presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Гүлбара жоош, Бейшенбек кичине, Сабырбек чыргоо...
Үч бөлмөлүү үйгө тактай төшөлбөптүр, анын ордуна цемент куюлуп, үстүнө линолеум салып коюшуптур. Күн жылып калганына карабай, меш жагып отурушат. Кашайып керели-кечке жарык жок болгондуктан ушуга нан жаап, чай кайнатабыз дешти. Ным тарткан үйдө Үлпөт эже абышкасы, келин уулу, иниси аялы менен, неберелери болуп бардыгы 15 киши жашайт экен.

Табиятта үч эм баланын төрөлүүсү сейрек кубулуш. Кыргыз ошондон улам үч эм төрөлгөн жер менен үйгө кут түшөт деп жоруп калган чыгаар. Эгер андай болсо, акыркы кезде үч эмдердин жарыкка келип жатышы жакшы жышаана. Бу саам жалган курандын алтысы күнү Үмөталиевдердин үй-бүлөсүндө үч эм-эки уул, бир кыз жарык дүйнөгө келди. Бакыт Үмөталиев менен Өлмөсхан Жунушованын жерлиги Токтогулдан. Учурда "Мурас ордо" жаңы конушунда турушат. Экөө тең 32 жашта. Үч эмден башка ортолорунда Аскат, Бейбарс аттуу 9-10 жаштагы уулдары бар. Мындай маалыматты биз "Мурас ордо" жаңы конушунун айыл өкмөтү Кыдырма Абакировдон уктук. Жашоо-турмуштары менен таанышып, гезитке чагылдырып койсоңор деп келген экен. Айтканын эп көрүп, фото аппаратты көтөрө жөнөп калдык.

Санжи Туйтунова
"Мурас ордодо" эгиздер үчүн шарт жок..
"Мурас ордо" десе шаарга жакын деп ойлогом. Зымылдаган машине менен жарым саатта араң жетсек болобу. Адеп көзгө урунганы эле ылайдан чампаланып тургузулган үйлөр, ар кайсы жердеги пайдубалдар, анан өңгү-дөңгүл жолдор болду. Тал-терек дегенди учурата албадык. Анын ордуна уйгак менен чекенди көйкөлө өсүп, тынбай соккон айдарым желге ыргалат. Жаңы конуштагылардын жүрөк үшүн алган дал ушул шамал. Тамынын шыйпырын учуруп, далай убаралантат тура. Суу, бала бакча, медпункт сыяктуу маселелер али чечиле элек. Балдар билим алыш үчүн Аламүдүн районуна караштуу Озерное айлынын мектебине барышат экен. Жарым саат жол жүрүп, шаарга келмек кайдан... Жашоочуларды кубанткан бир эле нерсе - бул үйлөрүндө Ильич шамынын жанып турганы. "3 жылдай караңгы отурдук, айыл өкмөткө ыракмат. Чуркап жүрүп, жаңы жыл астында жарык койдуруп берди" дешет мурас ордолуктар. Айткандай эле, айыл өкмөт Кыдырма Абакировдун эмгеги аркасынан электр линиялары орноп, маршрутка каттап калыптыр. Жанагы эгиздерге да өзү балалуу болгондой кубанып, эптеп үй алып берсем деп көрүнгөн чоңдун эшигин жырткан ушул киши... Жаш аялмет үй-бүлөгө жан үрөп чуркап жүргөнүн "Үмөталиевдердин үй-бүлөсү бул жерде үч жылдан бери жашайт. Анда-санда көчөдөн өткөндө кайрылып, үйүңөрдү чоңойтуп алсаңар боло деп айтып калчумун. Бир жолу мага төрөт үйүнө жаткырсак, чыгарып коюшту эмне кылабыз деп чалып калышты. Гүлбара Токтогулованы шаардык кеңештин депутаты болуп жүргөн кезде жакшы таанып калган элем. Ал киши "Мурас ордого" да келип, жашоочулар менен жолугуп кеткен. Ошого кайрылгыла дедим. Балдар төрөлгөндөн кийин барып ырымын жасадык. Сүйүнчүсүн кылып, жентек берип дегендей. Мындай нерсе "Мурас ордо" үчүн чоң кубаныч болду. Өзүбүзчө жыйын өткөрүп аксакалдардан бата алдык, балдарга ат койдук. Мэрияга, акимиатка, Жогорку Кеңешке билдирдик. Айыл өкмөттө каражат тартыш болгондуктан чоң эмес, чакан белек ыроологону турабыз. Менин оюмча келин бул жерге чыгып келгенде кыйналып калат го. Жалаяк жууганга суу ташыш керек дегендей. Үйдүн кейпи болсо бул. Ошон үчүн шаар ичинен квартира берилсе, балдар жакшыраак шартта өссө деген тилек менен аракет кылып жатам" деп түшүндүрдү.

15 киши сыйган үч бөлмө...
Бакыт менен Өлмөсхан жашаган үй жаңы конуштун орто ченинде экен. Тамдын дубалы сокмо менен тургузулуп, тегереги тосулбаптыр. Бизди Бакыттын бир тууганы Үлпөт эже тосуп алды. Ал-жай сураган соң ичкери өтүүбүздү суранды. Үч бөлмөлүү үйгө тактай төшөлбөптүр, анын ордуна цемент куюлуп, үстүнө линолеум салып коюшуптур. Күн жылып калганына карабай, меш жагып отурушат. Кашайып керели-кечке жарык жок болгондуктан ушуга нан жаап, чай кайнатабыз дешти. Ным тарткан үйдө Үлпөт эже абышкасы, келин уулу, иниси аялы менен, неберелери болуп бардыгы 15 киши жашайт экен.
- "Бул жерге келгенибизге төрт жылдын жүзү болду. Абышкам экөөбүздүн алты балабыз бар. Баары очор-бачар, бир балам колумда. Бакыт сегиз бир туугандын эң кичүүсү. Токтогулда жашай турган үйү жоктугунан тирлик кылайын деп биякка келген. Туруктуу кызматы болбогон соң иним, курулушта иштейт. Келин эки баласын карап үйдө эле. Боюнда үч эм барын УЗИ аркылуу билгенден баштап эле тааныш дарыгер издедик. Кандай болот, жакшы карасын деп ойлодук да. Айы-күнү жеткенде №4 төрөт үйүнө алпарганбыз. Балдар туура эмес жатып калыптыр, операция жолу менен төрөтүш керек дегенинен 8 миңден ашык акча да таап бердик. Мына-мына төрөйт деп турганда карабасып, келин акчасын жоготуп алыптыр. Күйөөсүнө жолугам деп чыгып, 20 мүнөттөй туруп калган го. Жанындагы аял УЗИге кетиптир, анын соткасы жок. Догдурларга айтса, өзүңөргө-өзүңөр сак болбойт белеңер деген экен. Өлмөсхан ыйлап, бизге чалган соң үйгө чыгарып келдик. Эртеси күнү кечинде толгоо тартып, кайра №3 төрөтканага жеткирдик. Ал жердин башкы дарыгери Гүлбара Токтогуловага ыракмат. №3 төрөт үйү коммерциялык болгонуна карабай, бекер операция жасап, бир топ жардамдарды берди. Балдардын бирөөнүн салмагы кичине болгондуктан азыр үйгө чыга элек. Күн сайын барып жатабыз. Кошумча тамагы бар. Памперс абдан керек экен. Эптеп карызга болсо да акча таап, сатып алабыз",-дейт Үлпөт Үмөталиева.

Күн-түндү алмаштырып, бир маалда ыйлашат...
Айтмакчы, Өлмөсхан, эгиздер учурда №4 төрөт үйүнүн патология бөлүмүндө жатат. Бакыт аларга каралашып, жанында экен. "Булар бизге 12-мартта №3 төрөтканадан которулуп келишти. Акыбалдары орточо. Өтө деле дарылап, ийне сайган жокпуз. Азырынча багуу гана керек. Анткени, бирөөнүн салмагы кичирээк, караганга туура келет. Энесинин сүтү эки балага жетип, үчүнчүсүн тойгуза албагандыктан кошумча тамактандырып жатабыз. Эгер балдар тыңып, салмак кошсо чыгарабыз. Себеби, ооруканага көп кармаган болбойт, балдарга зыян",-деди патология бөлүмүнүн башчысы, неонатолог Асылкан Мамбетөмүрова.
Ата-эненин уруксаты менен балдардын атын айыл өкмөттө иштегендер, аксакалдар коюшканын башта айтпадыкпы. Биринчи түшкөнү кыз болгондуктан ага №3 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлбара Токтогулованын атын ыйгарышыптыр. Экинчисине Бишкек шаарынын 1-Май районунун Муниципалдык аймактык башкаруу бөлүмүн жетектеген Сабырбек Өмүралиевдин, үчүнчүсүнө Жогорку Кеңеш депутаты Бейшенбек Абдрасаковдун ысымын коюшкан. Өлмөсхандын айтымында, Гүлбара жоош. Ал эми Сабырбек менен Бейшенбек бир тондо жаткандыктанбы бир маалда ойгонуп, бир убакта ыйлашат. Ымыркайлар күн менен түндү алмаштырып алгандыктан, ата-эне таттуу уйкудан кагылган. Бирок, экөө ага деле кайыл. Чүрпөлөрүнүн амандыгын гана тилешет. "Үч эм экенин 28 жумага караганда УЗИден билдим. Оңой эмес экен, төрт жолу сактанууга жатып, төрөгөнгө чейин ушул жерде болдум. Негизи менин каттоом №2 төрөт үйүндө эле. Бирок, №4 төрөткананын шарты жакшы дегенинен ушул жерге жаткам. Акчамды жоготуп алып, кайра чыгып кеткенге туура келди. Толгоо кыстаганда №3 төрөт үйүнө алып барышып, ошол жерден көз жардым. Балдар туура эмес жатып калгандыктан, кесерово жолу менен жарыкка келишти. Бейшенбек 1 кг. 900 гр. болуп төрөлгөн. Ошол себептүү дароо үйгө чыкпай, ооруканага жатууга туура келди. Азыр 2 кг.100 гр. болуп калды. Салмагы ойдогудай туулган Сабырбек деле чыргоо, эти ысып жатат, эмнеден экенин билбейм. Үйдө шарт жок, барсак кандай болот деп корком. Муздак үйдө киринткен кооптуу го. Ансыз деле саал бирдеме болсо кусуп, ыткытып калышат",- дейт Өлмөсхан. Бакыт болсо жоголгон акчага деле кейибейт "балдарым, жубайым аман, буйруса бардыгы жакшы болот",- дейт кыргыздын канга сиңген камаарабастыгы менен.

P.S. Жубайларды учурда бир гана нерсе кыйнап турат. Ал турак-жай маселеси. Башка мамлекетте үч эм бала төрөлөөр замат кам көрөт экен. Бизде деле үч эмдерге үй тартуулаган салт бар дечи, бирок ал кечигип болчу эле. Бакыт менен Өлмөсханда күтө турган шарт жок. Сыз, салкын, күндүн муруту араң тийген үйдө наристелер кыйналып калышы мүмкүн. Элибиз эгиз төрөгөн аял бейишке чыгат деп коет. Андай болгон соң аларга көрүлгөн камкордук сооп экени талашсыз. Биз, редакция жамааты колунда бар кыргыздын атуулдарын бул үй-бүлөгө колдон келишинче жардам берүүгө чакырабыз. Ага чейин жогору жактагылардан да ырайым болоор...










??.??