presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Стамбулда болуп өткөн "Суу форумуна" көптөгөн мамлекеттердин президенттери катышты
Суу маселеси каралды
2030-жылдары адам баласы суунун тартыштык коркунучу менен кагылышы мүмкүн деп билдирди бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын Стамбулда өтүүчү V форумдун катышуучулары. Алардын айтымында, дүйнөлүк коомчулук суу ресурстарын иштетүү боюнча жаңы программаларды иштеп чыгуусу зарыл.
"Адам баласынын жашоо образынын өзгөрүүсү сууну керектөөнүн өсүшүнө алып келди. Суунун таңсыктыгына каршы күрөшүү бул жакырчылыкты жоюунун бирден бир жолу",- деп билдирди Бириккен Улуттардын билим берүү, илим жана маданият уюмунун генералдык директору Коитиро Мацуура. Ал эми Стамбулдун көчөлөрүндө бул форумга каршы болгон бейөкмөт уюмдардын акциясы өтүүдө. Алардын пикиринде, форумдун катышуучулары суу ресурстарын менчиктештирүүнү көздөп, сууну пайдаланууну чектөөдө.




Жардамдан баш тартышты
Түндүк Корея Америка жиберген азык-түлүктөрдөн баш тартты. АКШнын мамлекеттик департаменттин өкүлү Роберт Гуддун билдирүүсүндө, Пхеньян баш тартуунун себебин билдирген жок. "Түндүк Корея өзөктүк күчтөр боюнча Вашингтон менен келишпестиктин айынан ушундай чечимге келди. Эми бизге бейөкмөт уюмдар (НПО) менен иштешүүгө туура келет. Анткени жардамга муктаждардын саны күн санап өсүүдө",- дейт Р.Гуд.

Россия Монголияга кредит берди
Россия Монголияга 300 миллион доллар кредит берүүнү чечти. Бул туурасында аталган өлкөнүн премьер-министри Владимир Путиндин монгол коллегалары менен болгон жолугушуусунда айтылды. Берилген акча айыл-чарба тармагын өнүктүрүү максатында колдонулмакчы. Монголиянын премьер-министри Санжийн Баярдын айтымында, аталган сумманын жарымы ушул жыл ичинде алынат. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап темир жол транспортторун иштетүү жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында сүйлөштү.

Жумушсуздук рекорддук көрсөткүчкө жетти
Өткөн жылдын ноябрь айынан январга чейин Түркияда жумушсуздардын саны 13,6% га өстү. Мындай көрсөткүч аталган өлкөнүн статистика институтунун отчетунда айтылды. Бул көрүнүш өлкөнүн түптөлүшүнөн берки эң жогорку көрсөткүч. Түркия өкмөтү өлкөдөгү экономикалык өсүшкө таянып, жумушсуздардын саны 9,6% га гана көтөрүлүшү мүмкүн дешкен. Эми алар жумушсуздарды жөлөкпул менен камсыздап, жаңы жумуш орундары түзүүнү пландоодо.

Тибетти сактайбы же...
Кытай бийик тоолуу Тибеттин борбору Лхастын тышкы көрүнүшүн өзгөртүп, калктын санын чектөөнү пландоодо. Чет элдик укуккоргоочулар Лхастын тарыхый көрүнүшүнө жасалган мамилеге бир катар сын пикирлерин айтып келишкен. Кытай бийлиги мындай пикирлерди четке кагып, аталган регионго инвестиция тартып, тибеттиктердин уникалдуу жашоо образдарын сактап калууну пландоодо. Жаңы долбоордун негизинде аталган шаардын жашоочуларынын саны бүгүнкү күндө 500.000 адамды камтыса, алардын санын 450.000ге чейин кыскартуу пландалып, жаңы курулуштар үчүн 75 чарчы чакырым жер бөлүнгөн. Шаардын көпчүлүк бөлүгүндө тибеттиктер жашаса, борборунда түнкү клубдар менен соода борборлору жайгашкан. Ал эми калган бөлүктөрүн мигранттар ээлейт. Жаңы пландар боюнча жергиликтүү бийлик тарыхый, эстетикалык жана маданий мурастарга көп көңүл бурулмакчы. Ошондой эле, алар имараттардын өңүн жана бийиктигин да көзөмөлдөп туруусу зарыл.




Россия куралданууга эбегейсиз акча бөлүүдө
Орус армиясын массалык түрдө кайрадан жаңылап куралдандыруу иштери 2011-жылы башталат. Бул туурасында орус президенти Дмитрий Медведев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы бир катар аскер бөлүктөрүндө заманбап согуштук техникаларга өтүү иштери башталган. Ал эми коргоо иштери боюнча 2020-жылга чейин түзүлгөн иш пландар жакынкы күндөрү Коопсуздук кеңешинде каралып, анан бекитилет. Эске сала кетсек, 2009-2011-жылдары мамлекеттик коргонуу иштери үчүн бюджеттен төрт триллион рубль бөлүнгөн. Премьер-министр Владимир Путиндин маалымдаганындай, аталган иштер үчүн бюджеттен кыскартуу кризиске карабай планда жок. 1,3 триллион рублди аскер бөлүктөрү ушул жылы алышат. Ал эми өзөктүк күчтөр үчүн каралган сумманын төрттөн бир бөлүгү гана коротулат. 2020-жылга карата аталган күчтөрдү толугу менен токтотууну пландап, спутниктик байланыштарды күчөтүү иштери алдыга коюлууда.




Эмгек акы пияз менен өлчөндү
Белоруссиянын Брагинди аталган районунда 52 ишкана "Брагинка" деп аталган айыл-чарбалык уюмдан эмгек акыларын пияз түрүндө алмай болушту. Бул туурасында "Хартия'97" агенттиги билдирди.
Документте кайсы ишкана канча өлчөмдө пияз алынары да көрсөтүлгөн. Ар бир адамга 10 килограммдан туура келгендей кылып, жумушчулардын санына жараша алынат. Райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Валентин Хмеленконун айтымында, "Брагин-ка" пиязды сатуу менен бирге калкты жашылча менен камсыз кылууну көздөөдө. Аталган ишкана бул жашылчаны базар баасынан төмөн баада башкача айтканда, бир килограммын 400 белорус рублинде (14 цент = 58 тыйын) сатууну пландоодо. Эгерде документте көрсөтүлгөн буйруктар ишке ашып калса, анда "Брагинка" өтпөй жаткан 50 тонна пияздан арылмакчы. Ушундай эле көрүнүш Орше шаарында да кездешип, эткомбинатта иштеген жумушчулар эмгек акыларын консерва түрүндө алышкан. Мындай көрүнүшкө каршы болгондорго иштен бошотуларын эскертишкен.




Эквадорду унутушуп...
Бразилия географиясынын авторлору 6-класстар үчүн чыгарылган окуу китептеринин карталарында Эквадорду унутуп, Парагвай менен Уругвайдын ордун алмаштырып коюшкан. Мындай каталыктар жөнүндө "Associated Press" агенттиги маалымдады. Сан-Паулу штатынын окуучулары үчүн чыгарылган окуу китептеринде Колумбиянын бир жак бөлүгү көрсөтүлгөн эмес. Бир катар орфографиялык каталар да кетирилген. Аталган өлкөнүн билим берүү министрлигинин чечими боюнча китептин бардык тиражы (500 миң) жокко чыгарылып, кайрадан түзүп чыгуу иштери каралууда. Кетирилген каталар үчүн тандалып алынган китеп түзүүчүлөрдү күнөөлүү деп табышты.




Финн программистинин манжа-флешкасы
Мотоцикл менен баратып кырсыкка учурап, манжасын жоготкон финн программисти Жерри Ялава өзү үчүн манжа-флешканы ойлоп тапты. Көлөмү 2 гигабайттык флешканы туташтыруучу (USB) зым менен байланыштыруу үчүн жасалма тырмакты алдыга жылдыруу керек. Манжа-флешканы компьютерде калтырып койсо да болот. Жерра Ялава эми флешканын көлөмүн чоңойтуп, зымсыз өткөрүүнү жасоону пландоодо.
Өткөн жылдын жаз айларында Хельсинкиде мотоцикл айдап баратып бугу менен кагылышып, сол колунун аты жогун кестиргенге туура келген. Ага флешка идеясын дарыгерлер сунуштаган.




Назарбаевди орден менен сыйлашты
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Бириккен Араб Эмирлигине болгон иш сапарында бир катар макулдашууларга кол коюлду. Ошондой эле, араб өлкөсүнүн президенти шейх Халиф бен Заид аль Нахаяндын резиденциясында Н.Назарбаевди "Заид" ордени менен сыйлоо аземи болуп өттү. Жооп катары казак президенти "Алтын Кыран" орденин шейхтин төшүнө такты. Казакстан

Ахалтекин күлүктөрүнүн конкурсу
Түркменстанда ахалтекин породасындагы аттарга жаңы конкурс уюштурулду.
Жеңишке ээ болгон аттын ээсине аталган өлкөнүн ажосу Гурбангулы Бердымухамедов өз колу менен жеңил автоунаанын ачкычын тапшырмакчы. Ал эми калган жеңүүчүлөрдү айыл чарба министрлиги сыйламакчы. Бул конкурс сейрек кездешүүчү породанын тукумун өстүрүү максатында жыл сайын уюштурулат. Түркмөнстан

Жети жылда жети эсе өстү
Ооганстанда акыркы жети жыл ичинде студенттердин саны жетимиш пайызга өстү деп билдирет билим берүү министри Фарук Вардак. Анын айтымында, учурда мектептерде 6 миллион 200 миң окуучу окуйт. Өлкөдө 11 миң мектеп иштесе, алардын 511и мусулман мектептер. Колледждердин саны 38ге жетип, андан 33 миң студент билим алат. Өткөн жылы окуучулар үчүн 62 миллион нуска окуу китеби чыгарылган. Азыркы тапта 900 мектептин курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Жети жыл илгери кыздардын билим алуусуна тыюу салынса, учурда окуучулардын 36 пайызы кыздар. Ал эми жети жаштан өткөн сабатсыздардын саны өлкө боюнча 18 миллион адамга жетет. Ооганстан

Башка улуттар менен үй-бүлө кургандар көбөйдү
Статистика боюнча өткөн жылы Согдий областында башка улут менен үй-бүлө курууну каалагандардын саны 319га жетти. "Өзбектер менен тажиктердин баш кошуусу көп катталат",-дейт областтык ЗАГСтын башчысы Мукадам Хашимова. Ал эми жыл башынан бери жергиликтүүлөр менен чет элдиктердин баш кошуусунан 56 үй-бүлө курулган. Алардын ичинен төрт кыз Ооганстан, Кытай, Иран жарандарына турмушка чыкса, бир жигит кыргыз кызга үйлөнгөн. Калгандары өзбектер менен тажиктер болгон. Тажикстан

Ири өлчөмдөгү баңги зат кармалды
Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү героинди кармашты. Өзбек-казак чек арасында кармалган бул баңгизат "Газель" маркасындагы унаадан табылган. Ундай кылынып, 129 баштыкка салынган героин жашылчалардын арасына катылган. 140 килограммдык баңги затын Казакстан аркылуу Россияга алып кетүүгө болгон максаты ишке ашпай калган наркоку- рьер Тажикстандан алып чыкканын айтты. Өзбекстан

Кайра көмүү зыйнаты
Кабулда өлкөнүн биринчи президенти Мухаммад Дауд Хандын сөөгүнүн калдыктарын кайра көмүү зыяраты болуп өттү. Ага өлкө башчысы Хамид Карзай, өкмөт мүчөлөрү жана Дауд Хандын туугандары катышты. Дауд Хан жана анын 17 жакыны 1978-жылы президенттик сарайда коммунисттик төңкөрүш учурунда атылып кеткен. Алардын сөөгү Кабулдун чыгыш тарабында жашыруун көмүлгөн эле. Ооганстан

Көп балалуу болгула!
Өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов балдардын көп төрөлүшүн каалайт. Социалдык камсыздандыруу боюнча кабыл алынган мыйзамда декреттик отпусканы бир жарым жыл эмес, үч жылга чейин узартуу кабыл алынды. Үч жашка чейин балдарга 18 доллар өлчөмүндө жөлөкпул төлөнүп келсе, эми аны 100 долларга чейин төлөп берүү каралып, "Эне Мяхри" ардактуу наамдарын сегиз балалуу энелерге тапшыруу пландалды. Өлкө президенти түркмөндөрдү көп балалуу болууга чакырып, 15 жашка чейинки балдарды медициналык жактан бекер камсыз кылынарын айтты. Түркмөнстан

Бетти даярдаган Айша Курбанова









??.??