бет
Чоң энем амандыгымды тилеп, күн сайын дуба кылчу
14-бет
Толеранттуулук, диалог жүргүзүү жолу жана прогресс





??.??