presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жоголгон учактын сыныктары табылды

6Атлантикадан учуп баратып дайынсыз жоголгон франциялык учактын сыныктары Бразилиянын жээктеринен 640 чакырым алыс жерден табылды. Аба лайнер жоголгон жердин тереңдиги 4000 метрге жакын болгондуктан, андан ары издөөгө мүмкүнчүлүк азыраак. Бул туурасында Бразилиянын аскерий өкүлдөрү билдирди. Алардын айтымында, учактын сыныктары, күйүүчү майдын тагы жаткан тилке 5 чакырымга чейин созулган.
Эске сала кетсек, "Air France" аба компаниясына тиешелүү учак Рио-де-Жанейродон Парижге бараткан. Асманга көтөрүлгөндөн көп убакыт өтпөй учак менен болгон байланыш үзүлүп, учак Атлантикадан дайынсыз жоголгон. Аба лайнерге чагылган тийип, кырсыкка учураган болушу ыктымал деген божомолдор айтылууда. Кырсыкка кабылган учакта 32 өлкөдөн 216 жүргүнчү жана 12 экипаждын мүчөсү бар эле. Эксперттер учактагылардын баары каза тапкандыгы анык экендигин айтып жатышат. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгүн бразилиялыктар түзгөндүктөн, Бразилия өкмөтү кырсыктын курмандыктары үчүн үч күнгө аза күтүү жарыялады.


Жаңылыштык менен жарыяланган документ
6Америка өкмөтү жаңылыштык менен мамлекеттик жашыруун материалды жарыялап алды. Анда өзөктүк куралдар жана алар сакталган жерлерди көрсөткөн карталар, атайын программалар жазылган. Ар бир барагында "өтө жашыруун" деген сүйлөмдөр менен башталган 226 беттен турган отчет эми элге маалым болду деп билдирет "New York Times" басылмасы. Мындай маанилүү документ өкмөттүк башкаруунун сайтында дүйшөмбү күнү жайгашкан болсо, аны шейшемби күнү кечинде гана сайттан алышкан. Аталган документ МАГАТЭге берилиши пландалган. Америка президенти Барак Обама документти 5-майда Конгресске жөнөткөндөн соң, өкмөт кызматкерлеринин жаңылыштыгы менен жалпы элге жарыяланып кеткен. Бир катар эксперттердин айтымында, жаңылыштык менен жарыялоонун залалы анча чоң эмес. Бирок эл аралык коопсуздук жана илимдер институтунун жетекчиси Дэвид Олбрайттын билдирүүсү боюнча жарыкка чыккан маалыматтар өзөктүк куралдар менен шугулданган экстремисттерге жардамы тиери анык.




Президенттик шайлоодо эч ким уткан жок
6Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү. Ага катышкан эки талапкер: учурдагы премьер-министр Зинаида Греченная менен Молдованын Россиядагы элчиси Андрей Негуца экөө тең жетишерлик добуш ала алган жок. Парламенттеги коммунисттик партиядан шайланган алтымыш депутаттын баары учурдагы премьер-министр Зинаида Греченнаяга добуш беришти. Ал эми оппозициядагы партиялардын депутаттары шайлоону мурдагыдай эле бойкоттошуп, добуш берүүдөн баш тартышты. Алардын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланган. Андыктан учурдагы парламент легитимсиз. Натыйжада президенттин шайлануусу үчүн 101 мандаттуу парламенттен талап кылынган 61 добушка талапкерлердин эч кимиси ээ боло алган жок. Эми конституцияга ылайык, өлкө башчысы Владимир Воронин парламентти таркатып, жаңысын шайлоонун мөөнөтүн белгилейт. Мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо 45 күндүн ичинде өтүшү керек.


Шайлоонун жыйынтыктары таанылган жок
6Түндүк атлантика аскердик альянсы (НАТО) Түштүк Осетиянын 31-майда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын таануудан баш тартты. Бул маалыматты альянстын өкүлү Яап де Хооп Схеффер таратты. Анын айтымында, шайлоону өткөрүү Грузия менен болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө түрткү боло албайт. Схеффер альянстын Грузиянын эгемендиги менен аймактык чек арасын эл аралык деңгээлде колдоп келерин да белгилеп кетти.


Чочко тумоосу Украинаны кооптондурууда
6Чочко тумоосу эми Украинага жеткенине өлкөнүн дарыгерлери 99 пайыз ишенүүдө. Анткени алар өткөн жумада Америкадан учуп келген 24 жаштагы украиналыктан тумоонун белгилерин табышкан. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Александр Биловол билдирди. "Американын Детройте шаарында эки жылдан бери жашап, өткөн жумада өлкөсүнө келген жараныбыз өзүн жаман сезе баштаган. Дарыгерлер андан чочко тумоосунун симптомдоруна окшош белгилерди байкашкан. Эки-үч жумадан кийин Лондондон анализдин жыйынтыктарын алабыз. Баары ошондо белгилүү болот. Оорулуу менен байланышта болгон 70дей адам врачтардын байкоосунда турат. Азырынча грипптин эч кандай белгилери катала элек",- дейт А.Биловол. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 1 июнга карата чочко тумоосу менен катталгандардын саны 17 410 адамга жетсе, 62 өлкөдөн 115 адам аталган оорудан набыт болгон.


Батиңке ыргытуу кылмыш эмес
Британ соту Кытайдын премьер-министри Вэня Цзябаого ботинкасын ыргыткан адамды актап чыкты. Ал Кембридж университетинин аспиранты немис улутундагы, 27 жашар Мартин Янке. Соттун чечимине ыраазы болгон аспирант "Кытайда адам укуктарын сактоо боюнча маселелерге көңүл буруларына үмүттөнөм",- дейт. Эске сала кетсек, М.Янке 2-февралда премьер-министрге Кембридждеги сүйлөгөн сөзү үчүн батиңкесин ыргыткан. Ага коомдук жерлерде тартипти бузгандыгы үчүн айып тагылган. Соттун жүрүшүндө ал өзүнүн күнөөсүн моюнга алган эмес. Ал эми кытай тарап министрден расмий түрдө кечирим сурады деп айтып келет. "Батиңке ыргытуу" модасын ирактык журналист Мунтазер аль-Зайди "ойлоп тапкан". Ислам дүйнөсүндө бут кийим менен ургулоо шылдыңдоонун жеткен чеги деп саналат.


Ачкачылык арбыды
Түштүк Азияда ачкачылык рекорддук көрсөткүчкө жетти. Акыркы 40 жыл ичинде тамак-аштын жана күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлгөн. Дүйнөлүк каатчылыктын кесепетинен аталган аймакта ачкачылыкка кабылгандардын саны 100 миллион адамга жетти. Мындай маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондунун докладында айтылды. Алар бул көрсөткүчтү 2007-жылга салыштырып, айтып чыгышты.




  БОРБОР АЗИЯ КҮНДӨЛҮГҮ

Генетикалык борбор ачылды
6Тукум инженериясынын жетишкендиги менен өзбек окумуштуулары маданий өсүмдүктөрдүн жаңы сортун таап чыгышты. Карши шаарындагы илимдер академиясында атайын генетикалык борбор ачылды. Жаңы ачылган бул борбордо эми дан өсүмдүктөрүнүн, картошканын жана маданий өсүмдүктөрдүн жогорку түшүмдүү жаңы сортторун жаратуу иштери жүргүзүлмөкчү. Мындан сырткары өлкөдө жок физиологиялык лабораторияны жана өсүмдүктөрдү коргоонун илимий борборун куруу иштери да пландалууда. Өзбекстан

Эки өлкөдөгү бирдей майрам
6Фарсы тилдүү акын Жалоллидин Руминин жарык дүйнөгө келген күнү менен бирге чыгармачылыгына арналган күн Түркия менен Тажикстанда бирдей белгиленет. XIII кылымда жашап өткөн Руминин туулган күнү Тажикстанда 30-сентябрда, ал эми Түркиянын Конья шаарында 17-декабрда белгиленет. Мындай келишим Түркиянын президенти Абдуллах Гүлдүн өткөн жумада Дүйшөмбүгө болгон иш сапарында макулдашылды. Тажикстан

10 килограмм баңгизаты кармалды
6Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча контрабандисттердин тобу Афганистандан Тажикстанга мыйзамсыз кирип кетүү аракетин жасашкан. Чек арачылар менен контрабандисттердин ортосундагы кагылышуудан бир контрабандист набыт болуп, чекарачылардан бир адам катуу жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерде контрабандисттерден 10 килограммга жакын баңгизаты менен "Макаров" пистолети кармалган. Тажикстан

Түркмөн газы
Россияга берилбей…
6"Газпром" концерни газдын көлөмүн азайтууну же күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган концерндин өкүлү Валерий Голубев билдирди. Анын айтымында, түркмөн газынын негизги кардары Украина болуп саналат. Аталган мамлекет газга болгон керектөөнү 40 пайызга кыскартты. Азыркы учурда түркмөндөрдүн көгүлтүр оту Россияга берилбейт. 8-апрелдеги газ түтүктөрүнүн жарылуусунан көгүлтүр отту ташуу иштери токтотулган. Түркмөнстан

Тажик тили боюнча тренинг өткөрүлөт
6Мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) өкүлү Кнут Воллебектин жолугушуусу болуп өттү. Анда өлкөнүн негизги элине караганда саны аз улуттардын көйгөйлөрү туурасында бир катар маселелер айтылды. Өлкө башчысы саны аз улуттардын орчундуу маселеси алар үчүн атайын мектептердин жоктугун айтып, тажик тили боюнча тренингдерди өткөрүп турууну сунуштады. Ал эми өлкөдөн сыртта жүргөн тажик жарандарына жардам көрсөтүү жагын ЕККУнун өкүлү К.Воллебек моюнга алды. Тажикстан

Балдарга берилген белек
6Балдар күнүнө карата Ташкентте атайын балдар үчүн чач кырккан салон ачылды. Салондон жалаң гана балдар тейленет. Алар үчүн атайын машиналарды элестеткен креслолор коюлган. Чач тарачтын кыймылын көрүп туруучу күзгүнүн ордуна чоң экран коюлган. Чачын алдырган бала ал убакта каалаган мультфильмин көрүп тура алат. Мындан сырткары балдар үчүн стилисттер, массажисттер да кызмат кылат. Өзбекстан




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
5-июнь, 2008-ж.:
1-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
2-бет
Россия абактарында 950 кыргыз жараны олтурат
3-бет
Жоголгон учактын сыныктары табылды
4-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
5-бет
Нарында фамилиясын
өзгөрткөндөр көбөйүүдө

6-бет
Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
7-бет
Алтын баштуу аялдан…
12-бет
Талак кимдин пайдасын көздөйт?
13-бет
Чоң энем амандыгымды тилеп, күн сайын дуба кылчу
14-бет
Толеранттуулук, диалог жүргүзүү жолу жана прогресс





??.??