presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жаздын жыты
Жаздын деми, жылуу илеби жүрөк кытыгылап жан дүйнөнү жыргатат. Жанга жагым, көңүл толкуткан, чайыттай ачылган күн, чымчыктардын чырылдаганы, пыр-р эте канат кагып учканы, таңдын тунук атышын аябай эле сагыныптырмын. Жайкалган жашыл шибер, көңүлдү көтөрүп, түркүн түстө ачылган гүлдөр көз жоосун алып, көңүл кумарын кандырат.
Көзүмө жаз элестеп, жазды күтүп, жазга жакындайм. Жаздын жарчысы, кабарчысы болгон байчечекей дагы эле биринчилерден болуп гүлүн ачты. Өзү менен кошо жылуулукту, сулуулукту ээрчите келген калыбынан быйыл да жазбады.
Тигине, карачы, жашыл төшөнчү жазданып, бажырайып малакаакымдардын жатканын. Бир келген ошол кыска өмүрүн да аз дебестен татыктуу жашоого умтулуп, көңүлү чайыттай ачык, күлүмсүрөп жылмайганы жылмайган.
Малакаакым десе, айылым эске түшөт. Жаз келээри менен короодо алгач малакаакымдар жарыша гүлдөөр эле. Сүтүнүн акканына карабай, бир-бирден үзүп баш кийим токуп кийгенибизчи. Гүлдөн баш кийим, сапсары, бажыраят тим эле. Бул кыздардын жаздагы баш кийими болчу. Ал баарына жарашчу. Ар бир кызга ар башкача сулуулук берип, сары боёгу менен беттерине бир аз эндик да сүртүп койчу.
Айылдын жазы да бир башка. Гүлдөгөн алма-өрүктүн, айдалган топурактын жагымдуу жыты, очокко, тандырга коюлган оттун, ыштын жыты көңүлгө жагым, көзгө сулуу.
Өлбөгөн жанга жаз келер дегендей жазга да жеттик, кыштан да чыктык. Буга да шүгүр, жаздын жагымдуу жытын жыттатып, кооздугун көрсөткөн Жаратканга дагы бир жолу шүгүр.




Керектүү кеңештер
Какшыган казанга чымчым туз салып койсо май чачырабайт.
Жарылып калган жумуртканы туздуу сууда кайнатса белогу чыгып кетпестен жакшы бышат.
Таттууңуз духовкада күйүп кетпеси үчүн калыпка азыраак туз сээп койсоңуз болот.
Пиязды аарчуудан мурда бычакты туз менен сүртүп алса, жагымсыз жыт чыкпайт
Балык тазалоодо колдон жылмышып түшө бербеси үчүн колду утуру тузга салып туруу керек.
Эгер күн ысык убактарда этти сактоо кыйын болсо туздуу сууга нымдалган дакиге ороп койсо жакшы сакталат.
Эгер күрүчтүн аппак болуусун кааласаңыз суусуна жарым лимондун ширесин (күрүчтү муздак сууга жуу керек), ал эми эзилип кетпөөсү үчүн кайнап жаткан сууга бир аз сүт кошуп кайнатса жакшы бышат.
Жумуртканын жаңы экендигин текшерүү үчүн жарым литрлик банкага суу толтурасыз. Андан соң ага бир аш кашык туз аралаштырасыз да жумуртканы саласыз. Эгер жумуртка суунун түбүнө түшүп кетсе ал жаңы, ортосунда туруп калса орто жаңылыкта, ал эми калкып калса жегенге болбойт.
Жакшы, таза балык сууга салганда чөгүп кетет.
Боорду жумшак бышсын десеңиз, тузун бышайын деп калганда салыңыз.


Акыл мурастары
Эркелетип тарбиялай албаган коркутуп тарбиялай албайт. А.П.Чехов
Ата-эне балдарын бапестеп, өтө эле мээримдүүлүк менен сылап-сыйпай берип, көпчүлүк учурда бузуп алышат. Үйрүлүп түшпөй, токтоолук менен тарбиялаган балдар адептүү болуп чыгат. Аталык мээрим дал ошондой болууга тийиш. Д.Дидро
…биздин балдарыбыз - биздин келечегибиз. Туура тарбия берсек - биздин бактылуу карылыгыбыз, жаман тарбияласак - ал биздин шорубуз, көз жашыбыз, башка адамдардын, бүткүл өлкөнүн алдында биздин кечирилгис күнөөбүз. А.С.Макаренко
Дүнүйө - толкуган океан: анда компас менен сүзгөн суучул бактылуу. Компас болсо - тарбия. Н.Карамзин
Аял менен эркек - турмуштун эки түрдүү нотасы. Ансыз адам баласынын ички дүйнөсүнүн кылдары туура чертилип, толук күүгө келе албайт. Ж.Мадзини
Өмүр - гүл, сүйүү - гүлдөн чыккан бал. Балды татууга болот, ал эми чөмүлүүгө болбойт. В.Гюго
Кызганчаак адам турмушту: кичинени - чоң, жокту - бар кылып көрсөткөн дүрбү аркылуу көрөт. Т.Драйзер
Күйөөңдүн бош убакта жаныңдан чыкпасын кааласаң, өзүңдөгүдөй адептүү, назик жана жанга жагымдуу мамилени башка эч бир жерден кезиктирбегидей болсун. Пифагор
1 Тамак жасап жатканда аялына кылчактап карай бербе. Бөөдө коногуң тамаксоо жаман эркек экен деп калат.
2 Мезгил менен балдардын сүйлөшүнө, ойноосуна эркиндик бер. Күндүр-түндүр кодулай берсең, эки аяктуу айбан болуп калат.
3 Аргасыз болгон учурда да өзүңдүн жакыныңды азапка салба. Эмне дегенде ачкадан өлүп бараткан Адам, өз этин кесип жеп жанын сактап кала албайт. Бурят-монгол мурастарынан




Дүйнөдөгү оригиналдуу мейманканалар
Revista Viajes аталышындагы саякат журналы дүйнөдөгү өзгөчө делген 10 мейманкананын тизмесин түзгөн. Анда мейманкананын жарнамасынан тартып, көрсөтүлгөн кызматтары, дизайны, ж.б. оригиналдуулугун чагылдырган өзгөчөлүктөрү көңүлдү бурат, деп жазат журналда. Анда алардын тизмесин төмөндөн карап, байкап көрсөңүз болот.

Daspark мейманканасы, Австрия
Бул мейманкананын бөлмөлөрү кандайдыр бир деңгээлде трубага окшоп кеткен эки орундуу. Бул жерде керебет менен лампочкадан башка эч кандай шарты жок.

Karosta мейманканасы, Латвия
Бул мейманкана мурдагы аскердик абак жайгашкан Кароста шаарында курулган. Бул жайга келген меймандарга абактагыларга мамилени жасагандай мамиле кылышат. Кыскасы экстремалдык убакыт өткөрүүнү каалагандар үчүн ыңгайлуу жай десе болчудай.

Dog Bark Park, мейманканасы, АКШ
Мейманкананын түзүлүшү бигль породасындагы итти элестетет. Ал жерде түнөгүсү келгендер кайсы бир убакта гигант иттин башында болуп калаарын да билүүлөрү тийиш.

Hotel de Glace мейманканасы, Канада
Квебек шаарында жайгашкан аталган мейманкана жалаң муздан жасалган. Мейманкана январь айынан тарта мартка чейин ачык болот.

Capsule Inn мейманканасы, Токио
"Капсула мейманканасы" меймандарына бир гана матрац, жарык, радио жана телевизор сунуш кылат. Ал эми жуунуучу ж.б. жайлар бардык саякатчыларга бир болот.

Poseidon Undersea Resort мейманканасы, Фижи аралы
Аталган мейманкананын ачылышы 2010-жылга пландалып жатат. Анда деңиздин 20 метр тереңдигине бир нече бөлмөлөр курулмакчы.

Hotel de Vrouwe van Stavoren, Нидерландия
Бул мейманкананын бөлмөлөрү чыныгы вино бочкаларына айланган. Анда бөлмөнүн биринде ак, экинчисинде кызыл вино.

Everland мейманканасы, Франция
Бул мейманкана болгону бир бөлмөдөн турат… тагыраак айтканда жылып жүрүүчү, көчмө бөлмө.

Utter Inn мейманканасы, Швеция
Вестеросе шаарында жайгашкан бул мейманкана Меларен көлүнө 3 метр "чөктүрүлгөн" бир бөлмөдөн гана турат.

Lighthouse мейманканасы, Нидерландия
Harlingen маягында жайгашып, анын жалгыз бир бөлмөсүнүн терезесинен укмуштуудай панорама көрүнүп турат.




Жөргөмүштүн кызыктары
Жүздөгөн чакырым алыстыкка уча алышат
Жаш жөргөмүштөр желесинин жардамы менен узак аралыктарга уча алышат. Ал үчүн желенин учун бир жерге жабыштырып, өздөрүн аба агымына ташташат. Мына ушундайча алар жерде 5 чакырым, деңизде болсо жүздөгөн чакырым алыстыкка кете алышат.

Желеси сыртка чыгар-чыкпас муздайт
Жөргөмүштөрдүн денеси эки бөлүк болуп, арка жагындагы бездеринен желе чыгарат, мына ошол жердеги ичке тешиктерден тамчыдай болгон суюктук сыртка чыгары менен муздайт.

Аң уулаганга өзгөчө желе
Жөргөмүштөр желесин кармачу курт-кумурсканын чоңдугуна жараша токуйт. Мисалы, Түштүк Америка жөргөмүшү кумурскаларды оңой кармоо үчүн тыгыз жайгашкан желе токуса, көпөлөк сыңары чоңураак курт-кумурскаларга арасы ачыгыраак желе токуйт.

Манекен жөргөмүштөр
Дагы бир жөргөмүштүн түрү тикенден жана дарактын кабыктарынан манекен жөргөмүштөрдү жасашат. Жөргөмүш желесинин жиптери жибектен болуп, алар болоттон да бекем болот.
Жабышпай турган жерлерин өздөрү да билишет
Жөргөмүш желесинин баары жабышкак эмес. Олжосу желеге жабышып калган учурда жөргөмүш мына ошол жабышпай турган жерлери менен барып табылгасын кармайт.

Душмандарды жаңылтуу үчүн жасалма желе
Жөргөмүш душмандарын жаңылтуу үчүн бир нече жасалма желе борборун жасайт. Жеп бүткөн курт-кумурскалардын калдыгын желенин ортосуна коюп, манекен жөргөмүштөрдү колдонот.

Уста жөргөмүштөр
Жөргөмүштөр желесин негизинен эки нерсенин ортосунда, дубалдын бурчу же эки тал, дарактын ортосуна окшогон жерлерге токушат. Бирок, арасында айрым уста жөргөмүштөр да болот. Алар башкалардан айырмаланып бир эле жерге желе токууга жөндөмдүү келишет.

Канаттуулар үчүн эскертүү
Айрым жөргөмүштөр желесин жалтыраган ак түстө кылып токуп, зигзаг формасында белгилерди коюшат. Бул болсо канаттууларга ал жерден өтпөөсүн эскерткен белги болуп саналат.

Жылан жегендер
Эркек тарантулдун бутунун узундугу 25 см.ге барабар келгендиктен, алар бака, чычкан ал турсун айрым кичинекей жыландарды да кармап жей ала турган күчкө ээ болушат.

Жупташкандан кийин эркегин өлтүрөт
Карадул түрүнө кирген жөргөмүштөрдүн ургаачысы эркегине караганда 4-5 эсе чоң болот. Ал эми жупташкандан соң ургаачысы эркегин жеп коёт экен.










??.??