Абалы кыйын Иран экономикасы

Иран эч нерсе билдирбей, ал гана турсун космосту өздөштүрүү аракеттерин жасап, эл аралык саясатта таасирлүү оюн ойноого аракет кылууда. Атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу шылтоосу менен, Иран өзөктүк курал чыгарууга жакындап калды деген айыптоолор көбөйүп, мурдагы санкциялар сакталып турат.

Нефтинин баасы кымбат болгондугуна байланыштуу, каражат табуу жана экономикасын туруктуу деңгээлде өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жетишээрлик Иран кыйынчылыктарды көп байкачу эмес. Ааламдашуу процессинен өзүн окчун алып жүргөн Иран бийлиги глобалдуу кризистен көп кыйналбай чыгабыз деген үмүт менен жүрүшкөн. Былтыр нефтинин баасы 1 баррель үчүн 80 АКШ доллары болчу. Быйыл анын баасы эки эсеге түшкөндүктөн мунайзатты экспорттоочу өлкөлөр кризистен жапа чеккендердин анабашында турушат.

Тарых сабактары эске алынаары белгисиз
Махмуд Ахмадинежад "нефтинин баасы 5 долларга чейин түшсө деле бизге эч коркунуч жок, экономика туруктуу бойдон калат",-деп кыйыткан. Бирок Ирандагы экономика, ал аркылуу карапайым элдин абалы начарлап баратканы баарына дайын. Ал эми жалпы кризистин күч алышына байланыштуу Иранда июнь айында болчу президенттик шайлоого талапкерлер үн катыша элек. Чынына келгенде, нефтиге болгон дүйнөлүк муктаждык азайганда экономиканы калыбына келтирүү процессин Иран буга чейин эле баштан өткөргөн. Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы Ирак менен болгон уруштун айынан мунайдын баасынын төмөндөшү жана 1986-жылы баалардын төмөн түшүп кетишинен аман-эсен чыккан Иран бийлиги, бул жолу да кыйналбастан кризистен чыгаарына үмүт арткан. Бирок, 1993-95-жылдардагы кризистен чыгууда ошо кездеги мамлекет башчысы Рафсанжани импорттук либералдуулук саясаттан анын көлөмүн азайтуу ыкмасына өтүүгө мажбур болгон. Анын айынан Ирандын импорту эки эсеге азайган. Аны менен кошо Иран-Ирак согушу аяктагандан кийин, расмий Тегерандын мойнунда кыска мөөнөткө делип алынган 20 млрд. долларлык насыяны кайтаруу милдети да бар болчу. Мындай каражатты табуу жеңил эмес эле. Андыктан жабыр тарткандардын көпчүлүгүн карапайым эл түзүп, алардын кыйналуусу аркылуу абал турукташылган. 1995-жылы инфляциянын деңгээли 50 пайызга чейин көтөрүлүп кетип, айлык акы 20 пайызга төмөндөп, кедейлердин саны өскөн.
Ошо кездеги катаал абал элге чоң сабак болуп, он жылдан кийинки президенттик шайлоо мунайзаттан түшүүчү кирешени элге жеткирүү талабы менен өткөн. Дал ошол себептен 2005-жылкы шайлоодо шайлоочулар "нефтиден түшө турган кирешени элге берет" деп Ахмадинежадга добуш беришкен.
Эмки президенттик шайлоо нефтиге байланыштуу алынган сабактардын таасирдүүлүгүнө жараша болоору бышык. Бирок, президенттикке талапкерлердин бирөө да шайлоодон кийинки өнүгүү багыты кандай болоору тууралуу сөз айтканга батынбай, унчукпай турушат. Ал эми Ахмадинежаддын өкмөтү болсо экономикалык багытын тактап, элге жарыялоону шайлоонун аягына чейин жылдырып койду.

Үч баштуу "ажыдаар"
Учурда Ирандын экономикасы үч дисбаланс, башкача айтканда туруксуздук, менен бет келишип турат. Үчөөнүн эң маанилүүсү - төлөмдөрдү жүргүзүүдөгү түзүлгөн азыркы баланс маселеси. Сауд Арабиясы же Бириккен Араб Эмираттарына окшоп, Иран кризистен чыгуу үчүн топтогон резерви жок. Ал эми нефтини экспорттоо ички саясый жүрүштөр менен байланыштуу эмес. Андыктан валюта алмаштыруудан пайда болгон жоготууларды импорттун деңгээлин төмөндөтпөө, чет жактан насыяларды алуу аркылуу же болбосо нефтиден башка товарларды экспорттоону көбөйтүү жолу менен гана калыбына келтирсе болот. Булардын арасынан Иран үчүн эң пайдалуусу жана алдыга өнүгүүгө жол ачуучу мүмкүнчүлүктү бере турганы - экспортко делген товарларды нефтиден башка тармактарда көбөйтүү.
Дүйнөдөгү жалпы абал начарлап, эл аралык деңгээлдеги насыя берүүчү уюмдар ишин токтотуп жатканда, анын үстүнө Иранга каршы жарыяланган экономикалык санкциялар күчүндө турган мезгилде, чет жактан тартыла турган инвестицияларга ишеним аз. Ошону менен бирге Ирандагы бир топ мекеме-ишканалар өнүгүү максатында жаңы карыз алып жатканы белгилүү. 1990-жылдары да ири ишканалар менен мекемелер карыздарын көбөйтүп алышып, анын айынан Ирандын улуттук валютасы риалдын курсу төмөн түшүп кеткен эле. Акыр-аягы ошол карыздарды мамлекет өз мойнуна алууга аргасыз болуп, өлкөнүн өнүгүүсү начарлаган.
Дисбаланстын экинчиси мамлекеттик бюджет менен байланыштуу. Салыктарды көбөйтүү саясый жактан кымбатка турат, ал эми кошумча акча басып чыгаруу жолун тандап алуу - инфляцияны күчөтөт. Мындай шартта коомдук өнүгүү үчүн зарыл болгон чыгымдарды азайтуу гана талабы калат. Анын кесепетинен инвестициялар азаят. Мындан 10 жыл мурдагы кризис учурунда чет элдик инвестиция 3 жыл ичинде 29 пайызга азайган эле.
Үчүнчү дисбаланс Ирандын финансылык рыногуна байланыштуу. Президент насыя алуучулар үчүн проценттик төлөмдөрдү азайткан эле, кредит бере ала турган банктарга кысым көргөзүлүп, бир жылдын ичинде 18 млрд. доллар элге, негизинен жаштарга, таркатылып берилген. Бирок, кредиттик каражаттын кайтарылып келиши күткөндөн төмөн болуп, 2008-жылы инфляция 30 пайызга көтөрүлгөн. Анын айынан Ирандын Борбордук банкы абалды оңдоо максатында, "насыя берүү процессине" кийлигишип, насыя берүүнү, аны менен кошо акча көлөмүнүн өсүшүн басаңдаткан. Жыйынтыгында, инфляция азайып, бирок экономиканы көзөмөлдөө процесси зарыл болгон деңгээлден чыгып кеткен.
Мурунку процесстерден айырмаланып, учурда Иранда демографиялык абалдын таасири күч алууда. 1996-жылы жалпы элдин ичинде 30 жашка чейинки тургундардын саны 28 пайыздан бир аз ашыгыраак болсо, 2006-жылы алардын саны 35 пайыздан ашты. Бирок жумушсуздардын саны дал ушул жаштагылардын арасында 70 пайызга өскөн. Андыктан ирандык жаштар үчүн экономиканын төмөндөшү эң катуу сокку боло тургандай.
Иран эч нерсе билдирбей, ал гана турсун космосту өздөштүрүү аракеттерин жасап, эл аралык саясатта таасирлүү оюн ойноого аракет кылууда. Атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу шылтоосу менен, Иран өзөктүк курал чыгарууга жакындап калды деген айыптоолор көбөйүп, мурдагы санкциялар сакталып турат. Мындай жагдайда АКШнын жаңы президенти Барак Обама Иран менен мамилени жаңыча жүргүзүү зарылдыгын айтканы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Эми Ирандын экономикасы менен келечеги июнь айында өтүүчү президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу экендиги талашсыз.




Кошуналык суу "согушу" коркутат
БАКЫТ ОРУНБЕКОВ
Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы суу маселеси жаңы өңүт ала баштады. Кечээ жакында Стамбулда өткөн Бүткүл дүйнөлүк суу саммитинде да бирдиктүү пикир менен чыга алышкан жок. Ар кимиси өз көйгөйүн төгүп, бири-бирин түшүнөр күн жакын эместей. Жакында, кошуна беш өкмөт өкүлдөрү Алматыда бири-биринин колуна суу куймайга дагы чогулганы турат.
Акыркы убакта Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы телефондун кулагы ысып, сүйлөшүүлөрдү байма-бай жүргүзүп жатышат. Маалымат тыңшаарлардын пикиринде, алар Кыргыз- стан менен Тажикстандын гидростанцияларды куруу идеяларын ооздуктоо үчүн бирдиктүү позицияны иштеп чыгууну көздөөдө. Алардын негизги аргументи, эгер кыргыздар менен тажиктер суу башына ГЭСтерди курса Арал деңизи биротоло соолуйт, бүтүндөй Борбордук Азия куруйт, деп жер сабап, эл аралык коомчулукту бекем ынандырууга өтүштү. Ошондуктан, апрелдин аягында Алматы шаарында өтө турган Арал деңизине байланыштуу эл аралык чоң жыйында Астана, Ташкент, Ашгабат бул маселени көзүр кылып койгону жатат.
Россиянын, Кыргызстандын адистеринин айтымында Арал деңизинин соолуп жатышына ири алдыда Өзбекстан күнөөлүү. Совет заманынан бери пахтадан ж.б. өсүмдүктөрдөн рекорддук түшүмдөрдү алабыз деген ураан менен миңдеген гектар жерлерге курулай суулар агызыла берип Аралга суу жетпегенин айтышат. Анын айынан далай жерлер шор басып, өздөштүрүүгө жараксыз абалга келген. Өзбекстанда жерге, сууга болгон мамиле советтик учурдагыдан айырмаланбайт, өзгөрүү байкалбайт, үнөмдөөнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрбөгөндүгүнөн суунун көбү кумга сиңгендей жок болууда. Россиялык серепчи А. Грозин сууну пайдалануу боюнча Өзбекстандагыдай жапайы мамиле дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок деп жер сабайт. Ошондуктан ал Өзбекстанга кыргызча айтканда "өз башыңдагы төөнүн көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөсүң" деп катуу эскертүүдө.
Кыргыз билерманы Б.Мам-бетовдун пикиринде, акыркы 30 жылдан бери Кыргызстан Нарын дарыясы аркылуу жылына Өзбекстанга 12 миллиард куб суу бергенин токтото элек. Аралды кургатып койгонго Кыргызстанды күнөөлөгөнү деле суу кечпейт. Мындан сырткары Кыргызстан Нарындан башка майда-чүйдө дарыяларын, каналдагы сууларын эсептесе, Өзбекстанга дагы 12 миллиард суу берери белгилүү болду.
Өзбекстандын акыркы айлардагы бир жактуу, амбициялуу позициясы Тажикстанга кесепетин тийгизүүдө. Эки өлкө ортосундагы атуулдардын чек ара аркылуу өтүүсү кыйындоодо. Өзбекстан Тажикстанга берчү газын каалаган учурунда өчүрүүдө. Ташкент менен Дүйшөнбүнүн ортосундагы аба каттамын калыбына келтирүү дале чечилбей келет. Ташкенттин мындай кыйноосуна Дүйшөнбү эми жайында суу бербей жооп бергенге камынууда.
Россия лидери Дмитрий Медведев Ташкентке келгенде гидростанция долбоорлору аймактагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алынып курулуш керек деген сөзү тажик президенти Эмомали Рахмонду катуу таарынтканын билебиз. Анын үстүнө Россия Кыргызстанга Камбар-Ата ГЭСин курууга деп, 1,7 миллиард доллар насыя бергени Тажикстандын куйкасын ого бетер куруштурду. Рахмон эле эмес, бүткүл тажик элинин орус өтмөтүнө таарынычы күч, тажик басма сөздөрү Россияны "сөккөн" каттарды байма-бай жарыялоодо.
Эми таарынычы жазылбаган Рахмон мырза гидродолбоорлор боюнча Евросоюз мамлекеттери, ал тургай АКШ менен да ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Эң башкысы кимиси болсо анысы болсун, Тажикстанга азыр акча абадай керек болуп турат. Мунун арты кандай болушу мүмкүн? Ансыз деле араң турган маселеге Европа, анан Америка кийлигишсе "отко май куйгандай" жалындар чыгып кетиши мүмкүн деп кооптонгондор арбын. Чет эл адистери көп учурда европадагы Дунай бассейиндеги же Канададагы суу маселелеринин кантип чечилгенин аргумент тартышат. Орус адистери бул позицияны Сырдарыя же Амударыяга колдонуу жарабай тургандыгын айтышууда. Бул жерде да учу көрүнбөгөн, тирешкен позициялар көпкө созулчудай.
Мына жаз келди. Токтогул суу сактагычына былтыркыга караганда суунун келиши аз. Тажикстанда бизден кыйын абал, "итке минип" отурушат. Быйыл ойдогудай суу топтолот деп эч ким айта албай жатат. Андай болгондон кийин жаз-жайында суу этегиндеги Өзбек- станга, Казакстанга алар каалагандай суу берилбейт. Сугат иштеринин башталышы менен кошуна мамлекеттер ортосундагы мамилелер дагы кыйындайт. Анан ошондо чоң саясаттын камчылары үйрүлүп, Борбордук Азияда алабы, карабы булуттар дагы айланат окшоп калды.
Кыргыздын "эсиң барда этегиңди жый" деген накылы Борбордук Азиядагы "суу согушуна" бап келип тургандай. Эл аралык адистердин баамында, кошуна мамлекеттер жеке амбицияларынан кутулуп, жалпы аймактын кызыкчылыгын көздөп, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир чечимге келбесе жакынкы жылдарда чо-оң чатак чыгып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн БУУнун деңгээлинде, Евросоюз жана Россия катышкан сүйлөшүүлөрдү баштоо мезгилдин кечиктирилгис талабы экендигин какшап, сайрагандар көп.