Бүбүжан Арыкбаева:
"Уулангандар козу карынды "Гансинин" учак талаасынан теришкен"
Жаз айынын жамгырлуу болушу козу карындардын жамырап чыгышына жакшы шарт түздү, аны менен бирге ага уулангандардын саны өсүп, өлүм коркунучуна чейин жеткен учурлар да кездешүүдө. Буга байланыштуу козу карынга уулануунун себеби, белгилери тууралуу Мамлекеттик санэпидемкөзөмөл департаментинин мамлекеттик санитардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Бүбүжан Арыкбаева менен маектештик.

"Уулангандардын ичинен кээ бирлери козу карынды "Ганси" авиабазасынын учак талаасынан теришкен. Демек, алар абадагы болгон уулу заттарды өздөрүнө сиңирип алып жатышат, азыр анын кандай гана түрү болбосун жеген коркунучтуу",- дейт Бүбүжан Арыкбаева. СҮРӨТ: АЙМИРА МЕНДЕЕВА

- Айтыңызчы, биздин жерлерде кандай козу карындар бар?
- Биздин республиканын аймагында калпакчан козу карындын 300гө жакын түрү бар. Алар өз ичинен 4 түргө бөлүнөт, биринчисине желүүчү, экинчисине шарттуу-желүүчү, үчүнчүсүнө уулуу, төртүнчүсүнө шарттуу-уулуу козу карын кирет. Козу карынчылардын маалыматтары боюнча өлкөнүн аймагында ак поганка, мухомор, кызыл мухомор, шампиньон, вещанка ж.б. кезигет. Уулуу ак поганка желе турган шампиньонго өтө окшош келет. Муну козу карынчылар алардын окшош экинчилери деп аташат. Аларды сатып алуудан жана терүүдөн баш тартууну сунуш кылабыз. Анткени алардын окшоштору көп болгондуктан уулуу козу карынды желүүчү козу карынга алмаштырып алышы толук ыктымал.
- Уулангандар козу карынды кайдан алышкан?
- Козу карынга уулануунун саны боюнча эң жогорку көрсөткүч 1998-жылы болгон, анда миңге жакын адам жабыркаган. Ал эми быйыл уулангандардын саны азыраак. Алардын айрымдары Аламүдүн базарынан чийки сатып алып бышырып жешсе, айрымдары Ош базарынан козу карын кошуп даярдалган салат сатып алган. Көпчүлүгү үй-бүлөсү менен чогуу жегендиктен, бүтүндөй уулангандар кездешүүдө.
- Демек, адамдардын аларды айрып-тааный албагандыктары ушундай кырсыктарга алып келип жаткан экен да?
- Бир жагынан ошол себеп болсо, бир жагынан козу карындардын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү да кыйынчылыкка алып келүүдө. Микологдордун маалыматы боюнча акыркы жылдары козу карындардын мутацияланышы жүрүүдө. Адамдар желүүчү козу карындардын түрлөрүнөн деле ууланып жатышат. Алар губка сыяктуу бардыгын соруп алуучу касиетке ээ болгондуктан, абада эмне зат болсо ошонун бардыгын өзүнө сиңирип алат. Азыр экологиянын да абдан кооптуу абалга келиши, буга да таасирин тийгизүүдө. Жогоруда уулангандардын ичинен кээ бирлери козу карынды "Ганси" авиабазасынын учак талаасынан теришкен. Демек, алар абадагы болгон уулу заттарды өздөрүнө сиңирип алып жатышат, азыр анын кандай гана түрү болбосун жеген коркунучтуу.
- Козу карынга уулануунун башка уулануулардан айырмасы эмнеде?
- Ал башка уулануулардан эч нерсеси менен деле айырмаланбайт, жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү, алсыздык пайда болуп, айрым түрлөрүндө адам өзүн мас болгондой сезет. Бул башкы нерв системаларына абдан катуу таасир бергендиги менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле кандай козу карындан уулангандыгына жараша өзгөчөлөнөт. Бир айырмасы башкаларда температура көтөрүлсө, мында тескерисинче төмөндөйт. Ошондуктан дарыгерлер козу карындан ууланган адамдын бутуна грелка коюуну сунуш кылышат.
- Ууланган адамга кандай алгачкы жардам көрсөтүлүшү керек?
- Уулануунун алгачкы белгилери байкалаары менен оорулууну тез жардам келгичекти кустурууга аракет жасоо керек, ал үчүн марганцовканын мала кызыл эритмесин даярдап көп өлчөмдө ичирүү зарыл. Буга тамак-аш содасын да колдонууга болот. Муну менен бирге клизма жасоо дагы талап кылынат. Ал эми ичти тазалоо үчүн касторка майын ичирип, кыскасы организмге кирген бардык токсиндерди чыгаруу аракетин жасоо керек.
- Ууланууда кайсы органдар жабыркайт?
- Козу карынга ууланууда биринчи орунда боор, бөйрөк жабыркап, андан соң кан аркылуу бардык организмге тарайт. Уу өтө тездик менен тарагандыктан эгерде оорулууга өз учурунда жардам берилбесе, ал тез аранын ичинде (2-5 сутка) каза болуп калат. Ууну бүт бойдон организмден чыгарып салмайынча ал өзүнөн өзү башка уулануудагыдай (эскирген тамак-аштан болгон уулануу) болуп акырындап өтүп кетпейт, жок болбойт.
- Мындай кырсыктардын алдын-алууда кандай иш-чаралар жүргүзүлөт?
- Биздин бул иштеги биринчи жардамчыбыз эл, ошол маалыматты элге жеткирүүдө журналисттердин эмгеги биринчи орунда турат. Себеби, элдин аң-сезимине жеткирүү менен уулануудан сактап калууга болот. Эгер эл муну терең түшүнүп, козу карынды сатып алуудан баш тартышса, аны саткандар да болбойт эле.



Көңүл бургула!
козу карынга уулануу эң эле оор дарт, ал эми балдар үчүн чоңдорго караганда бир кыйла коркунучтуу;
агыш поганка жана кызыл мухомордун "буту" тоголок жана калың;
аларды жеп көрүүгө болбойт;
шарттуу-желүүчү козу карындарды туура эмес даярдоо менен ууланып калууга мүмкүн. Аларда кайнатканда жок болуучу уулуу заттар болушу ыктымал;
эгерде желүүчү козу карындар эски жана көпкө туруп калган болсо уулуу болушат. Чала бышырылган жана жакшы туздалбаган козу карындар менен ууланган учурлар көп кездешет;
туура эмес жана начар иштетилген козу карындар - ботулизм оорусунун себеби болушу мүмкүн;
адистер козу карындын пайдалуу курамына карабастан аны тамак-ашка колдонуудан баш тартууну сунуш кылышат;
эч убакта алыс эмес жерде өндүрүш жайгашкан шаардын чегинде, шоссе жолуна жакын жерде, токойлордо өскөн жей турган козу карынды да тамакка колдонбогула;
бир аз эле шектенүү болсо дароо дарыгер чакырып же оорулууну тезинен дарылоо мекемесине жөнөтүү керек;
козу карын менен ууланганда тезинен жардам берүү керек! Эч убакта үй каражаттарына таянууга же болбосо "мүмкүн жардам берер" деп тобокелге салууга болбойт;
эсиңизде болсун: уулуу козу карындар менен ууланууда кеч (2-5-суткаларда) башталган дарылоо көпчүлүк учурда ийгиликсиз;
эч убакта базардан үй шартында жабылган козу карын консерваларын, ошондой эле кургак козу карын, козу карын икрасы жана козу карындан даярдалган ар кандай салаттарды сатып албагыла.




  Элдик ыкмалар

Чопонун дарылык касиети
Тишти, тилди жана бүйлөлөрдү жабыркатуучу ооруларда
Тиш ооруларынын себеби, ооз көңдөйүнүн сезгениши жана ошондой эле тиштердин жана алардын тамырларынын тышкы жана ички бузулуулары болушу мүмкүн.
Тиш оорулары менен биздин ата-бабалар көп мезгилге чейин тиш пасталарынын эмес, чопонун жардамы менен күрөшүп келишкен. Аны менен тишти күнүнө эки ирет тазалашып, оозду топурак аралашкан суу менен чайкашкан. Мындай процедуралар азыр дагы тиштерди бекемдөөгө жана аларды күчтүүрөөк кылууга жардам берет.
Чопо адамдарды тиштин өтө катуу ооруларынан да сактаган. Чопо салынган чүпүрөктү ооруган тишке жана ушул тиш тарабындагы бетке да коюп, бир күн бою алып жүргөн. Бүйлөлөрдүн канаганын токтотуу үчүн чопону сууга аралаштырып, аны чүпүрөккө салып, тишти сүртүшчү. Бүйлөлөрдөгү кан айлануунун жакшырышы менен тиштердеги сары өңөр (налёт) кетип, кыйла агара түшкөн.
Тилди тамак жеп жаткан учурда тиштеп алганда, ысык тамакка күйгүзгөндө пайда болгон кичинекей жараттар өзүнөн өзү эле айыгат. Бирок, бул процессти тездетүү үчүн күнүнө бир нече жолу чопо аралаштырылган суу менен чайкоо керек. Тилдин оорушу, анча чоң эмес жарат ж.б.у.с. ооздогу жагымсыз сезимдердин биринчи белгилеринде чопо кошулган сууга ромашканын же жалбыздын тундурмасын куюп чайкоо сунушталат.

Бөйрөк жана табарсыктын оорусунда
Зааранын чыкпай калышы заара чыгуучу каналдардын бүтөлүп калышына байланыштуу болот. Эгерде оорулууга ошол замат жардам бербесе, бүт организмде заара кислотасына уулануу жүрүп, андан соң өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Заараны кармай албоо - бул дагы оору, балдарда ал чоңдордун шалаакы мамилесинен, мителердин пайда болушунан, ошондой эле коркунучтуу түштөрдөн улам келип чыгышы ыктымал, ал эми карыларда - заара каналын жаап туруучу булчуңдардын бошоңдошунан улам болот.
Цистит, зааранын чыкпай калышы жана заараны кармай албоо, табарсыктагы таш ооруларын эгерде өз учурунда баштаса, дарыгерге кайрылбай айыктырууга болот. Күн сайын чопо суусун ичүү менен сиз организмдин шлактардан арылуусуна жардам бересиз. Курсак тушка коюлган чүпүрөк табарсыктын ишин, ал эми бөйрөк тарапка коюлган чүпүрөк алардын функциясын жакшыртууга жардам берет. Чопо тазалоочу жана зыянсыздандыруучу таасир берет. Сууну бир жолу эле ичкенде сиздин заараңыз күңүрт тартып калат, бул чопонун организмге чогулуп калган ууларды чыгарып жаткандыгынан кабар берет. Эгерде чопону токтотпой ичсеңиз заараңыз тунук сары түстө болуп, жыты жоголот.

Инфекциялык оорулар
Кандай гана жугуштуу оору болбосун ар бир жарым саат сайын бир чай кашык топурак суусун ичүү керек. Суу пайдалуу заттар менен жабдып турат. Мындай оорулардын алдын алууда кубаты аз виного топуракты кошуп ичүү жакшы. Дарылоонун мөөнөтү оорунун өзүнүн даражасы менен аныкталат жана бир нече күндөн бир нече айга чейин созулат. Бирок, көпкө чейин колдонууда ашказан көнүп кетпеши үчүн ортосунан дем алуу керек.

Тери ооруларында
Экзема, псориаз, кызыл волчанка, туюк жара сыяктуу тери ооруларында элдик дарыгерлер дайыма ооруган жерге коюлган чүпүрөк жана топурак суусу менен чайкоо аркылуу дарылашкан. Дарылоодон ошол замат натыйжа болот деп күтүү туура эмес, анткени топурак өзүнө бардык ууларды сиңирип алып, организм толук тазалангандан кийин гана жарат бүтө баштайт.
Эгерде сиз бул оорулардын бири менен жабыркап жүрсөңүз анда өзүңүзгө топурак кошулган ванна жасап жана бир нече күн тамактанаардын астында чопо суусун ичиңиз. Мындай ванна терини сергитет, кан айланууну жакшыртат жана тери көңдөйчөлөрүн тазалайт. Өзгөчө ак жана көгүлтүр чопо жакшы деп эсептелет.
Псориаз менен күрөшүүдө чопонун кесек туз менен теңме-тең өлчөмдө кошулган аралашмасы абдан таасирдүү болуп эсептелет. Көптөгөн дарыгерлер тери ооруларын чопону порошок түрүндө колдонуу менен пайдаланууну сунушташат. Бул өзгөчө жараларда жана бышып кеткен териге жакшы жардам берет. Ал үчүн алдын ала ооруган жерди суулап алып, андан соң топурак порошогун себүү керек.

Топуракты колдонуу эрежелери
Топуракты өндүрүштөн жана турак-жайлардан алыс жерден алуу керек. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо дарыканалардан сатып алууга болот. Ага хлорсуз таза суу кошуп ичүү керек. Ички органдарды дарылоо үчүн топуракты бууга жылытып (отко ысытууга болбойт) колдонот. Аны муздаткычта сактоого болбойт. Муундарга бөлмөнүн температурасындагы жылуулуктагы чопону койсо болот. Ал канча убакыт турса да бузулбайт, аны күнгө коюп сактоо өтө пайдалуу. Топуракты күнүнө чоңдор үчүн 2 чай кашык, балдар үчүн 1 чай кашык колдонуу талапка ылайык. Бетти даЯрдаган Аймира Мендеева