КИМИСИ КЕТИП, КИМИСИ КАЛАТ?
Европада кышкы эс алуудан кийин Чемпиондор лигасы да мелдештерин улантты. Лиганын 1/8 финалдык оюндары Лондондо "Арсенал" - "Рома" оюну менен ачылып, англиялыктар 1:0 эсебинде жеңишти. Оюн алдында "Арсеналдын" башкы тренери Арсен Венгер Чемпиондор лигасында өзүнүн жаңы оюнчусу Андрей Аршавиндин командасына жардам бере албагандыгына кейиген.

1/8 финал. 1-оюндар
Арсенал - Рома: 1-0
Интер - Манчестер Юнайтед: 0-0
Атлетико - Порту: 2-2
Лион - Барселона: 1-1
Челси - Ювентус: 1-0
Реал - Ливерпуль: 0-1
Вильярреал - Панатинаикос: 1-1
Спортинг - Бавария: 0-5

А бирок оюн толугу менен "Арсеналдын" артыкчылыгы менен өтүп, алар Аршавинсиз эле күчтүү экендигин көрсөтүштү. Бул оюндун биринчи жарымында эле Венгердин командасы эки үч жакшы моментти текке кетирди (Аршавин андай учурду текке кетирмек эмес деп жатышат). Биринчи таймда үй ээси 11 метрден гол киргизип, алдыга чыкты.
Экинчи тайм да алардын артыкчылыгы менен өтүп бирок эсеп өзгөргөн жок.
Англия - Италия футболдук беттеши Миланда уланып, анда "Интер" "Манчестерди" кабыл алды. Бул оюнга болгон оюн алдындагы кызыгуу, ызы-чуу өзгөчө катуу болду. Анткени, "Манчестер Юнайтед" менен "Интердин" тренерлери Сэр Фергюссон менен Жозе Моуриньо экөөнүн мамилеси ит менен мышыктай эле экенин билесиздер. Моуриньо "Челсиде" иштеп жүргөндө Фергюссон тууралуу ар кандай жаман сөздөрдү айтып, анын бир топ эле канын ичкен. Эң негизгиси, 23 жылдан бери "МЮда" иштеген Фергюсон тренер катары Моуриньо менен "Порту", мейли "Челси" болсун 12 жолу беттешип, бир эле жолу жеңишке жетишкен.
Моуриньо Италияда да жеңишке жетишем дегендей ойдо эле. Андыктан оюн башталары менен эле англиялыктар чабуулга чыгып "Интердин" шаштысын кетиришти (Моуриньо атаандаштарын контрчабуулдук тактиканы колдонот деп ойлоптур). "Манчестерден" өзгөчө Криштиану Роналду алгачкы мүнөттөрдө эле өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, беш жолу дарбазаны көздөй топ тепкен. "Манчестердин" чабуулчулары - Гиггз - Бербатов - Роналду арттагы өнөктөрүнүн жардамы менен тынбай чабуулда болушкан. Бирок "Интердин" дарбазачысы, бразилиялык Жулиу Сезар өзүнүн мыкты чеберчилиги менен алардын оюн ишке ашырган эмес. Ал эми оюн алдында Фергюсон мактаган Ибрагимович баш болгон "Интердин" чабуулчулары атаандаштарына бир да коркунуч туудурган эмес.
Быйылкы турнирде жогорудагы төрт команда менен бирге "Барселона" баш байгеге биринчи талапкерлер деп жатышат. Эми алардын кимиси кетип, кимиси калаар экен, ал 11-мартта билинет.
Шаршемби күнкү "Челси" - "Ювентус" оюнунда да аристократтардын жаңы тренери биринчи кезекте футбол адистеринин оозунда болду. Анткени Хиддинк келери менен "Челси" Англия чемпионатында жеңишке жетишип, андан кийинки Чемпиондор лигасынын 1/8 финалындагы оюнда "Ювентусту" жеңип чыкты. Ал эми "Ювентустун тренери Клаудио Раньери Абрамовичтин командасын төрт жыл машыктырып кийин Мауринього өткөрүп бергенин билесиздер.
Ошондой эле шаршемби күнкү оюндарда немистердин атактуу "Бавария" клубу Лиссабонго барып "Спортингди" чоң эсеп менен утушу көзгө урунду. Ал эми бавариялыктар өз чемпионатында үчүнчү-төртүнчү орунда келатышат, бирок ошого карабай биз баары бир чемпион болобуз деп жатышат. Кечээги жеңишине караганда алардын айткан сөзү төгүн эмес окшойт.

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында англиялыктар италиялыктар менен беттешүүдө. Италиянын "Интери" "Манчестер Юнайтед" менен беттешип 0-0 эсебинде тең чыкса, "Челси" "Ювентусту" 1-0 эсебинде, "Ар-сенал" дагы "Романы" 1-0 эсеп менен утту




ИИМ кубогун ИИМ жеңди
Ошентип, көптөн бери күйөрмандар күткөн 2009-жылкы жаңы сезон да ачылып, Бишкектеги "Ак-кула" ат майданында Ички иштер министрлигинин көкбөрү боюнча чемпионаты, ИИМнин кубогуна арналган мелдеш өттү. Беш күнгө (19-23-февраль) созулган оюндарга республикабыздагы дээрлик бардык областарынан бардыгы 13 команда катышты. Алар төрт группага бөлүнүп, анда биринчи, экинчи орунду ээлеген командалар чейрек финалга, андан уткандары жарым финал жана финалга чыгышты. Милиция кызматкерлеринин чемпионаты кызыктуу өтүп, анда баягы эле Ички иштер министрлигинин "Бөрүлү" командасы, "Дордой" (Нарын ОИИБ), "Рассвет" (Чүй-2) таластык көкбөрүчүлөрдөн түзүлгөн Талас областтык ИИБ жана Мамлекеттик Авто Инспекция деп түзүлгөн жаңы команда мыкты чеберчиликтерин көрсөтүштү. Эң кызыктуу оюндар жарым финалда болуп, анда "Бөрүлү" командасы Нарын командасын араң дегенде 3:2 эсебинде утса, Талас областынын эң мыкты оюнчуларынан түзүлгөн команда Шекитов Табылды-Такудан ("Марадона") башка белгилүү оюнчусу жок МАИ командасын уталбай, акыры буллит ыргытууда 1:2 эсебинде утулуп калды. Бул оюндун негизги жана кошумча убактысы- 0:0 эсебинде аяктады. Албетте, көкбөрүчүлөрдүн чеберчилигин көрсөтүүгө аба-ырайынын бузулуп, кар аралаш жамгырдын жаашы тоскоолдук болду. Оюн талаасы ылай, баткак болуп, аттар тайгаланып жыгылып, бирок ошого карабай эр жүрөк жигиттер кызуу оюн көрсөтүп жатышты. Ал эми финалдык оюнда ИИМдин "Бөрүлү" командасы жаңы МАИ командасынан бир топ эле артыкчылык кылып, 9:1 эсебинде жеңди. Башкача айтканда ИИМдин кубогун ИИМ жеңди. Ал эми 3-4-орунга болгон Нарын ОИИБ -Талас ОИИБ оюну - 10:6 эсебинде аяктады. Биринчи орунду ээлеген "Бөрүлү" командасы "Жигули-07" автомобилине ээ болду. МАИ командасы - 150.000 сом, Нарын ОИИБ - 100.000 сом жана Талас ОИИБ - 70.000 сом менен сыйланышты. Калган командалардын бардыгы - 10.000 сомдон алышты. Ошондой эле, мыкты оюнчулар, мыкты ат ж.б. жеке байгелер тапшырылды. ИИМ чемпионатын өлкөбүздүн, УККнин, ИИМдин жетекчилери ЖК депутаттары, белгилүү бизнесмендер келип көрүштү. Акырында ИИМ министри, генерал-майор М.Конгантиев ипподромго чогулган элдердин бардыгын, мелдешке катышкан көкбөрүчүлөрдү 23-февраль - Мекенди коргоо күнү менен куттуктап, чың ден соолук, тынччылык, ийгилик каалап, ушундай турнирлерди мындан ары да өткөрүп турарын билдирди.

1-группа
Нарын ОИИБ - ГУВД (Бишкек) - 13:5
Ош ОИИБ - Чүй ОИИБ - 3:7
ГУВД Бишкек - Ош ОИИБ - 13:7
Нарын ОИИБ - Чүй ОИИБ - 0:0
ГУВД Бишкек - Чүй ОИИБ - 3:1
Ош ОИИБ - Нарын ОИИБ - 0:1
2-топ
"Бөрүлү" ИИМ БА - Ысык-Көл ОИИБ - 16:1
ВВ - Ысык-Көл ОИИБ - 0:7
ВВ - "Бөрүлү" ИИМ - 0:13
3-топ
Жалал-Абад ОИИБ - МАИ - 3:10
МАИ - Күзөт кызматы- 1:0
Күзөт кызматы - Жалал-Абад ОИИБ - 0:3
4-топ
Ош ш.ИИБ - Талас ОИИБ - 0:18
Чүй-2 - Талас ОИИБ - 0:0
Чүй-2 - Ош ОИИБ - 7:0
Чейрек финал
Нарын ОИИБ - Жалал-Абад ОИИБ - 8:1
"Бөрүлү" БА - Чүй-2 - 6:1
ГУВД - МАИ - 0:3
Ысык-Көл ОИИБ - Талас ОИИБ - 1:5
Жарым финал
Нарын ОИИБ - "Бөрүлү" БА - 2:3
Талас ОИИБ - МАИ - 0:0 (1:2 буллит)
3-орун
Нарын ОИИБ - Талас ОИИБ - 10:6
Финал
"Бөрүлү" БА - МАИ - 9:1
"Эң мыкты оюнчу" -
Шекитов Эрмек (Нарын ОИИБ)
"Эң мыкты бомбардир" -
Саманчиев Радмир ("Бөрүлү" ИИМ)
Эң мыкты ат - 1. "Жетимиш" ("Бөрүлү"). 2. "Орус" (Нарын ОИИБ), 3. "Меркурий" (Чүй-2).




Түркмөнстан президентинин кубогу
Ашгабадда Түркмөнстандын президентинин кубогуна арналган 15-эл аралык турнир өтүп жатат. Жалпы байгеси 35.000 $ түзгөн мелдешке Кыргызстандын вице-чемпиону, "Абдыш-Ата" (Кант) да катышып келди. Д группасында ойногон биздин команда Түркмөнстандын МТТУ командасына 1:2 эсебинде утулуп андан кийин "Сконто" (Латвия) жана Ирандын "Хеммат" командасы менен 0:0 эсебинде тең чыгып, группадан кийинки этапка чыкпай калды.
Д группасында биринчи экинчи орунду ээлеген МТТУ менен "Сконто" мелдештерин улантышууда.

МТТУ - "Хеммат": 4-0
"Абдыш-Ата" - МТТУ: 1-2
"Абдыш-Ата" - "Сконто": 0-0
"Сконто" -"Хеммат": 6-0
"Абдыш-Ата" -"Хеммат": 0-0


Дордой-Динамо Түркияда
Кыргызстандын акыркы беш жылдагы чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" клубу жаңы сезонго даярдык катары Түркияда машыгуусун аяктады. Машыгуу менен бирге алар жолдоштук-контролдук оюндарды да өткөрүп, 23-февралда өткөн акыркы оюнда алар Австриянын биринчи дивизионундагы "SV Grondic". командасын 2:1 эсебинде утушту. Голдорду Даврон Аскаров менен Дэвид Тетте киргизди. Ага чейин 21-февралда "Дордой-Динамо" "Динамо" Минск командасы менен беттешип, катуу таймашта 2:3 эсебинде, ал эми 19-февралда "Дордой-Динамо" Европанын Чемпиондор лигасынын катышуучусу "Базель" (Швейцария) клубу менен беттешип, 1:6 эсебинде утулган. Биздин командада голду оюн 0:5 эсебинде эң мыкты бомбардирибиз Дэвид Тетте киргизген.


Бишкекте "Бишкек" биринчи
Бишкекте жаңы салынган муз аянтында хоккей боюнча турнир өттү. Ага Бишкек, Нарын, Жумгал жана Ысык-Көл командалары катышты. Эки күндүк турнирдин жүрүшүндө финалга Бишкек шаары менен Жумгал командалары ойношту. Анда үй ээси артыкчылык кылып, биринчи орунду ээлешти.
Ошентип, быйыл Кыргыз- станда хоккей боюнча үч турнир өткөрүлүп, Чаекте өткөн мелдеште "Дордой-Ала-Тоо", Нарында өткөн мелдеште Жумгал району жеңсе, Бишкекте өткөн турнирде Бишкек командасы чемпион болду.

"Бишкек" - Дордой-Ала-Тоо": 3-2
"Жумгал" - "Ысык-Көл": 5-4
"Бишкек" - "Жумгал": 7-3

Даярдаган Табылды Асыгалиев