Бермет Молдобаева:
"Кыргыз качан өз тууганын сатчу эле?"
"Беш балалуу бир аялдын бир тууган жеңеси Араб эмираттарына жумуш таап берем деп алып барып сатып жиберген учур болгон. Ар бир кыздын орточо баасы 3-5 миң АКШ долларына барабар экендиги эч кимге деле сыр болбой калды көрүнөт. Политехникалык институтту бүткөн жогорку билимдүү бул айымдан кантип билбей калганын сураганыбызда, "бир тууган жеңем айтып жатса кантип ишенбейм" деген жообун берген",-дейт Бермет Молдобаева

Дүйнөдөгү эң эле кирешелүү тармактардын ичинен үчүнчү орунду ээлеген адам сатуу маселелеси көкөй кескен кейиштүү көрүнүш. Тилекке каршы, биздин өлкө да бул кирешелүү бизнестин эпкинине урунуп келатканы абдан эле зээнди кейитип, жүрөк сыздатат. Жоголгон, сатылып, кул болгон мекендештердин саны жыл сайын 5000ди түзөт. Бул көрсөткүч албетте аз эмес. Момунча деп айтылганы менен бир эле адамдын тагдыры өзү үчүн, үй-бүлөсү, жакындары үчүн көп нерсени чечет. Мына ушул маселенин тегерегинде КРдагы МЭУнун (миграция боюнча эл аралык уюму) миссиясынын координатору Бермет Молдобаева менен болгон маекти сунуш кылабыз.

- Адам сатуунун алдын алууда кандай иш-чараларды жүргүзүп жатасыздар?
- Бул кесепет жумушсуздуктун айынан, башка өлкөгө иш издеп кеткенден тарта башталат. Чет өлкөдөн айлыгы көп жумуш таап беребиз деп убада кылып, акчаларын алып орто жолдо таштап, көздөн кайым болгон, же башка бирөөлөрдүн колуна салып берип, сатып кеткен учурлар көп кездешет. Чет өлкөдө болсун, өз жеринде болсун адамдарды жумушка орноштурууда ошол фирманын лицензиясы болмоюнча, ишенүүгө болбойт. Мекендештердин мындай тагдырга туш болуп калбашы үчүн колдон келген түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Эгер чет өлкөдө иштеп келүүнү каалагандар болсо бизге түз байланышка чалып, кайрылып кеңеш сурап, кайсы фирма аркылуу кетип жатса, ал туурасында маалымат алса болот. Операторлордо республикада иш алып барган лицензиялуу фирмалардын тизмеси болот. Мисалы, Россиялык компания иш сунуш кылса, биздин мекеме ошол иш берүүчүлөрдүн лицензиясын, легалдуулугун тактап берет. Эч нерседен кабарсыз, сурап-билбей кеткендердин айрымдары кара жумуштун, сексуалдык эксплуатациянын, адам сатуунун курмандыгы болуп калып жатышат. Адам ушундай абалга туш болуп калышым мүмкүн дегенди эстеп да койбой, көңүл кош мамиле жасап, камаарабай, кийин соңун ойлобой тобокелге салып иш кылгандыктан, торго түшкөнүн өзү да байкабай калат.
- Биздин республикада лицензиясы бар канча фирма иштейт?
- Учурда Кыргызстанда ишке орноштуруу боюнча 16 расмий фирма иш алып барат. Ал эми калган фирмаларга, тууган, коңшу, тааныш, айылдаштарга ишенүүгө болбой тургандыгы элибиздин эсинде болушу керек. Адамды "колго түшүрүп" берген ошол эле айылдын 2-3 тургундары бар. Алар адам саткан кишинин жан жөкөрлөрү. Мына ошол сатылып кетип кайрып келгендердин тагдыры бизге белгилүү, ал эми өздөрү эптеп качып келгендердин эмнелерге туш болгонун билбейбиз, жаап-жашырып эч нерсе билдиришпейт. Негизинен алар уруп-согууга, акысыз оор жумуштарды аткарууга мажбур болгон, жеткиликтүү тамактана албай ден соолугунан ажыраган көрүнүштөргө дуушар болушат. Тил билбесе, атайын адистиги болбосо, колунан устачылык да келбесе андай жумушчунун кимге кереги бар. Ошондуктан биз жарандарыбызды өздөрүнүн укугун билип алышса дейбиз. Мына ушинтип эч нерсени билишпесе, өтө оор кара жумуштарда иштеп калышат. Ушундай көрүнүшкө туш болгон биздин кыргыз балдар Якутияга барышкан. Кышкысын 50-60 градус суук болгон жерде жер төлөдө же ысыткычы, же башкасы жок жайда жашашкан. Аларга айына 1200 АКШ долларын беребиз деп, кандайдыр бир заводдун фундаментин каздыртышкан. Мындай шарты жок, оор жумушка эч ким барбайт. Ошентип иштетип алып, акысын бербей кууп жиберишкен. Жапжаш жигиттерибиз ден соолугунан айрылып, майып болуп кайтышууда.
- Бул эми айла жоктун иши болуп жатат да?
- Бир жагынан чынында айла жоктун иши, башка эмне кылышмак эле. Иштеп акча таап, жан багыш керек. Бул маселеге мамлекет жакшыраак көңүл буруп, өлкө ичинен же болбосо чет өлкөдөн расмий, легалдуу болгон жумушка киргизүүгө жардам бериши зарыл. Биз бул маселенин тегерегинде, жарандарыбыздын башка өлкөгө кетпей Кыргызстанда эле иштөөсүнө байланыштуу, аны чечүүнүн жолдорун, чараларын Миграция жана жумуштуулук комитети менен биргеликте системалуу иш алып баруудабыз. Бирок эл деген эл, кармап кала албайсың, кете берет. Бирок аларга зарыл болгон шарттар, бардыгы легалдуу жана ортомчусуз, милиция кызматкерлеринин колуна түшпөгүдөй жана кемсинтпегидей документтеринин тууралыгына маани берүү, жумада бир кадимкидей эс алуу күнү, отпуск ала билүүсү керек. Албетте, мамлекет өз жарандарын коргошу, көзөмөлгө алышы зарыл, бирок чет өлкөгө чыккан учурда адам мамлекет мамлекеттин ичинде гана жардам бере аларын түшүнүшү, билиши керек.
- Өз укугун билип, таламын тартыша албай кыйынчылыкка дуушар болгон мекендештер көп эле кездешет да?
- Мына ушул негизги маселелерден. Жаштарыбыз окушпайт, билишпейт, убакыт коротуп адистик алгысы келбейт. Мисалы, Казакстанда иштеген айрым мекендештерибиз мыкты адистер, профессионал куруучулар. Аларда милициялар, иш берүүчүлөр менен түшүнүшпөстүктөр, проблемалар чыкпайт, себеби алар профессионал. Мен Казакстандагы үй курган бизнесмен болсом, албетте, мага башка өлкөдөн келген жумушчу күчү арзан. Эгер алар профессионал болсо шартын түзөм, документтерин бүтүрүп укугун коргойм, себеби алар менин кирешем. Киреше алып келбеген адистиги жок жумушчунун эч кимге кереги жок. Убактылуу иштетип айдап жиберет. Ошондуктан, азыр экономикалык же юридикалык билим алып ишсиз калганга караганда профессионалдык билим алуу алда канча пайдалуу болуп калды. Эгер ошондой билими болуп чет өлкөгө чыкса да иш табууга 50 пайыз кепилдик берсе болот. Азыр тез арада окуп, адистик алуу учур талабы болуп жатат.
- Өзгөчө кыздарды алдап башка өлкөгө сатуу да оңой жол сыяктанып калды окшойт?
- Кыздарыбыз Түркияга, Араб эмираттарына, Кытайга, Кореяга ким болуп иштегени барышат? Кафе-барларда бийлөө үчүн, бут кийим, косметика сатуучусу, маникюр, педикюр, массажист болуп иштеп жакшы акча табуу үчүн чыгып, үй кызматкери, сексуалдык эксплуатацияга туш болушат. Араб эмираттарында жогорудагыдай иштерди сунуш кылышса мунун өзү шектүү, аларда мындай иштер жок. Болсо да легалдуулугуна кароо керек. Ошондой эле, бирөө сени башка өлкөгө жумушка алып барып, паспортко кандай максат менен келгендигин тастыктаган визаны "Туристтик" деп бастырса анда эле иштин бүткөнү. Ал эми иштегени баргандан кийин жумушчу визасы басылыш керек.
Беш балалуу бир аялдын бир тууган жеңеси Араб эмираттарына жумуш таап берем деп алып барып сатып жиберген учур болгон. Ар бир кыздын орточо баасы 3-5 миң АКШ долларына барабар экендиги эч кимге деле сыр болбой калды көрүнөт. Политехникалык институтту бүткөн жогорку билимдүү бул айымдан кантип билбей калганын сураганыбызда, "бир тууган жеңем айтып жатса кантип ишенбейм" деген жообун берген. Биз ал аялды үйүнө кайрып алып келдик. Үй-бүлөнүн абалын оңдойм деп барып, кайра бузуп, бүлүнтүп алды. Азыр күйөөсү менен ажырашып кетиптир. Ал аз келгенсип бир туугандары да жемелеп, бир учурда баарынан азап тартып трагедияга туш болгон.
- Таанышка, тууганга да ишенич жок болуп калды го анда?
- Кыргызстанда орточо айлык акы 3-4 миң сом болгондуктан ошол эле сумма доллар менен айтылганда адамдар эч нерсени ойлонбой туруп макул болушат. Аларга аны-муну айтып көпкө алдап отургандын деле зарылчылыгы жок. Эч нерсе билбеген эле кыргызга кантип ушунча сумманы бере койсун, булар болгону бардельди, "публичный домдорду" толтурган жана бекер жумушчу күчү керек болгондорго зарыл.
- Жумушка орноштуруучу фирмалар туурасындагы маалыматты түз байланыштан сурап алса болот дебедиңизби, ушул туурасында айтып берсеңиз?
- Жумушка чакырган фирмалар, чет өлкөгө чыгуу үчүн кеңешүү максатында атайын түз байланыштар иштейт. Аларда мигранттарды жумушка орноштуруучу фирмалар туурасында жалпы маалымат, канча айлык акы төлөйт, эмне, кандай болгон иш толук маалыматтар болот. Мына ошонун негизинде караганда айлык акылар 8-10 миң рублга барабар. Ал эми бул акчаны Кыргызстандан эле тапса болот. Бул расмий көрсөтүүлөр, биздин мекендештер болсо көп суммадагы акчаны убада кылышкандарга ынанып кетип жатышат. Дагы белгилей кетчү бир жагдай айрым адамдар кээ бирлеринин иштеп келип машина, үй сатып алганын көрүп, менин деле колумдан келет деп ойлошот. Тереңирээк ойлоп, ары жагын карабайт. Мүмкүн ал адам профессионалдуу кафельщиктир. Анын иши профессионалдуу болгондуктан жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү чоң. Ал эми арада легалсыз түрдө чет өлкөдөгү жарандарыбыз баңги заттарды, контрабандалык товарларды ж.б. сатып ошондой иш менен алектенүү аркылуу акча таап жаткандар бар. Албетте, легалдуу түрдө көп жылдан бери жакшы иштеп, бутуна туруп алгандар да жок эмес.
- Айлыгын айлап-жылдап ала албагандар жөнүндө эмне айта аласыз?
- Бир аял баласы менен Казакстанга барып жайлоодо мал карайт. Айлыгын жыл аягында чогултуп бир беребиз деп ишендиришет. Бир жыл өткөндөн кийин дагы бир жыл иштеп бер анан Бишкектен квартира алып беребиз деп алдашат. Ал аял үчүнчү жылы гана алардын максатын билип кетем деп чыкканда, колундагы баласын алып калып, ордуңа бирөөнү алып келгенден соң, балаңды беребиз дешет. Бул деген эксплуатация, бекер күч колдонуу. Өзү алардын курмандыгы болгону аз келгенсип ордуна башканы алып келип, ошол күндү көрсөтүү. Ошондуктан мекендештер башка мамлекетке жумуш издеп барганда, түз байланышка чыгып, керектүү консултацияларды алуулары зарыл. Айлыгын айдын аягында сүйлөшөбүз дегендерге ынанбоосу керек. Бир айдын акчасын төлөбөдүбү, анда экинчисин да төлөбөйт дегендик.
- Бул көрүнүшкө каршы кандай түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп жатасыздар?
- Маалыматтык китепчелерди чыгарып таркатабыз. Тилекке каршы, ушуну да окуй албаган жарандарыбыз бар. Калктын сабатсыздыгы жогорулап баратат. Окуучулар мектепке барбайт. Видео роликтерди тартканбыз. Мисалы, ал роликтерди КТРден көрсөтө турган болсок акча сурайт. Рекламага анчалык көп төлөй албайбыз, биз пивону жарнамалап жаткан жерибиз жок да. Ал турсун мындай маалыматты камтыган рекламаны акысыз көрсөтүүлөрү керек болчу. Биз бул жаатта Миграция жана жумуштуулук комитети менен иштешип жатабыз. Бул реформанын иштеши үчүн парламент мыйзамдарды кабыл алышы керек. Ал каралып иштелип чыкканга чейин да өлкөдөн канчалаган поезд, канчалаган аба каттамы менен эл кетип жатат. Түшүндүрүү, маалымдоо иштерин эми жаш балдардан баштайлы деп тиешелүү жактар менен сүйлөшүп жатабыз. Анда сабактан тышкаркы окууда биз даярдаган китепчелердин негизинде сабак берилсин деп жатабыз. Жаш балдарга арналган атайын китептер түзүлүп жатат.
- Ушул күнгө чейин кандай иш-чараларды жүргүзүп келдиңиздер?
- 2002-жылы глобалдык маалыматтарга каражатыбыз жетерлик эле. Мына ошондо видео роликтерди тартып, дискотекаларда ар кандай акцияларды уюштуруп, китепчелерди таратчубуз. Бирок булар кыска мөөнөттүү 3 айдай эле болуп, акчабыз бүтүп калды. 2005-жылы да ушинтип реклама жасап, билборддорду илип, айылдарда спектаклдерди койчубуз. Мамлекет күн сайын жарандарды эскертүү үчүн иш-чараларды өткөрүп, коркунучтун болгонун түшүндүрүү керек. Мисалы Түркияга барганда, Стамбулдун аэропортунда ошол жактагы коллегаларыбыз "Түркия адам сатууга каршы, түз байланыш 157" деген жазуу менен плакат илип коюшкан. Бизде бул сыңары маалыматтык плакаттарды, щиттерди элдин көп жүргөн жерлери аэропортто, темир жол вокзалында, автобус вокзалдарында иле албайбыз. Себеби, бул үчүн акча сурашат. Контракт түзүп ай сайын төлөп туруш керек. Бизде мындай мүмкүнчүлүк жок, мунун маанилүү экендигин эч ким түшүнбөй жатат. Мурдалары бул сыңары плакат Оштун аэропортунда асылуу болчу, качан төлөөнү токтоткондон тарта алар да алып салышты. Биздин уюмдун иши, долбоорлору чет элдик донорлордун эсебинен каржыланат. Видео роликтерди тартып бүткөндөн соң мисалы, КТРге бердик. Алар акча сурап көрсөтүшпөдү. Донорлор "жок дегенде ушул даяр болгон нерсени да бекер көрсөтүүгө болбойбу. Элдин ушундай проблеманын бар экендигин билүүсүнө зарылчылык жокпу, бул кимге маанилүү?" дешет.
- Адам сатуунун канчалык жаман экенин эл жакшы аңдап биле элек деп ойлойсузбу?
- Кыргызстан транзиттик өлкө болгондуктан Өзбекстандан, Тажикстандан адамдарды, баңгизаттарды сатууга алып өтүшөрү баарына белгилүү. Ошондой эле, өлкөбүздө ички трафик өз ичинде эле адам сатуу, эксплуатациялоо бар.
Эл баңги заттарды жана курал сатуу легалсыз, жаман экендигин, кармалса түрмөгө отургузулаарын да жакшы билишет. Ал эми адам сатууну жакшы түшүнбөй жатат. Мисалы, чек арачыга паспорт жок эле, ал-бул деп акча берип өткөрүп кой десең, жасайт, баңги затты ошентип көрчү. Алар го баңги зат, курал, ал эми бул адам болуп жатпайбы. Кантип адамды сатууга жеңил карашат, жол беришет. Адам сатууну криминалдык проблема деп эле карабаш керек. Бул социалдык, экономикалык проблема, эл эмне үчүн мындай жолго барып калды, качантан бери, качан туугандар туугандарын сатчу эле, моралдык баалуулуктарды акча менен алмаштырып калдыкпы. Баары буга көз жумуп калгандай. Маектешкен Элиза Иранова