presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кандын тазарткычы - Бөйрөк
Кыргыз Республикасында өнөкөт бөйрөк ооруларын дарылоо эң олуттуу жана өтө көп чыгашаны талап кылган иш-чара болууда. Бул илдетти өз учурунда дарылабаса ал бөйрөктүн патологиясына, башкача айтканда кургап калуусуна алып келет. Эмесе бөйрөк илдетинин айланасында адистердин пикирине көңүл бурсак.

Кыргыз Республикасында бүгүнкү күнгө чейин 21 кишинин бөйрөгү трансплантант, 50 кишиники жасалма бөйрөккө алмаштырылган, 90 адам бөйрөгүн алмаштырууга муктаж, 51 адам гемодиализ алып жатат.

Бөйрөк адамдын муштумунун өлчөмүндөй болуп, ич көңдөйүнүн арткы бетинде орун алган. Алар дайыма организмдеги туздун өлчөмүн жана сууну жөнгө салып турат. Бөйрөктүн негизги кызматы кандын составынан зыяндуу уулуу заттарды жана суунун калдыктарын сыртка бөлүп чыгаруу. Ошондой эле, бөйрөк адамдын артериялык кан басымын жөнгө салуу менен бирге, кызыл кан денечелерин көзөмөлдөп, сөөктөрдү да кадимкидей абалында кармап турат. Организмдеги зыяндуу заттарды заара аркылуу сыртка чыгарат. "Эгерде ар кандай суук тийүү, сезгенүүнүн натыйжасында бөйрөк өз кызматын толук аткарбай кала турган болсо, канга уу заттар толуп кетип, кан айлануу да бузула баштайт, аны өз учурунда дарылабаса анда бөйрөктүн сезгениши өнөкөткө айланып кетет да бөйрөк кургап калышы ыктымал,"-дейт М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун (КжТУБ) Гемодиализ бөлүмүнүн жетекчиси Рысбек Калиев. Анын айтымында, бөйрөктүн аткарган ролу абдан чоң, ал организмдеги суюктукту бир калыпта кармап туруу менен, тутумунда минералдар, натрийдин жана калийдин иондору жана молекулалары бар кандын жүрүшүн теске салып, кандын кычкылдануусун да жөндөп турат.

Бөйрөктүн өнөкөт дарты кантип пайда болот?
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Айнагүл Жумагулованын айтуусунда, айрыкча буттун суу болуусунан, көпкө чейин суу кечип жүргөндөн, же суук, сыз жерде иштегенде бөйрөк сезгениши ыктымал. Ага өз учурунда маани бербей койсо, кийин ал олуттуу дартка айланат. "Негизинен бөйрөктүн өнөкөт ооруларынын пайда болушу бөйрөккө суук тийүүдөн, анын түйдөкчөсүнүн сезгенишинен болот, заара бөлүп чыгаруу системасынын сезгениши жана тукум куучулук шарттардын негизинде болот. Бирок өнүккөн өлкөлөрдө да, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө да кант диабети менен кан басымынын жогору болушу бөйрөктүн жабыркашына алып келет, бул айрыкча улгайган адамдардын арасында көбүрөөк кездешет,"-дейт. Бул илдеттер акыры жүрүп жүрөк кан-тамыр ооруларына келип жетет. Бөйрөктүн иштешинин бузулушу менен бирге кант диабети, артериялык гипертензия, сарык сыяктуу оорулар да күч алат. Натыйжада, бөйрөктүн иштеши солгундап, аны алып салууга же жасалма бөйрөк менен алмаштырууга туура келет.

Гемодиализ
Р.Калиевдин билдиргенине караганда, учурдагы заманбап ыкмалардын бири - жасалма бөйрөк, гемодиализ же бөйрөктү алмаштыруу. Гемодиализ - бул адамдын өмүрүн 20-25 жылга чейин узарта алат да адамдар кадимкидей эле жашай беришет.
"Бөйрөк иштебей калган учурда кандын составындагы уулуу заттар жана суунун калдыктары сыртка бөлүнүп чыкпай калат. Ал эми гемодиализ болсо ошол иштетилген канды сыртка алып, тазалап анан кайра организмге жиберет. Канды тазалап алмаштыруу өтө көп чыгымды талап кылат. Оорулуулар бул жерге бир жумада 3 жолу келип 4 саат канын тазалатат,"-деп түшүндүрдү Р.Калиев. Анын билдирүүсүндө, гемодиализ процедурасын алууга түшкө чейин бир адам, түштөн кийин бир адам келип жатып, бир аппарат бир күндө эки адамды тейлейт.
Бүгүнкү күндө, бөйрөктүн оорулары өтө эле көп кездешет. Алар барган сайын ар кайсы континенттерден көп сандаган адамдарды жабыркатып, ал эми дүйнө жүзү боюнча бул ооруга чалдыккандардын саны 400 - 600 миллион адамга жеткен.
Учурда дүйнө элинин 13 пайызы бөйрөк дартынан запкы жешет, бирок алардын көпчүлүгү бул тууралуу биле беришпейт. Ошол эле учурда дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллион адам алмаштырылган бөйрөк менен жашап келишет. Кыргыз Республикасында бүгүнкү күнгө чейин 21 кишинин бөйрөгү трансплантант, 50 кишиники жасалма бөйрөккө алмаштырылган, 90 адам бөйрөгүн алмаштырууга муктаж, 51 адам гемодиализ алып жатат. Анын ичинен 42 адам мамлекеттин эсебинен дарыланып жатса, 9 оорулуу өз акчасына керектелүүчү каражаттарды алып дарыланууда. Бир адамга гемодиализге жумшалуучу каражат алууга бир жылга 336 миң сом керектелет, ал эми аппараттын кызматы, дарыгерлердин иши бекер көрсөтүлөт. Албетте, бардык эле адамдар буга материалдык жактан алы жетпейт, ошондуктан бул иш мамлекет тарабынан каржылануусу талапка ылайык.
Бишкек шаарында "жасалма бөйрөк" бөлүмдөрү - Кардиология жана терапия улуттук борборунда, Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунда гана бар, региондордо болсо, Ош жана Каракол шаарларында бириктирилген облусттук ооруканаларда орнотулган. Ошол эле учурда айта кетүүчү нерсе, КжТУ борборундагы 1992-жылы чыгарылган 12 аппарат жетишсиз. "Бүгүнкү күндө Республика боюнча 90 оорулуу бул гемодиализ аппаратынын кызматына муктаж. Бөйрөктүн мындай дарылоо ыкмасына муктаж адамдардын саны 388ге жетсе, бөйрөгүн алмаштырган жана такай көзөмөлгө муктаж болгондор - 27 адам. Саламаттык сактоо министрлигинин аракети менен жакын арада Травматология жана ортопедия улуттук борборунда да "жасалма бөйрөк" бөлүмүн ачуу маселеси каралууда, себеби азыркы учурда иштеп жаткан бөлүмдөр жетишпейт,"-дейт Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев. Анын айтканына караганда, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тендер жүргүзүлүп, Швейцария менен Германиянын биргелешкен "Гамбро" фирмасынын "жасалма бөйрөк" аппараттары Кардиология жана терапия улуттук борбору үчүн - 4, Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борбору үчүн - 5 аппарат алынган. Ал эми бул аппараттар үзгүлтүксүз иштеп жылына 90 адамга жардам көрсөтсө, ага керектелүүчү материалдарга кеткен чыгым жылына 35 миллион сомго барат экен.
Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө бөйрөк оорусун өтүштүрүп жиберип кайрылгандар арбын. Эгерде ар бир адам өзүндө төмөнкүдөй белгилерди байкаса,
- организмдин жалпы уулануусу, дененин температурасы 38-400ка жогорулашы,
- чыйрыгуу, ашыкча тердөө, көздүн алды шишимик тартуусу,
- жүрөк айлануу, кай бирде кусуу, табити жоголуусу,
- тез-тез кичи заара ушатуу, заара менен кошо кандын келиши, тез-тез эле заара келип бирок аз эле санда чыгышы.
- белдин үстүнөн, оң тарабы же сол тарабы же эки жагы тең, кабырганын алдынан оорутуусу,
- кыймыл аракет жасаганда, оор көтөргөндө же үшүгөндө белдин сыздап оорутушу,
- бели чыдатпай оорутканда отура калып же тура калып жаны кейисе, тез арада медициналык кызматкерге кайрылып, анализдерди тапшырып эртерээк диагноз аныкталса айыктырууга жеңил.




Чайдын сыры
Мындан беш миң жыл илгери Кытайда пайда болгон чай ичүү салты кытай философиясы сыяктуу эң баалуу нерсени бүгүнкү күнгө чейин жеткирген. Уламышка караганда, Кытай императору Шен Нанг (б.з.ч. 2737-2697-ж.ж.) бакчадагы дарактын түбүндө кайнак суу алып келерин күтүп, эс алып жаткан. Император өтө кыйкымчыл адам болуп, ал эч качан чийки суу иччү эмес экен. Бир маалда суу кайнап жаткан чоюн идишке күтүүсүздөн чай дарагынын жалбырагы учуп түшөт. Императорго берилген суусундук ушунчалык өзүнүн даамы менен аны таң калтырат. Ошондон баштап ал чай дарагынын жалбырактарын чогултуп изилдей баштаган Андан бери далай кылым өтсө дагы, али күнчө чай императорлордун аздектеп ичкен суусундугу болуп келет.

Каркаде чайы
Каркаде чайы - бул гүл чайы, Гибискус гүлүнүн желекчелеринен чогултулган. Ал Епипетте, Суданда ири плантацияларда өстүрүлөт. Араб өлкөлөрүнүн элдик медицинасында ал кан басымын тууралап, спазмды түшүрүүчү катары, суук тийип сезгенүүлөргө каршы колдонулат.
Каркаде чайы кан тамырлардын жээктерин чыңалтып, кан басымын тууралайт, кандагы холестериндин санын төмөндөтөт, бактерияларды кыйратуучу мүнөзгө ээ, ашказан-ичеги карындын иштешин жөнгө салып, ар түрдүү аллергияларда, ууланууларда, алкоголго ууланганда жардам берет. Баарынан кызыгы каркаде чайын ысык ичкенде кан басымын жогорулатат, муздак ичсе кан басымын төмөндөтөт. Кай бир оору чакыруучу микроорганизмдерди өлтүрөт, ошондой эле мите курттарды чыгаруучу касиети да бар. Бул чайды бардык курактагылар иче берсе болот.
Кардкаде чайында жемиш кычкылдары, аминкычкылдары, жеңил сиңирилүүчү углеводдор, макро жана микро элементтер, витаминдер бар.
Бир кашык чайды бир стакан кайнак (90-1000) суу куюп, оозун бекем жабат. Чайды айнек же фарфор идишке демдеген жакшы, эч качан металл идишке демдебеш керек, металл чайдын даамын бузуп коёт. 2-3 мүнөт тургандан кийин ысык бойдон да муздаганда да иче берсе болот, кант кошсо да кошпосо да даамы бузулбайт. Составында лимон кычкылы болгондуктан, жайдын ысык аптабында бул чай жанды сергитет.

Ит мурун чайы
Ит мурун ашынан демделген поливитамин чайы ден соолукка пайдалуу, тонусту жогорулатат, склерозго каршы, канды байытуучу, суук тийүүгө каршы организмдин күрөшүү күчүн жогорулатат. Бул чай ички секреция бездеринин иштешин жогорулатып, организмдеги зат алмашууну жөнгө салат. Борбордук нерв системасына оң таасир берип, жүрөк, ашказан-ичеги карын жолдоруна жана организмдин коргонуу жөндөмүн арттырат. Ит мурундун ашынын кайнатмасы ар түрдүү ооруларга каршы колдонулат, айрыкча иммунитетти жогорулатууга, балдар үчүн миңдин бири. Бирок дарылоо өлчөмү ар бир учурда дарыгер тарабынан аныкталат. Ит мурун поливитаминдүү өсүмдүк, анын тутумундагы витаминдердин ар түрдүүлүгү жана көптүгү башка өсүмдүктөрдөн бир кыйла жогору. Анын кайнак сууга чыланган тундурмасы жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү жөндөмүн арттырып, атеросклероздун өнүгүшүн басаңдатып, жалпы организмдин чыңалуусуна жардам берет.
Ит мурундун ашынын тутумунда кант, пектин, дубилдик заттар, органикалык кычкылдар (алма, лимон ж.б.), май, флавоноиддер, В тобундагы витаминдер, аскорбин кычкылы, каротин (А провитамини) токоферол, микроэлементтер - темир, марганец, фосфор, магний жана кальций бар.
Ит мурундагы биологиялык активдүү заттар организмге тышкы чөйрөнүн терс таасирине, жугуштуу ооруларга, зыяндуу факторлорго каршы күрөшүү жөндөмүн жогорулатат. Анын үстүнө бул өсүмдүктөгү аскорбин кычкылы склероз оорусуна каршы таасир берип, эске тутууну жакшыртат. Лимон жана карагатка караганда ит-мурунда аскорбин кычкылы көп санда болуп, 100 грамм кургак ашта 600 мг. болот. Ошонун натыйжасында, ал өттүн сары зилин чыгарууну, заара чыгарууну жөнгө салып, ткандардын регенерациясын жогорулатып, гормондордун синтездеп, углеводдордун алмашуусун да тууралап, суук тийүүгө каршы күрөшүүчү касиетке да ээ.
Ит мурун Кыргызстандын бардык жерлеринде өсөт. Аны кеч күздө бир кар жаагандан кийин жыйнап алып, жакшы шамалдаган бирок, көлөкө жерде кургатып алса, анын бардык азыктык баалуулугу сакталып калат.
Эмесе урматтуу окурмандар, чайыңыздар даамдуу болсун.









??.??