"Айгүл коругу" түзүлдү
Баткенде "Айгүл-таш" тоосунун Айгүл гүлү өсүп жаткан жерде комплекстүү 300га жер аянты "Айгүл коругу" болуп түзүлдү.

Өзүнүн кооздугу менен ааламга таанылган, дүйнөдө сейрек кездешкен "Айгүл" гүлү областыбыздын негизинен Баткен районунда, азыраак Лейлек районунун аймагында өсөт. Жыл сайын апрель айынын орто ченинде "Айгүл" гүлүнүн гүлдөгөн учуру Баткен жергесинде майрам катары белгиленет.
Гүлдөрдүн канышасы болгон Айгүл гүлүнүн жылдан жылга азайып кетип бара жаткандыгын эске алып, быйыл Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор Маратбек Жумабековдун демилгеси менен "Айгүл" гүлү өскөн тоонун картасы чийилип, корук боло турган жер аянты аныкталып атайын токтом кабыл алынды. Токтомдун негизинде Баткен районунун Кара-Булак айылындагы "Айгүл-таш" тоосунун Айгүл гүлү өсүп жаткан жерде комплекстүү 300га жер аянты "Айгүл коругу" болуп түзүлдү.
Ошондой эле, "Айгүл" гүлүн мамлекеттик корук статусуна көрсөтүү жөнүндө материалдарды карап чыгып, жетишпеген документтерин толуктап "Айгүл" гүлүн мамлекеттик корукка алуу боюнча Өкмөткө областтык администрациянын сунуш каты жиберилди.
Илимде Рябчик Эдуарда деген аталыш менен белгилүү болгон гүл, 1978-жылы СССРдин кызыл китебине киргизилген. Акыркы жылдарда "Айгүл" гүлү кароосуз калып, азайып кетип жаткандыгына байланыштуу, аны сактап калуу максатында, жалпы коомчулукту "Айгүл" гүлүн коргоо ишин уюштурууну колго алуу боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан иш аракеттер жасалууда.




"Ош-Исфанага" 35 млн. доллар каралмакчы
Март айынын алгачкы жумасында Баткен областынын губернатору Маратбек Жумабеков Европалык кайра иштетүү жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда "Ош-Исфана" жолун реабилитациялоо долбоорунун алкагында кеңири сөз болду. Анда бул ишти 2010-жылы баштап, аталган банк жана өкүлчүлүк тарабынан 35 млн. доллар каражаты каралып, жол курулушу 2,5-3 жылдын аралыгында бүтө тургандыгы айтылды. Канышай Ашимова




Карыялар үйүнүн көйгөйү эмнеде?
Сузак районуна караштуу Октябрь айылындагы Карыялар жана майыптар үйүндө учурда 113 (58 аял, 55 эркек) улгайган адамдар жана майыптар башпаанек таап жашашууда. Алардын арасында ошол жерде баш кошуп, чогуу жашап жатышкандары бар. Карыяларга болгон камкордук көңүл жылытарлык даражада болгону менен, айрым көйгөйлөр аталган мээрим үйүнүн кызматкерлерин бир топ санаага да батырып келет.
Наталья Грознаянын бул жерде жашап жатканына 14 жылдын жүзү болууда. Анын айтымында, мээрим үйүндөгү шарттарга жашоочулар нааразы эмес. "Балдарыбыздан, жакындарыбыздан көрбөгөн камкордукту бул жердин кызматкерлери колдон келишинче көрсөтүп келишүүдө. Эгер мени азыр кайра үйүмө алып кетүүнү айтышса, барбайм. Ушул жерге үйрөнүп калдым. Болгону эски имараттарды жаңылап беришсе, кеңири басып турганга шарт жаралмак",- дейт Н.Грозная.
Эски имарат демекчи, учурда карыялар жашап жатышкан 3 кабаттуу имарат 120 орундуу болуп, ага жанаша эскилиги жетип, пайдалануудан чыккан бир кабаттуу имарат бар. Карыялар жана майыптар үйүнүн директору Майрам Узакбаеванын айтымында, эгер имарат кайрадан оңдолсо, баса албай калган кишилер ошол жерге жайгаштырылып, аларга болгон ыңгайлуулук кеңейтилмек. Анткени, жашоочулардын 70ке жакыны баса албагандыктан, бардыгын азыркы пайдаланып жаткан имараттын биринчи кабатына жайгаштырышкан. Бир бөлмөдө төрттөн жана бештен жашап жаткандар да бар. Директордун сөздөрүнө таянсак, эски имаратты ремонттон өткөрүү же болбосо ордуна башкасын салуу өтүнүчү менен ал жердеги кызматкерлер бир канча жолу жергиликтүү жана жогорку бийликтерге кайрылышкан. Бирок азырынча эч кандай майнап чыккан жок.
Карыялар үйү Кыргызстандын түштүгүндөгү жалгыз мээрим үйү болгондуктан, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунан адамдар келип, жашашат. "Жашоочулардын тамак-ашына мамлекет тараптан бир суткага 55 сом акча каралган. Ооба, бул сумма аз, бирок айрым жакшы кишилердин демөөрчүлүгүнүн астында жашоочуларыбыздын тамак-ашынан маселе жаралбайт",- дейт М.Узакбаева.
Айрым жашоочулардын алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, ашыкча маселе жаратышы карыялар үйүндөгү дагы бир негизги көйгөйлөрдөн болуп саналат.
"Пенсия берилген күнү бизде "майрам" башталат. Айрым жашоочуларды көчөдөн таап келебиз. Алардын бул адаты бизди аябай ашыкча санаага батырат",-дейт М.Узакбаева.
Мээрим үйүндөгү карыялардын басымдуу бөлүгүн орус жана кыргыз улутундагы адамдар түзүшөт. Алардын арасында баласы жоктору аябай аз. Дээрлик бардыгынын балдары бар, бирок ар кандай себептерден улам, карыялар бул жерге келип, башпаанек табышкан. Карыялардын айтымында, жашоочуларга болгон медициналык камкордук көңүл жылытарлык даражада. Эгер жашаганы келгендердин арасынан бирөө жарымда жугуштуу оору болсо, ал жерде жашаганга уруксат берилбейт. Жума сайын мончо, чачтарач кызматы карыялардын таза жүрүшүнө шарт түзүп келет.
Ал эми дүйнө салган жашоочуларды акыркы сапарга узатууда да маселе көп жаралбайт. Ушул убакытка чейин бул жерде кайтыш болгон кишилердин эч кимисин жакындары алып кеткен жок. Көз жумгандардын ар бири өзү туткан дининдеги салттарга ылайык, акыркы сапарга узатылат.
Карыялар үйүндө күн кечирүү үчүн талапкер жашоочу 22 документти толтуруп, анан келиши керек экен. Алар кандай документтер экендигин билүү максатында карыялар үйүнүн кызматкерлерине суроо узатып, чынын айтсак, документтердин түрүнө түшүнүшүбүз бир аз кыйын болду. Мындайча айтканда, бул жерге жашаш үчүн келүүнүн алдынан жасала турган "документчилик иши" да карыяларды түзүк эле түйшүккө кириптер кылат, сыягы. Директор айым айткандай, айрым жооптуу кишилер тарабынан документтердин санын кыскартуу жагы каралып чыкса, жакшы болмок. Анткени, ал кагаздардын айрымдары бири бирин кайталап да калат экен. Санжарбек Эралиев, Жалал-Абад




"Карылар үйүнүн" тагдыры
Кызыл Жарым Ай коомунун Нарын облусундагы өкүлү Айгүл Жумаканова билдирүүсүндө 2006-жылы ачылгандан бери Нарын шаарындагы "карылар үйүнө" 27 адам тартылган. Үч жыл аралыгында 3 адам каза болуп, экөө майыптар үйүнө которулган. Учурда болсо 11 адам жашап жатат. - "Азыр Нарын шаарынан жана Ак-Талаа районунан дагы 8 адамды кабыл алуу сунушу түшүүдө. Бирок мамлекет тарабынан каржылоо болбогондуктан, биз аларды кабылдоодон баш тартуудабыз",-дейт Айгүл Жумаканова. Нарын шаардык кеңештин депутаты Алмазбек Акматалиев береги карылар үйүн каржылоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги аркылуу ишке ашырылуусу керектигин айтат. "Карылар үйүн каржылоо кепилдигин министрлик алыптыр. А биз болсо жергиликтүү бюджеттен 25 миң сом карадык",-дейт Алмазбек Акматалиев. Күмөндөр Усуптегин, Нарын




Сураныч
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу мусулмандар!
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Сиздерден Бишкек шаарыбыздагы жаңы борбордук мечиттин курулушуна жардам берүүңүздөрдү суранат.
Мечит - бул Кудайдын үйү
Бул мечит келечекте мусулмандардын ынтымагын бекемдеген, ыймандуулуктун булагы болгон ыйык жер болооруна ишенебиз.
Үстүбүздөгү жылдын 28-март күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарыбыздын Спорт ордосунда жаңы курула турган борбордук мечитке жардам берүү үчүн кайрымдуулук марафону өткөрүлөт.
Баарыңыздарды соопчулук жолуна кайдыгер болбостон кайрымдуулук марафонуна катышып берүүңүздү суранабыз.
Сиздерге жакшылык каалайбыз.

Банктагы эсеп счету:
Дареги: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Иш башкармалыгы
Банк:
ОАО "КБ Кыргызстан" 1-май филиалы, Бишкек шаары
Расчеттук счету:
№ 1030220002925022
БИК: 103002
Негизи:
Бишкек шаарындагы жаңы курулуп жаткан Борбордук мечитке кайрымдуулук жардам
Сурап билүү телефондору:
- (0312) 48 65 36, 48 70 60, 48 64 97

Кыргызстан
Мусулмандарынын
Дин башкармасы




Эки көчөт карызсың!
Ош шаардык мэриясы тарабынан 1-марттан 31-апрелге чейин шаарды көрктөндүрүүнүн эки айлыгы жарыяланды. Жарыяланган эки айлыктын алкагында токтомго ылайык ар бир шаардын жашоочусу эки түп көчөт отургузуусу керек. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын кызматкери Уралы Романов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин калаадагы көчөлөрдү бойлото 1 500 түп көчөт отургузулган. Алардын 400үн ийне жалбырактуулар түзөт. Назгүл Бостонбаева, Ош

Аксыдан Айтматовго кириңиз
Аксы районунун борбору Кербен шаарындагы "Алтын казык" кинотеатры мындан ары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты менен аталмакчы. Бул демилгени райондук кеңештин депутаттары кезектеги сессиясын өткөрүү учурунда көтөрүштү.
Бул пикир бардык депутаттар тарабынан колдоого алынып, эми кинотеатрга Ч.Айтматовдун ысымын берүү иши тез аранын ичинде чечилмекчи.
Депутаттардын айтымында, райондо Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына байланышкан иш-чаралар да тез-тез өткөрүлүп турат. Муну менен залкар жазуучу тууралуу жаңы муунга жеткиликтүү маалыматтарды берип туруу максаты коюлду. Санжар Эралиев, Жалал-Абад