Кат жазышпай…

Назгүл Бостонбаева
Кат… Бул сөздүн угутунда эмне деген гана керемет сырлар, жүрөк түпкүрүндөгү эң бир назик чертилген сезим күүлөрү, деги койчу бардык жакшы ойлорду, изги тилектерди өзүнө сиңирген сөз берметтери жатат.
Чыгармачыл адамдардын өз ара пикир алышуусу, бозойдун беш көкүл бийкечке арнаган ашыктык каттары, достордун бири-бирине, аскерде кызмат өтөп жаткан жоокердин, айылдагы ата-эненин алыстагы студент уул-кызына жазган каттары. Булардын баарында кыштарды тизгендей кынаптап жазылган сөздөрдүн күчү ошол кат алган адамга дем берип, чыгармачылыктын жаңы чыйырын ачып, достордун сүйүүсүн арттырып, алыстыктагы жакындыкты дагы жакындатып, сагынычты таркаткандай таасир калтырат. Кат жазышуу бүгүнкү доордун муундары үчүн зериктирме, кызыксыз, анан калса убакыт коротуунун каражаты катары кабылданышы мүмкүн. Бирок, ошол каттын өзөгүндө адамдын дүйнө таанымын, ой жоруусун кеңейтип, алардын бири-бирине болгон мамилеси баёо, астейдил болуп, эң негизи сөздү кадырлоого, ага олуттуу маани берүүгө чакырган касиеттери катылуу. Тилекке каршы, учурдагы маалымат булактарынын көптүгү, түрдүү байланыш түйүндөрү мына ошол адамдардын кат жазышып сырдашуусунун эң бир сонун каражатынан кол жуудуруп салды.
Мындан дээрлик 30-40 жыл илгери жазылган каттарды сактап жүргөн бир чыгармачыл инсандын каттарын окуп олтуруп, эмнегедир ошол доордун адамдарына суктандым. Анткени, бири-бири менен кат алышпаса жан дүйнөсү жайдак калып, ал эми кат алган күнүн өзүнчө майрам катары сезген учурларын байкоого болот. Каттарды окуп олтуруп өзүнчө бир көркөм чыгарма окугандай таасир калтырды. Баарынан да мурда окутуп кеткен окуучунун эжекесине жазган катында азырынча "ударник" экенин, кийинчерээк "отличник" болорун, класстагы бүт окуучулар эжейинин бир мертебе келип кетүүсүн суранышканын жазыптыр. Кат жазган окуучунун эжейи менен сыймыктанарын, башка мугалимдер ага окшобогонун окуп, ошол мезгилдеги мугалимдин бедели бийик экенине ынандым. Эмесе, айрым окурмандардын катка болгон көз карашына назар салсак.




Зинакан Пасаңова, акын-жазуучу
Каттын эң өркүндөтүлгөн үлгүсүн орус жазуучуларынын чыгармаларынан таасын көрүүгө болот. Ошол кездеги замандаштар өзүнүн турмушка, жашоого, чыгармачылыкка болгон ой-толгоолорун, пикирлерин сөз тизмектери менен кеңири баяндашчу. Ал тургай бир класста окуп да балалык сезимдерибизди кат аркылуу билдирчүбүз. Бир партада отурса да жүрөгү даап айта албай, анан кат жазып сумкабызга салып коюшчу. Айылда мейкиндик ушунчалык кең болсо да катты окуганга жер таппай, көбүнчө дааратканада жашырынып окуур элек. Мен мектепте окуп жүргөн учурда эле окуучулардын "Кыргызстан пионери" гезитине ырларым чыгып жүргөндүктөн Кыргызстандын төрт бурчунан аябай көп каттарды алчумун. Бир курдай Украинанын "Зirka" гетитине сүрөтүм менен мен тууралуу баян чыккан. Ошол мезгилдеги окуучулардын таанышууга, достошууга ынтызарлыгы аябай күчтүү болгондуктанбы күнүнө 200-300 кат келчү. Баарын окуп чыкканга үлгүрбөй калар элем. Айылдагы эң жакшы көргөн адамым почточу эле. Кат жазышып жүргөн адамдар менен кийин жогорку окуу жайга барганда жолугушуп, айрымдары менен бирге окуп калдым. Бири-бирибизди көрбөй туруп кат аркылуу достошкон достугубуз үзүлгөн жок. Азыр болсо заманга жараша телефон аркылуу сүйлөшүп, жолугушуп турабыз. Бирок, алардын жан дүйнөсүн сүйлөшкөнгө караганда, кат аркылуу жакындан көбүрөөк таанып билдим. Азыр деле бир китеп окурманынан кат алып жүрөм. Таң калганым, каттагы бардык элементтерди сактап, ойлору так, омоктуу, анализ жасаган китеп окурманы.

Түмөнбай Колдошов, студент:
Менин оюмча учурдагы ошол катты эч ким жазбай, ага маани бербегендиктен улам акын-жазуучуларда да ушул жаатта мыкты чыгармалар жаралбай жатат. Каттын артыкчылыгын эки ооз сөз менен жеткирүү кыйын. Мисалы, купуя сезимин арзуу кылып жүргөн селкиге билдирүүнү каалаган бозой адабият менен тааныштыгы жок болсо да, Алыкулдун же Барпынын эки сап ырын жазууга мажбур болот. Демек, бул нерсе ошол адамды адабиятка жетелейт. Кат жазганда өзүнүн сабаттуулук деңгээлин көрсөтүү үчүн сөздүн гүлүн терип, керек болсо ар бир сөздүн түбүнө түнөйт. Ал эми учурдагы СМС билдирүүлөр чектелүү болгондуктан, өз оюн кенен-кесири айтканга да мүмкүнчүлүк жок болуп калат.

Жакып кызы Жыпаргүл, студент:
Эсимде биз анда 6-класста окучубуз. Окуучулук дептердин кош барагы толо шурудай тизилип жазылган сөздөр менен үч бурчтук болуп тумарча бүктөлгөн катты классташ балдарыбыз таап алганы. Анан каттын кимге жазылганына кызыгып баарыбыз жабыла окуп калдык. Ошондо, ашыктык катынын кимге ыроолонгону дайын болгону менен анын авторун биле албай койгонбуз. Кат жазган бозой да аягында баш тамгасын гана көп чекиттер менен жазыптыр. Ал мезгилде сүйүүнүн баркы ошончолук бийик белем, айтор, байкуш жигит ысымын да толук жазганга жүрөгү даабаптыр. Биз дагы ашыктык катын алганда жүзүбүз албырып, жүрөгүбүз алып учуп, башкача сезим пайда болчу. Анан дагы кат ташыган ортомчунун дембе-дем каттын жообун сураганы кызык эле. Бүгүнкү күндүн жаштарынан бул нерсени табуу кыйын. Ошон үчүн да сүйүүнүн кадыры түшүп кеткендей сезилет.