Алдыга-артка жылдырылган афган шайлоолору
Кубан Абдымен
Борбордук Азиянын бир эле географиялык эмес, саясый да чордонуна айланган Афганистанда жаңы президенттик шайлоо мөөнөтү жакындап, анын мааниси эл аралык деңгээлге көтөрүлүүдө. Өлкөнүн азыркы 54 жаштагы президенти Хамид Карзай мамлекет башчылыгына мындан беш жылы мурун жалпы элдик шайлоо аркылуу келген. Азыркы мөөнөтү быйыл 21-майда аяктайт. Президенттик тактыга кайрадан отурууга бел байлаган Карзай, Конституциялык нормаларды сактоо максатында жана өлкөдөгү ар түрлүү саясый күчтөрдүн сыноосуна туш болбоо үчүн, шайлоону качан жана кантип өткөрүү тууралуу ойлонуусуна себеп көп чыгууда. Афганистандагы кырдаал ал бийликке келгенден бери бир аз стабилдешти деген сөздөр акыркы мезгилде көп угулбай калган. АКШнын аракеттерине нааразы болгон элдин көбөйүшүн байкаган Карзай, алардын көңүлүн өзүнө тартуу максатында бир нече жолу эл аралык конференцияларда АКШ баштаган антитеррордук күчтөр жүргүзүп келаткан согуш аракеттерин сынга алып, алардан согуш операциялары Кабулдагы бийлик менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлүшүн талап кылууга чейин барган. Ал эми АКШдагы шайлоодо Барак Обама жеңгенден бери, эки тараптык мамиле оңолуунун ордуна солгундай баштаганы байкалууда. Расмий мамилелерге, Афганистанда таасири ашып бараткан талибдерге каршы АКШнын аскерий аракеттери күчөтүлө тургандыгын билдирүү таасир кылууда. Барак Обаманын администрациясы Ирактан чыгарылып жаткан 17 миң америкалык аскерди Афганистанга которуу процессин баштады. Учурда АКШ аскер күчтөрүнүн Афганистандагы саны 38 миң адамды түзөт. Андан тышкары НАТО уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аскер күчтөрү дагы болжолу менен 30 миңге жакын. Алардын негизги максаты Афганистандагы каршылык көрсөтүп жаткан террористтик күчтөрдү жок кылуу жана таасири күчөп бараткан "Талибан" уюмун талкалоо болуп саналат. Б. Обаманын планы боюнча, жакынкы 18 ай ичинде АКШнын Ирактагы 140 миң аскеринин 100 миңден көбүрөөгү чыгарылып, алардын 30 миңи Афганистанга которулат. Мындай жүрүш менен АКШ бийлиги Афганистандын экономикалык өнүгүүсүнө да өбөлгө болчудай шарт түзүүнү көздөйт. Ал эми 30 жылдан бери согуштан чыга албай, мамлекетти өнүктүрүүчү экономикалык тармактар токтоп калгандыктан, жергиликтүү калк апийим өстүрүп, андан баңги заттарын чыгарып, сатуу жолу менен жашоого өткөн. Мунун пайдасын жакшы түшүнгөн аймактык "наркобарондор" элди апийимчиликке түртүп, мамлекеттин учурдагы абалдан чыгуу аракеттерине катуу каршылык көрсөтүп жатканы да белгилүү. Расмий бийликтин социалдык саясаты тыштан көрсөтүлгөн колдоого жана келген каражаттарга көз каранды болгондуктан, алардын эффектиси абдан начар деңгээлде калууда. Анын үстүнө Афганистан тоолуу мамлекет болгондуктан, көпчүлүк аймактар "Талибандын" таасири астында калуулары артууда. Мындай абал күчөй турган болсо, 2001-жылдан бери терроризмге каршы согуш жүргүзүп келаткан эл аралык күчтөрдүн аброю төмөндөп кетишин түшүнгөн АКШ бийлиги, батыш мамлекеттерин Афган маселесин чечүүгө кол кабыш кылуусун күчөтүү талабын айтып чыккан эле.
Эл арасында ушуга чейин бийликте турган Хамид Карзайга болгон нааразылыктын күчөшү байкалууда. Теги байыркы афгандык пуштундарга алып барган Карзай колунан келген аракеттерин жасап, Афганистандагы абалды оңдоого батышка таянып жүргүзгөн саясаты баткакка тыгылган арабага окшошуп, жетишкен жылыштар көңүлгө толоорлук эмес. Муну түшүнгөн АКШнын жаңы бийлиги эми Хамид Карзайдан башка, эффективдүүрөк саясатчы зарыл деген бүтүмгө келгени талашсыз. Ошол себептен, дипломатиялык каналдар аркылуу, келерки президенттик шайлоо август айына деген чечимге жыл башында Афган өкмөтүн ынандырган эле. Адегенде буга макул болгон Хамид Карзай атайын жарыя да кылган. Өлкөдөгү баардык саясый күчтөр да шайлоого даярдык кылууга жетишээрлик убакыт бар деген маанайда, эч бир кооптонуусуз мамиле кылган эле. Бирок, бир жагынан шайлоо августта өтө турган болсо, майдын 21инде президенттик мөөнөтү аяктаган Карзай мыйзамсыз мамлекет башчысы болуп калары бышык. Ошол себептен ал убактылуу болсо да, бийликтен кетип, шайлоого өз алдынча даярдык көрүүгө мажбурлануусу мүмкүн. Экинчи жагынан, августтагы шайлоого анын каршылаштары шашпай даярданууга мүмкүнчүлүк алып, алардын арасынан АКШ жана батыштын колдоосуна ээ болгондору жеңишке жетише тургандай потенциалга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар.
Кандай болгон күндө да, ушу жума башында Афганистандагы президенттик шайлоо 21-майга которулсун деген жардык чыгарган. Бул жардыкка кол койгон Хамид Карзай эми бийликтен кетпей туруп эле шайлоого даярдык жүргүзө алууга бел байлаган. Экинчиден - чечимди терс кабыл алган анын атаандаштары даярдык көрүүгө убактысы жетпей, шайлоодо ийгиликке жетишпей калуу коркунучу астында калышкан. Шайлоо мөөнөтүн алдыга жылдыруу чечими эл аралык деңгээлде сын-пикирди жаратып, өлкө ичиндеги оппозициялык күчтөрдүн да нааразылыгын пайда кылган. Андыктан Афганистандын "көз каранды эмес" Борбордук шайлоо комиссиясы Хамид Карзайдын жардыгы жараксыз деп, президенттик шайлоо алгачкы белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн жарыя кылды. Муну Комиссиянын төрагасы Азизулла Луддини расмий ирет 4-мартта кабарлады. Бул чечимдин чыгышына ким себепкер экени белгилүү ал - АКШ. Эми шайлоо 20-августта өткөрүлө турган алгачкы чечим калыбына келди. Карзайдын шайлоодогу негизги атаандашы Анвар Ульхак Ахмади мындай чечим учурдагы талапка ылайык жана жеңишке жетишүү үчүн даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүктү кеңейтет деп айтты.
Жалпы саны 30 миллиондон ашкан Афган эли "Талибан" бийликтен 2001-жылы АКШнын куралдуу күчтөрү менен сүрүлгөндөн бери экинчи ирет жалпы шайлоого барганы турат. Анын натыйжасында абал кандай нукка түшөөрү белгисиз. Бирок эгерде бийликте Хамид Карзай кала турган болсо, АКШ менен батыш мамлекеттеринин баш оорусу сактала берет. Борбордук Азия менен чектеш Афганистандагы абал Россияны да абдан кооптонтуп келет. АКШнын аба базасын "Манас" аэропортунан чыгаруу тууралуу Кыргыз бийлигинин чечими да, Афганистанга жиберилип жаткан АКШ аскер күчтөрүн жеткирүү маселесин татаалдатты. Ошол эле мезгилде, бул чечим Россиянын Афган маселесинде ойной турган ролун күчөттү. Афганистандагы куралдуу күчтөрүн курал жабдык менен камсыз кылуу операциялары каршылык көрсөтүп жаткан талибдердин айынан Пакистан аркылуу басаңдоосу, эми КМШ өлкөлөрү аркылуу жүргүзүлө тургандыгы Россиянын ролун күчөтүүдө. Андыктан жаңы кырдаалда Афганистандагы абал эми бир эле АКШ жана батыштын көзөмөлүндө болбостон, Россия, ал аркылуу ШОС өлкөлөрүнүн көзөмөлүндө да болуусу толук ыктымал. Акыркы убакта, Кытай менен алакасын жакшыртууга бел байлаган Вашингтон эми Россиядан тышкары Кытай менен Афган маселесин бирге чечүүгө аракет кылып жаткандыгы да, бул маселе чынында эле абдан оор проблемага айланып баратканын, аны чечүүгө баардык күч-аракетти жумшоо зарыл экендигин каңкуулайт.




АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ
bashredaktor@mail.ru
Чыгыш элинин бир өлкөсүнүн даңазасы таш жарган бир падышасынын жер чеги кеңейип, ал өкүмдардын мамлекеттин бир жагынан экинчи жагына барууга убактысы ушунчалык тар экен. Ошондой тар убактысынан эптеп орун таап, иш сапарларында падыша энесине кирип өтөт. Энеси, албетте, баласынын келгенине жетине албай кубанат, конок камы көрүлөт, а бирок падыша-уулдун убактысы тар, тезирээк эле кетүү керек. Ошондо энесине кантип муну айтарын билбей: "Кел, эне таманыңдан өбөйүн?" дейт. Энесине ыңгайсыз болот, уулу падыша болсо, анан анын таманын өөп жатса, "Кой, балам, менин таманымдын несин өбөсүң" дейт. Ошондо уулу "Бейиш эненин таман астында дейт, а сиз менин бейишке барышымды каалабайсызбы" деп жарга такайт, энеси аргасыз таманын уулуна тосуп берет, убактысы тар падыша-уул болсо эненин таманын өөп, эненин көңүлүн алып жолго чыгат. Ошон үчүн айтат: "Ата көңүлүн ооруткан эл ичинде кор болот, эне көңүлүн ооруткан сындырым нанга зар болот".
Кийин ар дайым ары-бери өткөндө убактысынын зык экенине карабай, энесинин таманынан жыттап-жыттап алып, андан соң сапарын улантчу экен ошол падыша.
Баласын көз карегиндей сактаган эне. Эң мыкты ырлар, дастандар, музыкалык чыгармалар, айкелдер, сүрөттөр эне жөнүндө. Эне тууралуу чыгармалар начар жазылууга тийиш эмес, анткени ал бала үчүн эң жакын адамга - энеге арналат.
Дагы бир мындай уламыш айтылып келет: Кайсыл бир доорлордо кайсыл бир элди жоо басыптыр. Кайсыл доор, кайсыл эл экендигинин бул жерде мааниси анчалык эмес, анткени баардык доордо, баардык элдерде энелер окшош келет эмеспи. Душман журтту кызыл уук кылып кырат. Энеге да кезек келет. Эне болсо жалгыз уулу менен жалгыз кызын бапестеп багып, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрчү экен.
- Сени эмес, кийин өч алуучу уулуңду өлтүрөбүз! - дешет душмандар.
- Жок, уулум үчүн мен өлүүгө даярмын! - дейт эне.
- Андай болсо бир уулуң үчүн бир көзүңдү, бир кызың үчүн экинчи көзүңдү оюп алабыз! - дешет.
Эне макул болот. Макул болмок түгүл эки көзү оюлуп жатса, балдары тирүү калганга ууртунда жылмаюу пайда болот.
Эне деген ушундай жаралган да. "Ата - билек, эне - жүрөк" деген сөз бекер айтылбайт десеңер.
Эне үчүн бала ар дайым - бала, перзент. 2006-жылы май айында Бишкекте мен 50 жылдыгыма карата тойчук берип калдым. Ноокаттан атам, апам, бир туугандарым келди. Атам бир-эки күн туруп эле шашып калды, кетпесем болбойт деп. Анан менин досторум "Аяшата кетип калдыбы" дешип сурашса, биз: "Апам урушат деп кетип калды" дедик. "Койсоңчу сексенге чыккан абышканы да апасы урушмак беле" дешет достор. Сексенге чыкса да эне үчүн бала деген бала да. Жүздөгү энебиз сексендеги баласын бапестеп турат, атам Меккеден ажыдан келгенде энебиз сүйүнгөндөнбү, же башка себеп болдубу, айтор, эсинен танып жыгылды. Энелик сезим деген башкача бир керемет нерсе тура, көрсө...
Күндөн сурашат экен: "Сенин табыңдан өткөн тап барбы", - дешип, "Бар, - дейт экен ал, - бул - эненин мээрими". Өлүмдөн сурашыптыр: "Сага тең келе турган күч барбы", - дешип, "Бар, - дейт экен ал, - бул - эненин мээрими". Ошон үчүн "эне мээрими ташты ээритет, эне каары тоону кулатат" деп айтылып келет.