Кризистен чыгуунун жолдору көп,
бирок, андан кутулткан адис башкаруучу аз…
Биз сиздерге бүгүн Экономикалык өнүгүү жана соода министринин алдындагы экономикалык стратегиялар борборунун директору, экономикалык илимдин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Шайлообек Мусакожоев менен болгон маегибизди сунуштайбыз.

- Өткөндө, маалымат жыйынында "Кыргызстан дүйнөлүк каржылык кризиске чейин эле кризисте болчу" дедиңиздер. Анда ага чейин өлкөбүздүн экономикалык абалы кандай эле, азыр эмне өзгөрдү?
- Эми, мурунтан эле кризисте болчу дегенибиз себеби мындан, институционалдык кризис деп коёт. Ал биздин экономикалык системаны, анын элементтеринин жана максатынын өзгөрүшүндө болот. Экономикалык системанын 4 түрү бар. Алар: салттык, рыноктук-соода катнаштык, борборлоштурулган-пландоо жана аралаш экономикалык система.
Салттык - бул жерде, мисалы, феодал өз үлүшүн, малай өз үлүшүн алат дегендей. Эл кандай калыптанса, ошого жараша экономикалык мамилелер орун алат. Менчиги көптөр көп алат, аздар аз алат. Рыноктук-соода катнаштык учурунда базар мамилеси күчөп, арткан товарын базарга алып чыгып сатып, керектүү товарын сатып алып, акча каражаты күчтүү роль ойнойт. Бул Батыш Европада илгертен эле өнүгүп келген. Алар "биздин система дүйнө боюнча жок" дешет. Чындыгында, андай эмес. 1917-жылдан баштап, пландоо экономикалык системасы пайда болгон. Дүйнөнүн жарымынан көбү 1990-жылдарга чейин ушул калыпта жашап келген. Анын башында СССР ж.б. өнүгүп келе жаткан социалисттик өлкөлөр бул системаны үлгү кылып алышкан. Ал системанын начар жагы да бар экен. Анткени, ийне-жибине чейин мамлекет менчиктештирип алып, мамлекеттик мекемелер эле аныктап жатып алышат деп чыгышпадыбы... Бирок, бул системанын жакшы жагы да бар. Бул ресурстарды пайдалануу бир колдо болгон. Мисалы, СССР 1936-жылкы дүйнөлүк кризистен таасирленген эмес. Себеби, ресурстарды туура пайданып, аны элге туура бөлүштүргөн. Ашыкча өндүрүлгөн продукция болгон эмес дегендей кеп. Мисалы, америкалыктар ошол мезгилде бааны кармаш үчүн буудайды деңизге чачып жиберген окуялар катталган. Бүгүн деле ушул окуя башыбызга түшпөдүбү… Ал эми, акыркысы аралаш, же конвергенттик система дейбиз, анда жогорудагы эки - рыноктук жана пландоо системаларынын жакшы жактарын бириктирет. Аралаш системанын үч принциби бар: эркин ишкердик, эркин атаандаштык жана мамлекеттик тейлөө.
- Биздин мамлекет демек, ушул системаны кабыл алган турбайбы…
- Ооба, өлкөбүз борборлоштурулган системадан аралаш системага өткөнүнө байланыштуу 1990-жылдан баштап, менчиктештирүү маселесин чечип бүттүк. Ошентип, 1995-жылга чейин ички дүң продукциянын 50 пайызын жоготуп алдык. Ошондон бери кризиске кептелип калганбыз. Менчиктештирүү чаржайыт болуп, бийлик мамлекеттик тейлөө функциясын аткарбай койду. 1995-2005-жылдар аралыгында кичине-кичине өнүгүүнүн жолуна багыт алып, менчиктик калыптанып, мамлекет да эсине келди. Жандануунун стадиясына келдик десек болчудай. Акыркы жылдары менчиктештирүү деле жакшылыкка алып келбегенин мамлекет сезди. Мисалы, дыйкандар быйыл пияз кымбат болду деп, эмдиги жылы баары жапырт пияз эгет, анан калк өзүнүн жей алышынча сатып алат да. Калган пияз чирип жок болот. Келерки жылы, картөшкөнүн баасы 20 сомго чыгат экен деп, дагы жапырт картөшкө айдашат. Дагы эле ошол картина. Мамлекет тейлебей жатпайбы, ашыкча товарды алып чыгып сатыш керек, же иштетиш керек да. "Ай момунча эле картөшкө эккиле",-деп, божомолдуу санды айтып бериш зарыл. Дыйкан анын баарын билбейт да, биле да албайт. Мамлекет сезип калды дегенибиз, жакында өкмөт Президенттин № 61 указы менен быйыл 20-февралда "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" мыйзамын кабыл алды. Мындан кийин божомол 3 жылга жасалып, буга карата бюджет бекитилет.
- Дүйнөлүк каржылык кризис Кыргызстанга башкаларга салыштырмалуу анчейин деле таасир бербейт дегендерге кандай карайсыз?
- Эми эле бутубузга туруп келе жатсак, эми дүйнөлүк кризис башталбадыбы. Биздин анча камаарабагыныбыздын бир себеби, биздин өлкөдө фондулук биржанын жоктугу. Муну америкалыктар ашыра көбөйтүп жиберген эле. Мисалы, компаниянын баалуу кагаздарын биринчи, экинчи, үчүнчү жолу сатып отурушуп, аркада материал жок эле, банктар кошо киришип кетип, ченемин билбей, байлар өзүн атып жатканы ушул болуп жатпайбы. Биз акцияларга аралашып кеткен эмеспиз. Бирок, кризис фонддо иштеген, банкта иштегендердин кризиси эле эмес. Экинчиден, автомобиль өндүрүүсү аябай күчөгөн. Алар адамдардын канчалык деңгээлде сатып аларын изилдеген эмес. Күпүлдөтүп чыгара берген, аны сатып алар адам жок. Пландаштыруу жоктугунан, ушундай маселе чыкты. Ал эми, бизге соода жагынан катуу таасир берип жатат. Өлкөдөгү бардык товарлардын 70 пайызы чет жерден келет. Базарга барсаң, бүт Кытайдын, Япониянын, же дагы бирөөнүн товарлары. Быйылкы жылдын 1-кварталында өсүш болгон жок. "Жарым пайыз" дешет, эми ал жок дегендик да. Ушуга да ыраазы болушубуз кажет. Анткени, биз карым-катнаш кылган өлкөлөрүбүз белчеден кризисте жатат.
- Мигранттардын жөнөткөн акчасынан биздин экономика канчалык деңгээлде көз каранды?
- Эмгек мигранттарынын салган акчасынын бюджетке анча тиешеси жок. Себеби, алар салыкты биздин өлкөгө эмес, иштеген өлкөсүнө төлөп жатат. Үй-бүлөсүнө жардам иретте салып, элдин жашоосун жакшыртканга жакшы фактор болчу. Бул кризис эми аларга таасир берип жатат. Демек, жашоо шартка тетири таасир тийгизет.
- Кризис башталгандан бери көптөгөн өлкөлөр өз валюталарынын баасын түшүрүп, девальвациялашты. Ал эми, сомдун девальвациясы акырын жүрүп жатат, бул боюнча оюңуз кандай?
- Ар бир өлкөнүн өзүнүн мыкчыгери бар. Коңшу Казакстанда бир заматта эле теңгенин куну түшүп кетти. Алардын Марченкосу "шалак" деп эле, чаап салды. Балким, мындай кадам казактардын экономикасына туура келгендир. Ал эми, Россия девальвацияны жасады, бирок, кайрадан улуттук валютасынын баасын жогорулатууга киришти. Биздеги Улуттук банктын да саясаты туурадыр. Азыркы учурда, бул саясатты канааттандырарлык десек болот.
- Курстун туруксуздугу жөнүндө токтолуп кетсеңиз… Кыска мөөнөттүн ичинде эле, доллар бир ылдыйлап, бир жогорулап жатат. Калкка кандай таасир этет?
- Валюталардын сатуу базары жана өз процесси бар. Балким, доллар 47ге чейин кымбаттайт, бирок, кайра арзандайт. Анын арзандашы же жогорулашы экономикага ар түрдүү таасир этет. Чет мамлекеттен долларды алып келип, саткандар үчүн азыр пайдасы жок. Бирок Кыргызстандан товар өндүрүп, аны сыртка алып чыгып сатса, анда ал ута турган заман. Жалаң жаман, же жакшы деген туура эмес. Курстун көтөрүлүшү же ылдыйлашы экономикада суроо-талапка байланыштуу болот.
- Сиз экономист катары соодагер адамдарга, же үйүндө акча бекиткендерге кайсы валютада кармашына сунуш берер элеңиз?
- Эми менин оюмча, алдын-ала билсе, курс көтөрүлө турган болсо, ошол валютага өтүш керек. Бирок, азыркы заманга ылайык, акчаны ар түрдүү валютада кармаган оң болот.
- Сиздин сөзүңүзгө таянсак, банктар берген кредиттин пайызы өтө жогору дедиңиз. Анын пайызын кантип ылдыйлатса болот?
- Бул кредиттин пайыз саясатын Улуттук банк жүргүзөт. Азырынча анын чамасы келбей жатат окшойт. Бүгүнкү күндөгү, жылына 23-24 пайыздык кредитти төлөөгө чоң мекеме ишканалардын да кубаты жетпейт. Чет өлкөлөрдө андай процент жок. Анткени, аларда кредиттик ресурс чоң. Биздин Улуттук банк начар иштеп жатат деген ойдомун. Жалпы улуттук валюта эксперттердин айтымында, 80 пайызы элдин колунда. Бирок, Улуттук банктын айтуусунда, элде сомдун 62 пайызы жүрөт. Демек, ошончо ресурс - кредиттик ресурс катары пайдаланылбай жатат. Айланып эле, кемпирдин байпагынан чыкпай жүрүп жатат дегендей. Ал эми, пайызы жөнүндө биздин экономиканын деңгээлинде 10 пайыз жетет, бул пайда алып келет. Дагы бир айта турган нерсе, банктар көбүнчө бат кайрып ала тургандарга (соодага) көп кредит берет да, экономиканын накта өнүгө турган жактарына бербей жатат. Экономиканы өнүктүрүш үчүн алар саясатын өзгөртүш керек.
- Министр Акылбек Жапаров маалымат жыйынында, "банктарда акча бар, бирок, кыймылсыз мүлк баасынын ылдыйлап жатканына байланыштуу, кредит бергенге чочулап жатышат",-деди. Мындайда эмне кылуу зарыл?
- Мындай учурда банктардын банкрот болуп калыш тобокели көп. Биринчи иретте, өкмөт өзүнүн резервинен жана бюджеттин эсебинен кредиттин айрым бөлүгүн өз мойнуна алып, субсидирование деп коёт, кайрымсыз берүү менен, же процентин өз мойнуна алышы зарыл. Бирок, өкмөт жеке секторго тиешебиз жок деп жатпайбы… Өкмөт элдин салыгынын эсебинен жашап жаткан соң, тамак-аштын баасын көзөмөлдөп, аны ылдыйлатышы керек. Ушундай кадамга баруу үчүн өкмөт чочулап жатат, себеби анын тозогу көп. Өнүккөн өлкөлөрдүн көбү кризистен улам, машина чыгарган компанияларга бюджеттен акча бөлүп берип жатпайбы. Ал эми, бизде эң жөнөкөй элдин катмарына субсидирование берип, алардын шартын оңдоп коё албай жатат. Демек, бул - алардын катачылыгы.




Стиглиц "жашыл акчага" каршы
Жозеф Юджин Стиглиц - белгилүү америкалык экономист, 2001-жылы Жорж Акерлоф жана Майкл Спенс менен биргеликте экономика тармагында Нобель сыйлыгына татыган. Анда үчөө рынокторго изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында маалыматтын ролу рыноктун катышуучуларына маанилүү экендигин тастыктап чыгышкан. Ж.Стиглиц АКШнын мурунку президенти Билл Клинтондун администрациясында кеңешчи, кийин Дүйнөлүк банктын башкы экономисти болуп турган. Бирок 1999-жылы ал ачык эле Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюталык фондду Россия жана Түштүк-Чыгыш Азияда туура эмес саясат жүргүзүп жаткандыгы үчүн күнөөлөп, жумуштан кеткен. Дал ушул окуя экономистти дүйнөлүк коомчулукка белгилүү кылган. Ал Колумбия университетинин алдында экономисттер жана саясатчылардан турган илимий коомчулук түзөт. Максаты - жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өнүгүү жолдорун сунуштоо.
Эсиңиздерге салсак, бул убакытка чейин биз сиздерди долларга каршы чыгып жаткандар тууралуу кабар менен тааныштырган элек. "Чоң жыйырмалык" саммитинин алдында Россия менен Кытай долларды дүйнөлүк валюта катарынан алып салууну айткан. Бул идеянын автору - биз айтып жаткан Жозеф Стиглиц болгон. Ал "Newsweek" газетасынын корреспонденти Ран Форухар менен маектешүүдө төмөнкүлөрдү билдирген. "Резервдик валюта эффективдүү болуш үчүн, ал туруктуу болуп турушу кажет",-деп эсептейт Ж.Стиглиц. Ал эми, доллар акыркы учурда туруксуз валютага айланган. Анын үстүнө, инфляция коркунучу жана долларга таасир берүү тобокели күн санап көбөйүүдө. "Кытай бийлигинин доллардан баш тартуусун туура түшүнүш керек, анткени, алар көп жылдар бою АКШга баш-аягы 2 трлн. доллардан турган инвестиция жумшап, эми, ошол акчанын баарын инфляция "жеп коюшун" тынч карай албай жатат",-дейт экономист. Баштан эле америкалык өнүгүү моделине каршы болгон Ж.Стиглиц, минтип, анын кыйрап жатканын айтты. Мындан кийин дүйнөлүк экономикада Кытай башчы болорун божомолдойт. Анткени, кытайлыктар АКШга салыштырмалуу ушул убакка чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө акчасын жумшап келген. Ал эми, АКШ болсо, калкынын кызыкчылыгын эмес, компаниялардын кызыкчылыгын коргоп келген.
Экономисттин айтымында, АКШнын дагы бир катачылыгы болуп анын берилген кредиттери эсептелет. Себеби, ипотекалык кредиттер тынымсыз берилгендиктен, турак-жайдын баасы түшүп кеткен. Андан тышкары, кредиттердин пайызы өсүп, ушул убакыт аралыгында айлык-акы да көбөйгөн эмес. Ж.Стиглицтин эсептөөсү боюнча, 2007-жылы эле кредиттин айынан 1,7 млн. адам үйлөрүнөн ажыраган.
Жыйынтыгында, Нобель жеңүүчүсүнүн айтуусунда, Эл аралык валюталык фонддун кредиттери жардам бергендин ордуна, тескерисинче зыянын алып келет. Эскерте кетсек, дүйнөлүк каржы каатчылыгынан оңой кутулуу үчүн аталган фонд Украинага - 16,4 млрд. доллар, Пакистанга - 7,6 млрд. доллар жана Исландияга - 2,1 млрд. доллар кредит берген эле. Бетти даярдаган Эльвира Караева