presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Талак кимдин пайдасын көздөйт?
Ислам дининде эр-катындын ажырашуусу үчүн "талак" деген сөздүн өзү жетиштүү. Бирок укуктук өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында шарияттын бул түшүнүгү роль ойнобойт. Анын ичинде биздин Кыргызстанда да. Анткени, өлкөнүн Конституциясына ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган. Ошондуктан, үй-бүлөлүк Кодексте да талак маселеси боюнча эч кандай бөлүк же берене көрсөтүлгөн эмес.

"Талак" сөзү араб тилинен которгондо, "материалдык жана моралдык түйүндү чечүү" деген маанини берет. Шариятта болсо никени жоюу же адалдыкты кыскартуу - "талак" деп аталат. Адалдыкты кыскартуу дегени - аялдын эрине адалдыгы мурдагыдай болбой калышын түшүндүрөт.

Санжарбек Эралиев
Жалал-Абад

Кыска ойлуулуктун убарагерчилиги
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичишаарчасынын тургуну Искендер мындан үч жыл муруну мас абалында аялы Гузелге карата "талак" сөзүн иштеткен. Гузел Ислам дининин амалдарын жакшы кармагандыктан, ошол күнү эле күйөөсүнүн үйүнөн кеткен. Ортодо балдары болгондуктан, кайрадан чогуу жашаганды чечишкен. Бирок алардын мындан ары бир жаздыкка баш кошуусу үчүн аткарышы керек болгон диний шарттар бар эле. Тагыраак айтканда, Искендер башка аял менен, Гузел башка эркек менен никеден өтүп, алар менен кайрадан ажырашып, анан гана өздөрүнө кайрадан нике окутушу зарыл болчу. Шарияттын талабы ушул.
Ошентип, Искендер менен Гузел кайрадан бир үй-бүлө болуу үчүн бир айдан ашык убакыт убара болушкан. Себеби, алардын шартын аткарганга макул болгон адамдар табылган эмес.
"Досторубуздан шарияттын ушул талабын аткарганга жардам беришин сурасак, эч ким көнбөй койду. "Кийин да жүз көрүшөбүз. Сенин аялыңды никеме алып, кайра ага талак бергенден кийин, силердин көзүңөргө кантип карап жүрөм",- деген сөздөрдү айтышып, эч бири макул болгон жок",- дейт Искендер биз менен болгон маегинде.
Айла кеткенде Искендердин үй-бүлөсү Оштогу туугандарына барышып, алардын жардамы менен кайрадан баш кошушкан. Башкача айтканда, Искендер таякесинин келинине, Гузель таякесинин уулуна жарым сааттык жубай болушкан. Анан алардан кайрадан ажырашып, өздөрү кол кармашкан.
Ноокен районунун Сары-Сия айылынын муруңку имамы Сапаралы Сатаровдун айтымында, "талак" адамды убара кылат. Бул сөз жараткандын өзүнө да жакпагандыктан, аны айтып алуудан сактануу керек.
"Курани Каримдин "Талак" сүрөөсүндө талак тууралуу кеңири баяндама берилген. Ага ылайык, адам бул сөздү ойлонуп, калчап туруп, анан айтышы керек",- дейт Сапаралы ава.

Талак деген эмне?
"Талак" сөзү араб тилинен которгондо, "материалдык жана моралдык түйүндү чечүү" деген маанини берет. Шариятта болсо никени жоюу же адалдыкты кыскартуу - "талак" деп аталат. Адалдыкты кыскартуу дегени - аялдын эрине адалдыгы мурдагыдай болбой калышын түшүндүрөт.
Ислам дининде эмне үчүн талакка уруксат берилген? Төмөндө ушул суроого жооп издегенге аракет кылабыз.
Шайх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун "Хадис жана жашоо" китебинин он үчүнчү томунда жазылышынча, эр тарабынан аялына карата айтылган бул өкүм аябай чоң заалымдык болуп эсептелет. Аял күйөөсүнө жакпай калса эле, ага талак берип, жолун көрсөтүп коёт. Дагы каалаган маалында ага үйлөнүп ала берет. Бул жараян көп жолу кайталанышы да мүмкүн. Деген менен мунун натыйжасында, никенин ыйыктыгы кетип, урматы жоголот. Ошондуктан, бул маселеде жети өлчөп, бир кесүү керектиги диний китептерде жакшылап түшүндүрүлгөн.
Айрымдар талак эки тарапка тең тиешелүү деп эсептешет. Башкача айтканда, аял киши да талак кылышы мүмкүн деген түшүнүктөгүлөр бар. Бирок бул туура эмес. Исламда талак кылуу укугу эркек кишиге гана берилген. Себеби, ал үй-бүлөнүн башчысы.
Аял киши жаратылышынан сезимдерге күчтүү берилип кетүүчү жан болуп жаралгандыктан жана көп учурда ачуусун кармай албагандыгына байланыштуу, талак берүү укугу ага берилген эмес. Аталган китептин 317-бетинде жазылышынча, эгер талак берүү укугу аял кишиде да болгондо, анда аябай көп үй-бүлөлөрдүн ажырашып кетишине "талак" сөзү себеп болмок. Деген менен аял киши эринен нааразы болсо талак сураганга акысы бар.

Мастыктагы сөз өтөбү?
Ошондой эле "Талак" түшүнүгүнүн эки түрү тууралуу кеңири баяндар берилген. Биринчиси, Сүннөт талак деп аталып, мында эр-катын жашоодо ажырашууга ар кандай себептерден улам мажбур болгондо гана талак аткарылат. Бул ажырашуу эки тараптын макулдугу менен, күбөлөрдүн көзүнчө амалга ашат. Башкача айтканда, жакшылык менен ажырашат. Мында эки тараптын тең укугу тебеленбейт.
Ал эми экинчиси, Бидаат (араб сөзү) талак деп аталып, мында болор-болбос нерсе үчүн талак берилет. Ислам дининде талактын бул түрү күнөө эсептелет.
Ошондой эле адамдардын арасында дагы бир маселе бар: эркек киши мас абалда талак айтса, ал эсепке кириши же кирбестиги талаш жаратып келет. Көпчүлүк бул талашта "мастык кездеги талак эсеп эмес",- дешет. Ал эми Жалал-Абаддагы Имам-ал-Бухарий жаме мечитинин имам-хатиби Адхамжан Хакимовдун айтымында, талак кандай абалда айтылса да эсепке өтөт.
"Бул тууралуу "Кифая" аттуу китепте да айтылган. Ал китепте ислам дининдеги түшүнүктөргө өтө туура жана кеңири баяндама жасалган. Ошондуктан ар бир сөздү айтуудан мурда анын акыбеттери тууралуу ойлонуп койгонубуз дурус болот",- дейт А.Хакимов.

Талак кимге пайда?
Имам-хатиб Адхамжан Хакимовдун сөздөрүнө таянсак, талак сөзү эрдин да, аялдын таламын талашпайт.
"Эгер түгөйлөр бири бирин жакшы көрсө, талак алар үчүн бир топ моралдык зыян бериши турган кеп. Ал эми бири бирине көңүлү болбой, аргасыздан жашап келишкен болсо, талак алардын өз каалоосу менен жашашы үчүн өбөлгө да болушу мүмкүн",- деп жооп берди Адхамжан ава биздин бул жааттагы сурообузга.
Ошондой эле бул маселеде аял кишинин укугу бузулуп, психологиялык зыян көрүшү мүмкүн деген пикирдегилер бар. "Жалал-Абаддын лидер аялдары" ассоциациясынын президенти Жанна Саралаеванын айтымында, талактын эркек киши тарабынан эле айтылышы үй-бүлөдөгү гендердик теңчиликти жокко чыгарат.
"Бул нерсе үйдө өкүм чыгаруу эркекке гана тийиштүү деген маанини берет. Мен муну аялдардын укугун бузулушуна алып келерин баса белгилегим келет",- дейт Ж.Саралаева.
Ал эми "Каниет" кризистик борборунун психологу Гулфира Абдувалиеванын сөздөрүнө таянсак, аял кишиге эркек тараптан талак сөзүнүн иштетилиши психологиялык сокку да бериши мүмкүн. Себеби, талак түшкөндөн соң үй-бүлө бузулаарын мусулман аялдар жакшы билишет. Аял киши үчүн үй-бүлөнүн бузулушу жагымсыз болот.
Деген менен Ислам дининдеги бурмаланбай бизге чейин жетип келген хадистерде талак негизинен, эки тараптын макулдугу менен ишке ашышы айтылган.
"Аялдын да макулдугун сурап, күбөлөрдүн көзүнчө талак берүүдө эч кимдин укугу тебеленбейт. Болор-болбоско эле талак коё берүүчү эркектер гана аялдын укугуна шек келтириши мүмкүн. Бул нерсе динде да күнөө саналат",- дейт буга жооп катары имам-хатиб Адхамжан Хакимов.

Расмий эмес никенин күчү жок
Статистикалык эмес маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда талак маселеси менен ажырашкандар бир топ эле. Бирок укук коргоо органдарына ажырашуунун бул түрү менен кайрылгандар катталбаган. Аялдардын кризистик борборлоруна да бул жаатта даттануулар түшкөн эмес. Анткени, "талак" менен ажырашууну мусулмандар өтө чоң уят деп эсептешет. Бул жаатта укугум тебеленди деп эсептеген айрым аялдар гана Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына - муфтиятка кайрылышып турат. Бирок кайрылагандардын көбү расмий никеге турбай, шарият жолу менен жашап жүргөн үй-бүлөнүн өкүлдөрү болушат.
Байкоочулардын баамында аялдар мындай абалга өздөрүнүн укугун жакшы билбегендиктен улам кабылышат. "Мутакалим" мусулман аялдар уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын azattyk.kg сайтына берген маалыматына ылайык, укуктук билимдин чабалдыгынын айынан утурумдук никеге туруп, ажырашкандар көбөйүүдө.
Деген менен юристтер расмий катталбай никеге туруунун жана ал никени талак менен бузуунун Кыргызстанда юридикалык күчү жок экенин айтышат.
Андыктан, жубайлар үй-бүлө куруунун алдынан шариаттык никеден сырткары, расмий никеден да өтүшү шарт. Эгер расмий нике болбосо, канча жолу талак сөзү айтылса да, алар мыйзамдуу эр-катын болуп эсептелишет.
Юридикалык күчү жок болгону менен расмий эмес никеге туруу жана талак аркылуу ажырашуу өлкөбүздүн бардык эле аймактарында кездешип жатканын адистер баса белгилешет. Айрыкча бул көрүнүш республиканын түштүгүндө көп учурайт.

P.S.: Бул макаланы жазуу менен журналист эЧ кандай диний тҮшҮнҮктҮ эл арасында жайылтуу максатын кӨздӨбӨйт.




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
5-июнь, 2008-ж.:
1-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
2-бет
Россия абактарында 950 кыргыз жараны олтурат
3-бет
Жоголгон учактын сыныктары табылды
4-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
5-бет
Нарында фамилиясын
өзгөрткөндөр көбөйүүдө

6-бет
Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
7-бет
Алтын баштуу аялдан…
12-бет
Талак кимдин пайдасын көздөйт?
13-бет
Чоң энем амандыгымды тилеп, күн сайын дуба кылчу
14-бет
Толеранттуулук, диалог жүргүзүү жолу жана прогресс





??.??