presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Дүйнөнүн ичээр суусу түгөнүүдө
Бакыт Орунбеков
Дүйнөнүн 182 мамлекетинен келген 27 миң өкүл жер шарындагы суу маселесин талкуулоого Түркиянын Стамбул шаарына бешинчи форумга чогулушту. Мынчалык көп мамлекеттер, катышуучулар мурда кийин кайсы бир эл аралык жыйынга чогулбаганы айтылууда. Анткени, коюлуп жаткан маселе оңой эмес экендигин айтып турат.
Форумда Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) баш директору Коитиро Мацуура жер шарындагы суу көйгөйлөрүнө токтолуп, 2030-жылы дүйнөнүн 47 пайыз калкы суу таңкыстыгын башынан кечирет деп бүтүм чыгарды. Уккан кулакка ишенбейсиң. Башка чыгып сүйлөгөндөрдү уксаң суунун азабын тартпаган эч бир мамлекет жоктой, баары эле чаңкаган көйгөйлөрүн ортого төгүштү. Баарын бириктирген нерсе - суу маселесин бир дагы мамлекет өз алдынча чече албай тургандыктарын моюндарына алышууда. Ошондуктанбы, бул форумдун чакырыгы "Суу кадыры үчүн биригүү" деп аталды.
Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, 2050-жылы дүйнө калкынын саны 9 миллиардга жетет. Элдин санынын, алардын тамак-ашка болгон муктаждыгынын өсүшү менен сууга, электр энергияга, жылуулукка болгон керектөөсү көбөйөөрү талашсыз. Ошондуктан дүйнөдө суу маселесин чечмейинче бир дагы саясий же башка экономикалык маселе чечилбейт, тескерисинче курчуйт деп эскертет БУУ. Форумду өткөрүп жаткан Түркиянын өкмөтү, бардык өлкөлөрдүн суу маселесин чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди иштеп чыгууга Бирдиктүү платформа уюштуруу демилгеси менен чыгууда.
Суунун башында делген тоолуу Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов да бул форумга барып, өлкөсү "күйүп" жаткан "суу-кербезин" дүйнө билермандарына чертип берди. Кыргызстан, кошуна мамлекеттер каражат маселесин чогуу көтөрүүдөн моюн толгоп келаткандыктан, өз гидро жайларында сууну топтоп, сактап, жаз-жай айларында сугат суу үчүн агызганына оңой эмес чыгым тартып жаткандыгын ачык айтты. "Кошуналардын экономикасы биздин дарыялардагы суулардан түздөн-түз көз каранды. Кыргыз- стан өзүнүн нефти-газы чектелүү болгондуктан аларды кошуна мамлекеттерден дүйнөлүк баада сатып алууга аргасыз болууда. Андан сырткары Кыргызстан суунун кесепетинен чыккан кырсыктар үчүн жылына 20 миллион доллар чыгым тартып жатат",-деп И.Чудинов мырза форумдун катышуучуларын көңүлүн бурууга аракет кылды. Натыйжа болобу же жокпу аны убакыт көрсөтсүн дейли. Анткени, буга чейинки эл аралык жыйындарда деле кыргыздын бул ыйы айтылып келген, тилекке каршы, кулак салган эч ким болгон эмес. Кошуналардын толгонгон моюндары жумшарбай, тескерисинче, ар биринин амбициялары башынан ашып, суу кайра эле чоң саясаттын камчысына айланып турган кези. И.Чудиновдун сөзүнөн кийин, Кыргызстандагы суу сактагычтарды каржылоого Казакстан же Өзбекстан акча бере калат дегенге ишенүү кыйын.
Дүйнөдө суунун запасы жылдан-жылга азайып жатканына коңгуроо кагылганына көп эле болду. Иче турган суу андан бетер таңкыстыкка айланууда. Африка, Жакынкы Чыгыш, Азиянын бир топ мамлекеттери бир тамчы сууга зар болуп, алтындан артык баалап калгандарына огеле көп убакыт болду. Башы шишиген аалымдар суунун азайышына адамдын өзүнөн сырткары климаттын өзгөрүшү менен кургакчыл жылдар көп болуп, кар жана мөңгүлөр мурдагыдан тез ээриши да таасир тийгизип жатканын какшап келатышат.
Башкасын билбейм, суунун кээри Кыргызстанга анчалык тийбесе керек деп дердейип жүрсөм, казактын профессору Е.Вилесов кечээ суу форумдун алдында жүрөк түшүргөн тыянактарын айтыптыр. Борбордук Азиянын тоолорундагы мөңгүлөр ушул кылымдын аягында түгөнөт экен б.а ээрип бүтөт. Акыркы жылдары мөңгүлөр мурда болуп көрбөгөндөй тез темп менен ээрип жатыптыр. Мисалы, 1980-1999-жылдары мөңгүлөр 0,3 метрге, 2000-жылы 0,5 метрге ээрисе, 2008-жылы 1,5 метрге чейин ээригени аныкталган. Эгер мындан 50 жыл мурда аэрофотосъемкалардагы мөңгүлөрдү космостун бүгүнкү фотосүрөттөрү менен салыштырганда, мөңгүлөрдүн 40 пайызынан кол жууптурбуз. Эгер жалпы климаттын жылышы демейдегисинен күчөп, тездей баштаса, XXI кылымдын 60-70-жылдары эле Борбордук Азиянын тоолору жылаңач каларын эскертет профессор Вилесов.
Мындай коркунучтуу, кооптуу болжолдоолорду, эсептөөлөрдү таш каптырганга 22-мартта өз ишин аяктай турган "Стамбул Суу форуму" жооп таба алабы, дүйнө кулак түрүүдө.




1 миллиард адам таза сууга муктаж
Форумда белгиленген маанилүү маалыматтар
Түркиянын Стамбул шаарында дүйнөлүк V суу форуму өтүүдө. Аталган форум суу маселесин чечүүгө багытталып, үч жылда бир өткөрүлүп келет. "Бүткүл дүйнөлүк суу форуму" алгач Мароккодо (1997), андан соң Нидерландияда (2000), Японияда (2003) жана Мексикада (2006) болгон.
Дүйнөлүк суу кеңешинин 65 өлкөдө 340 мүчөсү бар. Аталган кеңештин эң эле көп мүчөлүгүн Япония, андан соң Франция, үчүнчү орунду болсо Түркия мамлекети ээлеп келет.

* Окумуштуулар жер шарындагы калктын саны 2050-жылы 9 миллиарддан ашат деп болжошот. Климаттын өзгөрүүсү жана калктын санынын көбөйүүсүнөн улам адамдын саны 7 миллиардга жеткенде 60 өлкөдө суунун жетишпестиги көбөйөт.
* Дүйнөдөгү 1 млрд. адам таза сууга муктаж. Африка өлкөлөрүндө ооруканаларда дарыланып жаткан эки кишинин бири ичүүгө жана колдонууга таза суунун жоктугунан улам пайда болгон оорудан катуу жапа чегип, ал турсун өлүп калган учурлар жана күн сайын миңдеген жаш балдар булганган суунун курмандыгы болушат.
* Өнөр жай, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө киши башына күнүнө орточо 266 литр суу иштетилсе, Африкада орточо 67 литр, Азияда 143, Араб өлкөлөрүндө 158, Латын Америкада болсо 184 литрге барабар.
* Бириккен Улуттар Уюмунун кеңеши 2005-2015-жылдагы он жылдык мөөнөттү Эл аралык "Жашоо үчүн суу мезгили" деп жарыялаган.
* 2030-жылга барып, 5 млрд. адам таза суусуз калышы ыктымал.
* Африка континентинде Сахаранын түштүгүндө жашаган 340 миллион элге таза суу жетпейт. Бүтүндөй Африканын жарым миллиард калкы эң жөнөкөй сууну тазалоочу техникалык каражаттарынан артта калган.
* Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү калктын 80 пайызы, орто эсеп менен жылына 3 млн. адам суунун сапатсыздыгынан улам каза болушат.
* Диарея оорусунан күн сайын 5 000 жаш бала көз жумат.
* Акыркы 50 жылда таза сууга болгон керектөө үч эсеге көбөйсө, сугат жерлери эки эсеге арткан. Мындай абал демографиялык өнүгүүдөн келип чыккан.
* Учурда калктын саны 6,6 миллиардды түзсө, бул көрсөткүч жыл сайын 80 млн. адамга көбөйүп турат. Калктын санынын көбөйүшү айыл чарба продуктуларына болгон талапты жогорулатат. Ал эми айыл чарба продуктулары - суунун эң чоң керектөөчүсү. Жалпы сууну пайдалууну алсак, анын 70 пайызы айыл чарбага, 20 пайызы өнөр жайга, 10 пайызы күнүмдүк керектөөлөргө кетет.
* Суунун жетишсиздигинен улам чөл жана жарым чөлдө жашаган эл аргасыз миграцияга барышы күтүлөт. Анда 700 млн. чамасындагы адам суусу көп жерлерге көчүүгө мажбур болот. ZAMAN-Cihan булактарынан алып даярдагандар Э.Иранова, Э.Караева





Түрк лицейлери Россия консулдугуна зыярат кылды
Оштогу кыргыз-түрк "Сема" лицейинин мүдүрү Хикмет Жан менен "Себат" кыздар лицейинин мүдүрү Юртсевер Карасой Кыргызстандагы Россиянын Ошто жайгашкан консулдугуна зыярат кылып, эки тараптуу кызматташуунун келечек пландары боюнча акылдашты. Орус консулу К.Н.Зиганшин кыргыз-түрк лицейлериндеги билим берүүнүн сапаттык деңгээлине жогору баа берип, орус тилин окутуу боюнча окуу-усулдук маселелерине консулдук тарабынан жардам болорун айтты. Окуу мекемесинин жетекчилери консулдуктун жылуу кабыл алуусуна ыраазычылыгын билдирип, алдыда боло турган Нооруз майрамына арналуучу салтанаттуу майрамдык кечеге ардактуу конок катары катышып кетүүсүн өтүндү.
Эскерте кетсек, Оштогу кыргыз-түрк лицейинин жетекчилиги менен Орус консулунун жыл башынан берки экинчи жолугушуусу. Баштап, К.Н.Зиганшин "Сема" лицейине зыярат кылып, окуучулар жана мугалимдер менен жакындан таанышып, орус тили боюнча олимпиаданын жеңүүчүсүн куттуктап кайткан болчу. Тургунбай Алдакулов, Ош




Жаз жаңырыгы - Нооруз!
Урматтуу улуу- кичүү мекендештер, калайык-калк
Сиздерди жаз жаңырыгы болгон
Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм.
Сиздерге - баарыңыздарга: Нооруз - күндүн жылуулугун, сөздүн улуулугун, пейилдин кенендигин, адамгерчиликтин бийиктигин, бакыттын толтурасын, ынтымактын бекемдигин, достуктун ширелишин, үй-бүлөнүн бейпилдигин, мекендин тынчтыгын, өмүрдүн узунун, ден соолуктун мыктысын, дасторкондун берекесин, дандын молдугун ж.б.жалаң жакшылыктарды алып келсин.
Жаз жашоонун башталышы - жашооңуздар жаз гүлүндөй жайнап, эли-журтубуз эч нерседен кемибей бакубат жашашына чын ыкласымдан тилектешмин.

Эларалык "Себат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды




Кечээ Жогорку Кеңеште...
Каада күтөм деп капчыгы кагылып...
Кубанычбек Исабеков той-аш, өлүм-житимге кеткен обужок чыгымды ооздуктоо үчүн мыйзам сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, айыл жеринде мындай шаани өткөрүүдө атаандаштык күч. Айрыкча, өлүктү акыркы сапарга узатканда үй ээлери куру намыс үчүн төрттөн-бештен мал союп, дасторкон даярдашат. Кризис маалында буга чек койбосо, кыргыз сызга отурушу мүмкүн дейт ал. Акжол фракциясынын мүчөлөрү кесиптешинин бул сунушун туура деп эсептешет. Бир катар депутаттар бул көрүнүштү мыйзам менен тыйыш кыйын. Ал үчүн жергиликтүү бийлик, аксакалдар өздөрү да демилге көтөрүш керек деген ойду айтышты.

Азабы түгөнбөс Аксы
Бейшемби күнү парламент 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскеришип, бир мүнөттүк тыныгуу жарыялашты. Мындай сунушту Роза Отунбаева киргизип, аны Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаев колдоду. Эскерте кетсек, Аксы окуясы "Асаба" партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун камакка алынгандыгына байланыштуу чыккан.

Тамак сатсаң, тазалыкты сакта...
Саламаттык сактоо министринин орун басары Сабиржан Абдикаримов коомдук тамактануу жайларын текшерүү боюнча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү сунушун көтөрүп чыкты. Орун басар министрдин айтымында мындай жайлар жылына төрт жолудан кем эмес текшерилиши зарыл. Антпесе, санитардык абалдын кооптуулугунан ар кандай уулануу, ооруга чалдыгуу фактылары акыркы убакта өсүп баратат. Башкы санитардык дарыгердин бул демилгеси парламентте колдоого алынды. Санжи Туйтунова

Марттын акыркы күнү киного келиңиз
Үстүбүздөгү айдын 31инде "Айтышфильм" кино студиясынын жаңы тартылган "Прикосновение", "Карусель", "Струна", "Форс-мажор" аттуу кыска метраждуу көркөм фильмдердин премьерасы болот. Тасмалар Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун Кино Үйүндө саат 12де башталат.
Дареги Логвиненко көчөсү 13.










??.??