Чочко тумоосу пандемияга айланабы?
Экперт жана эпидемиологдордун айтымында, эгер оору ушул темп менен жүрө берсе, анда шаардан-шаарга жугузуп, 24 айдын ичинде дүйнөнүн ар бир үчүнчү адамы оорукчанга айланат. Уюмдун өкүлүнүн маалыматына таянсак, 1,5 млрд. адам медициналык жардамга муктаж болуп, 7 млн. адам каза табышы ыктымал.

Кыргызстандын чочко тумоосу менен күрөшө турган алгачкы кадамдары…
Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүн кооптондуруп жаткан бул илдеттен сактануу жана ага каршы Кыргызстанда да бир катар чаралар көрүлүүдө. Учурда "Манас" эл аралык аэропорту, Ош шаарындагы аэропорту, Торугарт, Иркештам бажы посттору жана "Кайыңды" темир жол станциясында Кыргызстанга кирип жаткан жарандарды медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатат. Өлкөнүн башкы санитардык врачы Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, чочко тумоосунун очогу табылса, аны дезинфекциялоо каражаты 1 т. 400 килограммга жетет. Ошондой эле, дагы каражаттарды 600 миң сомго сатып алуу иштери каралып жатат. Ал эми Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовдун айтуусунда, канадалыктар тарабынан Кыргызстанга чочко тумоосун аныктоочу тест-система жакын арада келгени жатат. Өкмөт башчысы Игорь Чудинов андан тышкары, базарларда, өзгөчө эт саткан жайларды тыкыр көзөмөлгө алып, санитардык текшерүүдөн өткөрүү керектигин баса белгиледи.

Чочко тумоосунун башталышы
Ошондой эле, уюмдун адистери тарабынан чочко тумоосу пандемиялык деңгээлдин 3-баскычынан 4-тепкичине көтөрүлдү. Баары биригип, шкала 6 баскычтан турат.
Мексикада алгач, чочколор массалык ооруй баштаган. Адамдын мурдунун каңылжаарында атайын жылкы жана киттердин тумоосунан сактоочу тосмо бар. Бирок, чочкодон сактоочу тосмо жок. Бул оору кандайдыр бир мутация аркылуу пайда болушу мүмкүн деп эсептешет эксперттер. Ошондуктан, адамдан адамга жугуп жатат.
Марттын аягынан баштап, Мексикада чочко тумоосунун H1N1 вирус түрү менен 800 учур катталган. Аталган өлкөнүн 32 облусунун 19у эпидемияга кабылган. Аптанын башында, өлкөнүн бийлиги 6-майга чейин мектеп жана жогорку окуу жайлардын убактылуу жабылышына буйрук берди.




Оорунун азырынча дарысы табыла элек
Төмөндө суроо-жооп иретинде даярдалган чочко тумоосу тууралуу маалыматты окурмандарга сунуштайбыз.
- Оорунун белгилерин кантип билсе болот?
- Баш оору, булчуңдардын оорусу, температуранын көтөрүлүшү, жөтөл ж.б. эски дарттар козголот. Ошондой эле, адам куса баштайт.
- Чочко эти аркылуу чочко тумоосун жуктуруп алса болобу?
- Негизи чет өлкөдөн келген чочко этинен баш тартыш зарыл. Эгерде, этти 160-170 градуста кайнатып, же куурусаңыз, тумоонун вирустары өлөт. Ошондо дагы, колго алынган эттин өзүнөн эле жуктуруп алуу коркунучу жогору.
- Ооруп калбаш үчүн эмне кылуу керек?
- Албетте, Мексика "тээ алыста жатат да" деген мамиле туура эмес. Тынбай каттаган самолёттор менен келген адамдар аркылуу бири-биринен жугушу ыктымал. Бирок, азыркы учурда бүт аэропорттордо текшерүү тыкыр жүрүп жатат. Ал эми, эскперттерди уга турган болсок, анда адам көп топтолгон жерлерге барбай турган оң. Ошондой эле, дакиден 4 кат кылып, маска тигип, тагып жүрүү зарыл. Иммунитетти жогорулатуу үчүн бал аралашкан чайды көп ичүү сунушталат. Вакцина алуу да кеч, себеби, организм иммунитетти иштеп чыкканга жетишпейт.
- Ооруп калса, андан дары барбы?
- Азырынча, дары табыла элек. Бирок, химиопрепараттар (озельтамивир жана занамивир) менен дарылап жатышат. Булар оору жуккандан бир канча саат аралыгында алынса гана пайдалуу болот. Ошондой эле, кээ бир дарылар убактылуу вирустарды токтотуп тура алат.
- Чочко тумоосун жуктуруп алган адам канча убакыт вирус ташуучу болот?
- Эгерде жабыркаган адам вирусту ташый ала турганча жуктуруп алган болсо, ал дагы 7 күн бою чочко тумоосун башкаларга жуктура алат.
- Жөнөкөй сасык тумоодон чочко тумоосунун айырмасы эмне?
- Оорунун белгилери жана башталышы окшош. Бирок, чочко тумоосу чочко, адам жана куштарга да жуга турган тумоо болуп эсептелет.
- Дагы эмне коркунуч бар?
- Эксперттердин айтуусунда, бир канча жагдайлар коркунуч жаратууда. Алар: адамдын өлүп калуу коркунучу жогору, оорунун бардык катмарына бирдей жугуусу (жөнөкөй тумоо көбүнчө жаш балдарга жана карыларга жугат) жана эпидемиянын жаз-жай мезгилдерине туш келгендиги. Анткени, жаз-жай айларында тумоо азайып калуу ордуна бул чочко тумоосу күч алууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "эми эле мындай болуп жатса, анда күздө мындан да күчтүү тумоо болушу ыктымал" деп билдирди.
- Окумуштуулар эмнеден чочулап жатышат?
- Азыркы маалыматтарга көз чаптырсак, окумуштуулар чочко тумоосунун генетикасын изилдеп олтуруп, "ал жерде белгилүү "испаниялык" вирусунун белгилери да бар" деп чыгышты. Эскерте кетсек, "испаниялык вирус" деген атка конгон оору 1918-20-жылдары 20 млн. адамдын өмүрүн алып кеткен. Ал Испаниядан башталган Швейцария, Португалия, Сербия, Греция, Англия, Германия, Дания, Түндүк Африка жана Скандинавиялык өлкөлөрүнүн жарандарын жабыркаткан.




Тарых сабагынын таржымалы
Казак окуучулары буга чейин лениндик-марксисттик методологияны окуп келишкенин парламент депутаттары катуу сынга алды. Алардын айтымында, мамлекеттин тарыхы мектептерде туура эмес багытта окутулууда. Өлкө тарыхы мамлекеттик принциптерден алыныш керек. Тарыхый окуялардын негизинде мамлекеттин Түрк каганатынан Казак хандыгына, Казак ССРинен Казакстан Республикасына өткөн этаптары окутулуусу зарыл. Билим берүү министрлигинин сурамжылоосу боюнча мындай окутууну жактырган патриот атуулдардын саны 70 пайызды көрсөткөн. Казакстан

Күлүктөр арасындагы конкурс
Ашхабад ипподромунда түркмөн күлүктөрүнүн арасында "сулуулар конкурсу" болуп өттү. Президенттин кубогуна ээ болгон Шекилли күлүгү башкы сыйлыкты жеңип алса, экинчи орунга Карагуму күлүгү татыды. Үчүнчү орунду Ханбургуту күлүгү камсыз кылып, жеңил автоунааларды ээлерине тартуу кылышты. Финалдын калган катышуучуларына президент тарабынан баалуу сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды. Түркмөнстан

Кайрадан ажолукка ат салышмакчы
Өлкө башчысы Хамид Карзай 20-августта өтө турган президенттик шайлоого катыша тургандыгын Улуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун менен болгон жолугушуусунда айтты. Жакынкы күндөрү ал борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, өз талапкерлигин көрсөтөт. Массалык-маалымат каражаттарынын маалыматтары боюнча президенттикке 40тан ашуун адам талапкерлигин коюуда. Алардын ичинен учурдагы өлкө башчысы Хамид Карзай, мурунку тышкы иштер министри Абдулла Абдулла жана мурунку каржы министри Ашрафа Ганилердин талапкерлиги эл арасында талкууну жаратууда. Афганистан

Кондиционерлерди алууга буйрук чыкты
Түркмөн бийлиги спутникалык антенналарды жана кондиционерлерди жок кылууну улантууда. Ашхабаддын жашоочуларына кондиционерлерди алууну буйруган "2 сутканын ичинде кондиционерди алууну суранабыз. Талап аткарылбаса административдик чараларды колдонобуз" деп орус жана түркмөн тилдеринде жазылган катты март айынан баштап тарата баштаган. Аталган мөөнөттө алууга жетишпегендердин кондиционерлерин атайын бригадалар алып, кондиционер ээсине 10 доллар өлчөмүндө айыппул төлөтүүдө. Аталган буюмдарды алып салуунун себептери али күнгө чейин айтыла элек. Түркмөнстан

Өлүүбү же тирүүбү?
Мамлекет башчысы Асиф Али Зардаринин айтуусу боюнча өлкөнүн атайын чалгындоо кызматы номер биринчи террорист Усама Бен Ладенди кайтыш болгон деп болжолдойт. "Анын өлүмү тууралуу эч кандай далил жок, бирок көптөн бери ал тууралуу эч кандай маалымат да жок",-дейт президент. Эске сала кетсек, 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракттан улам, америка чалгындоо кызматы "Ал-Каиданын" башчысы Усама Бен Ладенди Пакистандын тоолорунда жашынып жүрөт деген маалымат таратышкан.

Жаңы курант курулууда
Ташкенттин 2200-жылдыгына карата жаңы куранттын курулуш иштери башталып, мурунку курантты оңдоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Ал мурунку "Буратино" кафесинин ордуна форумдар сарайынын жанына курулууда. Куранттын көрүнүшү учурда иштеп жаткан курантка окшош болмокчу. Учурда Ташкент куранттарын оңдоо жана куруу иштери күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Ташкенттиктер алгачкы жолу саат коңгуроосунун үнүн 1947-жылы "эшитишкен". Өзбекстан