Залкарлардын кечеси жана кейиши
Кыргыз Эл артисттери, таланттуу жубайлар Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын басып өткөн чыгармачылык жолу чагылдырылган концертти Нарын облустук М.Ырыскулов атындагы академиялык драма театрынын жамааты "эсен болуп эстейли, Сепемден алыс кетпейли" деген аталышта Улуу Жеңиш күнүндө өткөрүштү.

КҮмөндөр Усуптегин, Нарын

Концерттин башталышында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, быйыл 85 жашка таяган Сейитказы Андабеков өнөрүнөн бир чырпым үзүндүнү көрүүчүлөргө тартуулады. Концерт учурунда атактуу жубайлардын ар кыл жаш курагындагы аткарган тарыхый чыгармаларынын тасмасы көрсөтүлүп турду. Кадырман карыга театрдын кесиптик кошунунун атынан акчалай сыйлык ыроолонду. Көрүүчүлөрдүн дээрлик 80 пайызын мектеп окуучулары жана жаштар түздү. Бирок, эртеси күнү же болбосо 10-майда Кыргыз Эл артисти Карасартова Койсун Муталиб кызынын 87 жаш курагында жарык дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу суук кабар угулду. Эне тилден башка казак, өзбек, уйгур тилдеринде тамаша ырларды жубайы Кыргыз Эл артисти Сейитказы Андабеков менен биргеликте чебер аткарып, жүз миңдеген адамдарды руханий байлыкка сугарган Койсун Карасартова 15 жаш курагында 1937-жылы уюшулган Тянь-Шань колхоз-совхоз театрында драматург Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" драмасында башкы кейипкердин ордун ойноп театрдын өнөр секисине аралашкан экен. Бүткүл өмүрүн театр өнөр секисине арнаган Койсун апа менен коштошуу тажиясы Нарын облустук М.Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында болду. Коштошуу аземден кийин эскерүү митинг өткөрүлүп, Койсун Карасартованын басып өткөн жолу, адамдык ариеттери белгиленди. Маркум 1922-жылы Ат-Башы районундагы Кошой айылында туулган. Ага 1997-жылы Кыргыз Эл артисти ардак наамы ыйгарылган.




147 миллион сом кемийт, кемибейт
Кыргыз Республикасынын "Эмгек кодексинин" 363- 365-беренелериндеги "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маяналарга" деген сөздөргө алмаштырылып, өзгөртүлгөндүгүнөн улам, Нарын облусунун бюджеттик кызматкерлеринин маяналары быйылкы жылда 147 миллион 800 миң сомго кыскарышы болжолдонууда. Мындай маалымат Нарын облустук акимчиликтен алынды. Маселен, Нарын облустук акимчиликте эмгектенген 86 кызматкердин жалыйналары апрель айында 90 миң сомго кыскарган. Ал эми мугалимдердин, дарыгерлердин эмгек акылары айына орточо 1 200 сомго азаймакчы. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2009-жылдын 19-февралында кабыл алынып, ал мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 2009-жылдын 30-мартында кол койгон. Бирок учурда бюджеттик уюмдун кызматкерлеринин акылары мурдакыдай эле кыскарбастан берилип жаткандыгы айкын болду. Көрсө, өлкөнүн бир катар тиешелүү министрликтери курун мойнуна салып, "мыйзамды кайрадан бир жаңсыл кылгыча, баштагыдай эле төлөй бергиле" шаанисинде катты облуска жолдогон экен. КҮмӨндӨр Усуптегин, Нарын




Кесиптик багыт боюнча-акция
Көл кылаасындагы кесиптик-техникалык лицейлеринен 23 адистик боюнча кошумча кесип ээлери даярдалып, жумушсуздуктун саны аз да болсо кыскарууда. Маселен, Каракол шаарындагы №14 кесиптик-техникалык лицейинин көпчүлүк бүтүрүүчүлөрү "Кумтөр" алтын кен комбинатына, "Чыгыш электро" акционердик коомуна жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Соңку маалыматтарга таянсак, жогорку жана атайын орто окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнүн 22 пайызы гана ишке орношсо, кесиптик-техникалык лицейинен даярдалган адистердин дээрлик 90 пайызга жакыны өздөрү каалаган, айлык маяналары аларды канааттандырган жумуш менен камсыз болушат. Учурдагы экономикалык шартка ылайык кыска мөөнөттүү курстар да ачылууда, 3, 6 айдын ичинде автослесардык, ширетүүчүлүк, чач тарачтык кесип боюнча кошумча адистикти каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө.
Акцияда ар бир кесиптик-техникалык лицейинин мугалимдер жана окуучулар жамаатынын күчү менен даярдалган көргөзмө иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн бурду. Ширетүүчүлүк, ашпозчулук, кол өнөрчүлүк кесипти кылдат өздөштүрүүнү каалагандардын кыял чабытынан жаралган буюм-тайымдардын, даамдуу тамак-аштын түрлөрүнөн улам акцияга катышкан Каракол шаарындагы №14, №2, Тоң районундагы №81, Жети-Өгүз районундагы №55-кесиптик-техникалык лицейлеринен билим алгандардын арасында мыкты адистердин өсүп чыгаарынан күмөн саноого болбойт, Каракол шаарында өткөн "Ар бир кесип ардактуу" деген аталыштагы акция учурунда мына ушундай жылуу пикирлер айтылды. Шейшекан Жаналиева, Ысык-КӨл




Таш-Көмүрдүн көйгөйлөрү
Таш-Көмүр шаарынын жашоочуларына бир суткада үч саат эле ичүүчү суу берилет. Шаардын жашоочуларынын жарымынан көбү сууну топтоп ичишет.
Бул тууралуу аталган шаардын мэри Дүйшөналы Мамасалиев билдирди. Мэрдин айтымында, шаардыктарга эртең менен 1,5 саат, кечинде 1,5 саат суу берилет. Ошентсе да шаардыктар тарабынан олуттуу түрдө бул абалга нааразылыктар боло элек. Учурда шаардык бийлик бул маселени чечүүнүн жолдорун издөөдө.
Ошондой эле, Таш-Көмүрдө маданий турмуш да шартка жараша шаарда артта калып кеткен. Маданият үйү жакшы сакталып калганы менен кичи райондордогу клубдардын абалы оор.
Шаар башчысынын сөздөрүнө караганда, быйыл Таш-Көмүрдөгү маданият сарайларын ремонттон өткөрүү үчүн 2 миллион сом берилмекчи. Санжарбек Эралиев, Жалал-Абад




"Суу каналындагы" көйгөйүн эл түшүнбөйт
Жалал-Абад шаарындагы ичүүчү сууну элге жеткирүүчү түтүктөрдүн эскилиги жеткен. Аларды оңдой турган техникалык каражаттар да көңүл жылытпайт. Мунун натыйжасында, ичүүчү суу жаатында ар кандай маселелер тез-тез жаралып турат.
Бул тууралуу "Жалал-Абад Суу каналы" башкармасынын башчысы Айтпай Мусаев билдирди.
Башкармалыктын адистеринин айтымында, суу түтүктөр тармагы, түйүндөрү ашып кетсе 20 жылдан кийин алмаштырылышы керек.
"Бирок биздин суу түтүктөрүбүз тээ 1952-жылдан бери иштеп келатат, кагаздай жукарып калган. Дегеле биз казып, түтүк оңдогондон кыйналабыз, бир жерин жамасаң, он жери жарылат",- дейт А.Мусаев.
Аталган башкармалыктын техникалык каражаттары да дал ошол түтүктөрдөй эскирген.
А.Мусаевдин сөздөрүнө таянсак, башкармалыкта ГАЗ-52, ГАЗ-53 маркасындагы авариялык унаалар бар. Алар ушунчалык эскиргендиктен, айрым жерлери чирип калган. Кээ бир тешилген, жарылган жерлерин жамап, араң иштетишет.
"Ошондой эле бизге ассенизатор, башкача айтканда, суу соруучу машина жетишпейт. Кыскасы, техникалык паркыбыз ушунчалык жүдөгөн, эгер тез арада жаңылай албасак, абалыбыз оорлошуп кетиши ыктымал. Биз кредитке болсо да бир трактор-эксковатор албасак болбойт",- деп баса белгилейт А.Мусаев.
Эгер шаарда бир күндө 20-25 жерде авария болуп, аталган башкармалыктын тийиштүү адистерин чакырышса, алар араң он жерине барышат да, калганына бир эксковатор жетишпейт. Ал эми жашоочулар муну түшүнбөйт.
Башкармалыктан алынган маалыматтарга ылайык, учурда Европанын өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр. Эгер алардын пландары ишке ашса, жакыңкы жылдарда жалалабаддыктар ичүүчү суу маселесинде кыйынчылыктарга дуушар болбой калышы ыктымал. Санжарбек Эралиев, Жалал-Абад




18-май Эл аралык музей күнү
Учурда Баткен облусунун аймагында 3 музей комплекси калкты маданий жактан тейлөөдө кызмат көрсөтүп келет.
Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки Улуттук программасын облуста турмушка ашыруу багытында бир катар алгылыктуу иштер аткарылып, алардын арасында облус аймагындагы музей комплекстерин оңдоп-түзөө да кыйла жакшырды.
Атап айтсак, Сүлүктү шаарындагы музейди жасалгалоо, экспонаттар менен толуктоо максатында шаардык маданият бөлүмүнүн өздүк каражатынан 40 миң жумшалган. Ал эми Кызыл-Кыя шаарындагы тарых музейинин бөлмөлөрү жергиликтүү бюджеттен 739 миң сомго, түрткү берүүчү гранттын эсебинен 1 млн. 131 миң сомго капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Лейлек райондук тарых музейинин капиталдык ремонтуна 2008-жылы КРнын Маданият жана маалымат министрлигинен кошумча 1 млн. 300 миң сом акча каралган.

Баткенде үлгүлүүлөргөиздөө салынып…
Облустун 10 жылдыгынын алкагындагы иш чарада белгиленгендей Баткен шаарынын мэриясы "10 жылдыкка 10 саамалык" деген ураан менен ар кандай номинацияда 10дон мыктыларды аныктамакчы. Бул облустун 10 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Алар "Алтын өнөр уз колдор", "10 үлгүлүү квартал", "10 үлгүлүү көчө", "10 үлгүлүү үй", "10 үлгүлүү-үй-бүлө", "10 үлгүлүү карыя", "10 үлгүлүү байбиче", "10 үлгүлүү ардагер", "10 мыкты окуучу", "10 мыкты ишкер", "10 мыкты чебер" жана "10 чыгармачыл инсан" деп аталат.
Азырынча Аэропорт кварталынын 8-март көчөсү "үлгүлүү көчө" деп табылып, майрамдашты. Анда көчөнүн "үлгүлүү карыя", "үлгүлүү байбиче", "үлгүлүү келиндери" аныкталып, облустун прокурору Б.Сыргаков 1000 сом, Баткен шаардык мэриясы 1000 сом, аталган көчөнөн жеке ишкерлери 200-500 сомго чейин акчалай демөөрчүлүк кылышып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка татыктуу болушту. Мындай саамалыктар шаардын башка кварталында да өткөрүлүп жыйынтыктары чыгарылмакчы.
Мындан сырткары, "Алтын өнөр уз колдор" иш чаранын алкагында кийим тигүү, кол өнөрчүлүк, килем, жыгач устачылык, зергерчиликтерди иштетүү боюнча чеберлерди аныктап, элге таанытуу.
"Элдин маданий рухий деңгээлин жогорулатууга, көрктөндүрүү иштерине, шаардын инфраструктурасынын жакшырышына салым кошкон 10 мыкты ишкананы аныкташыбыз зарыл. Аталган ишканалар 2 айлыктын жүрүшүндө өзүнүн имаратынын ички, тышкы жактарын оңдоп-түзөө, анын айланасын көрктөндүрүү жаатында жүргүзгөн иш-аракеттери башкага үлгү болушу керек. Жыл акырына чейин элди ар тараптуу тейлөө максатында өздөрүнүн салымын кошуп жатышкан 10 жеке ишкерлерди аныктоо максатыбыз бар", - дейт вице мэр Г.Рыс-кулова. Канышай Ашимова, Баткен