Талантбек Сооронбаев: "Астма клубдар
өлкөнүн бардык аймактарына ачылат"
Адистердин айтымында Кыргызстанда астма оорусу менен жабыркаган адамдардын саны изилденген көрсөткүчтөн да көбүрөөк. Бул оору менен ооруп, бирок дарты аныкталбагандар басымдуу. Андыктан ушул маселени чечүү максатында Бишкектеги №7, №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда "Астма клубдар" ачылды. Бул боюнча өпкө оорулары жана аллергологиянын интенсивдүү терапия блогу бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, профессор Талантбек Сооронбаев менен маектештик.

"Астма менен ооруган бейтаптар ар кайсы дарыгерлерге барышат, алардын бири мындай айтса, экинчиси башкача айтат, ошентип бул оорунун күчөшүнө алып келип, бара-бара айыкпас дартка айланууда. Мына ушул маселелердин алдын алуу, бейтаптарга квалификациялуу кеңеш берүү максатында "Астма клубу" ачылды",-дейт Талантбек Сооронбаев
СҮРӨТ: АЙМИРА МЕНДЕЕВА

- Айтыңызчы, "Астма клубдар" кандай максат менен ачылууда?
- Астма менен ооруган ар бир оорулуу өзүн-өзү көзөмөлдөшү жана зарыл болгон медициналык жардам алышы керек. Адатта бейтаптар ар кайсы дарыгерлерге барышат, алардын бири мындай айтса, экинчиси башкача айтат, ошентип бул оорунун күчөшүнө алып келип, бара-бара айыкпас дартка айланууда. Мына ушул маселелердин алдын алуу, бейтаптарга квалификациялуу кеңеш берүү максатында "Астма клубу" ачылды.
- Кимдер тарабынан каржыланат?
- Улуттук кардиология жана терапия борбору жалпы көзөмөлдөө, китепчелер, дары каржаттары менен камсыз кылуу, адистерди окутуу жагын карайт. Ал эми Кыргыз торакалдык коому техникалык жактан жардам берет. Эгерде бул оору менен ооруп жүргөндөрдө муунуп калуу, дем кысылуу приступтары пайда болсо алар бул клубга келишип ушул жабдуулардан пайдалана алышат. Бул акция "Силер өзүңөрдүн ооруңарды көзөмөлдөй аласыңар" деген девиздин алдында өткөрүлүп жатат. Бейтаптар бул оорудан коркпошу керек, бүгүнкү күндө муну жеңүүгө дарыгерлер менен бирдикте аракет жасоого болот.
- Ал эми Кыргызстандын башка аймактарында астмага каршы кандай иш-чаралар жүргүзүлөт?
- Бизде Кыргызстан боюнча элүү миңге жакын астма оорулуу адамдар бар. Кыргыз торакалдык коомунда көп жылдан бери дем алуу органдарына байланышкан оорулар менен күрөшүүчү атайы бөлүм иштейт. Мындай астма клубдарды Бишкекте гана эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында ачууну пландап жатабыз. Алар зарыл болгон окутуу каражаттары, жабдуулар жана дарылар менен камсыз болот.
- Бейтаптар астма бөлмөсүнөн кандай процедураларды ала алышат?
- Алар бул жакка келип өпкөнүн иштешин текшерте алышат, ошондой эле ингаляция алууга болот. Бул жердеги дарыгерлер аны кандай колдонуу керектигин үйрөтүшөт, кеп-кеңештерин айтышат. Ал үчүн пикфлоуметр деп аталган аспаптан экөө бөлүндү. Бул астма дартын дарылоодо үлгүлүү жабдуулардын акыркы чыккандарынан болуп эсептелет. Дарыгерлер үчүн "Астма-мектептер" уюштурулду. Анда астмачылар менен иштей турган дарыгерлер окутулат. Мындан сырткары 45 ингалятор жана дары-дармектер берилди. Бул ооруну көзөмөлдөгөнгө жардам берет.
- Бейтаптарды каттоого алуу ушул клубдарда жүргүзүлөбү?
- Астма клубга келечекте компьютер жана башка зарыл болгон портативдик приборлорду берүүнү пландап жатабыз. Бул бейтаптарды каттоого мүмкүнчүлүк бермекчи. Бейтаптар менен биргеликте жасалган мындай аракеттер менен астманы жеңүү бир кыйла жеңилдемекчи.

Маектешкен Аймира Мендеева




Бронхиалдык астманы кантип дарылашат?
Базистик дарылоо
Дарылардын негизги тобу базистик же алдын алуучу дары каражаттары болуп эсептелет. Алар оорунун калыптануу механизмине таасирин тийгизгендиктен сезгенүүгө каршы каражат деп да аташат. Базистик дарыларга кромондор, глюкокортикостероиддер жана лейкотриен антогонисттери кирет.

Кромондор
Бул оорунун жеңил түрүндө колдонулат, гормоналдык эмес каражат. Ал өлчөмгө бөлүнгөн аэрозолдук ингалятор же дем алуу үчүн порошок түрүндө чыгарылат.
Глюкокортикостероиддер - гормоналдык каражаттар. Азыр аны астмада колдонуунун негизги ыкмасы организмге зыяндуу таасири болбогон ингаляциялоо жолу аркылуу пайдаланышат. Ингаляциялык гормондор - базистик терапиянын бир кыйла натыйжалуу жана коопсуз ыкмасы. Ингаляциялык гормондорду гормоналдык каражаттар сыяктуу эле көпкө, көпчүлүк учурда өтө узак убакытка (аларды жылдар бою, ал эмес ондогон жылдар бою ичишет) жазып беришет.
Лейкотриендердин антогонисттери - бул бронхиалдык астманын өнүгүшүнө таасирин тийгизүүчү айрым заттардын алмашуусуна кийлигишүүчү каражаттар. Оорунун жеңил түрүндө аларды өз алдынча, анын кыйла оор түрлөрүндө ингаляциялык гормондор менен бирге колдонот.

Узак убакытка таасир берүүчү бронхдорду кеңейтүүчү дарылар
Бул каражаттар узак убакытка чейин бронхдорду кеңейтүүчү таасир берүүгө багытталган. Ал көп учурда базистик жана алдын алуу терапиясына кошумча каражат катары колдонулат.
Заманбап, натыйжалуу жана коопсуз дарылар ингаляторлор түрүндө чыгарылат. Ингаляциядан кийин дары бронхдорго кирип, анын кеңейишине күчтүү таасир берет. Анын таасири 12 саатка чейин созулат. Мындай дарылар аэрозоль, ошондой эле капсулага салынган дем алуу үчүн порошок түрүндө да болот. Порошок салынган капсуланы Аэролайзер деп аталган атайы ингаляторго салып тешип коёт. Капсуладагы порошок менен аэролайзердин мундштугу аркылуу дем алат.

Кыска убакытка таасир берүүчү бронхдорду кеңейтүүчү дарылар
Бронхдорду кеңейтүүчү дарылар, кыска убакыттын ичинде таасир берип, бронхдордун арасын чоңойтуучу касиетке ээ болгондуктан тез жардам дарылары деп аталат. Булар үзгүлтүксүз колдонулбайт, ал кооптуу кырдаалдарга гана арналган. Ал дарыларга карата организмдин талабынын жогорулашы, анын таасиринин төмөндөшү, оорунун күчөгөндүгүнөн жана дартка карата көзөмөлдүн жоголушунан кабар берет.

Бронхиалдык астманы дары каражаттарысыз дарылоо
Астманын приступтарын алдын алууда дем алуу гимнастикасы, дене көнүгүүлөрүнүн циклдик түрлөрү, денени чыңдоо чоң мааниге ээ.
Дем алуу гимнастикасы эркинирээк үнөмдүү дем алууну калыбына келтирүү менен дем алуу аппаратынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.
Дене көнүгүүлөрүнүн циклдик түрүнө чуркоо, спорттук жүрүш (спортивная ходьба), сүзүү ж.б. кирет. Бронхиалдык астма менен ооруган адам ремиссия (оорунун басаңдашы) учурунда көнүгүүлөр менен машыгууга тийиш. Жалпы чыдамдуулукту өнүктүрүү үчүн жай чуркоо жана аралаш кыймылды (жүрүш-чуркоо-жүрүш) колдонушат. Дене бойго күч келтирген көнүгүүнүн өсүшү менен организмдин ар кандай системаларынын мүмкүнчүлүктөрү кыйла жогорулайт, физиологиялык механизмдер жакшырат.
Денени чыңдоо - бул терини улам барган сайын көбүрөөк интенсивдүү дүүлүктүрүү менен физиологиялык механизмдерге көндүрүүгө машыгуу. 33 градустагы сууну адам көңүл коштук менен, 23 градусту - салкын, 13 градусту - муздак катары кабыл алат. 23 градустан төмөнкү суу дүүлүктүрүүчү таасир берет, буга организм жылуулукту өзү калыбына келтирүү жана физиологиялык өзгөрүүлөрү менен жооп кылат. Салкындоо процессинде организмдеги жылуулуктун пайда болуусу тездеп, сууктун күчөшү менен бөйрөк астындагы жана богок бездеринин иштеши жакшырат.
Астма менен ооруган бейтаптар үчүн муздак суу менен тез чыңдоочу атайы ыкма каралган.




Астма дартында өпкөнүн иштешин текшерүүчү аспаптар
1-Пикфлоуметрлердин түрлөрү. 2-Жебени мамычанын башталышына коюу. 3-Эми тез, күчүнүн бардыгынча түтүкчөгө үйлөйт. Ал үч жолу аракет жасайт. Эң жакшы көрсөткүч бул - жебенин бардыгынан алдыга жылышы. 4-Атайы күндөлүккө эң жакшы көрсөткүчтү белгилейт. 5-Ал өзүнүн дем алуусун эртең менен жана кечинде ченеп, чекиттерди сызык менен бириктирет, мында график пайда болот.

Астманы кантип көзөмөлдөө керек
Дем чыгаруунун максималдуу ылдамдыгы бронхтордун канчалык ичкергендигинен көз каранды. Демек, пикфлоуметрдин жардамы менен оору кандай абалда экендигин, дарылоо жакшы жардам берип атабы же анча эмеспи, начарлап жатабы же жакшыруудабы, ар кандай кырдаалдар дем алууга кандай таасир берип жаткандыгын аныктоого болот. Мында айрым мисалдар келтирилди:

Эгерде сиз дарыгер менен бирге өзүңүздүн нормалдуу максималдуу дем чыгарууңузду билип алсаңыз, анда сиз пикфлоуметр аркылуу оорунун башталышын аныктай аласыз. Дарыгерге кайрылып керектүү дарыларды ичүү менен сиз дайыма астмадан озуп, өзүңүздү жеңдирүүгө жол бербейсиз.
"Астма жана Аллергия" журналынын материалдары боюнча даярдалды. Бетти даЯрдаган Аймира Мендеева