Дүйнөдөгү ири дарыялар кургай баштады
Америкалык окумуштуулар акыркы 50 жыл ичинде дүйнөдөгү ири дарыялардагы суулардын деңгээли кыйла төмөндөп кетти деген тыянакка келишти. Мындай көрүнүш аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу болуп, калктын көбөйүшүнөн улам келип чыкты деп билдиришти алар. Планетадагы жалгыз гана суунун деңгээли көтөрүлүп жаткан аймак - бул Арктика. Муздардын жана кардын ээришинен улам суу көбөйүп жатканы менен суу запастары азаюуда. Мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыгы "Journal of Climate" метеорологиялык журналына жарыяланган. 900 дарыяга жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде океандарга куюучу таза суулардын азайганы байкалган. Адам баласынын күнүмдүк жашоосуна, айыл-чарбасына, курулуш иштерине суу муктаждыгынын көбөйүүсү жана климаттын өзгөрүүсү, жогорку көрсөткүчтөгү буулануу суунун таңкыстыгына алып келүүдө. Окумуштуулардын маалыматы боюнча таза суунун азаюусу жылдан жылга күчөй бермекчи. Буга себеп жер шарындагы калктын өсүүсү болууда. Ал эми Түштүк Азиядагы Брахмапутра жана Кытайдын Янцзы дарыялары Гималай чокусундагы муздардын ээрүүсүнүн натыйжасында көтөрүлүүдө.




Дүйнөлүк электрондук китепкана ачылды
Бириккен улуттардын маданият жана билим берүү уюмунун (ЮНЕСКО) санариптик китепкананын сайтын ачты. Эми бул сайттан каалоочулар дүйнөдөгү бардык китепти бекер алып окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Дүйнөлүк бул китепкана жети тилде: англис, араб, кытай, француз, португаль, испан жана орус тилдеринде окурмандарга кызмат кылмакчы. Аталган сайттан эң алгачкы географиялык картаны көрүүгө да болот. Мындай ири долбоордун автору Жеймс Биллингтондун айтымында, китепкананын ачылышынын негизги максаттарынын бири ар кайсы улуттун маданиятын сактоо аны башка улуттардын түшүнүүсү жана сыйлоосу. Бул өз ара мамилелердин жакындашуусуна өбөлгө түзөт. Кызыккан ар бир адам бул китепканынын кызматынан бекер пайдалана алат. 19 өлкөнүн 26 китепканасы бул сайт менен тыгыз иштешүүнү баштады.

Журналистти соттошту
Ирандын сот бийликтеринин билдиргенине караганда, 31 жаштагы журналист Роксана Сабери апелляция менен кайрылды. Теги ирандык америкалык журналист АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен ишембиде Иран соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Алты жылдан бери Иранда жашаган Сабери буга чейин АКШнын Улуттук коомдук радиосу (NPR) жана Би-Би-Си (BBC) менен кызматташчу. Саберинин соту адилет жана ачык болгон жок деп Европа биримдиги жарыяласа, АКШнын өлкө башчысы Б.Обама Саберинин эч кандай күнөөсү жогун, анын актыгына ишенээрин айтты. Хьюман Райтс Уоч эл аралык укук коргоочу уюмдун билдирүүсү боюнча сот иши жабык эшик артында өткөндүктөн, Саберинин адвокаты аны коргоого мүмкүнчүлүгү болгон жок. Бул аралыкта Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты, укук коргоочу адвокат Ширин Эбади Саберини сотто коргоого даяр экенин билдирди.

Грузиядагы нааразычылык акциялар
9-апрелде башталган оппозициянын нааразычылык акциялары православдардын пасха майрамына байланыштуу токтотулган эле. Эми оппозиция лидерлери президент Михаил Саакашвилини кызматтан кетирүү урааны менен ушундай акцияларды күн сайын уюштура беришерин билдиришти. Алардын айтымында, Грузия полициялык мамлекетке айланып баратат. Муну М.Саакашвилини кызматтан кетирүү менен гана токтото алабыз дешет. Оппозиция уюштурган кезектеги нааразычылык акциясында 10 миңдей адам көчөгө чыкты.

Эң кымбат костюм сатылды
Дүйнөдөгү эң кымбат жүндөн жасалган костюм Лондондо 70 миң фунтка сатылды. Атактуу дизайнер Александр Амосунун колунан жаралган костюм арктикалык мускус букасынын жана түштүк америкалык викуньинин жүнүнөн жасалган. Жүндүн эки түрү тең өтө кымбат баада турса, костюмдун топчулары алтындан жасалган. "The Daily Telegraph" басылмасынын билдирүүсүндө костюмду сатуучу жерге атайын чүмбөттөлгөн унаа менен алып келишти. Мындай кымбат баалуу кийимди сатып алган адамдын аты-жөнү аталбай, сыр бойдон сакталууда. Бул тууралуу аталган костюмдун "жаратуучусу" А.Амосу билдирди.

Жакынкы чыгыш лидерлери АКШда жолугушат
Барак Обаманын чакыруусу боюнча июнь айынын башында Египеттин президенти Хосни Мубарактын, палестин лидери Махмуд Аббастын жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Ак Үйгө келүүсү күтүлүүдө. Президенттин басма сөз катчысы Роберт Гиббстин маалыматы боюнча Б.Обама жакынкы чыгыш лидерлери менен жолугушуусу 6-июнга чейин болуп өтмөкчү. "Өлкө башчысы чакырылган коноктордун ар бири менен өнөктөштүк алаканы жакшыртуу, араб өлкөлөрү менен Палестинанын ортосундагы мамилени оң тарапка буруу жана бир катар тынчтык келишимдери тууралуу маектешмекчи",-деп билдирет басма сөз катчы. Б.Обаманын элчиси Жорж Митчелл аталган аймактарда болуп, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуп кайтты.

Дарылар эми орус тилинде жазылмакчы
Нью-Йорктогу беш ири дарыканалар тармагы дарыларга чет тилинде нускама (инструкция) жазып чыгарууну пландоодо. "Target", "Wal-Mart", "Costco", "Duane Reade" жана "A&P" компаниялары Нью-Йорктун 700 дарыканасын орус, кытай, испан жана француз тилдеринде жазылган дарылар менен камсыздашмакчы. Ошондой эле сатып алуучуларга аталган тилдерде кеңеш (консултация) берүүнү да колго алмакчы. Мындай иш-чаранын негизги максаты англис тилин билбеген иммигранттардын укуктарын коргоо болуп саналат. Акыркы маалыматтар боюнча аталган штатта жашаган калктын 1 миллионго жакыны англис тилин начар билгендер жана таптакыр билбегендер. Бетти даярдаган Айша Курбанова

Каракчылык менен шугулданып…
Өзбекстандын үч атуулу Москва шаарында "Эл аралык юридикалык жардам" деп аталган агенттиктин директоруна кол салды деген шек менен кармалды. Швейцариянын атуулу Младен Обрада башынан жаракат алып, ооруканада көз жумган. Изилдөөлөр боюнча көчө шыпыргыч деп катталган өзбек улутундагы үч адам кармалып, күнөөлөрүн моюндарына алышкан. Алар 25-мартта түрк жараны Иззет Муратты тоногондору да далилденди. Эми аларды кандай тагдыр күтүп турганы айтпаса да белгилүү. Өзбекстан

Катуу бороондон үч адам каза тапты
Ишкашимдеги "Харгуши" заставасынын майору Алибек Давлаткадамов кызмат убагында бороонго кабылып, адашып кеткен. Радиобайланыш үзүлгөн соң, издөө иштери башталып, заставадан 35 чакырым жерден үч аскер табылган. Алар үшүктүн ар кайсы даражасы менен жабырланып, ооруканада дарыланууда. Ал эми лейтенант Саймурод Аралов жана дагы эки чекарачынын сөөктөрү 45 чакырым алыстыктан табылган. Алар кардуу катуу бороондон улам, тоңуп калышкан. Тажикстан

Учкундан чыккан жарылуу
Самарканд областындагы автозаправкалардын биринде жарылуу болуп, андан бир адам оо дүйнө кетти. Жер астындагы резервуарга бензин куюп жатканда, катардагы жумушчулардын бири атайын кескич (болгарка) менен темирди кесе баштайт. Андан чыккан учкун жарылууга себепчи болгон. Бул кырсык 23 жаштагы жумушчунун өмүрүн алып, ондогон адамдарды күйүк менен жабырлантты. Өзбекстан

Расмий түрдө баш тартты
Казакстандын аскерлери НАТОнун Грузияда өтүүчү окууларынан баш тарткандыгы тууралуу республиканын коргоо министри Даниал Ахметов билдирди. 6-майдан 1-июнга чейин өтүүчү "Партнерство во имя мира" деп аталган программага 19 өлкөдөн 1300 адам катышмакчы. Бирок белгисиз себептер менен үч өлкө баш тартса, алардын экөө Эстония менен Латвия. Казакстан

Эки күндүк иш сапар
АКШнын мамлекеттик катчысынын Орто Азия боюнча өкүлү Ричард Баучер эки күндүк иш сапар менен Дүйшөмбүгө келип кетти. Тажик президенти Эмомали Рахмон жана тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы бир канча багыттагы иштер тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле, Афганистандагы абал туурасында да сөз козголду. Тажикстан

22 миң долларды тоноп кетишти
Самарканддын борборунда жайгашкан "Асака-банкынын" филиалдарынын бирине кол салуу болду. Үч адамдан турган тоноочулар тобу беттерине атайын маскаларды кийип кол салган. Натыйжада, банк кызматкерлеринин бири каза болду. Тоноочулар 22 миң америка долларын алып, көздөн кайым болушту. Укуккоргоо органдары кылмышкерлердин фотороботторун болжолдуу түрдө тартып чыгышты. Анткени аларды эч ким көрө алган эмес. Себеби, Самарканддагы банктардын бирине да байкоочу камералар орнотулган эмес. Өзбекстан

Беш жылга эркинен ажырады
Коопсуздук кеңешинин катчысы Амиркул Азимовдун уулу Бобур беш жылга эркинен ажыратылды. "Эркиндик" радиосунун билдиргенине карата Б.Азимов жол эрежесин бузгандыгы үчүн үч жылга кесилип, айдоочулук күбөлүгүнөн да кол жууган болчу. Ал мындай жазага карабастан, рулга кайрадан отуруп, дагы эки адамдын өмүрүн кыйып, беш адамга оор жаракат "тартуулаган". Тажикстан