presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
6Дагы бирөө бул - доктор Кубанычбек Апас. Ал да быйыл тизмеде көрүнбөйт. Бул мезгилге чейин деле Кубанычбек Апас тийиштүү кол топтой албагандыктан, шайлоодон четтетилип калчу. Ал эми Өмүрбек Текебаев дагы шайлоого барбай турганын башта айткан эле. Феликс Кулов да катышпаганын билдирип, аны менен бирге "Ар намыс" партиясынын башка мүчөлөрү да бул шайлоодон баш тартышкан. Андан сырткары, президентке ат салышкандардын катарына биринчи жолу эки айым кошулду. Бири - бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева (2000-жылкы президенттик шайлоого катышкан) жана убактылуу жумушсуз Гүлжамила Эстебесова. Бирок, ал 21-май күнү тил комиссиясынан чочуркап, кандидаттыгын алып салды, деп билдирет "Свободная пресса". Белгилей кетчү нерсе, быйылкы ажо болгусу келгендердин арасында жумушсуздардын болгондугу, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары бул көрүнүштү "Эмгек биржасы" деп атап да жиберишти. Көзөмөлдөөчүлөрдүн айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын дагы бир "элегинен" өткөндө, талапкерлердин саны дагы азаят. Ал 50 миң жарандын колун топтоо жана шайлоо күрөөсүнө 100 миң сом берүү.

ТИЛ СЫНАГЫБЫ, ЖЕ "МАНАСТЫН КӨЗ ЖАШЫБЫ"?
Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи этабы бул - тил сынагы. Мындай сынакты жок кылуу керектигин доктур Жеңишбек Назаралиев айтып чыкты. Анын айтымында, ар бир шайлоого бара жаткан адам коомчулукта кандайдыр бир орунга татыктуу болгон. "Эгерде аларды сыноо зарыл болсо, анда коомчулукка жарыялабай, жабык форматта өтүүсү керек",-дейт врач-нарколог. Анын ою боюнча, "ар бир адамды ар күндө сынакка кабыл алуу, демек 18 күндүк "Манастын көз жашы" аттуу ТВ-шоу программасы болуп жатпайбы?".

ОКУЯЛАР КАНТИП ӨӨРЧҮДҮ?
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовскийдин айтымында, 18 кандидаттын үчөө саясий партиялардан чыккан болсо, калган 15и өз алдынча шайлоого катышарын билдиришкен. Албетте, азыркы президент Курманбек Бакиевдин катышары жөнүндө өзү журналисттер менен маектешкенде билдирүү жасаган эле. Ал эми оппозиция, же Бириккен элдик кыймыл (БЭК) башында бир кандидатты алып чыгабыз дегенине карабай, алардын саны 3кө жетти. Алар: Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков жана "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев (учурда БЭКтин катарынан чыкты). Оппозиционерлердин катарында жүргөн Темир Сариев өзүнүн партиясынан тандалды. Өлкөдөгү президенттик шайлоо иштери Борбордук шайлоо комиссиясынын эсептөөсү боюнча 172,4 млн. сомго өтмөй болду.

КЫЗЫКТУУ ЖАГДАЙ
"Свободная прессанын" маалыматына таянсак, Борбордук шайлоо комиссиясына Чоро Сарыпбеков деген адам келип, президенттик шайлоого катышарын билдирген. Бирок, тилекке каршы, Чоро Сарыпбековдун паспорту тээ совет доорунан алмашыла электиги жолтоо болгон. Ал: "улуу Михаил Фрунзенин коштоосунда өлкөнү ыпластыктан тазалайм",-деп айткан.

УЧУРДА…
Президенттикке бара тургандардын каттоосу 18-июнда аяктайт. Азырынча тизмеде 10 адам калды. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун "Азаттыкка" берген маегине токтолсок, анда азыркы мезгилде Кыргызстан боюнча 7 кандидат областтарда иш-чараларын өткөрүп, кол топтоп жүрүшөт. "Балким, 7 талапкер менен чектелип калышыбыз ыктымал",-дейт А.Бегматов. Кол топтоодо ар бир областтан 3 пайыздан кем эмес болушу шарт. 2-июнда президенттикке аттанган талапкерлердин кол топтоо мөөнөтү токтоду. Алдын-ала маалыматтар боюнча, эң көп Курманбек Бакиев 1 млн. 200 миң кол топтосо, андан кийин Алмазбек Атамбаев 500 миң кол чогултканга жетишкен. БШК калган 8 кандидат тууралуу маалыматты кийинчерээк айтарын билдирди. Эми БШКнын кызматкерлери беш күндүн ичинде топтолгон кагаздарды текшерип чыгышы шарт. Президенттик шайлоого 35 күн калганда БШК ажолукка ат салышкандарды каттай баштайт. 2005-жылы БШКнын "элегинен" болочок ажолордун үчтөн бири араң өткөн. Ал эми быйылкы жылы кандидаттарды тандоо андан да катаал болору айтылууда. Жыйынтыктарды күтө туралы… ДАЯРДАГАН ЭЛЬВИРА КАРАЕВА





КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛЕТ?
18-май күнү президенттикке аттанган 18 адамдын тизмеси аныкталды. Алар:
1. Исмаил Исаков - мурунку коргоо министри. Министрликтен бошогон соң, ага карата тергөө иштери козголгон. Исмаил Исаков шайлоодо ат салышуудан баш тартып, өзүнүн колдоочуларын Алмазбек Атамбаевди шайлоого чакырды.
2. Жеңишбек Назаралиев - врач-нарколог. Ал баңгилик жана ичкиликтен жабыркагандарды өзгөчө дарылоо менен дүйнөгө белгилүү болгон инсан. Андан сырткары, 2005-жылкы окуяга түздөн-түз тиешеси барлардын бири. Анткени, Жеңишбек Назаралиевге караган медициналык борбордун тушунда 24-март күнү эл топтолгон. Бул окуядан кийин саясаттан көңүлү калгандыгын айтып, ушул убакытка чейин көп саякаттап, китеп жазып, фото көргөзмө уюштуруу менен алектенип жүргөн. Анын программасы, Кыргызстанда Индия, Афганистан өлкөсүндөй апийим эгүү жана ар бир кыргызстандык жаранга кредит түрүндө 100 миң сом берүү. Акыркы болуп тил комиссиясына кабыл алынган Ж.Назаралиев сынактан да өттү.
3. Акбаралы Айтикеев - ишкер, өнөр жай кызматкерлеринин, айыл чарбасынын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын жетекчиси. Убагында активдүү коомдук иш алып барып, кийин журналисттердин көзөмөлүнөн жоголуп кеткен. Бирок, акыркы учурда президенттик шайлоого катышуу анын көнүмүш адаттарына айланып бара жатат окшойт, деп билдирет "24.kg".
4. Мурат Боромбаев - Токмок шаарында орус тилинен сабак берген мугалим.
5. Нурлан Мотуев - "Жоомарт" кыймылынын лидери.
6. Куттубек Асылбеков - Дыйкан-фермер саясий партиясынын лидери, 10 баланын атасы.
7. Алмазбек Атамбаев - Бириккен элдик кыймылынан кандидат. Өз учурунда Алмазбек Атамбаев алгачкы жолу президенттик шайлоого катышып турган жери жок, бул жолкусу - үчүнчү. Бул убакытка чейин 2000-жылы 6,2 пайызга добушка ээ болгон (анда Өмүрбек Текебаев 13 пайыз, Аскар Акаев 74 пайыз менен шайлоону уткан). Экинчисинде, 2005-жылы Бакиев-Кулов тандеминен улам, баш тарткан.
8. Курманбек Бакиев - "Ак жол" элдик партиясынан кандидат. Кыргыз Республикасынын президенти.
9. Темир Сариев - "Ак шумкар" партиясынан кандидат.
10. Токтайым Үмөталиева - бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси. Ажо болгусу келгендердин катарында чоочун эмес.
11. Азамат Уламаев - убактылуу иштебейт. Кызыктуусу, 7-май күнү "Ак жол" партиясынын катарына кошулган, деп билдирет "24.kg". БШК 2-июнда тил комиссиясынын берген жыйынтыгынан улам, аны каттоодон баш тартты.
12. Кутманбек Эшенбаев - "Инсанстрой" жоопкерчилиги чектелген коомдун директору. БШК 2-июнда тил комиссиясынын берген жыйынтыгынан улам, аны каттоодон баш тартты.
13. Жаныбек Сүйналиев - убактылуу иштебейт. Ал 2-июнь күнү өз алдынча кандидаттар тизмесинен алынганын жана шайлоого катышпасын билдирди.
14. Юруслан Истанов - убактылуу иштебейт. Бул талапкер 3-июнда берилген БШКнын маалыматы боюнча тизмеде жок.
15. Аскарбек Абышев - "Кыргызспецэксперт" жоопкерчилиги чектелген коомдун директору. Тийиштүү кол топтобогонуна байланыштуу 3-июнда тил комиссиясына киргизилген жок.
16. Бакыт Керимбеков - экс-депутаттардын бири.
17. Гүлжамила Эстебесова - убактылуу иштебейт. Тил комиссиясынын жыйынтыгы боюнча БШКнын "элегинен" өтпөй калды.
18. Өмүрбек Бөлтүрүков - Ысык-Көл облусунун жигиттеринин бири экени белгилүү. Бул кандидат 3-июнда берилген БШКнын маалыматы боюнча тизмеде жок.




Аскерий кызматташтыктын дагы бир кадамы
6Жакында ТИКАнын демилгеси менен Ички Иштер Министирлигинин Эргеш Алиев атындагы академиясынын жетекчиси Абдыкапар Мавлянов жетектеген жоон топ Түркия мамлекетинин полиция Академиясынын атайын чакырыгы менен иш сапарда болуп келишти. Сапардын негизги максаты түрк боордошторубуздун полиция кызматкерлерин даярдоодогу аткарып жаткан иштери менен таанышып, тажрыйба алмашып, укук коргоо айдыңындагы мындан аркы биргелешкен аракеттерди чыңдоо.
Кыргызстандан барган делегация Анкара жана Стамбул шаарларындагы полиция Академияларында, полициянын атайын орто мектептеринде болуп, алардын иши, курсанттардын билим алуусу менен таанышып, кызыктуу жолугушууларды өткөрүштү. Окуу жайлардагы заманбап техникалар менен жабдылган аудиториялар, курсанттардын билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар делегациянын өкүлдөрүн өзгөчө ыраазы кылды. Ошону менен катар делегация ал жакта билим алып жатышкан кыргызстандык курсанттар менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин угуп, мындан аркы окууларына ийгилик каалашты.
Расмий жолугушуулардан сырткары делегация аталган өлкөнүн тарыхый шаарлары, кооз табияты менен да кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Айрыкча, Анкара жана Стамбул шаарларынын кооздугу суктандырып, Стамбул шаары "Дүйнөнүн ачык музейи" деп аталышы жөн жеринен эмес экендигине ынанышты. КАБАР БОРБОРУ

ШКУнун күчү канчалык?
6Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн институту жана Александр Князевдин коомдук фонду тарабынан эл аралык эксперттердин катышуусунда конференция болууда. "Шанхай кызматташтык уюму Борбордук Евразиядагы интеграция фактору: коңшу жана көзөмөлдөөчү өлкөлөрдүн күчү" деп аталып, ага Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Франция жана Германиядан адистер чакырылган. Конференцияда: Борбордук Евразиянын геосаясаты, интеграция жана кызматташуу долбоорлору; ШКУ бул - экономикалык өсүү фактору; коопсуздук көйгөйлөрү маселелери каралат. ШКУ акыркы мезгилде дүйнөлүк саясатта таасирдүү уюмдардын катарына кирип жатат. Бирок, эксперт Александр Князевдин айтымында, уюмдун так максаты жок. "Же саясат, же экономикалык тармактарын тандарын билбейт",-дейт ал. Мисалы, Россия ШКУнун саясат тармактарына басым жасоону кааласа, Кытай көбүнчө экономикалык жактан кызматташууну каалайт. Өзбекстандан келген эксперт Владимир Парамоновдун айтымында, Борбордук Азия дүйнөлүк дагы бир рыноктун катарында Кытайдын таасирине көп берилип жатат. "Астейдил, бирок туура саясат жүргүзгөн кытайлар Россияга салыштырмалуу, ордун таап баштады",-дейт ал. В.Парамоновдун айтуусунда, Россия менен Кытай атаандашпай, чогуу кызматташуусу зарыл. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
5-июнь, 2008-ж.:
1-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
2-бет
Россия абактарында 950 кыргыз жараны олтурат
3-бет
Жоголгон учактын сыныктары табылды
4-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
5-бет
Нарында фамилиясын
өзгөрткөндөр көбөйүүдө

6-бет
Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
7-бет
Алтын баштуу аялдан…
12-бет
Талак кимдин пайдасын көздөйт?
13-бет
Чоң энем амандыгымды тилеп, күн сайын дуба кылчу
14-бет
Толеранттуулук, диалог жүргүзүү жолу жана прогресс





??.??