presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жай келди… Туристтерчи?..
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Учурда абдан өнүгүп жаткан жана кирешелүү тармак болгон кымыз туризмин, кымыз менен дарылоо жагын Туризм агенттиги да, Саламаттыкты сактоо министрлиги да, Кыргызкурорт да элес албай келет да, бул жак жалаң гана жеке адамдардын чөнтөгүн толтурууда. Жылкычылар акча үчүн кулундарын да бакпай, бээнин сүтүнүн сапатына да карабай, анын адамдарга жагар-жакпасын да текшербей стихиялуу түрдө өнүгүп жатат. Бул маселени - "кымыз туризмин" бийикке көтөрсөк болгудай эле.

Атың жакшы Ысык-Көл, абалыңчы?
Кыргыз өкмөтү туристтик бизнес менен шугулдангандарды быйыл дүйнөлүк кризис болуп жатат, бааларды арзандаткыла, Ысык-Көлгө караганда Түркияда жылдыздуу отелдерге баа арзан, жол болсо өтө начар жана тыгын, Бишкектен Чолпон-Атага жеткенче Анталияга жетесиң деп акыл үйрөткөн менен Ысык-Көл туристтик индустриясын оожалантып жаткан пансионат ээлери жана жеке сектордун бизнесмендери деги эле бааны арзан кылгысы келбейт, биз көрүнө да, көмүскө да көп нерсе төлөйбүз дешет.
Анан быйыл көлдүктөр президенттик шайлоо биздин ишке тоскоол болобу деп да чочушат, мунун да жөнү бар, көпчүлүк адамдар шайлоо өткөнчө эс алууга чыга албай калышы мүмкүн.
Өткөн жылы туризмден 500 млн. доллар киреше түшсө, ошонун көбү көлдүктөрдүн энчисине тийди, бирок анын күнүн көргөндөр да бир ууч эле мурда бутуна туруп алган адамдар болууда, жалпы эл алигиче туристтик байлыктын даамын анчалык тата алган жок.
Жакында Бириккен улуттар уюмунун эколог эксперттери ушул жүз жылдыктын акырына чейин аба орточо 4-6 даражага ысып, чөлдөр жана бетпак талаалар Борбор Азияда дагы эки эсеге көбөйүп, азыр агып аткан бир топ өзөндөр менен суулар соолуп калат, ал эми Ысык-Көлдүн суусу азыркы жээгинен 27 метр тартылат деген куласага келди, андай болсо кылым соңуна барып бул жерде сууга түшүү токтойт, Ысык-Көл туризми жок болот дегендик.

Түркиядан туризмди үйрөнбөйбүзбү?
Өткөн жуманын соңунда Бишкектеги Түркия элчилигинин маданият жана туризм атташеси кыргыз журналисттери менен баарлашуу өткөрдү. Анда атташе Сонер Шахин эки өлкөнүн ортосундагы туризм тармагындагы байланыштар, алардын көйгөйлүү маселелери жана келечеги тууралуу сөз кылды.
Түркияда туризм тармагы 1983-жылдан өнүгө баштаган. Ошол жылы мамлекет инвесторлорго 49 жылга деп жерлерди иштетүүгө бере баштайт, жер эле эмес, кредиттерди аябай аз пайыз менен сунуштап, электр энергиясына да жарыбас гана акча алуу менен бул тармакка келгендерге аябай жакшы шарттарды түзгөн. Мыйзамдарды да бышыктоо менен туризмди эл аралык стандарттар менен уюштурууга басым коёт. Өзгөчө маани бир жолу келген туристти экинчи жолу да келүүгө дегдеттирүүгө бурулуп, ал нерсе өз үзүрүн бере баштайт.
Азыр Түркиянын маданият жана туризм министрлиги отелдерди классификациялоо, кадрларды даярдоо сыяктуу иштерден тартып, аябагандай чоң милдеттерди TURSAB (Туристтик агенттиктер ассоциациясы), TUROB (Отелдер ассоциациясы) жана Профессионалдык гиддер ассоциациялары менен бирге аткарып келет.
2008-жылы Түркияга 26 379 000 миң турист келип, алардан 16 млрд. 760 млн. доллар каражат түшкөн. Түркияга Кыргызстандан 48 миң турист барган, бул 2007-жылга салыштырганда 7 пайызга көп болгон. Бирок бул маалыматтарда Орусия, Казакстан аркылуу барган кыргызстандык атуулдар, ошол жактарда жүрүп эмгек мигранттары катары Түркияга барып эс алып келгендер, биздин Анатолия жеринде окуп жатып жайкы иштөөгө баргандар эске алынбаган.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Султан Раев, Туризм агенттигинин башчысы Турусбек Мамашев, ЭлТР коомдук телевидениесинин директору Нурлан Шакиев чыгып сүйлөдү.
Түркиянын элчилиги биздин тиешелүү министрликтер менен биргеликте тармакты эл аралык деңгээлге көтөрүү үчүн көп иштерди баштады, алардын бири отелдерди дүйнөлүк стандарт боюнча классификациялоо жумуштарына киришти, ошондой эле түркиялыктар кыргыз туризминин бутуна турушу үчүн техника жана окутуу жагынан көмөгүн берет.

Кыздардын кыргыз жергелерин кыдыруусу
Түркиянын туризм жагындагы тажрыйбасын биздин бул жердеги кыргыз-түрк окуу жайлары да эң сонун пайдаланып келет. Алар, мисалы, "Манас" университети туризм жана ресторандык бизнес боюнча кадрларды даярдоо менен бирге эле ал студенттерин Түркиянын эң мыкты туристтик жайларынан практикадан өткөрүп келет. "Себат" билим берүү мекемеси болсо жыл сайын туризм жана экология боюнча июнь айынын башында долбоорлордун конкурсун өткөрөт (быйыл негедир үзгүлтүккө учурап калыптыр). "Себат" билим берүү мекемесинин Ысык-Көл кыздар лицей-комплексинин окуучулары ар дайым өлкөнүн туш тарабына барып, саякат жасоону, кыргыз жеринин тарыхый, маданий, географиялык эстеликтерине зыярат кылууну салтка айландырган. Быйыл да окуучу кыздар Чок-Талдан чыгып, Бишкек, Суусамыр, Чычкан аркылуу жүрүп, Нарын дайрасына аябай суктанышып, анан Түштүк жерин түрө кыдырды. Өзгөчө аларга Сулайман тоосу, Өзгөн мунарасы катуу таасир этти. Кыздар Ош шаарынын базарын аралап, "базар туризмин" бул жерлерде колго алса үзүрү мыкты болорун көрсөттү. Лицейдин география мугалими Рустам Атаев ар бир тарыхый жер, маданий обьект, географиялык аймактар тууралуу баяндап берип, окуучулардын тарых, адабият, география, экономика сабактарынан алган теориялык билимдери практика жүзүндө бекемделди.

Кыргыз туризминин тушоолору
Туристтик сезондун башталышында быйыл эмне тоскоолдуктар болот, же дагы канткенде тармакты өнүктүрөбүз деп ойлойсуң. Түштүктө Арсланбап аябай кооз жер. Бирок ал жерде "Хизб-ут Тахрир" диний уюмунун өкүлдөрү көп дешип чет элдик туристтер, өзгөчө башка диндегилер баргысы келбейт. Ушундай эле былтыркы Ноокат окуясы да ал райондун Апшыр-Сай, Чили-Сай, Сахаба, Кара-Кой деген жерлеринен туристтерди үркүттү.
Словакиянын элчиси Д.Подгорски Кыргызстанда туризмдин экстремалдык түрлөрүн көбөйтүү, балдар үчүн зоопарк ачуу, көчмө дүкөндөрдү уюштуруу, улуттук тамак-аш жана суусундуктар менен камсыздоочу агротуризмди өнүктүрүү зарыл деп "Новое поколение" газетасына жазса, Пакистандын туризм, маданият, спорт, архелогия министри Саед Акил Шах эгерде курорттордо спорттук жана суу оюндары болсо, пакистандыктар бул жерлердин тунук суусу жана таза абасы үчүн келет эле дейт. Кытайлык Ши Чун Чин Ысык-Көл боюнда эл аралык учакжайынын болушун каалайт. Казакстандын zonakz.kz интернет-басылмасы жолдордун абалына кейийт, 97 чакырымдык Алма-Ата - Чырпыкты жолунун курулбай жатканына, 2 сааттык жол 8 саатка созулуп кетерине жана чегарадагы "бонустар" тууралуу ыйлап жазат.
Булардан башка дааратканалар маселесин көтөрүп келебиз, бул жагынан бир аз жылыштар бар, боз үйлөр да тартипке келтириле баштады.
Кыскасы, колду кайра-кайра ысытып ушалап тура берели… Туристтер күргүштөп келип калаар…




Кыргыз туризми Айгүл-Тоодон башталат
Абдурашит Низамиев,
ОшМУнун географиЯ жана
жаратылышты пайдалануу
факультетинин деканы,
географиЯ илимдеринин доктору

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактык бөлүмүнүн демилгеси менен Баткен жергесиндеги айтылуу Айгүл-Тоодо "Туризм тазалык үчүн" акциясы өткөрүлдү. Бул иш-чарага аталган мекеменин жетекчиси Ажиматова Бүбүайым кызматкерлери менен кошо Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын, Кадамжай райондук туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин, аймактагы туризм ишкердигинин, ошондой эле Ош мамлекеттик, Ош технологиялык жана Баткен мамлекеттик университеттеринин өкүлдөрү катышты. Алар аталган тоодо тазалоо иштерин жүргүзүшүп, ар кандай таштанды-калдыктардан арылтуу менен тоого зыярат жасап келген жергиликтүү туристтерге түшүндүрүү иштерин алып барышты.
Чындыгында тоонун экологиялык абалы жакшы эмес. Тоо капталында табигаттын керемети болгон айгүл жана башка гүлдөр менен кошо айнек, пластик идиштер, полиэтилен каптары, кагаздар "гүлдөп" турганына күбө болдук жана бир күндүк иш менен тоону тазалап чыгуу мүмкүн эместигине көзүбүз жетти. Анын үстүнө келип-кеткен адамдар улам ар нерселерди ташташып, "толуктап" турушат экен. Тоого чыгуу, гүлдү көрүү баш-аламан болгондуктан анын капталдары кыйма-чийме издер менен "тытылып", топурак катмары сапырылып турат. Тоо этегинде атайын тейлөө кызматы жок болгон үчүн туристтердин, автоунаалардын жайгашуусу да башаламан. Тамактануучу атайын жайлар каралган эмес. Ал тургай даараткана да жок.
Айгүл гүлүнүн абалы болсо жан кейитет. Жергиликтүү бийликтин, башка кызыкдар ишкана-уюмдардын аракетине карабастан тоону, гүлдү коргоо, сактап калуу иши татаал бойдон калууда. Ар бир келген адамдын артынан бирден корукчу коюуга мүмкүн эмес. Көпчүлүк адамдар сөзсүз түрдө гүлдөн үзүп кетүүгө аракет кылышат. Базарларда да ачык сатылып жаткандыгын уктук. Гүл өскөн капталдар адамдар тарабынан катуу тебеленип-тепселген. Апрель айынан кийин гүл куурап калган соң тоого мал жайыла баштайт. Гүлдүн жаш өсүмү көтөрүлүп кетүүгө такыр мүмкүн эмес. Ошондуктан алардын саны мурунку жылдарга салыштырганда байкаларлык азайып кеткенин белгилеп өтүштү.
Айгүл гүлү - кыргыз жаратылышынын эндемиги. Уламыш боюнча илгери өткөн заманда Айгул аттуу сулуу кыз сүйгөнүнө жете албай ушул таштардан боюн таштап өлгөн дешет. Анан ошол жерде башкача сулуу, көрктүү гүл өсүп чыккан экен. Эл аны "айгүл" деп атап калыптыр. Азыркы күндө ал өсүмдүктөрдүн жоголуп бараткан түрлөрүнө кирет. Бийиктиги 1-1,5 метрге барып, узун жалбырактары бүт сөңгөгү боюнча өсөт. Арча сыяктуу акырын өскөн түрлөргө кирет. Адамдардын айтуусуна караганда, жети жылдан кийин гүлдөйт да, ар жылы бирден гүл кошулуп отурат. Ошондуктан гүлдөрүнүн санына карап анын жашын аныктоого болот. Гүлдөрүнүн түсү саргыч-кызыл келип, алыстан жакшы байкалат.
Эми бүгүнкү күндө гүлдү сактап калуу, аны даңазалоо аркылуу аймакта туризмди өнүктүрүү үчүн бир топ иш-чаралар турат: тоонун коргоо статусун аныктоо, айланасын тосуу, көзөмөлдү күчөтүү, баш-аламан кыдырууларды жөнгө салуу менен атайын маршруттарды уюштуруу, тоо тегерегинде жеткиликтүү тейлөө сервисин түзүү ж.б. Келген зыяратчылар тоо менен, гүл менен суктанып, рахат алып, ички руханий дүйнөсүн канааттандырып кетип турушу зарыл. Айгүл-Тоонун экологиялык-географиялык абалын, өзгөчөлүктөрүн, ал жөнүндө уламышты элге жеткирүү, тоонун касиетин түшүндүрүү, айгүл менен мактанып, аны даңазалоо үчүн атайын жарнама иштерин уюштуруу, буклеттерди, илимий китептерди чыгаруу, ар кандай маанидеги сувенирлерди (иш столуна коюлуучу, дубалга илинүүчү, автоунаалардын күзгүсүнүн алдына, ачкычына тагылуучу), белек-бечкектерди жасоо жана таркатуу иштери турат. Айгүл гүлүнүн сүрөтү окуучулардын китеп кабынын, дептеринин сыртында (Терминатор Шварцнегердин ордуна) болушу керек. Иши кылып, биз айгүл гүлүн бир эле Баткенде эмес, Кыргызстандын бардык жеринде - Чолпон-Атада, Нарында, Таласта, Токмокто да бардык мезгилде жолуктуруп турушубуз зарыл. Мына ошондо гана айгүл гүлү бир ай гана эмес, кыргыз туризминин символу катары Кыргызстанда туризмдин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жыл бою гүл ачып, ажарын чачып турары анык.






кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
5-июнь, 2008-ж.:
1-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
2-бет
Россия абактарында 950 кыргыз жараны олтурат
3-бет
Жоголгон учактын сыныктары табылды
4-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
5-бет
Нарында фамилиясын
өзгөрткөндөр көбөйүүдө

6-бет
Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
7-бет
Алтын баштуу аялдан…
12-бет
Талак кимдин пайдасын көздөйт?
13-бет
Чоң энем амандыгымды тилеп, күн сайын дуба кылчу
14-бет
Толеранттуулук, диалог жүргүзүү жолу жана прогресс





??.??