"Эне тил барда мен бармын, эне тил менен Камбармын"
Абдыкерим
Муратов
20-февралда Ош технологиялык университетинде Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун өрнөктүү өмүрүнө, анын чыгармачылыгына арналган "Эне тил барда мен бармын, эне тил менен Камбармын" аттуу темада эскерүү кечеси болуп өттү.
Кеченин ачылышында К.Бобуловдун ишмердүүлүгүнө арналган фильм көрсөтүлүп, андан соң анын ырлары көркөм окулду.
Кыргыздын кыргыздан башка жоосу жок,
Кыргыздын Ала-Тоодон башка тоосу жок.
Эл эмеспиз, журт эмеспиз эч качан,
Эне тилдин ар-намысын жоготсок, - деген саптарды угуп отуруп, кайрадан акындын элеси менен тааныштык.
Кечеде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов, Ош облустук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары Гүлайым Маширапова, легендарлуу парламенттин депутаты Ильяс Жусубалиев, "Кыргыз тили" коомунун төрагасы Нурлан Кыдыршаев, айылдашы Калмамат Абдырахманов, адабиятчы-профессорлор Пайзилда Ирисов, Каныбек Исаков, акындар Карымшак Ташбаев, Эгемберди Эрматов ж.б. чыгып сүйлөшүп, К.Бобуловдун адамдык жана адабиятчылык ажарын ачып көрсөтүштү.
Негизги баяндаманы биз жасап, анда адабиятчынын улуттук маданияттагы ордуна кеңири токтолуу менен мындай нерселерди да айтып өттүк.

Камбаралы Бобулов феномени
Мен Камбаралы Бобулов феноменин ар тараптан карап көрдүм.
Биринчи - анын адабий сынчылыгын карасам, сөз жок, анын фигурасы өткөн кылымдын аягында эң тайманбас, тайсалдабас, өжөр сынчы катары чыга келет. Эл аралык адабий сынчылар ассоциациясынын (МАЛК) Кыргызстандан, балким Орто Азиядан жапжалгыз мүчөсү болуп жүрдү, өзү да ошонусуна сыймыктанып, макалаларды жазганда "МАЛКтын мүчөсү" дегенди кошуп койчу. Чын эле ал учурда азыркыдай жайнаган ассоциациялар менен коомдор жок кезде жалпы кыргыздар үчүн Бобуловдун МАЛКка мүчө болуп жүргөнү чоң сыймык, улуттук мактаныч эле.
Экинчиси - К.Бобулов эң мыкты котормочу экен, негедир мен үчүн улуттук маданияттын тарыхында ал которгон Хафиздин казалдарына жете турган котормо али жарала элек сыяктанат, балким Хафиз өзү тирилип келип, кыргызчаны үйрөнүп, ушул котормолорун окуганда өзүнүн баа-баркын дагы бир жолу аңдап билер беле дейм.
Үчүнчүсү - ал ашкере ички сырын төгүп салган акын болгон. "Махабат аралы" жыйнагы - кыргыз поэзиясынын тарыхындагы өз орду бар жыйнак гана эмес, ыр жазабыз дегендерге өрнөк боло алуучу, аларга үлгү катары көрсөтүүгө толук татыктуу китеп. Адатта, зыңкыйып, каардуу, сүрдүү жүргөн Камбаралы Бобулов ырга келгенде өзүн өзү жоготуп, өзүн өзү алашарбырттагы ээриген кардай ак кагазга төгүп салган экен. Буга "Лалахан казалдары" ыр түрмөгү толук күбө.
Төртүнчүсү - Бобулов кара сөздүн устасы, ал майда деталдар менен адам турмушун, алардын татаал мамилелеринин диалектикасын, каармандарынын психологиясын кылдаттык менен ачып бере билет.
Бешинчиси - ал журналист жана журналистика тармагын уюштуруучу болгон. Кыргызстандын тарыхында СССРдин №1 газетасы "Правдага" иштеген 2-киши дегендин өзү эле эмнени айтып турат. Ошондой эле, ал жетектеген "Кыргызстан пионери" газетасы кыргыз басма сөзүнүн тарыхында эң популярдуу, дээрлик бир нече муунду тарбиялаган, эң эле нускасы көп газета болгон.
Алтынчысы - Бобулов сөздүн толук маанисинде улутчул эле, улут үчүн күйгөн инсан эле. Бир жолу анын Өзбекстандын Жиззак облусуна барганын жомок кылып айтып калышат, бир кыргыз мектепке барса, Кыргызстандын символикалары, кыргыздардын портреттери жок экен, ачууланган Бобулов хокимдери менен раистерин баш кылып сөккөн экен, эртеси кайра Камбар акаларинин келишине Ташкенденби, Бишкектенби баарын таап, алып келип, тагып коюшуптур.
Ушинтип жетинчи, сегизинчи, тогузунчу деп Камбаралы Бобулов феноменин айтып отурсаң четтен айтыла берет, баардык жактан ал биринчи орунга чыга берет, кайталангыс талант экендиги тастыктала берет.
Андан ары жазуучунун ишмердүүлүгүнө токтолуу менен мындай сунуштарды киргиздим.
Камбаралы Бобулов азыр арабызда жок, жаңы кылымдын үч гана жылын биз менен кошо жашады. Ал кыргыз элине ак кызмат кылып кетти, биз эми ошол кызматын кайтарып беришибиз керек, ал үчүн менимче, мындай нерселерди аткаруубуз зарыл:
Биринчиси, Ноокат жана Бишкек шаарларындагы көчөлөрдүн бирине, республикалык "Кыргыз тили" коомуна К.Бобуловдун атын ыйгаруу.
Экинчиси, университеттердин кыргыз тили жана адабияты, журналистика адистиктеринде окуп жаткан студенттер үчүн К. Бобулов атындагы степендия уюштуруу, мезгил-мезгили менен бобуловдук окууларды өткөрүп туруу, анын чыгармачылыгы тууралуу атайын курстарды өтүү, студенттерге, магистрлерге курстук, дипломдук иштерди, аспиранттарга жана изденүүчүлөргө кандидаттык диссертацияларды жаздыруу.
Үчүнчүсү, автордун чыгармаларынын 5 томдугун чыгаруу, ага жарыялана элек макалаларын, каттарын киргизүү, К.Бобуловдун чыгармачылыгы, жеке инсандык сапаты тууралуу жазылган макалаларды топтоп, китеп кылып бастыруу.
Төртүнчүсү, жазуучунун Бишкекте жашаган үйүнө мемориалдык такта илүү, шаардагы мектептердин бирине ысымын ыйгаруу жана ошол жерге Бобулов музейин ачуу ж.б.
Ошондой эле, жыйындын катышуучулары тарабынан Улуттук тил комиссиясынын К.Бобулов атындагы сыйлыгын негиздөө, Ош шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр уюмуна жазуучунун ысымын ыйгаруу маселелери көтөрүлдү.




Жанып турар эч өчпөс нурдай дайым!
Турабай Жороев
(Камбаралы Бобуловдун рухуна)

Жиреп чыгар көкүрөк Сиздегидей
жок. Жаралбас, агатай мындан ары!?
Жылып барат жылдар - көч, таңдар ары
Жаш кеттиңиз, устат - ов, Камбаралы!..

Сизди сүйлөп, жазышып кедейгендер
сый сурашат, деги кой, оо-да-аа, болбой,
алар өзү арам-заа, мите жандар,
анык сүлүк - кан сорчуу чоло койбой.

Рухуңуз ыраазы турсун ага,
Рахматын калкыңыз айтып келет,
Манас-кыргыз - улуулук дөөлөтүндөй
сөөлөтүңүз: "Тилим!" - дейт, ыйык демек!

Камбар ага, актык бар башыбызда,
Келер күндөр, көрүшөр кашыңызда...
Кыргызым деп, тилим деп күйдүңүз ээ -
Курч куракта, куп эрте жашыңызда.

Эмне дейбиз, калгандар кадыр-нарктап
эскеришер мезгил-жыл жылган сайын.
Жалын бүрккөн сөзүңүз: "ТИЛИМ!!!" - деген
Жанып турар эч өчпөс нурдай дайым!
Жылып барат өмүр-жыл, таңдар ары
Жашап кетти зор устат - Камбаралы.
Жиреп чыгар көкүрөк андагыдай
жок. Жаралбас, туугандар, мындан ары!?
18.02. 2009. Ош-пирим

Ардактуу Камбаралы калемдешим! Сени кыргыз адабиятынын, кыргыз төл сөзүнүн тыным көрбөгөн күйөрманы дээр элем. Аман бол, тынба, иште, сүйлө, Бобуловчо жалында (Чыңгыз Айтматов)

Камбаралы, Камбаралы,
Жүр жумушка баралы.
Түбүң түшкүр халтураны,
Түгөл айдап салалы (Мухтар Борбугулов)




[ адеп сабагы ]
1-сабак: Эненин көз жашы - сел
Абдыкерим Муратов
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис-с-салам хадистеринде "Кимге жакшылык кылайын?" деген саабанын суроосуна: "Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл" деп, үч жолу "энеңе", анан барып төртүнчүсүндө "атаңа" деген.
Эне деген ушундай улуктанат, адамдын жаралышына, өсүшүнө, инсан болушуна ушул эне биринчи кезекте себепкер.
Акылман Саади минтип жазат:
- Эненин азада бою, же сүмбүл мүчөсү келишкен бир дарак болсо, перзент ал дарактын сулуулугунан жаралган мөмөсү жана натыйжасы. Эненин көкүрөк тамырлары жүрөк ичинде эмеспи? Акыйкат көзү менен карасак, эне сүтү анын жүрөк каны. Ошон үчүн перзентке эненин мээр-махабаты атаныкына караганда да көбүрөөк болот. Айрым перзенттер баарынан ыйык, ары мээрбан эненин кадыр-сыйын билишпейт. Айтууга караганда бир жаш жигит энесинин сөзүнө кулак салбады. Кыйкырып-өкүрүп анын дилине азар берди. Мээрман эне уулунун кылыгынан көңүлү сууп, көзүнө жаш алды. Анан уулунун наристе кезинде жаткан бешигин анын алдына алып келип коюп мындай деди:
- Эй, жаштыгын, наристе чагын унуткан уят-сыйытсыз акмак! Мына бул бешикти көрдүңбү!? Наристе кезиңде сени ушул бешикке бөлөп, кечкисин таң атканча уктабай терметер элем. Адеп ыйлай берсең бешиктен чечип алып, боорума басып сооротор элем. Өтө көптөгөн түйшүктөрдү тартып, машакаттарды көрүп сени тарбияладым. Сен деп көп кыйынчылыктарга бардаш бердим. Мына эми эр жетип, күч-кубатка толдуң, бирок жаштыгыңды жана наристелик дооруңду унутуп, мээрман энеңе баш ийбейсиң! Анын көңүлүн жаралап, көз жашын төктүрөсүң. Андай кылбагын, уулум, эненин махабаты канчалык зор жана чексиз экендигин унутпагын. Мен дагы, атаң дагы дайыма сенин бактылуу, таалайлуу болушуңду каалайбыз. Бизди капа кылбагын, дилибизди оорутпагын, айткандарыбызды кабыл тутуп, бизди ыраазы кылып, батабызды алгын.
Энесинин ыйлап айткан сөздөрү жигиттин жүрөгүнө октой кадалды. Ал өзүнүн кылган кылмышына бушайман болду. Энесин бек кучактап алып көзүнөн, бетинен өпкүлдөдү, ыйлап кечирим сурады. Эне эмеспи, уулунун күнөөсүн кечирип жүзүнөн өөп, ага ак батасын берди".
Бул байыркы нускада эне-бала мамилесинин бир учуру таамай, таасын чагылдырылат.
Бирок дайым эле энени ушундай абалга жеткирип туруп, анан анын көз жашын төгүзүшүбүз керек беле? Эненин көз жашы - сел, эгер ал селди биз - балдары, байкабай агызып ийсек, ал сел баланы да, анын кийинки муундарын да агызып кетет.
Сиз азыр жаз менен келе жаткан Энелер майрамы астында энеңизди эстеңиз, энеңиздин астында аз айып, көп күнөөңүз болсо кечирим сураңыз, жок, андай эмес, энеңиз менен бир кыйла убактан бери жолугуша элек болсоңуз эне менен жолугуу үчүн сапарга чыгыңыз, жок, андай кылууга да мүмкүнчүлүк болбосо телефон чалыңыз, же кимдир бирөө аркылуу энеңизге белек берип жибериңиз. Сиз жиберген арзыбаган белек - энелер үчүн ааламдын тең жарымын алып бергендей ыйык нерсе.
Анда келиңиз, ЭНЕ тууралуу кам көрүңүз...