Пхеньян: Чубактын кунундай чубалып

Пхеньянды байланыш максатында көккө учурган спутнигин бир катар өлкөлөр баллистикалык ракетаны учурду деп күнөөлөөдө.
Корея бийлиги МАГАТЭнин өкүлдөрүн тез аранын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү буйруду. Йонбен өзөктүк борборунун аймагынан бардык курал-жарактарын, байкоочу камераларын кошо ала кетүүнү да эскертишти. Эми алардын борборго кирүүгө укугу жок. Эске сала кетсек, Пхе- ньян байланыш максатында көккө өз спутнигин учурган. Муну бир катар өлкөлөр баллистикалык ракетаны учурду деп күнөөлөөдө. Корея 2003-жылы Россия, АКШ, Япония, Түштүк Корея өлкөлөрү менен түзүлгөн келишимден расмий түрдө баш тарткандыгын билдирди. "Ынха-2" ракетасынын жардамы менен "Кванменсон-2" жердин жасалма спутнигин учурулушун ийгиликтүү аяктаганын айтса, Япония, АКШ жана Түштүк Корея кабыл алынган резолюцияны бузуп "Тхэпходонг-2" деген баллистикалык ракетаны учурду деп айыптоодо.



Акыр заман жакындады
Америка академиялык илимдеринин окумуштуулары 2012-жылдын 22-сентябрын акыр замандын башталган күнү деп эсептешти. Бул туурасында "Космостук абанын коркунучу" деген докладда айтылды. Окумуштуулардын ою боюнча аталган күнү күн системасында жарылуунун сериялары болуп өтөт. Күн ааламга ири өлчөмдө өтө жогорку температурадагы газдарды чача баштайт. Бул биздин планетабызга таасирин тийгизбей койбойт. Жер шарынын ар кайсы аймактарында жаркырап көрүнүшү мүмкүн. Андан соң электр тогунун жоголуусунан жана чачырап учкан учкундардын тобунан чыныгы "салют" болуусу ыктымал. Көз ирмемчелик убакыттан соң трансформаторлордун күйүүсү башталып, планеталык караңгылык башталат. Башкача айтканда, жер шары электр тогу жок калып, байланыш үзүлүп, миллиондогон адамдар жарыксыз калышы мүмкүн. Электр тогу жок жашоону элестете алуу мүмкүнбү?

Россиялыктардын "кыялы"
Орточо айлык акы 42 миң рубль болсо, россиялыктардын бир айлык керектөөлөрүн камсыз кыла алат. Бул туурасында Стратегиялык изилдөө борборунун отчётунда айтылды. Бул изилдөөгө жалпысы 19 миң адам катышкан. Россиялыктардын ою боюнча жашоонун сапаттуу ченемине автоунаа, үй же квартира сатып алуу, медициналык тейлөө, билим берүү кызматы, сапаттуу тамак-аш жана эс алуу үчүн саякат кирет. Өткөн жылдын ноябрь айында бул көрсөткүч 47 миң рублди түзсө, март айында 30 миңге түшкөн. Аталган борбордун маалыматы боюнча, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында жашайм десең, бир айлык маяна 57-68 миң рублдин тегерегинде болуусу зарыл. Ал эми Кострома, Ульяновск, Ижевск жана Волгограддын жашоочулары 25 миң рублди жакшы көрсөткүч деп аташкан. Росстаттын билдирүүсү боюнча россиялыктардын азыркы таптагы орточо айлык акысы 17 580 рублди түзөт.




  Эч качан ажырашпагыла!

Балдардын келечегин ойлогула!
Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын россиялык өкүлдөрү бир жумадан соң сессияда Россиянын атуулу Ирина Беленько жана анын кызы Элизанын маселесин карамакчы.
"Бир жумадан соң сессия башталат. Адам укуктары боюнча юридикалык комиссиянын өкүлү катары бул маселени сессияда көтөрүп чыгам",-дейт Мамлекеттик думанын депутаты Сергей Марков. Анын айтымында, бүгүнкү күнү Франция менен Венгриянын сот иштеринин ортосунда кандайдыр бир тилектештик пайда болууда. "Лизанын атасы Франциянын атуулдугу үчүн соттон утуп, ал эми энеси Россиянын атуулу үчүн утулдубу деген суроолор туулат. Муну менен Франция соту өзүнүн атуулуна көз көрүнөө "кол кабыш" кылды. Буга чейин дагы канчалаган сот иштери болсо, бири дагы Россиянын атуулунун пайдасына чечилген эмес. Биз мындай көрүнүштү теске салышыбыз керек",-дейт депутат.
Анын ою боюнча Лиза энесинде калышы керек. "Ирина менен Мишель Андренин ажырашуусу башкаларга сабак болду. Андыктан эч качан ажырашпагыла, балдардын келечегин ойлогула",-деп кеңеш берди С.Марков.




Обаманын алгачкы ийгилиги
АКШ бийлиги кризиске каршы иш-аракеттердин алгачкы жыйынтыктары билине баштады деп билдирди. "Экономикалык өсүштү кайра калыбына келтирүү үчүн дагы көп иш-аракеттерди ишке ашыруу керек",-деди Америка президенти Барак Обама. Банктарды рекапитализациялоо, турак-жай маселесин бекемдөө экономиканы кайра калыбына келтирүүнүн ажыратылгыс элементтери болуп саналат. "Биргелешип талап кылууну көбөйтүү, бизнес үчүн насыяларды берүү, азыркы учурдагы болуп жаткан кризис "бороонуна" каршы туруу. Мунун баары алгачкы ийгиликтерди жаратууда",-дейт президент өз сөзүндө.

Жарнамалардын чыгашасы кыскарып…
Үстүбүздөгү жылы дүйнө жүзү боюнча жарнамаларга кеткен чыгаша 6,9 пайызга, башкача айтканда 453 миллиард долларга кыскарган. Мындай маалыматты "The Financial Times" газетасы жазып чыкты. Аталган кыскаруу басылма жарнамаларга көбүрөөк таандык. Бул тармактагы кыскаруулар жыл ичинде 12 пайызга, сыналгыдан кеткен жарнамалар 5,5 пайызга кыскарса, ал эми интернетте жайгашкан жарнамалар тескерисинче 12,1 пайызга өсүүсү күтүлөт. "Screen Digest" деп аталган аналитикалык топтун маалыматында, америкалык жарнамалардын чыгашасы 1,7 пайызга азайуусу күтүлөт. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында эле бул тармактагы көрсөткүч 5 пайызга жеткен.

Каатчылыктамын, карыз берчи?
Польша Эл аралык валюта фондусунан (ЭВФ) 20 миллиард доллар сурады. Бул сумма улуттук валютанын запасын көбөйтүү жана кармап туруу үчүн жумшалмакчы. Бул туурасында финансы министри Яна Ростовски билдирди. Анын айтымында, бул каражат бюджет үчүн керектелбей, борбордук банкта гана сакталат. Ал эми ЭВФтин тескөөчү-директору Домининк Стросс-Кан Польшанын мындай кадамын колдоп, каатчылыктан чыгуунун жолдорунун бири деп атады. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция (ИДП) 4,8 пайызга өсүп, Европа өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы көрсөткүчкө ээ болгон. Европа өлкөлөрүнө кризистин каатчылыгы катуу таасир этип, ЭВФтен жардам сурашууда. Ал эми Румыния, Украина, Венгрия, Латвия жана Сербия мамлекеттерине жалпы суммасы 80 миллиард доллар өлчөмүндө кредит берилген.

Баласын эмдетпеген энелер
Өткөн жылы 1016 эне баласын эмдетүүдөн диний көз карашына байланыштуу баш тарткан. Бул туурасында санэпидкөзөмөлдүн башкы дарыгери Анатолий Белоног билдирди. Мындай көрүнүш Караганда, Павлодар, Түштүк Казахстан, Акмола областтарында көбүрөөк кездешет. Жыл сайын жугуштуу ооруларга каршы 18 эмдөө иши 5 миллиондой адамга бекер жүргүзүлсө, быйылкы жылы 8-14 жаштагы 1.5 миллион балага эмдөө жүргүзүү пландалууда. 20-26-апрель күндөрү Европа өлкөлөрүндө иммунизациялоо жумалыгы өтмөкчү. Казакстан бул жумалыкка үчүнчү жолу катышып жатат. Казакстан

Ала жипти аттагандыгы үчүн
"Литер" басылмасы билдиргендей, ала жипти аттагандыгы үчүн өлүм жазасына (кээ бир мусулман өлкөлөрүндө кабыл алынган) тартылбаганы менен күйөөсүн жазалоого казак аялдарынын укугу бар. Укук коргоо органдарына кайрылган аялдын күйөөсү алгач ала жипти аттаганынын себебин айтып, профилактикалык аңгемелешүүдөн кийин, экинчи андай ишке барбастыгы тууралуу ант берет. Күйөөсүнөн токмок жеген аялдардын саны 79-берененин 5-бөлүмүнө ылайык бир топко кыскарган. Өткөн жылы 990 күйөө 15 сутканы темир тор артында өткөрсө, быйылкы жылдын үч ай ичинде бул көрсөткүч 275 адамга жеткен. Казакстан

Кайрадан он жылдык окуу болот
Келерки жылдын 1-сентябрынан баштап, он жылдык окуу системасы кайрадан ишке кирери тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон "Азия-Плюс" агенттигине берген маегинде билдирди. "2014-жылга чейин билим берүү тармагы эл аралык талаптарга жооп берген бир системага келүүсү зарыл. Айрыкча, техникалык илимдер тармагына көбүрөөк басым жасап, балдардын азыркы замандын талабына ылайык техникаларды үйрөнүүсү өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошот",-деп айтты президент. Тажикстан

"ТВ Бадахшан" телестудиясы көрсөтөт
Тоолуу Бадахшан областынын борбору Хорог шаарында областтык "ТВ Бадахшан" деп аталган теле- студияны куруу иштери башталды. Шаардын борборундагы Айни атындагы кинотеатрдын ордуна эми телестудия орун алмакчы. Жаңы заманбап техникалар менен жабдылган "ТВ Бадахшан бир күндүк берүүлөрүн 8 саатка чейин узартмакчы. Тажикстан

Газ түтүгүнөн чыккан чыр
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Средняя Азия - Центр-4" деп аталган аймактагы газ түтүгүнүн аварияга учурашына "Газпром" компаниясын күнөөлүү деп эсептеди. Ажо вице-премьер Тачберди Тагиевге аталган компаниянын жетекчилери менен сүйлөшүп, авариянын себебин тактап чыгууну буйруду. Г.Берди-мухамедовдун айтымында, эгер анын өлкөсүнөн кеткен кемчиликтерден улам авария болсо, анда Ашхабад бүт чыгымды көтөрөт. "Газпром" компаниясы өзүнүн күнөөсүн мойнуна албаса, анда эл аралык экспертизага кайрылууга туура келерин дагы бир жолу тастыктады. Түркмөнстан

Түркмөнстан Иранга газ сатат
Түркмөн мамлекеттик маалымат агенттигинин маалыматында өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун тапшырмасы боюнча "Түрк-мөнгаз" концернинин жетекчиси Б.Ходжамухаммедов Иранга иш сапары менен жөнөп кетти. Анда түркмөндөрдүн жаратылыш газы тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү. Эске сала кетсек, Түркмөнстан Иранга жылдын экинчи жарымынан баштап жаратылыш газын берүүнү пландаган. Түркмөнстан

Жумушчу күчү арзандыктан…
Инвестициялык чөйрөдө Өзбекстан жумушчу күчүнүн арзандыгы менен өзүнө тартууда. Анткени, борбордо орточо айлык 200-250 америка долларын түзсө, бул көрсөткүч райондордо 100-120 долларды түзөт. "Бизнес Порт" аналитикалык компаниясынын изилдөөлөрү боюнча программисттерди кармоо Россияга салыштырмалуу 3 эсеге арзан. Инвесторлорду кызыктырган дагы бир фактор өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк. Үстүбүздөгү жылга жалпы суммасы 3 млрд. 328,98 миллион долларлык 192 долбоор ишке ашмакчы. Өзбекстан

Интернет маалымат булактарынан даярдаган Айша Курбанова