presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чоң энем амандыгымды тилеп, күн сайын дуба кылчу
Чоң энем пакиза, адал эмгек менен нан тапкан, эч качан жалган, ушак айтпаган мээримдүү инсан эле. Баарынан да менин биринчи мугалимим, устатым, тарбиячым болду. Төшөктө жатып калгыча беш убак намазын үзгөн жок.

Кыялбек Акматов
ОшМУнун окутуучусу
Жарыктык, чоң энем чай үстүндө олтурганда мага: "Балам, быйыл шаштым кетип калды, кызгалдак гүлдөгөн маалга жетээр бекем..." деп калды. Тилек кылган экен да, же түшүнө аян бергенби, айылдын талаалары кыпкызыл түскө боёлуп, кызгалдак гүлдөп турган учурда ааламдан өттү. Ар күндө жамгыр жаап шаштыбызды алып жаткан. Чоң энем жерге берилгенче күн чайыттай ачылып турду. Энемдин пейлине жараша болду окшойт сыягы...
* * *
Энем дагы бир күнү жөн жай отуруп эле: "Ээ балам, мен өлсөм ыйлабагыла" деп калды. Түшүнбөй тиктеп калсам: "Жүгармак кетмек белем. Арманым жок. Сенин балдарыңды көрдүм. Небере келиндин колунан чай ичтим. Бактылуу бол айланайын" деди. Чын эле чоң энем тилегине жетти. Чебере көрдү. Балдарынан, неберелеринен топурак буйруду. Энемди жоктоп ыйлап жатып ошол сөзүн эстедим.
* * *
Чоң энемди жоктоп ыйлап жатабыз. Батага келген кемпирлердин бирөөсү менин далымды кучактап: "Катуураак өкүр. Сенде Адалаттын эмгеги көп. Бир Кыял дегенде миң Кыял дейт эле, түзүгүрөөк ыйла" деди. Жакшы ыйлабай жаткан турбаймынбы деп катуулап кирсем дагы бирөө келип далымды таптап: "Кой, акырын... анчалык ыйлабайт, жаман болот. Ыйдын да тообасы болот" деди. Кантсем болот? Энеме багыштап куран окуп, жүзүмө алакан тарттым.
* * *
Ооруканадан чыккандан кийин энем төшөктөн турбады. Жанында отурам. Чакырды. Узак бата берди. Ата-энемдин, бир туугандарымдын, келинчегимдин, кызым менен уулумдун өмүрүн, бактысын тилеп бата кылды. Эжемди (кичүү кызын) мага тапшырды. Ыйласам баш чайкады. "Чай ич, ишиңе бар" деди. Көрсө, ушул чоң энемдин акыркы керээзи экен.
* * *
Эс тарткандан чоң энемдин колунда тарбияландым. Мени балдарынан артык көрүп өтө эрке өстүрдү. Аябай шок болгонумдан көпчүлүк жаман көрүшөт. Тойго болобу, тажияга болобу энемди ээрчип алам. Менин эрким менен гана болгон энем кал деп эч качан айтпайт. Олтурган жеринде да тынч койбой төбөсүнө чыгып, көрүнгөн нерсени алып бер деп кыйнай берем. Мунун баарын энем көтөрөт. Мени жаман көрүп тиктешип: "Небереңи жаман үйрөтөсүң кой дебейсиңби? Бейжай болуптур" дегендердин суук сөзүнөн калкалап, аларга каяша сүйлөп: "Майли, өзүмө тан. Кийин көрөсүңөр, ушунум асыгатат" деп калат. Айтканымды аткарам. Жейм дегенди жеп, ичем дегенди ичем. Ар дайым мага айланып тегеренип, "атам", "дадам" деп эркелетип турат. Кыскасы, канаттууга кактырбайт, тумшуктууга чокутпайт.
* * *
Чоң атам "Катта-Талдык" совхозунда жылкычылардын ферма башчысы болгондуктан менин балалык чагымдын кызыктуу учурлары жайлоодо өттү. Азыр ошол күндөрдү сагынам, кайрадан бала болуп жайлоолоп кетким келет. Шаркырап аккан сууну, чуркурашып балдар менен бекинмечек ойногон карагандуу коктуну, ичсең тиш какшаткан сайдагы булактарды, кулундардын энесин издеп кишенегин, кочуш толо кант алып келчү көчмө дүкөндү... деги койчу ошол күндөрдүн баарын сагындым.
Азыр булар менин бир уктап көргөн түшүм өңдүү гана элестеп турат.
* * *
Үйгө совхоздун чоңдору көп келчү. Адаттагыдай эле бир күнү совхоздун директору Учуров бир топ кишилер менен мейман болуп келди. Ыраматылык ал кишинин бир көзү тубаса жумулуу экен. Тентек баламын да, же тартынышты билбейм. Түз эле анын тизесине олтуруп алып: "Савелий Санжикович, сенин бир көзүң кана?" деп сурап жибердим. Деректир эмне дешин билбей ыңгайсыз абалда калды. Чоң атам мага ачууланып: "Ой атаңычегир! Кой антпе, уят болот!" деп урушуп калды. Мен ыйлап жиберсем дагы энем арачы түшүп: "Бала да, бала. Кечирип коюңуз!" деп мен үчүн кечирим сураганы алигиче эсимде.
* * *
Чоң энем үй тиричилигине аябай тың, таза кемпир. Өзү жалгыз эле жайлоонун ташпишин тартып, орозгерди тегеретчү. Чоң атам төрө пейил адам эле. Үй ичи менен анча иши болчу эмес. Энем көмөч казанга балпайтып, кыпкызыл болгон көмөч нандарды бышырат, таң азанда туруп намазын окуп, күн чыга баштаганда боз үйдүн түндүгүн тартат. Анан уйларды саап, агытып берсе мен аларды төш тарапка тыркыратып кууп айдап келем. Жылкыларды жайыттан айдап келип, желелерге кулун байлайбыз. Бээ саалат. Тынымсыз кымыз бышылат. Күндө аягы үзүлбөгөн конок күтүлөт. Бирок энем чарчабайт. Кайра кубат алып, баскан-турганы шайдоот.
* * *
Жамгыр нөшөрлөп куюп жатат. Уй саап жаткан чоң энемди күтүп, суу болгонума да карабай боз үйдүн жанындагы чоң ак таштын жанында шөлбүрөп турам. Чоң энем: "Үйгө кир" десе да ынабайм. "Таш жааса да кирбейм" дедим. Мени аядыбы же суук тийип калат деп корктубу уйларды аягына чейин саабай мени жетелеп үйгө кирди. А мен болсо энемди жетелеп киргениме кудуңдап сүйүнүп калдым.
Мындай учурлар көп эле кайталанган. Ошол нөшөрлөгөн жамгырлар үстүмө кийип алчу көк курткам (көк куртканы жакшы көрчүмүн), мени далдалап турчу чоң ак таш дале эсимде.
* * *
Аркы өйүздө биздин боз үйдүн маңдайында бал челекчилер аары багышчу. Мен айрыкча аарынын момун (уясын) чайнаганды жакшы көрчүмүн. Чоң энем идишке кымыз куюп берет. Мен кошунанын балдары менен бирге дарыянын тайыз жеринен кечип өтүп аны балга алмаштырып келчүмүн.
Бир жолу ошентип өтүп баратып суу ичип жатышкан аарыларга тийишип, аарылар аябай талап жиберген. Бир аздан кийин эле бети-башым ишип семирип кеткем. Ошентип экинчи аарыга тийишкис болгом.
* * *
Чоң энем менин алгачкы тарбиячым. Ак-караны, ачуу-таттууну аңдоону үйрөттү. Көркөм сөздүн кудуретин түшүндүрдү. Чоң энем сөзмөр, кошокчу, элдик ырларды жатка билген, ар кандай кырдаалда ыр курап жиберген асыл инсан. Энемдин жамакчы экендигине далай жолу кыз кууп барганда күбө болдум.
Чоң энем кайда жүрсө ээрчип алгандыктан кыз көчүрүп барганда да кошо барчумун. Сый көрүп, кетер маалда кыз менен коштошуу үчүн кезек келет. Анан энем насаат ырын баштайт. Эстеп көрсөм мынтип көрүшүптүр:
Атка бир камчы салдырба,
Атаңа наалат алдырба.
Эңилтип камчы салдырба,
Энеңе наалат алдырба.
Алтындан супа такта бол,
Ай көрүнгүс пахта бол.
Анжианды сураган
Курманжандай датка бол.
Күмүштөн супа такта бол,
Күн көрүнгүс пахта бол.
Гүлүшөнү сураган,
Курманжандай датка бол.
Кайнене койбойт какмагын,
Кайрылып жообун айтпагын.
Кайрылып жообун айтсаң да,
Түйүнчөк түйүп качпагын.
* * *
Чоң энем 4-класска чейин окуптур. Эжелеп окуй алат. Бирок эсепти жакшы билет. Базарга барганда соодагерлер калькулятор менен эсептегиче энем чыгарып коет. Өзүнүн 4-класска чейин араң окуганын мындайча айтып берген: "Балам, биз Сасык-Өңгүдөн (азыр Жаңы-Турмуш) Каратайга чейин жөө барып окучубуз. Мектепке жер жарый электе чыкчубуз. Колунда барлардын эшек-аты бар, биз жөө. Күздүн күнү жолду ката эски кырмандан калган топондорду, самандарды жагып жылынып жүрүп олтурчубуз. Менин боюм кичинекей болчу. Балдардын артында калчумун. Анан Машрап-Сайга барганда дагы кыйналчубуз. Суу улуу болгондуктан эркек балдарга жалынып, үйдөн салып берген загыра токочторубузду берип көтөртүп өтчүбүз. Мугалимдерибиз каардуу эле. Мектеп суунун боюнда болгондуктан кышында сабак окубаган балдарга, муз көтөртүп бурчка тургузуп койчу. Ушинтип окудук. Кар улуу жааганда мени бою кичине карга тыгылып, баса албайт деп ээрчитпей коюшат. Ошентип кыйналып жүрүп 4-классты араң бүттүм".
* * *
Түндүн бир оокумуна чейин чоң энем жомок айтат, ырдап берет. Мен да уктабай угам, уккандарым кадимкидей көз алдыма тартылып учурда болуп жаткандай туюлат. "Уктаган жоксуңбу?" деп сурап коюп энем жомогун уланта берет. Пушкиндин "Балык менен балыкчы тууралуу" жомогун алгач чоң энемден уккам. Бирок Пушкиндин, орустун жомогу деп айткан эмес. Бир байдын малайы итинин ордуна таң аткыча короосун кайтырып ит болуп үрүп чыкканы жөнүндө да жомок айтып берген эле. Дагы эсимде калганы Каратай бийдин келининин кошогу. Биздин өрөөндө Каратай деген бий өткөн. Ошол көз жумат экен. Анан эч кимиси кошо албай, үн чыгара албай айласы кетет. Ошондо келини кайын атасына: "Эшигиңде эшек айкырган, түндүгүңдө балалуу тоок чакырган" деп кошуп жибериптир. Бизди элге маскара кылдың деп келинди үйдөн кууп чыгып, башка айылдан кошокчу алдырып коштурушкан экен.
* * *
Кыргыз эли жакшылык-жамандыктагы бирөөгө болгон таарынычын да көркөм сөздүн күчү аркылуу жеткирген экен. Жаза тайып бирөө жарым көз жумса, алыс-жакындан кабар айттыргандары келбей калса "сен эмнеге келбедиң?", "сага таарындым" деп олтурбай кошок кошуп жатып таарынычын айтып кеткен экен. Чоң энем ушуга байланышкан бир окуяны айтып берген: "Биздин айылда бир киши өтүп, анын жакын эле туугандары бир айдан кийин батага келиптир. Ошондо өлгөн кишинин аялы минтип кошкон экен:
Кара ат бир минип желгенсип,
Кайнагам Кашкардан
эми келгенсип.
Боз ат бир минип желгенсип,
Боордошум Букардан
эми келгенсип.
Карагер чапсаң жетмексиң,
Кырк жолу келип-кетмексиң.
Боз жорго чапсаң жетмексиң,
Боздоп бир келип-кетмексиң".
* * *
Чоң энем орозону кичинекей кезинен бери тутат экен. Намазын болсо үзгүлтүккө учуратпайт. 7-класста окуп жатканымда мага намаз үйрөттү. Айткандарын жазып алып жаттап окуп жүрдүм. Энем ар дайым жатаарда: "Балам, жаттым тынч, жаздыгым кенч, тилегеним ыман, диним мусулман" деп айтканды үйрөттү. Азыр да муну эч качан унутпай айтам.
* * *
Чоң энем пакиза, адал эмгек менен нан тапкан, эч качан жалган, ушак айтпаган мээримдүү инсан эле. Баарынан да менин биринчи мугалимим, устатым, тарбиячым болду. Төшөктө жатып калгыча беш убак намазын үзгөн жок. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин Алланы оозунан түшүрбөй, ыйман келтирип турду. Бизге - балдарына, небере-чеберелерине мээримдүүлүк менен, адамгерчиликтин улуу үлгүлөрүн үйрөтүп кетти. Айрыкча мага күндө жүз маал үйрүлүп, кайда жүрсөм да менин амандыгымды тилеп жүзүнө алакан тартып турчу. Мен үчүн кайра-кайра бата бергенден тажачу эмес. Мен жеткен ийгиликтер, жеңиштер чоң энемдин батасы менен, кудай берген ийгиликтер. Аттиң, не асыл сөздөрдүн чалкыган деңизи соолуду, аскасы кулады. Эми мага ким бата берип турат, ким менин амандыгымды кудайдан тилеп турат. Өлүм улук, өлүм ак. Кудайдан улуу кетпейбиз. Атам, апам чоң энемдин батасын улап мага бата тилесе керек.
Чоң энеме балдарынан топурак буйруганына кудайга шүгүр. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Түбөлүк дүйнөдө, бул жарыкчылыкта жасаган жакшы иштеринин ыраатын көрсүн.






кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
5-июнь, 2008-ж.:
1-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
2-бет
Россия абактарында 950 кыргыз жараны олтурат
3-бет
Жоголгон учактын сыныктары табылды
4-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
5-бет
Нарында фамилиясын
өзгөрткөндөр көбөйүүдө

6-бет
Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
7-бет
Алтын баштуу аялдан…
12-бет
Талак кимдин пайдасын көздөйт?
13-бет
Чоң энем амандыгымды тилеп, күн сайын дуба кылчу
14-бет
Толеранттуулук, диалог жүргүзүү жолу жана прогресс





??.??