Нарында фамилиясын
өзгөрткөндөр көбөйүүдө
Күмөндөр Усуптегин
Нарын
Быйылкы жылдын алгачкы беш айында (25-майга карата) Нарын шаар жана райондук жарандык абалды каттоо бөлүмү тарабынан 551 адам уулу, кызы деген фамилиясын "ов" жана "ова" дегенге которткон. Негизинен мектеп окуучуларынын жана жаштардын арасында орун алган бул көрүнүштү алар уулу, кызы деген фамилия эмес дешип түкшүмөлдөшөт. Мисалы, Нарын Мамлекеттик Университетинде окуган Жакыпбек фамилиясын "ов" деген жакшы дегенди угуп эле өзгөрткүсү келген экен. Нарын шаарындагы Чкалов орто мектебинин 8-класстын окуучусу Айдай да кызы дегенди чанып, "ова" деп фамилия алган. Айтор, Нарын шаарындагы "Бакыт Үйдү" сагалаган эле жаштар.
Нарын шааррайондук жарандык абалды каттоо бөлүм башчысы Жылдыз Мырзабекова мурунку жылдарда бир жылда 60-70 гана фамилия өзгөртүү болгондугун билдирди. Анын айтымында, уулу, кызы деп эле чет өлкөлөргө чыга берсе болот. Жергиликтүү бийлик мындай агымды токтотуу зарылдыгы бышып жетилди деп эсептейт. Нарын облусунун губернаторунун орун басары Салтанат Эсенаманова бул маселе боюнча жакынкы күндөрү атайын тегерек үстөл жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын маалымдады. Ал эми жергиликтүү талдоочу Муса Алыбаев мындай башаламандык мыйзамсыздыктан болууда деп эсептейт.

"Биримдик" ассоциациясы сотко арыз менен кайрылды
2002-жылы Нарын облусунда жакырчылыкты жоюу боюнча "Жүрөгүм менин тоолордо" телемарафон өткөрүлүп, андан 3 457 105 сом чогулган. Бул акча каражаттар мыйзамсыз пайдаланылгандыктан улам, облустук прокуратурага, коопсуздук башкармалыгына арыз менен кайрылганбыз. Мисалы, Нарын район акимчилиги 80 миң сом алып, кайра кайтарбаган. Мындай маалыматтарды билдирген "Би- римдик" ассоциациясынын төрагасы Тойчубек Айдаралиев прокуратура, облустук коопсуздук башкармалыгы ишти негизсиз жаап салышты деп белгилеп, ишти кайра жандандыруу үчүн шаардык сотко кайрылгандыгын маалымдады. Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармасынын жетекчиси Таалай Жапаров бул арыз негизинде иш козголгондугун, бирок, кылмыш иш мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартылгандыгын билдирди.




Кызматка жараган кыргыз желектери
Ош шаарынын борбордук аянтында узундугу элүү метр, чоңдугу 100 чарчы метрге барабар кыргыз желеги орнотулду. Шаардыктардын патриоттук духун көтөрүүгө салым кошо турган бул уникалдуу курулуш тарыхый мааниси бар жайлардын катарын дагы бирге толуктады. Тилекке каршы, борбордук аянтка канатташ жайгашып, бир нече мекеме-ишканалар байырлап турган "Долбоор" акционердик коомунун жер төлөсүндө ушундай кыргыз желеги каалга кызматын аткарып жатат. НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, ОШ

Жөлөк каражатсыз калгандар 18 пайыз
1-июнда Нарын облустук М.Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында балдар үчүн салтанат азем өткөрүлдү. Облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Салия Жолдошова облуста 368 томолой жана 3 967 жарым жетим, ошондой эле 563 социалдык негиздеги балдар бар экендигин белгилеп, эл аралык балдар күнүнө карата облустук алкакта жалпысы 170 миң сомдук ар кандай жардамдар көрсөтүлгөндүгүн билдирди. Нарын социалдык кызмат көрсөтүү борборунун жетекчиси Жумгалбек Солтонкуловдун айтымында, облус боюнча былтыркы жылдын биринчи чейрегинде мамлекет тарабынан бир жарым жаштан жогору курактагы 20 004 балага жөлөк каражат төлөнгөн. Быйыл ушул эле алгачкы үч айда алардын саны 4 235 балага азайган. КҮмӨндӨр Усуптегин, Нарын

Шаардын "эң, эң… үй-бүлөлөрү" аныкталды
Ош шаардык мэриясы тарабынан эл аралык үй-бүлө күнүнө карата узак жашаган түгөйлөр, интернационал, эң көп небере, чеберелүү, шаардагы үлгүлүү үй-бүлөлөр жана "Алтын", "Бриллиант" той ээлеринин сынагы жыйынтыкталды.
25 небере, 16 чеберенин чоң ата, чоң энелери Камилжан Абидов менен Хабибахан Абидова эң көп небере, чеберелүү үй-бүлө деп таанылды. Бирге түтүн булаткан үй-бүлөлөрдүн эң узактыгы боюнча чогуу жашаганына 52 жыл болгон Павел Руденко менен анын жубайы Мария Петухова аныкталды. Өзбек уулу Режап Хусейинов менен украин кызы Александра Хусаинова эки элдин достугун бекемдөөгө салым кошуп, 61 жыл бирге жашагандыгы үчүн интернационал үй-бүлө деп аталды. Ошондой эле Асан Кулбаев менен Гүлү Хабибиллаева "Алтын тойдун", Павел Латушин менен Анна Мишина "Бриллиант тойдун" ээлери болушса, Ош шаарынын өнүгүүсүнө салым кошуп, эмгеги менен таанылган Абдимамат Турдубаев менен Айкөкүл Мирзакаримова үлгүлүү үй-бүлө номинациясын жеңип алышты.
Үй-бүлө коломтосун бекем сактап, коомчулукта идеалдуу түгөйлөрдүн үлгү көрсөтөрлүк артыкчылык сапатын даңазалоо максатында уюштурулган бул сынактын жеңүүчүлөрү Ош шаардык мэриясынын атайын баалуу белектери менен сыйланышты. НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, ОШ

Орус флоту Ысык-Көлдү булгап...
Россия Федерециясынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер-деңиз флотунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Россиянын аскер-деңиз флотунун базасына экологиялык мониторинг жүргүзүлдү. Буга Кыргызстан тараптан КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин, республикалык мамлекеттик каттоо мекемесинин, "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын башкы дирекциясынын жана областтар аралык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын тиешелүү адистери да катышты. Эки тараптын жогоруда саналган ведомстволорунан турган атайын комиссия түзүлүп, аталган мониторинг жасалды.
Бул тууралуу маалыматты "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын башкы дирекциясынын басма сөз катчысы, "Ак-Куу" газетасынын редактору Таалайбек Калыков билдирди. Анын айтымында, касиеттүү Ысык-Көл ден соолукту чыңдоочу жай катарында гана эмес, өндүрүштүк, чарбалык максаттарга да пайдаланылат. Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер-деңиз флотунун базасы жайгашкан аймак СССРдин мезгилинен бери чычкан мурду жөрмөлөгүс тосмолонуп, ал жашыруун жай катары эсептелип, бөлөк-бөтөн бир да жан киргизилчү эмес. "Журналисттерге базага кирүүгө уруксат берилген жок, бирок комиссия мүчөлөрүнүн тастыктоолору боюнча экологиялык мониторинг россиялык тарап сунуштаган тартипте жүрдү. Комиссия мүчөлөрүнө суу кемелери токтогон жайдын, күйүүчү жана майлоочу майлар сакталган участоктун, май куюучу станциянын, автопарктын, ошондой эле ыплас, кир сууларды тазалоочу жана суу менен камсыздоочу системалардын учурдагы абалдары менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк берилди. Мониторинг жүргүзүүнүн учурунда экологиялык бир катар талаптардын бузулуп жаткандыгы аныкталды, жергиликтүү тургундардын тынчсызданууларын жараткан бул кемчиликтерди тез арада жоюу эскертилди. Мындан тышкары ар бир 3 айда табиятка залалын тийгизет делинген кооптуу аймактарга экологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн максаттуулугу тууралуу сүйлөшүүлөр эки тараптын колдоосуна ээ болду. Ошондой эле аскердик куралдарды сыноо мезгилинде "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын Ысык-Көл мамлекеттик коругуна кемелердин кирип кетпөөсү эскертилди.

Акындын ысмы ыйгарылды
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист, бир канча ырлар жыйнактарынын жана публицистикалык макалалардын автору Эргешбай Узакбаевдин ысымы Тоң районунун Тоң айылдык китепканасына ыйгарылды. Замандаш калемгерлердин айтымында, чыгармачылык жан дүйнөсүн өмүр бою аздектеп, ага чаң жугузбай сактап келген Эргешбай Узакбаев жердештеринин мындай урмат-сыйына толук татыктуу. Ага эл акыны деген наам берилиши керек болчу. Бирок улунуп-жулунганды, кимдир бирөөлөргө жасакерленип, жагалданганды билбеген ал өкмөттүк сыйлыктардан куру кол калууда. Эргешбай Узакбаевдин акындык өнөрүн замандаштары, адабий сынчылар кезегинде Алыкул Осмоновго салыштырып жүргөндөрү бекеринен болбосо керек. Айрыкча, акындын "Чолпонбай" аттуу поэмасы 40-50-жылдары окурмандардын кеңири чөйрөсүнө белгилүү болуп, татыктуу баасын алган. 80ден ашса да колунан калемин түшүрбөй, жергиликтүү басылмалар менен чыгармачылык байланышын үзө элек.

Санжырачылардын кароо-сынагы - Караколдо
Областтын 70, Каракол шаарынын 140 жылдыгына карата санжырачылардын кароо-сынагы өттү. Калыстар тобунун төрагасы, белгилүү адабиятчы, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Сапарбек Бегалиев "Санжырадан тактык, тарых жаралат. Айрым санжырачылар кыргыз элинин тарыхын өздөрүнүн ата теги менен байланыштырууга, атап айтканда, урук-туугандарынын даңкын чыгарууга аракеттенишет. Бул таптакыр туура эмес көз караш",-деген талап менен кароо-сынактын өтүш тартибин өнөр жарышынан күч сынашкандарга туура түшүндүрүп берди. Касиеттүү Көл жергесинен чыккан Сарт, Садыр, Кыдыр, Карач, Карга, Тилекмат акелерден тартып, Ормон хандын, Боронбай бийдин, Балбай баатырдын ж.б. тарых күүсүндөгү инсандардын өз доорундагы ээлеген кадыр-ордунан тартып, кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары адеп-ахлактарына чейин куюлуштура айтышкан санжырачыларга иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан акчалай сыйлыктар, атайын дипломдор ыйгарылды. Баш байгени Жети-Өгүз районунун Балбай айылынын тургуну, согуштун жана эмгектин ардагери Жылкыбай Апышев, биринчи орунду ЫМУнун окутуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманов жеңип алышты. Санжырачылардын катарын жаштар да толуктай баштагандыгын колдоого алгандар көп болду. Жаш санжырачылар да сыйлыктан куру кол калышкан жок. "Кыргыз коно жатып кепке, сөөк мүлжүбөй этке тойбойт" бул сөз бекер жерден айтылып калган эмес, азыр заман башка. Кулактын курчун кандырган кепке эмес, жылуу мамилеге зар болуп баратабыз. Дегинкиси, кеп куржунун толтурууну унутпай жүрөлү",-деген пикирин билдирген Акеш Иманов санжырачылардын кароо-сынагын уюштурууга каржылык колдоо көрсөтүшкөн Каракол шаар мэриясына, шаардык кеңешке жана иш-чараны максаттуу уюштура билген шаардык маданият бөлүмүнө ыраазычылыгын билдирди. Шейшекан Жаналиева, Ысык-КӨл