Арыбаңыздар, асылзат замандаштар!
Ардактуу энелер!
Асылзат айымдар!
Кыргыз калкы жалпы белгилеп келаткан салттуу майрамдар арбын, бирок алардын катарында 8-март - Аялдардын эл аралык майрамынын биз үчүн өзгөчөлүү орду бар. Анткени, Аялзат - кеменгер, Эне, сүйүктүү Жар, сүйкүмдүү Карындаш, жароокер Кыз. Аларсыз баарыбыздын өмүр өтөлгөбүз өксүк, дүйнөнүн бир өңүрү бөксө болмок.
Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан бул майрам Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин деле баштагы каадасынан жазбай, кыргыз журтчулугунун ары наздуу, ары шаңдуу майрамдарынын бири катары ачык маанайда белгиленип келет.
Бул майрамдын жадыраган жаз мезгили менен жарыша белгиленип жаткандыгы да бекеринен эместир. Жаз мезгилинин келиши менен, жер жарыла чөп чыгып, желин айрый сүт чыгып, жаздын жылуу деми тирүү жандыктын баарына илгери үмүт берсе, Сиздердин 8-март майрамыңыздар ар бирибизге дем-күч берип, жарык маанай тартуулап турат. Ошондуктан, баарыңыздар көктөм жаздын күнүндөй жүзүңөр жаркып, эл ичинде эсен-соо жүрүп, бактылуу өмүр сүрүңүздөр.
Ардактуу асылзат айымдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерге кааларым ушул: жашоо жарыгы, үй куту болуу менен, өлкөнүн кең келечеги үчүн жасап жаткан адал эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, жаз баарындай дайым жаш, дайым сулуу болуңуздар. Ар бириңиздердин бакубат турмушта жашап, бактылуу болушуңуздарга тилектешмин.

Жаркын маанай,
жайдар мүнөз каалоо менен,

Айтибай Тагаев,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы




Дагы бир журналистке кол салышты
Сыргак Абдылдаев
"Репортёр" газетасынын кабарчысы Сыргак Абдылдаевге кол салуу болду. Учурда ал Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда оор абалда жатат. Борбордун башкы дарыгери Рамис Үсөнбековдун айтымында, анын абалы оор, бирок, стабилдүү. Анын абалын борбордун директору Сабырбек Жумабеков өзү байкоого алууда. Кабарчынын врачынын айтымында, эки колу сынган, мээси чайкалган, көкүрөк сөөгү урулган жана 21 жерине бычак сайылган: оң жагында -12, сол жагында - 9.
Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салуу Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүндөгү басылманын имаратынын жанында 3-мартта кечки саат 7лерге жакын болгон. Муну көрүп калгандар 20 мүнөттүн ичинде 4-шаардык ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлердин айтымында, журналисттин өмүрүн ооруканага эрте алып келүү сактап калган.

Президенттин секретариатынын билдирүүсү
КРнын президентинин секретариаты "Репортёр-Бишкек" газетасынын журналисти Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салуу боюнча өздөрүнүн тынчсыздануусун билдиришүүдө. Сыргак Абдылдаев коомучулукка өзүнүн профессионалдуулугу жана маасалык маалымат каражаттарына (ММК) материалдарды жарыялоодо тең салмактуулугу менен белгилүү.
Президенттин Секретариаты ММКлардын өкүлдөрүнө жана журналисттерине мыйзамсыз күч колдонуу жана башка басынтууларды айыптайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары бул фактыны өзгөчө көзөмөлгө алат жана өздөрүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн журналистке кол салгандарды табууга жумшайт деп ишенет.
Президенттин Секретариаты бул кылмыш ишин тезирээк изилдегенге жана күнөөлүүлөрдү табууга кызыкдар экендигин билдирет.

Медиа уюмдардын президентке кайрылуусу
Медиа уюмдар "Репортёр-Бишкек" газетасынын журналисти, өзүнүн курч материалдары менен белгилүү болгон Сыргак Абдылдаевге мыкаачылык менен кол салуу тууралуу маалыматты тынчсыздануу менен кабыл алышты.
Басылманын редакциясы муну анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Буга байланыштуу медиа уюмдар президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жасашты. Анда журналистке кол салуу боюнча кылмышты жеке көзөмөлгө алууну суранышат. Бул акыркы жылдары Кыргызстанда ММКлардын өкүлдөрүнө кол салуулардын көбөйүшүнө байланыштуу. Бул кылмыштардын көпчүлүгү ачылбай калды. Журналисттик кесип барган сайын коркунучтуу боло баштады, андыктан 2007-жылы өлкөдөн 5 журналист кетип калышкан. "Журналисттерге карата жасалган кылмыштардын жазаланбай жатышы, ММКлардын өкүлдөрүн өз алдынча цензуралоонун өсүшүнө жана саясий жана социалдык-экономикалык темаларды жазуудан качууга жол ачууда" деп жазылат кайрылууда.

Журналистке кан керек
Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий борборунун директорунун орун басары Рамис Үсөнбековдун айтымында Сыргак Абдылдаевдин абалы мурдагыдай эле оор, бирок стабилдүү. Учурда кадимки эле палатага которулду. Алдыда бейтапка дагы эки операция жасаганга туура келет, андыктан донордук кан талап кылынат. Кырсык болгон күнү Сыргак Абдылдаевди кан менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин меджардамды уюштуруу башкармалыгы, Республикалык кан куюу борбору камсыз кылган.
Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору журналисттик тилектештикти билдирүү максатында кесиптештерге Сыргак Абдылдаевге кан берүү боюнча акция уюштуруу өтүнүчү менен кайрылат. Сыргактын каны III топ, оң резус, ага кан жана плазма керек. Кайтарымсыз кан берүүнү каалгандар Республикалык кан куюу борборуна кайрылуусу зарыл. Дареги Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси 60, саат 8.00 дөн 14.00 чейин. (ишембиде саат 12.00 ге чейин), тел: 54-19-18 (регистратура), 59-58-69 (донордук бөлүм). Жаныңызда паспорт болушу керек. Аймира Мендеева




Жазгы талаачылык иштери жай жүрүүдө
Н. Бостонбаева, Ош
Мындай пикирди Ош облусунун губернаторунун орун басары А.Кулуев билдирди. Анын айтымында, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат жана Кара-Кулжа райондорундагы жазгы талаачылык иштерин уюшкандыкта өткөрүүнүн даярдыгы тиешелүү жетекчилер тарабынан текшерилген. Натыйжада, жазгы талаачылык иштерине даярдыктын солгун экендиги маалым болду. Ички чарбалык канал, арыктарды тазалоо, минералдык жер семирткичтерди жана күйүүчү майларды топтоо иштери колго алынган эмес. Бул көрүнүш айрыкча, Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондоруна таандык.
Облус аймагында үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн 62 миң гектардан ашуун жер аянтына күздүк кылкандуу дан эгиндери айдалган. Бирок, Ноокат районунда күздүк эгиндер өткөн жылга салыштырмалуу 2 763 гектарга аз. Пайдаланылбай калган жер аянттарын иштетүү боюнча эч кандай чара көрүлбөгөн. Ал эми тракторлордун 92 пайызы мындан он жыл мурун алынып келингендиктен, облус боюнча жалпы 463 трактор ремонттоого болбойт, таптакыр жараксыз абалга келген.
Ошондой эле, өткөн жылы 11 миң гектар жер аянты пайдаланылбай калган болсо, анын 3 642 гектары Араван районунда жүз берген.




Өлбөгөн жанга жаз да келди
Баткен облусунун аймагында жазгы талаа жумуштары башталды. Акыркы алынган маалыматтарга караганда, азыркы күнгө карата 3 700 гектар жер аянты айдалды. Лейлек районунда 239 гектар жаздык кылкандуу дан эгиндери себилди. Облустун аймагындагы 1 402 трактордон, 1 007си жазгы талаа жумуштарына даярдалды. Ал эми 2009-жылдын түшүмү үчүн 13 665 гектар аянтка жаздык кылкандуу дан эгиндерин себүү пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан жазгы талаа жумуштары үчүн "Айыл Банкы" аркылуу 6 млн. сом кредит бөлүндү. Канышай Ашимова, Баткен




Ала качуу аягы тыйылабы?..
Учурда жашы жете элек кыздарды ала качуу жолу менен зордоп никеге тургузуу тенденциясы күчөп кетти. Бул тууралуу шейшембиде, жаштар, гендер, дене тарбия, жана спорт комитетинин ОБСЕ менен биргеликте өткөргөн тегерек үстөлүндө белгилүү болду. Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Чолпон Абдуллаеванын маалыматына таянсак, 96 пайыз этникалык кыргыздар жашаган аймакта, 80 пайыз аялзаты ала качууга кириптер болушат. Алардын 68 пайызын 16-25 жаш курактагы кыздар түзөт. "14-16 жаштагы кыз эне болууга физикалык да, эмоционалдык жактан да даяр эмес. Бирок, бул нерсе эске алынбагандыктан акыркы кезде төрөттөн жан таслим болуу, ажырашуу өңдүү көптөгөн көйгөйлөр жаралууда",-деген ойду бир катар өкмөт мүчөлөрү билдирди. Эл өкүлдөрү болсо үй-бүлө кодексине айрым өзгөртүүлөрдү киргизип, никеге туруу убактысын 18 жаштан кылалы деп белсенип турушат. Санжи Туйтунова




Аксакалдар сотунан ак элечек көрүнбөйт...
Депутат Гүлнара Дербишова Аксакалдар соту жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү кириши зарыл деп эсептейт. Бул жөнүндө ал шаршемби күнү Коммунисттер фракциясынын комитет жыйынында билдирди. "Тажрыйба көргөзгөндөй, аксакалдар сотуна көбүнесе үй-бүлө, турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелер боюнча кайрылышат. Бирок, келиндер улгайган эркек адамдан уялат экен. Эгер ал жерде зайып болсо ичтеги бугун, арыз-арманын жашырбай айтышмак",-дейт ал. Бүбүмайрам Мамасеитова, Гүлжамал Султаналиевалар абысын-ажын, кайнене-келин, эрди-катын ортосундагы урушту байбичелер акылга салып, чече алат. Аксакал эркек киши аялдын турмушунун аялуу нерселерин териштире албайт деген кыязда коллегасын колдоорун билдиришти. Демилге айрым эркек депутаттарга жакпаганын белгилеп өтөлү. Аксакал депутат Бейшебай Акунов ачык эле каршы болду. Санжи Туйтунова




Кризис кыргызды кыйгап өтпөдү...
Борбор Азиядагы Евразия фонду (ФЕЦА) жана ЮСАИД эл аралык уюму таркаткан маалыматка таянсак, учурда кыргыз мигранттарынын абалы чеке жылытаарлык эмес. Адистердин эсеби боюнча учурда Россия жана Казакстанда 350 миң кыргыз эмгектенет. Алардын теңинен көбү кризиске байланыштуу мекенине кайтууга мажбур болууда. Учурда Кыргызстанга келгендердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 10 пайызга өскөн. Санжи Туйтунова




"2009-жыл эң оор жылдардын бири болот"
Өкмөт башчысы Игорь Чудинов Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Эл аралык валюталык фонд департаментинин директору Масуд Ахмедди кабыл алды. Анда негизинен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана дүйнөлүк каржылык кризистин каатчылыгынын мамлекетке тийгизген таасирин жумшартуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Игорь Чудиновдун айтымында, учурда сомдун курсу кармалат жана инфляциянын кескин жогорулап кетүүсүнө жол берилбейт. Ал эми, Масуд Ахмед: "Кризис менен күрөшүү баштапкыдан да көп убакыт талап кылат. Алдын-ала божомолдорго караганда, 2009-жыл дүйнөлүк экономика үчүн эң оор жылдардын бири болот",-дейт.
Жолугушуудан соң, "Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө дүйнөлүк кризистин тийгизген таасири" деген аталышта аймактык конференция болуп өттү. Анда катышкан премьер-министрдин айтуусунда, кризис мамлекеттик бюджетке жана суроо-талаптын төмөндөгөнүнө алып келди. Ошондой эле, азык-түлүк жана энергетикалык кризиси бул убакытка чейин эле көйгөйлүү маселелердин катарына кирген эле. Бирок, ошол эле учурда, дүйнөлүк каржылык кризистин өлкөгө тийгизген таасири анча деле чоң эместигин айтып өттү. Анткени, мамлекет ичинде башка мамлекеттердей өнүккөн фондулук рынок жана ипотекалык кредит берүү жок. Анын үстүнө, америкалык капиталдан түзүлгөн банктар ачылган эмес. Кыргызстанда жергиликтүү жана казактардын бардык банктардын 40 пайызын түзгөн банктары гана бар. Эльвира Караева