presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
5-июнь, 2008-ж.:
1-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
2-бет
Россия абактарында 950 кыргыз жараны олтурат
3-бет
Жоголгон учактын сыныктары табылды
4-бет
Жай келди… Туристтерчи?..
5-бет
Нарында фамилиясын
өзгөрткөндөр көбөйүүдө

6-бет
Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
7-бет
Алтын баштуу аялдан…
12-бет
Талак кимдин пайдасын көздөйт?
13-бет
Чоң энем амандыгымды тилеп, күн сайын дуба кылчу
14-бет
Толеранттуулук, диалог жүргүзүү жолу жана прогресс

Жай келди… Туристтерчи?..
Абдыкерим Муратов
6Жыл сайын май айында Кыргызстан туристтик өлкөгө айланабыз, быйыл бир миллиондон ашык турист келет, байып эле жатып калабыз деп айтабыз. Анан эле айтып оозубузду жыйганча же табият кырсыгы болот, же оппозиция көтөрүлөт, же ууру-кескилер көбөйүп кетет, же дагы башкасы чыгат да, анан "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип" баягы таз кейпибиз менен отуруп калабыз.
Мына быйыл да жай башталды, жайдын биринчи айы эсеп-чотун какты, бирок туристтер али көрүнө элек.

Машакаттуу да, ырахаттуу да "Ала-Арча"
Көрдүңүздөр, апрель-май жаанчыл болду. Майдын этегинде бир аз күн ысый баштады эле, бишкектиктердин көбү "Ала-Арча" улуттук паркына чуу койдук. Биз 17-майда капчыгайга кире бериш постто жүздөгөн машиналар кире албай кезек күтүп турганын, кезектин акыры бир чакырымдай жерге барып калганын көрдүк. Акча берүүгө кезекке турасың, кирүү акысы киши башына 60, машиналарга 80 сомдон, бир күндө миңдеген машиналар кымкуут болуп, кирип чыгат. Бул жерде таза аба гана болбосо, дээрлик туристтер үчүн шарттар жок, ар кайсыл жерде казылган очоктор, чачылган таштандылар, дарактарга илинген желим пакеттер табияттын көркүн бузат, ушунтип отурсак бул улуттук парк дагы бир он жылда такырайып калабы деген ойго келесиң. Бирок канткен менен адамдардын агымын токтото албайсың. Кирүү акысынын кымбаттыгынан жана кезектин көптүгүнөн айрым туристтер суунун күн чыгыш жээгине качырып, Оруу-Сайга чейинки аймакты жапайылардай байырлашып алган, а түгүл айрымдары дачаларга кирип кеткен. q ТУРИЗМ 04




Кабыл алуу экзамендерине коомчулук өкүлдөрү да катышат
6Мындан ары жогорку окуу жайларынын кабыл алуу комиссиясына коомчулук өкүлдөрү да катышмакчы. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев билим берүү жана илим министрлигине тапшырды. Ал эми коррупцияны эскертүү улуттук агенттигине (КЭУА) бардык маалыматтарды жана коррупцияга каршы кеңештерди берүүгө буюрду. Бул иш-чаралар экзамен жыйынтыктарын бурмалоо жана сынактын документтерин алмаштырып салуу көрүнүштөрүн азайтуу үчүн жасалууда. Мындай кемчиликтер былтыркы окуу жылында жүргүзүлгөн текшерүүдө байкалган. Бул убакытка чейин КЭУАнын комиссары Садыр Жапаров кызматкерлерине жайкы отпускага чыгууга тыюу салды деген билдирүү таркаган. Учурда кызматкерлер жана коомдук инспекторлор 33 жогорку окуу жайлардагы кабыл алуу экзамендерине катышмакчы. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА

Өлкөбүздүн эртеңки кадамы, бүгүнкү ажону туура тандоодон башталат
6Президенттик шайлоо мөөнөтүн тактоонун өзү эле Конституциялык сотко чейин жетип, "эки араандын" ортосунда кала жаздайын деген эле… Минтип, "саратандын чак түшүнө" белгиленген ажолук, ар кимде түрдүү ойду жаратууда. Ал эми элди башкаруучу ролуна жумушу жоктон баштап, азыркы президентке чейин катарга турушту. Анда эмесе, болочок биздин башкаруучулардын тегерегинде баян куралы.
Бул жылкы президенттик шайлоо буга чейинкилерге караганда, саны менен өзгөчөлөндү. Бул убакытка чейин "президент болгусу келгендердин" тобу 20дан ашып кетчү. Мисалы, 2005-жылы алардын саны 22ге жеткен. Ошондой эле, "президент болгусу келгенден тажабагандардын" катары да суюлду. Алсак, ар дайым ажолукка ат салышкан "Эркин Кыргызстан" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу бул жолу жарышка катышкан жок. Анткени, ага бийликтен Малайзия өлкөсүнө элчилик кызматы сунушталды. Азырынча Жогорку Кеңештин колдоосун күтүүдө. q КООМ 06

Желегибиз айрым жерлерде бийикте илинип турса, кээ бирөөлөр жер төлөгө каалга катары колдонууда.
Q ДУБАН 05

Бир топ жашка барып калса да, колунан калемин койбогон Бурмакан Орозова эне менен маектешкенбиз…
Q АЯЛЗАТ 07

Германияда "Салт менен заманбап өнүгүүнүн ортосундагы мусулманчылык. Гүлен Кыймылы маданияттар арасындагы көпүрө" аттуу конференция болуп өттү.
Q ДИАЛОГ 14









??.??