Евгений Дога:
"Чыгыш аялдары таң калтырган жашыруун сыр…"
"Анна Павловна", "Мой ласковый и нежный зверь", "Табор уходит в небо" кино тасмаларынын музыкалары аркылуу дүйнөгө таанымал болгон Евгений Доганы эпоханын генийи, улуу маэстро жана педагог катары жакшы билебиз. Анын керемет музыкасы Кыргызстандын Бишкек шаарында дагы бир ирет жаңырды. Бул ирет анын келишине "Азия Курулуш Банкы" себепчи болду.

"Таасирленбей, тескерисинче, таасир берүү керек"
Молдован композитору Евгений Дога Кыргызстанга бир нече жолу келип жүргөндүктөн, кыргыз элинин маданияты тааныш. Алгачкы ирет 1994-жылы, Кыргызстанга "Жамийла" фильминин тартылып жатышына байланыштуу сапар тарткан. Бул жерден кыргызстандык скульпторлор, музыканттар, дегеле искусство адамдары менен баарлашуусу, ал үчүн эң сонун профессоналдык таанышуу иши болду. Ал союз учурунда Чыңгыз Айтматов менен чогуу СССР Жогорку Советинде иштеп калгандыктан, Кыргызстандын маданиятына өз салымын кошо алган. Ал учурда композитордун айтымында, бардыгына тилекке каршы сактай албай калган бир гана советтик маданият тиешелүү болучу.
Композиторду бардык жерде болуп өтүп жаткан интеграция маселеси тынчсыздандыруу менен инсандык жана конкреттүү маданият кызыктырат. Бүт элдердин кыргыз, орус, кытай маданияты болобу ар биринин өзүнө таандык өзгөчөлүгү болот. Ал Кытай маданиятына байланыштуу да музыка жазган. Тилекке каршы, ошол негизги элдик өзөк, өзгөчөлүк жоголуп бара жатат. Анын пикиринде, андай улуттук өзгөчөлүк азырынча кыргыздарда сакталып турат, эгерде бул дагы интеграциянын шары менен жоголо баштаса, анда эң эле өкүнүчтүү болот. "Силерге башкалар таасир бербестен, силер башка маданиятка таасир бергенге аракет кылсаңар анда ал чоң жеңиш. Бул чоң маселе, мисалы, мен үчүн самолёт деген сөз кыргызча кандай болот деген суроо туулду. Көрсө, андай сөз бар экен, бирок, эмнегедир ал сөз колдонулбайт. Мисалы, костюмдун бир эле топчусу жоголуп кетсе ал кийим бузулуп калат эмеспи, маданиятка да мына ошол сыңары караш керек",-дейт Е.Дога.

Сөз алпын музыка алпы толуктап…
Е.Дога дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун америкалыктар тарабынан тартылган "Жамийла" көркөм фильмине музыка жазган. Классик жазуучунун чыгармасына классик композитордун музыка жазышы эки алп бир бүтүнгө биригип, тасманын мазмунун андан ары тереңдетип, ага дагы кошумча түс жана штрихтерди берүү менен бирин бири толуктай алган. Тасмадагы окуяларды, адамдын жан дүйнөсүн эргитип, түпкүрдөгү улуу сезимдерин дүргүтө алган музыка ыргактарынын коштоп турушу ага күбө өтөт. Улуу музыканттын айтымында, бул тасмага музыка жазуу ага кыйынчылык туудурган эмес. Анткени ал бир эле улутка тиешелүү чыгарма эмес. Евгений Дога: "Бул чыгарманын өзөгү жалпы адамзаттын проблемасын козгоп турат. Чыңгыз Айтматов бир эле улуттун эмес, ал бүтүндөй жалпы адамзаттын жазуучусу. Ал өзүнүн каармандары, өзүнүн чыгармалары аркылуу дүйнөлүк деңгээлге чыга алды, ал башкаларга таасир берди. Мен искусствонун ушундай жол менен байышын колдойт элем, "Жамийла" повести дүйнөлүк маданияттын бир бөлүгү",-дейт. "Жамийла" тасмасындагы музыканы опералык ырчы Вероника Кнаубдун үнү коштоп турду. Чынында эле бул кыргыздарга гана тиешелүү эмес жалпы адамзатка арналган улуу чыгарма экендигин, молдован уулу Е.Доганын, немец кызы В.Кнаубдун жүрөгү аркылуу өткөн музыканын толуктап турушу айгинелеп турат.
"Кыргызбы, эстонбу же оруспу, кайсы улуттун аялзаты болбосун бардыгы өзүнчө эле жашыруун сыр. Анын маңызы ушунда. Бирок, чыгыш аялдары бул сырды кандайдыр бир ритуалдуулукка ороп алышкан. Ал эми, Европа аялы "жылаңач жашыруун сыр" аны оңой эле чечип алууга болот. Мага мына ушул планда кыйыныраак болду, ошол сыр менин чыгармамдын негизин түздү. Мен чыгыш аялдарына өтө башкача көз караш менен караймын. Алардын жан дүйнөсүндө кандайдыр бир сыр, касиет бар, ал эми Европада бул касиет жоголду десек да болот",-дейт классик композитор.

"Элге керек экениңди сезүү чоң бакыт"
Композитордун белгилүү чыгармаларынын көпчүлүгү эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү, опера ырчысы Вероника Кнаубдун коңгуроодой үнү аркылуу эл жүрөгүнө жетет. Бул ирет да Кыргызстанга В.Кнаубдун коштоосунда келген. "Мен бул жашоомдо бай боло алган жокмун, бирок, кедей дагы эмесмин, менин өмүрүмдө байлык эч кандай роль ойнобойт. Вероника экөөбүз үчүн эң башкысы биз билген жана биз азырынча багынта элек публиканын сүйүүсү. Биз бул жагынан эң эле өзүмчүл келебиз, бизди көбүрөөк сүйсө дейбиз",-дейт музыкант.
"Биз көптөн бери кызматташып келебиз, ошондой эле мен өзүмдүн устатымдын ийгиликтерине күбө болуп келе жатам. Евгений Дмитревичтин аурасы абдан кенен, анын чыгармаларын аткарып жатып, мен өзүмдү канат байлап алгандай сезем. Дайыма жанында болуп, анын ошондой укмуш аурасын өзүмө көбүрөөк сиңирип алууга ашыгам. Өзүмдүн окутуучумду суктандыргым келет, аны сыйлайм жана сүйөм. Ал эми Кыргызстандын сулуулугу мени өзүнө багындырды. Балким, Европада дагы кооз жерлер бардыр, бирок, мен бул жердеги жаратылыштын сулуулугун эч бир аймакка салыштыра албайм. Кыргызстандан Эстонияга кайтканымда, досторума "Кыргызстанга барып келдим" десем, алар муну дайыма башка бир планетадай, таң калуу жана суктануу менен кабыл алышат",-дейт Вероника Кнауб.
Учурда Е.Дога музыкасын жазган фильмдердин саны 200дөн ашып калды. Автор алардын бардыгын тең эле жатка биле бербейт. "Ал тасмалардын айрымдарын гана эстейм. "Мой нежный и ласковый зверь", "Мария, Мирабелла" булар классикалык чыгармалар, ошондуктан дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун ал белгилүү болуп калган. Чыгармачылык жактан иштешүүгө ар дайым жан дилим менен макул болом, жаш кезимде абдан энергиялуу болчумун, көп жазчумун. Менин кесибимди көптөрү сүйгөндүктөрү мени абдан кубантат. Буга чейин "Азия Курулуш Банкынын" башкы директору Адина Турдубаеванын Балтикадан Калининград шаарына чакыруусу мени аябай толкунданткан. Бул артист үчүн чоң жетишкендик, өзүңдүн публика үчүн керек экениңди сезүү айтып бүткүс бакыт",-деп ал анын чыгармачылыгын баалап Кыргызстанга келүүгө чакырган кыргыз айымына ыраазычылык билдирди.
Музыканттын пикиринде автор өз ишин билиши керек, ал чыгармасын кайсы убак болбосун жаза бериши керек, ал эми мезгил өткөн сайын эл муну өзү талдап алат. Учурда анын жазган музыкалары окутуучулук, тарбиялык милдетти аткарат, кандай гана болбосун адам достордун көп болушуна көңүл буруусу зарыл. Анткени акча чыгымдалат, кийим эскирет, ал эми достор калат берет. "Достор вино сыяктуу барган сайын күчүнө келе берет. Мен өзүм досторду таап ушунча жүк менен Мекениме кайтсам абдан кубанычтуу болом. Жан дүйнөсү руханий жагынан бай адамдар, турмушту, жашоону таптакыр башкача кабылдашат. Алар ар намыс менен жашашат. Мен көп эле жерлерди кыдырдым, бирок силер жасагандай мамилени бардык эле жерден кезиктире бербейм",-дейт В.Дога.

"Муундардын ортосундагы көшөгө абдан коркунучтуу…"
Поп-музыкага композитор жетишерлик толеранттуу мамиле кылат, ар бир нерсенин өз орду бар, андыктан ага каршы күрөшүүнүн кереги жок деп эсептейт. "Ар бир эле мышыкта бүргө болот деп коюшат эмеспи, андыктан биз поп-музыканы бүргө деп да койсок болот. Мен поп-музыканы укканда абдан ачуум келет, анда бардык нерсенин аралашуусу кыжырымды келтирет. Бул тармакта өз ишинин чеберлери аз, мисалы мында П.Чайковскийди кайрадан оңдоп жазуунун кереги жок болчу. Сүрөт искусствосунда азырынча эч ким И.Репинди же В.Верешагинди кайрадан оңдоп ага автомобилдерди кошуп тартып чыга элек, ал эми музыкада эмне үчүн мындайга жол берилиши керек? Эгер заманбап музыка жазгың келсе, классикалык музыкаларга тийишпей кайрадан жазып чыгышыңа эч ким тоскоол болбойт. Секиреби-кыйкырабы мейли, бирок, алар өз алдынча өнүгүшү керек. Ч.Айтматов сыяктуу классиктер менен биздин муун чыгып бүттү, күндөн-күнгө алар азайып баратышат. Бирок, азыр деле сонун таланттуу жаштар пайда болду. Азыр Батыштабы, кай жерде болбосун бардык жерде муундардын ортосуна көшөгө тартып коюшту, бул өтө коркунучтуу",-дейт музыкант. Азыркы муундарда "буга чейин жана андан кийин" деген түшүнүк калыптанган. Мисалы, күн аларга чейин болбогондой, жаштар күндү таап, ачылыш жасагандай сезишет. Муундар шаты сыңары, ал эми шаты тепкичи жок болбойт. Андыктан нормалдуу, цивилизациялуу адам болушу үчүн өзүнүн маданияты болушу керек. Аймира Мендеева