Аксынын экинчи трагедиясы
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Болжолу жер көчкү адамдар уктап жатканда эч кимди качууга үлгүртпөй басып калган.
Кечээ эл-журт боз үйлөрүн тигип, сөөктөрдү жерге берүүнүн камын көрдү.
Кечке чейин он бир адамдын жасаты табылып, калгандарды издөө улантылууда.
Президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен 16-апрелде кырсыктуу айылда Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу болду.
Каза болгондордун тизмеси:
1. Бокоев Алтынбек - 1970-жылы туулган
2. Айталиева Айгүл - 1972
3. Алтынбек уулу Арген - 1994
4. Алтынбек уулу Танго - 1999
5. Алтынбек уулу Кайрат - 2008
6. Койчуманова Калбү - 1934
7. Койчуманова Жыргалбүбү - 1963
8. Шавкат уулу Бектур - 1992
9. Жыргалбек уулу Баяман - 1996
10. Жыргалбек кызы Жазгүл - 2002
11. Жыргалбек уулу Айбек - 1992
12. Ажиева Жамал - 1928
13. Ырысалы кызы Азимкан - 1991
14. Ырысалы уулу Айдаралы - 1993
15. Ырысалы кызы Гүлүмкан - 1995
16. Ажиев Айбек - 1997

Эл аралык "Zaman Кыргызстан" газетасынын жамааты табият кырсыгынан каза болгон райкомолдуктардын туугандарынын аза кайгысын бөлүшөбүз жана жакындарына көңүл айтабыз.




Депутат Санжар Кадыралиевге ок атылды
Чын курандын он төртүндө Жогорку Кеңеш депутаты Санжар Кадыралиевге белгисиз бирөө ок чыгарып, натыйжада ал жарык дүйнө менен кош айтышты. Окуя кечки саат он алтылар чамасында Ибраимов-Линейная көчөсүнүн кесилишинде болуп өткөн.
Эртеси, шаршембиде ЖК шашылыш жыйын өткөрдү. Ал жабык эшик артында өтүп, ЖМК өкүлдөрү катышкан жок. Бирок, жыйын соңунда айрым депутаттарга суроо салып, бул трагедияга байланыштуу Ички иштер министрлиги Санжар Кадыралиев криминалдык тирешүү, саясый ишмердүүлүк же соода-сатык иш-чаралардын курмандыгы болушу мүмкүн деген үч версия иштеп чыкканынан кабардар болдук.
Санжар Кадыралиев Өзгөн районунун Куршаб айлында 1976-жылы туулган. Билими жогорку. 2000-жылы Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин экономика факультетин, 2003-жылы ОшМУнун юридикалык факультетин аяктаган. Кыргыз Республикасынын "Панкратион" федерациясынын вице-президентинин милдетин аркалаган. Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты. Алгач ирет парламентке 2005-жылы келген. Оппоненти Мамат Орозбаев менен депутаттык орун үчүн жарым жылга чукул кармашканы өз убагында далай эле айтылды, жазылды. Экинчи жолу "Акжол" партиясынын өкүлү катары, Жогорку Кеңеште өз вазийпасын аткарып жүргөндө минтип капилет кырсык басты.
"Санжар акыркы кезде өзүн ажал тооруганын туйду бекен. Жүрүм-туруму кандай эле. Балким ага кимдир-бирөөлөр тарабынан эскертүү болгондур?" деген суроого Улугбек Ормонов "Мен Санжарды жакшы билчүмүн, бирок ал коркутуп-үркүтүү тууралуу мага эч нерсе айткан эмес",-деди. СДПКчы Иса Өмүркулов деле кесиптешинин акыркы убакта өзгөрүп кеткенин байкабаптыр. "Абдан активдүү депутат болчу, эми тергөөнүн жыйынтыгын күтөлү",-деп тим болду. Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Мурат Суталинов болсо жабалактаган ЖМКчылардын суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, сыртка чыкканча шашты.
Айрым эксперттердин пикиринде, Санжар Кадыралиевдин өлүмү жалпы мамлекет үчүн жакшы жышаан эмес. 2005-жылы катары менен Жыргалбек Сурабалдиев, Тынычбек Акматбаев, Баяман Эркинбаев атылышы, өткөн жылдын күз айында Руслан Шаботоевдин белгисиз жоголушу кимдир-бирөөлөр ЖК өкүлдөрүнө аңчылыкка чыкканбы деген ойго түртөт.
Санжар Кадыралиевдин сөөгү өзүнүн кичи мекенине коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына эл өкүлдөрү да катышты. Санжи Туйтунова




Жаңы акчаны жакшылап билдиңизби?
5000 сомдук банкнот өзгөчө дизайны, акча жасаган кылмышкерлерге каршы акыркы муундагы мыкты коргоо элементтерине ээ болуп, көлөмү менен азыркы колдонууда жүргөн 200 сомдукка окшош

Учурда кыргыз сомунун эң эле ири келген банкноту - 5000 сом. Ал ушул жылдын март айында жүгүртүүгө киргизилген. Ушул күнгө чейин жаңы беш миң сомдукту колуна кармай элек болсоңуз, беш миңге чейинки акчаны чогултуп алып, тигил же бул коммерциялык банктан жаңы купюрга алмаштырып алсаңыз болот. 5000 сомдук банкнот өзгөчө дизайны, акча жасаган кылмышкерлерге каршы акыркы муундагы мыкты коргоо элементтерине ээ болуп, көлөмү менен азыркы колдонууда жүргөн 200 сомдукка окшош. Банкноттун бетинде кыргыздын залкар сүрөтчүсү жана актеру С.Чокморовдун сүрөтү тартылган. Арткы бетинде тарыхый жана архитектуралык маданий мурас катары эсептелген, борбордун эң алгачкы кинотеатрларынын бири "Ала-Тоо" кинотеатрынын сүрөтү чагылдырылган. 5000 сом номиналындагы банкноттун аныктыгынын төмөнкү белгилерине көңүл буруңуз.

Жасалмасын ажыратуу
SPARK - банкнотту жантайыңкы абалда оң-солго кыймылдатып көрүүдө, анда түшүрүлгөн портреттин сол жагындагы көлөмдүү цифралар кочкул жашыл түстөн ачык жашыл түскө өзгөрөт. Банкнотту өйдө-ылдый кыймылдатып көргөндө, номиналдын цифрасы жашыл түстөн көк түскө өзгөрөт.
Коргоо тилкеси - кайталанган "5000 сом" деген жазуудан турган көзөнөкчө түрүндөгү белги, жарыкка салып кароодо жыш тилке катары көрүнөт, ал эми банкнотту өйдө-ылдый кыймылдатып көрүүдө, кызыл түстөн жашыл түскө өзгөрөт.
Банкноттун арткы бетиндеги иридисценттик тилке "5000" деген сандын жана "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуунун кайталанышынан турат.
Суу белги - жарыкка салып кароодо С.Чокморовдун каралжын бозомук түстөр менен берилген элеси жана ачык түстөгү сан менен берилген номинал (5000) көрүнөт.
Жаңы 5000 сомдук чыгарылганга чейин, эң ири деп 1000 сомдук банкнот саналып келген. Ал мындан 9 жыл мурун чыгарылган. Акча жүгүртүлүүдө негизги басым, башкача сөз менен 65 пайыз, дал ушул 1000 сомдук банкнотторго келчү. Эми жаңы 5000 сомдук купюранын чыгарылышы менен, бул басым четке чыгарылмакчы. Н.Туратбекова




Жаңы мектептер эми курулбайбы?
"Учурда жаңы мектептерди куруунун зарылчылыгы жок, анткени окуучулардын саны аз, балдардын төрөлүүсү төмөн. Андан көрө 5 чакырым алыста жайгашкан мектептерге балдарды ташуу маселесин чечүү керек, бул мектеп курууга караганда алда канча арзан болмокчу". Мындай пикирин республикада жаңы мектептерди куруу жана оңдоо иштерин жүргүзүү маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева билдирди. Анын айтымында, Кемин районундагы мектептерде 900 окуучу окуй турган мектепте болгону 400 бала бар экендиги анык болгон. Ошондой эле, бир класста 10-12 гана окуучу окуйт. Демек, жаңы мектептерди куруунун зарылчылыгы жок.
"Мектептерге капиталдык курулулуш жүргүзөөрдүн астында, демографиялык проблемаларды, төрөлүүнүн деңгээлин эске алуу керек",-дейт Ө.Абдуллаева. Аймира Мендеева




Математиктер ылганды
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептериндеги 6-класстын окуучуларынын арасында Республикалык математикалык олимпиада эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин демилгеси менен 2006-жылдан башталып өткөрүлүп келүүдө. Олимпиаданын негизги максаты - окуучулардын математикага болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге интеллектуалдык жарышуунун ар кандай түрлөрүн жана көндүмдөрүн калыптандыруу, билим алуу активдүүлүктөрүн өнүктүрүү; зээндүү окуучуларды тандоо жана аларды колдоо үчүн шарт түзүү; предметтик класстан тышкаркы иштерди активдештирүү.
Олимпиаданын 1-этабы өлкөнүн ар бир райондорунда 2009-жылдын 14-мартында өткөрүлүп, ага 6 580 окуучу катышкан, 2-этабында 200 окуучу ат салышты, 3-Республикалык этабы 11-апрелде Ч.Айтматов атындагы Бишкек кыргыз-түрк лицейинин базасында болуп, ага областтык, Бишкек, Ош шаардык этаптан өткөндөрдөн бештен окуучу чакырылып, бардыгы 48 окуучу катышты.
1-орунду Токмок шаарынын №1 мектебинин окуучусу Игорь Половинкин ээлеп, компьютерге ээ болуп, мугалимине да 8000 сом сыйлык алып берди. 2-орунга Бишкектин №9 мектебинин окуучусу Андрей Гагин жетишип, санариптик фотоаппарат алып, анын мугалими 6000 сом менен сыйланды. Кийинки МР-4 плейерине Нарындын айтылуу Чкалов мектебинин тарбиялануучусу Нази Маатказиева ээ болуп, анын мугалимине 4000 сом берилди. Бул үч окуучунун мектептерине принтерлер да тартууланды.
Олимпиаданын III этабында окуучулардын жана жетекчилердин жол кире акысы, тамагы, жатаканасы, белектери жана грамоталары Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин эсебинен каржыланды. Абдыкерим Муратов




Президентикке талапкерлер талпынууда
Жай саратанда өтчү президенттик жарышка түшүүчүлөр улам көбөйүп, бирок арасынан айрымдары тиешелүү документтерди топтой албай кабыл алынбай кетип да жатат. Бириккен Элдик Фронту (БЭК) Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигине токтолду. Ислам дининдегилер менен жакшы мамилеси бар Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуев да өз кандидаттыгын койгон. 23-июлдагы жарышка түшүү ниетин азыркы Президент Курманбек Бакиев, генерал Исмаил Исаков, нарколог-доктор Жеңишбек Назаралиев да билдирип жатат. А.Жаркынбай

Нарында 11 миң адам жумушсуздар каттоосунда
Нарын шаарындагы "Занятость" коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлгөн кезектеги "вакансиялар жарманкесине" 64 иш издеген адам кайрылды. Алардын арасынан 4 адам жумушка орноштурулду. Ал эми 15 адамга ишке орношууга, 10 адамга кесип алууга жолдомо берилди. Жарманкеге жалпысы 129 вакансия коюлса, анын 65и Нарын шаарына, 39у Орусия Федерациясына, 20сы Токмок шаарына туура келет. Иш берүүчүлөр Нарын, Токмок жана Бишкек шаарынан кайрылышкан. "Мындай маалыматты "Занятость" коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери Эсенбек Сыдыбаев билдирди. Нарын облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин бөлүм башчысы Төрөбек Аруновдун айтымында 1-апрелге карата Нарын облусунда 11 миң 154 жумушсуз адам каттоодо турушат. Күмөндөр Усуптегин, Нарын

Студенттер Кара-Деңиз аймагына кызыгат
Эл аралык "ZAMAN Кыргызстан" газетасынын каржылоосунда Кыргыз-Орус Славян университетинде "Кара-Деңиз экономикалык кызматташтыгы: проблемалары жана өнүгүү перспективалары" деген аталышта "тегерек үстөл" болуп өттү. Жыйындын катышуучулары теманын айланасында кеп козгошуп, саясаттаануучу М.Казакпаевдин баяндамасын укту. А.Жаркынбай

Автобустан баңги заты кармалып…
Караколдон Бишкекке багыт алган автобуста бараткан адамдан ширеңкенин кутуларына салынган 4 кг 200 гр "гашиш" баңги заты кармалды. Баңги ташуучуну КРнын баңгини көзөмөлдөө агенттигинин Чыгыш башкармалыгынын кызматкерлери автобусту текшерип жаткан учурда кармашкан. Алдын-ала маалыматтарга караганда, кылмышкер өзүнүн жүгүн борбордо сатууну пландаштырган. Ал "Көмүскө базарда" ийгиликтүү сатканда бул "товардын" баасы ар бир кутуга 2000 сомдон болсо, 420 миң сомдон ашуун кирешеге ээ болмок. Аймира Мендеева