presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Россия абактарында 950 кыргыз жараны олтурат
АЙМИРА МЕНДЕЕВА
Мындай маалыматты "Интерфакс" маалымат агенттиги Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматына таянуу менен билдирди. Россиянын түрмөлөрүндө СССРдин мурдагы республикаларынын жарандарынын ичинен тажиктер басымдуулук кылат. Аталган өлкөнүн аймагында жасалган ар кандай кылмыштары үчүн Тажикстандын 5500 жараны түрмөгө кесилген. РФнын аймагындагы абактарда бардыгы болуп "жакынкы чет өлкөнүн" 24 миң 416 өкүлү бар.
Он жыл илгерки статистика боюнча мурдагы СССРдеги соттолгондордун саны боюнча 3 миң 264 айыпкери менен Украина биринчи орунда болсо, андан кийинки орунда Грузия (1 миң 987) жана Азербайжан (1 миң 529) турган. Учурда, украиналыктар - 4 миң 360 адамы менен экинчи орунда. Андан кийинки курамда төмөндөгү өлкөлөр: Өзбекстан -4 миң 812, Азербайжан - 3 миң 182, Казак- стан - 1 миң 624, Молдавия - 1 миң 485, Армения - 1207, Белоруссия - 1 миң 78, Кыргыз- стан - 950 жана Түркмөнстан - 198. Камалгандардын эң аз саны эстониялыктарга (15 адам) тиешелүү.




Deutsche Welle: "Баткенге
согушчандар бет алышты"
6CA-NEWS (TJ) маалымат агенттиги 2009-жылдын апрель айынын аягында 40 согушчан Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен "үч бурчтук" болгон Кыргызстандын Баткен аймагына жетүү максатында Тажик- станга Афгандын Бадахшан провинциясы аркылуу багыт алышкандыгын билдирди. Бул кабарды "Deutsche Welle" маалымат агенттигинин кабарчысына афган полициясынын кызматкери ырастаган. Анын айтымында, Афганистанда Ханабаддагы окуяларды Өзбекстандагы Ислам кыймылынын (ӨИК) согушчандарынын активдүүлүгү менен байланыштырышат. Атын жашыруун калтыргысы келген афган чек ара аскерлеринин офицерлеринин бири, Тажикстан аркылуу келген волонтерлорду топтоо пункттары Фариаб, Кундуз жана Бадахшан провинцияларында да бар экендигин кабарлаган. 2009-жылдын март айынын башында Тахир Юлдашевдин жакшы куралданган жана даярдалган 100гө чамалуу жоокери Гильменд провинциясынан Кундуз провинциясына багыт алышып, майда топторго бөлүнүшкөн.
Аталган агенттиктин маалыматында 2009-жылдын башынан тартып ӨИКнын курамы негизинен Өзбекстандан Тажикстан аркылуу келген жаштар менен толукталууда. Айрым учурда алар менен Кыргызстан, Тажикстан, Казакстандын жарандары жана Россиянын мусулмандары да келишкен.
Афганистанда жана Пакистанда негизделген ӨИКга, жолдун узактыгы жана өмүргө коркунучтуулугуна карабастан алардын Өзбек- стан, Кыргызстан жана Тажикстандагы туугандары келип турушат. Аларды афгандык өзбектер жеткиришет жана кайрадан узатышат.





ТИКАнын дагы бир колдоосу…
6Кызматташуу жана өнүгүү боюнча түрк агенттиги 2-июнда Кыргызстандын улуттук аттестация комиссиясына (УАК) иш жүрүшүнүн сапатын жогорулатуу үчүн компьютердик жабдыктарды белекке берди. Бул техникалык жардам (10 компьютер, 5 принтер, 1 сканнер жана 1 ксерокс) кыргыз-түрк билим берүү жана илим кызматташтыгынын чегинде болуп өттү. УАКтын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин айтымында, мындай колдоо көрсөтүү аппараттын кызматкерлерине кыйла жеңилдик берип, ишин илгерилетет. Кыргызстанда 1992-2008-жылдар аралыгында ишин жүргүзүп келген ТИКА жалпы 18 млн. доллар сарптаган.


Тубаса жүрөк оорулуу балдар көп төрөлүүдө
6Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын тубаса түрү менен жапа чеккен ымыркайлар көп төрөлүүдө. Мындай маалыматты Улуттук госпиталдын жүрөк-кан тамыр бөлүмүнүн башчысы Имелс Байтиков билдирди. "Мурда онкологиялык оорулар биринчи орунда турса, учурда жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунга чыкты. Айрыкча, тубаса жүрөк оорулуу балдар көп төрөлүүдө. Мунун бардыгы экологиянын бузулушу, сапатсыз дарылар, нурлануу, алкоголдук ичимдиктер ж.б. себептерге байланыштуу",-дейт И.Байтиков.
Бөлүм башчынын айтымында, жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча операция жасаган адистерди даярдоочу атайы бөлүмдөр өлкөдөгү медициналык окуу жайларында жок. Андыктан хирургдарды бөлүмгө келгенден кийин кайра башынан окутууга туура келет. Буга байланыштуу "Евразиялык изилдөөлөр институтунун" колдоосу менен аталган бөлүмдүн жаш кадрлары болгон 5 ангиохирург Арменияга тажрыйба алмашуу үчүн барып келишти. АЙМИРА МЕНДЕЕВА




Түрк мэри "Ардактуу профессор"…
6Түркиянын Кожоэли шаарынын мэри Ибрагим Караосмон оглу, мэриянын башкы катчысы Мунир Карал оглу Махмуд Кашгари-Барскани университетинин сыйлуу мүчөлөрүнөн болуп калды. Мэрге "Ардактуу профессор" наамы берилсе, мэриянын башкы катчысы "Ардактуу доктор" болду. Түркиялык мэр Кыргызстанга келгенине, боордош өлкөнүн алгачкы окуу жайларынын бири болгон Махмуд Кашгари-Барскани атындагы университетинин мындай сыйына татыганына кубанганын жашырган жок. Ошондой эле, Кожоэли жана Махмуд Кашгари-Барскани университеттер ортосунда тажрыйба алмашуу зарылчы- лыгына токтолду. Андан сырткары, Түркиядан келген делегация вице премьер-министр Өктөмхан Абдуллаеванын кабыл алуусунда болуп, эки тараптуу билим берүү жана социалдык тармагы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ө.Абдуллаеванын айтуусунда, түрк дүйнөсү муниципалитеттер ассоциациясынын жүргүзгөн иш-аракеттери Кыргызстанда ийгиликтүү болуп жатат. Түркия мэри Кожоэли шаарында кыргыз маданият борборун ачыла тургандыгын билдирди. Иш сапар учурунда маданият жана маалымат министри Султан Раев, Бишкек мэри Нариман Түлеев жана ЖК депутаттары менен жолугушуусу күтүлүүдө. Марат ӨмҮров

6 "Тараз - Талас - Суусамыр" магистралдык жолунун курулушу таластыктарга өзгөчө пайдалуу болду. Казак баурдастардын чекара, бажы боюнча башка салган түйшүктөрүнөн арылып, таластыктар эми ашуу ашып, зымыраган жол менен Бишкекке каттап калышты. 2007-жылы башталган курулуш иши 0-52 участкасынын 39 чакырымы 2008-жылы ноябрь айында бүткөрүлгөн.
Ал эми 2 фазадагы 21 чакырым аралыктагы иштер кечеңдөөдө. Жаз айы бүтүп, жай мезгили башталып калса да иш жүрбөй, жумуш токтоп турат. Эмне себептен иш токтоп турат, бул көйгөйлүү суроого жооп алуу үчүн тиешелүү расмий кызматтарга кайрылып, так жооп ала албадык.
Ал эми I фазадагы 39 чакырым аралыктагы иштер да толук бүткөрүлбөгөн. Талас облустук ПЛУАД-5 ишканасына акт менен өткөрүлүп бериле элек. Жогорудагы стратегиялык мааниси бар автожолдун курулушунун өтө кечеңдетилиши Талас облусунун коомчулугун тынчсыздандырууда. К.КУШУБАКОВ, ТАЛАС




"Коопсуз мектеп" рейди кооптуу өспүрүмдөрдү таптыбы?
6Ички иштер министрлигинин 2 000, билим берүү органынын 1 000 кызматкерлери менен биргеликте 20-апрелден 25-майга чейин өлкөдө "Коопсуз мектеп" рейди өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мектепке жакын жайгашкан соода түйүндөрү, компьютердик клуб жана дискотекалар каралып чыкты. Анда окуучуларга жана ата-энелерине 1478 түшүндүрүү иштери (жолугушуу, лекция, сүйлөшүү) болуп өттү. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда "Биз рэкеттен коркпойбуз" аталышында атайын футбол оюндары уюштурулду. Андан сырткары, бул рейдде жайкы каникулдарга карата жолдо жүрүү эрежелерин сактоо иретинде 917 сабак болду. Ошондой эле, иш-чарада өспүрүмдөр тарабынан жасалган 84 кылмыш (1 өлтүрүү, 1 талоончулук, 13 тоноо, 38 уурулук ж.б.) ачылды. Анын биринде Токмок шаарынын өспүрүмү Манар А. чөнтөк телефондорун 13 жолу тоногону үчүн кармалды. Мындан тышкары, республика боюнча 404 өспүрүм "кара тизмеге" (учёт) алынып, анын 287си мектеп окуучулары экени аныкталды. Жыйынтыгында, үйүнөн кетип калган 44 өспүрүм изделип табылды. Эльвира Караева


Өмүрбек Бабанов Россиядан ишкер издеп…
6Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Москва шаарына иш сапары менен барып, анда Москва облусунун Өкмөтүнүн тышкы экономикалык байланыштар министри Тигран Караханов менен жолугушту. Анда Ө.Бабанов Россия Кыргызстандын эң маанилүү соода өнөктөшү жана чет жердик өлкөлөрдүн ичинен товар айлануу боюнча россиялыктар биринчи орунда экенин айтты. Биринчи вице премьер-министрдин айтымында, 2004-2008-жылдарда эки өлкөнүн товар айлануусу 2,2 эсеге көбөйсө, импорт 2,7 эсеге жогорулаган. Ошондой эле, Ө.Бабанов "Терново-2" паркынын аймагында Кыргызстандын логикалык борборун курууга жер бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн, Бишкекте россиялыктардын катышуусу менен өнөр жай кызматташтыгы боюнча бизнес-форум өткөрүү, Москва облусуна Кыргызстандан жер-жемиш, жашылча, шире жана консерваларды ташууну уюштуруу, өлкөбүздүн туризм тармагына инвестицияларды тартуу иретинде дагы бир бизнес форум өткөрүү маселелери боюнча кайрылды. Эльвира Караева


Тайган Европада да тайган
6Польшанын Познань шаарына жакын жайгашкан Лешно деген жерде 25-майда иттердин жарманкесинин алкагында тайгандарды да көрсөтүшкөн. КРнын Германиядагы элчилигинин маалыматына караганда, ал жерде кыргыз улуттук кийимдерин кийгендер болгон жана иш-чара Кыргызстандын кинологдор ассоциациясынын уруксаты менен өткөрүлгөн. Көргөзмөгө беш тайган коюлган, анын экөө Эстонияда, үчөө Польшада туулган жана багылган. Бул тууралуу сүрөттөрдү http://forum.tulpar дарегинен көрсөңүз болот. АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
5-июнь, 2008-ж.:
1-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
2-бет
Россия абактарында 950 кыргыз жараны олтурат
3-бет
Жоголгон учактын сыныктары табылды
4-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
5-бет
Нарында фамилиясын
өзгөрткөндөр көбөйүүдө

6-бет
Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
7-бет
Алтын баштуу аялдан…
12-бет
Талак кимдин пайдасын көздөйт?
13-бет
Чоң энем амандыгымды тилеп, күн сайын дуба кылчу
14-бет
Толеранттуулук, диалог жүргүзүү жолу жана прогресс





??.??