Саясат айдыңында дагы бир
кылчайнаш, алдыда так талаш...
Президенттик шайлоого эмне түрткү болду?
Эскерте кетсек , үстүбүздөгү жылдын февраль айында ЖК депутаты, СДПК партиясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков Конституциялык сотко кат жолдогон. Мындай кадамга барганын ал журналисттерге берген пресс-жыйынында "Президент Курманбек Бакиев 1993-жылкы Конституциянын 2003-жылкы жаңыртылган редакциясынын негизинде шайланган. Ага ылайык президенттик шайлоо кезектеги мөөнөтүнүн бешинчи жылы, октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшү керек. Бирок Курманбек Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда президенттик милдетине расмий түрдө киришкен. Ушундан улам коомдо кайсы Конституцияга таянышыбыз керек деген карама-каршы эки пикир болуп жатат. Себеби, президент мурдагы Конституциянын негизинде шайланган жана ага таянсак, быйыл октябрь айынын акырында шайлоо болушу керек. Экинчи тарап 2010-жылы беш жыл болот жана шайлоо эмдиги жылы болуш керек деп жатат. Ошон үчүн биз соттон расмий түрдө так жооп алышыбыз керек" деп түшүндүргөн. Өз кезегинде эл өкүлүнүн бул аракети СДПК партиясы менен кеңешпей жасалгандыгы маалым. Ошол себептен айрымдар муну сындап, партиянын ички ыркы жок деп баа беришкен. Парламенттеги СДПК фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов "Азаттык" радиосуна берген маегинде Асылбек Жээнбеков эч кимге айтпай кат жолдогону ырас экенин тастыктаган. Бирок бул партиянын ынтымагы жок дегенге жатпайт, болгону бул ар бир адамдын укугу, аны биз сыйлашыбыз керек дегендей ой айткан.
Арадан бир ай өткөн соң 19-мартта Конституциялык сот президенттик шайлоо ушул жылдын 25-октябрына чейин өткөрүлсүн деген чечим чыгарган. Буга Курманбек Бакиев мен Конституциялык соттун бардык чечимин жаран катары да, президент катары да урматтайм, шайлоо мөөнөтүн парламент аныктасын дегендей көз карашын билдирген. Эртеси 20-март күнү парламент бул маселени талкуулап, президенттик шайлоону ушул жылдын 23-июлуна белгилешти. 21-март күнү Боршайком атайын жыйын өткөрүп, шайлоого ылайык кандай иш-чараларды өткөрүү керектигин иштеп чыкты.
Шайлоого канча каражат жумшалат?
Боршайкомдун маалыматына таянсак, ажолукка талапкерлерди тандоого 172,4 миллион сом кетет. Жумшала турган чыгымдын 72 миллиону Боршайкомго жумшалмакчы. 56,3 миллион сому участкалык шайлоо комиссияларына бөлүнүп берилсе, 10 миллион сом 56 райондук шайлоо комиссияларына кетмекчи. 8,1 миллиону Бишкек жана Оштун шайлоо комиссияларына, 7 дубанга берилет. Айтмакчы, Боршайком муну менен катар бир нече талаптарды да жарыялады. Алсак президентке талапкер болгон адам, 50 миңден кем эмес кол топтошу абзел. Ал эми шайлоого жумшалчу сумма 50 миллион сомдон ашпаш керек. Муну атайын Баш прокуратура, финполиция жана атайын укук коргоо органдары көзөмөлгө алып турмакчы. Ошондой эле, талапкер шайлоого катышаардын астында күрөөгө 100 миң сом коюшу зарыл. Бул күрөөгө коюлган акча кандидатка 15 пайыз добуш алганда гана кайра кайтарылып берилет.

Бириң мырза, бириң эр, президент болчу кимиңер?
Президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо 18-майда бүтүп, алардын тизмеси 17-июнда жарыяланат. Кол чогултуу 2-июндан башталышы шарт. 7-июнда талапкер бардык документи менен күрөөгө коюлган акчаны Боршайкомго тапшырышы абзел. Боршайкомдун жетекчиси Дамир Лисовскийдин айтымында, шайлоого үстүнөн иш козголуп, бирок соттоло элек жарандар да катыша алат. Ошондой эле, 19-июлга чейин саясый партияларга шайлоодон баш тарткан талапкердин ордуна, башка адамды көрсөткөнгө да уруксат берилет. Эскерте кетүүчү нерсе, шайлоого катышкысы келген адамдын мамлекеттик тилде канчалык деңгээлде сүйлөй алары да текшерилет. Бул экзаменди Мамлекеттик тил комиссиясы алып, ал УТРКдан түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Ажолук тактыга отургусу келгенин азырынча Кыргызстан патриоттук кыймылынын лидери Назарбек Нышановдон башкасы ачык билдирише элек. Айрым маалыматтарга таянсак, Феликс Кулов, Азимбек Бекназаров, Турсунбай Бакир ж.б. бир катар саясатчылар шайлоого катышууга ниеттери бар өңдүү, анан азыркы Президент да экинчи мөөнөткө бара тургандыгын журналисттер менен жолугушууда айткан. Санжи Туйтунова


АКШда Нооруз
АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында Нооруз майрамы белгиленди. Ага жалпы 150дөй аталган шаардын жана коңшу штаттагы жашаган кыргызстандыктар жана алардын меймандары катышты. Коноктордун арасында кыргыздын белгилүү спортсмендери жана жаш ырчылары Урмат Усенов менен Неля майрамдын көркүн ачып, алыста жүргөн мекендештерге кыргыз ырларын аткарып беришти. Салтанаттын ачылышы Кыргызстандын гимни менен башталып, улуттук бий, оюндар жана каада-салттар, КВН менен коштолду. Мындан сырткары кыргыздын улуттук тамактары болгон беш бармак, шорпо, боорсок даярдалып, кыргыз салтынын каадасы боюнча ак сакалдардын бата берүүсү менен аяктады.
Майрамды "Silk Road Kyrgyz American Cultural Association" ассоциациясы уюштурду. Э.Иранова




"Кыргыздар өз жеринде укуктук басмырлоого туш болушууда"
Кыргызстандыктар өз жеринде чет элдик жарандарга салыштырмалуу укуктук жагынан басмырлоого туш болуп жатышат. Мындай пикирди "Фергана аймагынын чексиз юристтери" коомдук бирикмесинин жана "Эл аралык коргоого көмөк көрсөтүү" коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти.
"Эл аралык коргоого көмөк көрсөтүү" фондунун төрагасы Акылбек Ташбулатовдун айтымында, КРнын мыйзамына ылайык, өлкө ичинде жүрүү жашаган жери боюнча каттоого тургандыгына карата каралышы керек. "Учурда жарандарды көчөдөн каттоосу жок жүргөндүгү үчүн кармап жатышат",-дейт А.Ташбулатов.
Ал ошондой эле, мамлекеттер аралык макулдашуунун анализи кыргызстандыктарга салыштырмалуу айрым чет өлкөлөрдүн жарандарына өлкөдө каттоосуз жүрүшү үчүн бир топ узак убакыт (60-90 күн) бериле тургандыгын көрсөткөндүгүн айтып өттү. Аймира Мендеева

Кургак учук өспүрүмдөрдө көп кездешүүдө
Үстүбүздөгү жылы кургак учуктан каза болгондордун саны өткөн жылга салыштырмалуу азайып калды, бирок ошол эле учурда өспүрүмдөрдүн арасында бул оору көбүрөөк кездешүүдө. Мындай маалыматты Улуттук фтизиатрия борбордун башкы директорунун орун басары Бакыт Мырзалиев билдирди. Анын айтымында, кургак учукка каршы күрөшүүдө кадрларды окутуу, кадрлардын азайышы жана дарыланып жаткан өспүрүмдөрдүн акча табуу үчүн башка өлкөлөргө кетиши сыяктуу бир канча көйгөйлүү маселелер бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо жана алдын алуу иштери боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Динара Сагынбаеванын айтымында, бул коркунучтуу оору 24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүндө гана эмес, ар күн сайын көңүлдүн борборунда болушу зарыл. Аймира Мендеева

Мектеп окуучуларынын олимпиадасы өтүүдө
Бишкек шаарында 27-марттан 30-мартка чейин мектеп окуучуларынын Республикалык жыйынтыктоочу олимпиадасынын 4-этабы өтүүдө. Олимпиада кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты, тарых, математика, информатика, физика, химия, биология жана чет тилдери боюнча жүргүзүлмөкчү.
Бул Олимпиадага катышуу үчүн республиканын бардык аймактарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан окуучулар (бардыгы болуп 410) келди.
Окуучулардын республикалык олимпиадасы төмөнкү тартипте өткөрүлөт:
- 27-28-мартта кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты, англис жана француз тилдери боюнча начар уккан жана кулагы кийинчерээк укпай калган балдардын №21 жатак-мектебинде;
- 27-28-мартта математика, информатика, биология, физика, химия, тарых, немис тили боюнча №5 Улуттук компьютердик гимназиясында;
- 27-28-мартта Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинде информатика боюнча эксперименталдык тур өтөт;
- 28-мартта И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде физика жана химия боюнча эксперименталдык тур өтөт. А.Мендеева




Президент
"Жаңылануу Багытын" сунуш кылды
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Бул абалга бийликтин да тиешеси бар экенин мен билем, бирок бийликте азыр ким отурбасын - бир гана каалоо, бир гана колдун шилтеми менен кырдаалды жөнгө сала албайсың. Бул оор жана узак процесс", - деп айтып келип дүйнөлүк каржылык кризисинин шартына ылайык узак мөөнөттүү механизм - Президенттин жаңылануу Багытын сунуш кылды.
Алар Президенттин айтуусу боюнча: биринчиден: чыныгы көп партиялуулук система жана конструктивдүү оппозициянын ишмердигине шарт түзүү керек. Экинчиден: жарандык коом институттары менен диалогго жана кызматташтыкка жетишүү кажет. Үчүнчүдөн: мамлекетти башкаруу системасын реформалоо. Реформа чечим кабыл алуу, алардын аткарылышына көз салууга ар кандай кызыкчылыгы бар бардык топтордун катышуусуна шарт түзгүдөй болушу кажет. Төртүнчүдөн: биз күчтүү маданий саясаттын зарыл экенин билебиз. Экономикалык кризистин тамыры маданияттын, идеологиянын жана ишенимдин негиздеринин кыйрашында жатат.
"Кийинки Президент ким болбосун, ал саясый жактан туруктуу, оң өзгөрүүлөргө даяр, 2001-2005-жылдарга салыштырганда таанылгыс өлкөнү кабыл алат", - деп айткан К.Бакиев Жаңылануу Багытын жарыялап талкууга салуунун максаты: улуттук мүдөөлөрдү жүзөгө ашыруу тегерегинде коомдун башын кошуу; өлкөнү стратегиялык башкаруу процессине коомдук көзөмөлгө жетишүү" экендигин баса белгиледи. Абды Жаркынбай


Анжиандагы Айтматов
Өткөн жылы Өзбекстанда Анжиан мамлекеттик университетинде өзбек-кыргыз филологиясы факультетинин демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөн эле. "Жахон" маалымат агенттигинин жана "Правда Востока" газетасынын жазганына караганда, ошол жыйында сүйлөгөн кырктай кишинин докладдары атайын китеп болуп "Анжиан" басмасынан жарык көрдү. Бул жердеги окуу жайында кыргыз филологиясы боюнча адистер жети жылдан бери даярдалып келет. А.Муратов