presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Жаңы жылдын жаңы күнү Ноорузум,
Ырыскынын башатында болгунуң
Бүгүн Нооруз. Бул күндү бир гана кыргыздар эмес Борбор Азиядагы каракалпактар, түркмөндөр, тажиктер, өзбектер, казактар, Кавказдагы азербайжандар, Ооганстан, Иран, Пакистан, Түндүк Индия, Ирак элдик майрам катары салтанатташат. Кыргыздар байыртадан эле жыл-ажыраш деп жаңы жылдын башталышын ушул күнгө туш келтирген.
Ушул күндөн кара жердин тоңу кетип, жерден тап келген да, жерге сайган көчөт өнүүгө шарт түзүлгөн.
Ушул күндөн дайралардагы тоңгон муздар эрип, суу чулдурап, таш астындагы балыктар чээнден чыккан.
Ушул күндөн кыш бою таманын соруп уктаган аюулар узак уйкудан ойгонуп, токой-тоо аралап жөнөгөн.
Ушул күндөн жерге көк чыккан.
Ушул күндөн дарактар бүчүр байлап, боткоктогон.
Ушул күндөн тили каткан канаттууларга "тил чыгып" безенеген.
Ушул күндөн жер астындагы курт-кумурскалар жер бетине шашылып, күндүн алгачкы жылымык күчүнө денесин какташкан.
Ушул күндөн кардан бошогон жерлерге байчечекей чыккан.
Ушул күнү табияттын мыйзамы боюнча күн менен түн теңелген да, бул карт ааламда кыш өлүп, бийликке жаз келген.
Ушул күнү сууга салган буудай өнүп, көк майса болуп, жаңы жылдын биринчи түшүмүн берген.
Анда элибизди ушул күнү Жылажырашы - Ноорузу менен куттуктайбыз, жакшылыктын, ырыскынын, ынтымактын жылы болсун!




Депутаттын айтымында, шайлоо боюнча Кодексте президенттин кезектеги шайлоолорун Жогорку Кеңеш ага 4 айдан кем эмес убакыт калганда белгилейт
Президенттик шайлоо күздө болушу мүмкүн
Кыргызстандын президентин шайлоо 2009-жылдын 25-октябрына чейин өткөрүлөт. Шайлоо өткөрүүнүн датасын Жогорку Кеңеш аныкташы керек. Мындай чечимди 19-март күнү Конституциялык сот кабыл алды. Бул чечим 2003-жылдагы Конституциянын редакциясынын негизинде каралды.
Президенттик шайлоонун так датасын белгилөө тууралуу талап менен Социал-демократиялык партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Конституциялык сотко февраль айында кайрылган. Ал Конституциянын президенттин шайлоосуна караштуу бөлүмүнө түшүндүрмө берүүнү суранган. Анын пикиринде шайлоолор 2009-жылдын октябрь айынын акыркы жумасында өткөрүлүшү керек.
Депутаттын айтымында, шайлоо боюнча Кодексте президенттин кезектеги шайлоолорун Жогорку Кеңеш ага 4 айдан кем эмес убакыт калганда белгилейт. Бирок, шайлоо кодексинде анын датасын белгилөө тартибинин өзү белгиленген эмес.
Курманбек Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда президенттикке шайланган. Ушул жылдын 11-февралында К.Бакиев экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуга ниеттенгендигин билдирген. Аймира Мендеева




Карышкырлар атылып, бирок терилери тапшырылбай жатат
Нарын облустук акимчиликтин жетектөөчү адиси Эсен Абышов атылган карышкырлардын терилеринин облустук аңчылык департаментине өткөрүлбөй жаткандыгына кабатыр. "Жыл башынан бери же болбосо 16-мартка карата облус аймагынан 78 карышкыр, 29 чөө атылды. Бирок, мамлекетке карышкырдын 9 жана чөөнүн 10 гана териси өткөрүлдү. Мергенчилер терилерди базарлар аркылуу сатып жатышат. Анткени, мамлекет тарабынан терилерге коюлган баалар абдан арзан болууда. Мисалы, ургаачы карышкырдын териси үчүн 2,5 миң, эркектерине 2 миң, бөлтүрүктөргө 1 миң жана чөөлөргө 800 сом төлөө баасы бычылган. Ал эми быйылкы жылдын биринчи чейрегине терилер үчүн Нарын облусуна 50 миң сом гана бөлүнүптүр",-деген Э.Абы-шов, өткөн жылда облуста жалпысы 245 карышкыр атылса, алардан 75 гана териси аңчылык департаментке өткөрүлгөндүгүн кошумчалады. Күмөндөр Усуптегин, Нарын










??.??