Дүйнөдөгү эмгек мигранттары жана азыркы кризис
Дүйнөлүк экономикалык кризистин күчөшү өзгөчө, жумуш мигранттары көп болгон мамлекеттерде катуу байкалууда. Ал эми дүйнө жүзүндө жумуш издеп, өз мамлекетинен чыгып кеткен адамдардын саны 200 миллиондон ашкан. Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына караганда, бул сан дүйнө жүзүндө жумуш иштегенге жараган калктын 3 пайызын түзөт. Жумушчу мигранттардын эң эле көп бөлүгү АКШ (жалпы сандан 17 пайызга чейин), андан кийин эле Россияда (12 пайызга чейин). Алардын көпчүлүгүн жарды, жаңыдан өнүгүп келаткан мамлекеттерден чыккан адамдар түзөт. Өзгөчө, экономикасы начар өнүгүп жаткан Африка өлкөлөрүнөн чыккан мигранттар алдыңкы Европалык мамлекеттерге жана Кошмо Штаттарга барганга аракет кылышат. Мыйзамдуу жол менен чек араны өткөндөр мигранттардын жалпы санынын бир аз гана бөлүгүн түзөт. Алардын көпчүлүгү деңиз аркылуу сыртка чыгууга аракет кылгандыктан, дайыма эле ойлогондогудай максаттарына жетише албайт жана кырсыктын айынан шейит кеткендердин саны да өсүүдө. Европанын бир бөлүгү болгон, Испаниянын Канар аралдарына деңиз аркылуу кайык менен өтүүгө аракет кылган африкалыктардын арасында өлүмгө дуушар болгондордун саны күн санап өсүүдө.
Африкалык мигранттардан кийин, АКШ менен Европага кеткендерди Азия өлкөлөрүнөн чыккандар түзөт. Алардын арасында Борбордук Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан да, чыккандардын саны жыл сайын көбөйүп баратат. Ал сандардын өсүшүнө бир эле өз мамлекетиндеги кыйынчылыктар себеп болбостон, күчөп бараткан дүйнөлүк кризис да таасирин арттырууда. Азыркы кризис глобалдык деңгээлде болуп жаткандыктан, анын кесепети өнүккөн өлкөлөрдөгү экономикага залакасын катуу тийгизүүдө. Анын айынан ал жердеги экономика басаңдап, жумуш орундары азайып, мигранттар эмес, өзүнөн чыккан жумушчуларга иштей турган жумуш орду жетишпей калууда. Мисалы, АКШ бийликтери 2008-жылдын жарым жыл аралыгында эле мыйзамсыз кирген деген шылтоо менен, өлкөдөн 350 миң мигрантты чыгарууга аргасыз болгон. Курулуш тармагы акыркы жылдары абдан өнүккөн Испанияда жумушсуздук аша чаап, өкмөт чукул чара көрүүгө аргасыз болууда. Ал чаралардын бири катары, Испаниядан чыгып кетүүгө жана үч жыл ичинде кайра келүүдөн баш тарткан ар бир мигрантка 40 миң АКШ долларын берүүнү жарыялаган. Бирок, мындай шартка макул болгон мигранттардын саны абдан аз. Өлкөдөгү жумушсуздук болсо болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыгып, 12 пайызды түзгөн.
Ал эми өнүккөн алдыңкы өлкөлөргө жакындайын деп аракеттенип жатышкан Кытай менен Индиядан чыккан мигранттар да күн санап өсүүдө. Өнүккөн өлкөлөргө барып, өз ишин так аткарып, жетишээрлик каражат тапкандар да көбүнчө ушул өлкөлөрдөн. Кытайлык мигранттар ар бир өнүккөн мамлекетте болгондуктан, ал жерден Кытайдын өзүнө мигранттар жиберген акчалай каражаттын бир жылдык көлөмү 27 млрд. долларды түзсө, Индиялык мигранттар өз мекенине 30 млрд. доллар салышат.
Бир топ экономикасы начар мамлекеттер өзүнүн бюджетин мигранттар жиберген каражат менен толуктап, өз экономикасын алдыга жылдырып жатышат. Дүйнөлүк Банктын өткөн ноябрдагы тараткан маалыматына ылайык, кедей мамлекеттерге жөнөтүлгөн акчалай каражаттын көлөмү - кеминде эле 283 млрд. долларды түзгөн. 7 жыл аралыгында бул акча каражатынын агымы эки эсеге өскөн. Учурда, мигранттардан түшкөн каражаттын көлөмү Ливандын ички дүң продукциясынын 24 пайызын, Молдованыкы 38 пайызын, ал эми Тажикстандыкы болсо 46 пайызын түзгөн. Кыргызстанда расмий эмес булактардан алынган маалыматтарга караганда, 2007-жылы мигранттар өз жерине жиберген каражат 1,5 млрд. долларды түзгөн. 2008-жылы болсо расмий билдирүүлөрдө 1 млрд. доллардан ашты деп кабарланган. Ал эми өлкөнүн бир жылдык бюджети болгону 2 миллиардга эми араң чыкты. Мындай мамлекеттерде мигранттар жиберип жаткан каражат кичине эле азайса, алардын экономикасы заматта солгундай түшөөрү бышык.
Мигранттарга толгон ар бир мамлекет өз тургундарынын кызыкчылыгын коргоо максатында, мигранттардын санын азайтуу жолдорун табуу үстүндө иштеп жатышат. Январь айында Россия быйылкы миграттарга берилүүчү квотанын кыскартылышын жарыя кылган. Андыктан расмий ирет Россияга чыгам деген мигранттар быйыл жокко эсе. А бирок чынында болсо, Россиядагы орто азиялык мигранттар азая элек. Экономикалык кризис акырындап, күчтүү мамлекеттерден кедей мамлекеттерге да кирип баратышы, ал жердеги элдин шаштысын кетирип, кыйынчылыктан чыгууга жол издөөгө мажбурлоодо. А бирок, өз жериндеги абал оорлоп бараткан сайын, потенциалдуу мигранттар баары бир жакшылык издеп, чет жакка чыгууга аргасыз болот. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн баамында, эгерде мисалы, Мексикада айлык акы 10 пайызга кемисе, анда АКШга кирген мексикалыктардын саны орточо 7,5 пайызга өсөт. Демек, кризистин айынан мигрант болуудан баш тартуу, жумушсуздардын тагдырын жеңилдете албайт. Алар баары бир эки жакка чыгууга аргасыз болушат. Кризистин күчөшүнөн бай өлкөлөр мигранттарга каршы көрүлүп жаткан чараларды ого бетер татаалдатышы мүмкүн. Анын натыйжасында жаңы кыйынчылыктар чыгаарын түшүнгөн БУУнун Генералдык катчысы Пан Ги Мун мындай мамлекеттерге кайрылып, "жаңы барьерлерди курбоого" чакырды. Ал эми Эл аралык эмгек уюмунун билдирүүсүнө ылайык, дүйнө жүзүндө быйыл 20 млн. жумуш орду кыскарат. Ошол себептен бай мамлекеттер мигранттар үчүн эшигин жабууга аргасыз болот. Кыргызстандан чыккан жана көбүнчө Россияда эмгектенишкен биздин мекендештердин арасынан мыктылар эбак бутуна туруп, өзүн ишенимдүү сезгендер көп. Бирок көпчүлүк бөлүгү бир багыттагы гана бизнес менен алектенип (көбүнчө соода менен), ал тармак кыйынчылыкка учураганда, кесибин өзгөртүп кетүүдө кыйналып калгандыгы белгилүү. Ошого карабастан, Кыргызстандан чыккан мигранттардын саны азайбайт өңдүү. Бирок бөтөн элде жан багып жүргөн кыргыздардан мекенине кайтып келесиңби деп сурасаң, "ал жакта бышырып коюптурбу? Керек болсо, Европага кирип кетем",-деген кыргыз жарандары көбөйүп бараткандыгы байкалат.




Өзбекстан Кыргызстанда ГЭСтердин курулушуна капа болууда
БАКЫТ ОРУНБЕКОВ
Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы суу жана гидроэнергетикалык маселелердин чечилишине Россиянын кийлигише баштаганы ансыз да үлбүрөп араң турган мамилелерди курчутууда. Кыргызстан, Тажикстандын өз аймактарында ири ГЭСтерди куруу ниеттерине Өзбекстан каршы чыгып, келечекте суусуз калам деген ниетте Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) чейин коңгуроо кага баштады.
Кыргызда илгертен "эл башы болгончо суу башы бол" деп айтылган накыл кеп бар. Байыркыдан калган бул сөздүн маңызы бүгүн да кашкайып жаңы мааниге чыгууда. Кыргыз түшүнүгүндө илгери суу белгилүү, чектелүү аймакка тиешелүү маселедей көрүнсө, бүгүн мамлекеттер ортосундагы мамиленин өзөгүнө айланып отурган кез.
СССР учурунда суу маселесин Кремль өзү жөндөп турган. Арал деңизинин соолуп калганы да ошол саясаттын майнабы экенин жакшы билебиз. Ар бир мамлекет эгемендүүлүктүн желегин желбиреткенден бери ар ким өз кызыкчылыгына жараша мамиле жасап келатат. Баардыгынын оюна төп келген орток чечим азырынча табыла элек, тескерисинче суу кошуналык мамиленин курч куралы боло баштады. Суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстан, суу этегиндеги Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда пикир келишпөөчүлүктүн билиги чубалгандан чубалып, эми эл аралык саясаттын ордосуна айланууда.
Акыркы жылдары Борбордук Азия мамлекеттер ортосундагы суу маселесине буга чейин өздөрү гана баш оорутуп келсе, эми ага Россия кийлигише баштаганын байкоого болот. Кечээ жакында Россиянын президенти Дмитрий Медведев Өзбекстанга жасаган расмий иш сапарында суу башындагы мамлекеттер ири долбоорлорду ишке ашырып жатканда аймактагы бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алып, алар менен кеңешип иш жасаш керектигин эскерткен эле. Россия лидеринин ал кеби президент Ислам Каримовго майдай жакканы менен, эмнегедир Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куйкасын куруштурду. Ага таарынган тажик лидери Мос-квага ОДКБ жана ЕврАзЭСтин саммитине барбайм деп таарынды. Тажик тышкы иштер министрлиги орус тарапка нааразычылык нотасын жөнөттү. Акыры чогуулап Рахмондун ачуусун басып, көндүрүштү окшойт, маанайы сууса да Москвага келип кетти. Ошентсе да, Тажикстандын Россияга болгон таарынычынын бүктөмдөрү жазылбай кала бергендей болду.
Дагы бир жагдай. Кыргыз президенти Курманбек Бакиев Москвага иш сапары менен барып, кыргыз экономикасын сактап калууга, анын ичинде ири долбоор Камбар-Ата-1 гидростанциясын курууга олчойгон акча (1 миллиард 700 миллион доллар) алууга макулдашып кайтты. Анын демин суутпай, кыргыз парламенти эртеси эле Кыргызстан-Россия ортосундагы бардык макулдашылган документтерди ратификациялап берди. Мындай окуяга жалпы кыргызстандыктар жарпы жазылып сүйүнүп жатканы менен өзбек, тажик тарап күйүнүп, жер чапчып жаткан кербездери. Өткөн жумада өзбек президенти И.Каримов өкмөт жыйналышында, Россия тараптын Кыргыз- станда ГЭС курууга акча берип жатканына нааразы экендигин жашырган жок. Ошондуктан, министрлерин Өзбекстандын улуттук кызыкчылыгын коргоо боюнча башын сайып кызмат кылууга чакырды, керек болсо талап кылды десек болот. "Биздин кошуналар арзан электр энергия өндүрүп, Афганистан, Пакистанга сатууну каалап жатканы түшүнүктүү. Бирок, бул жерде биздин өлкөнүн келечек муундары жөнүндө кеп болуп жатат. Эгер Өзбекстан бүгүн суусуз калса, эртең биз балдарыбыз, неберелерибиздин көзүн кантип карайбыз! Бул биздин жер, биз аны таштап эч жакка көчүп кетпейбиз",-деп И.Каримов ачуусу келгенин жашыра албады.
Албетте, санааасы санга бөлүнүп жаткан И.Каримов кошуналары менен жөн салды эле мамилесин бузуп алганды каалабайт. Бир колунун ачуусун экинчи колу менен басып, "эгер суу агымынын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан өлкөлөр үчүн суунун көлөмү азайбаса, аймактагы экологиялык коопсуздук бузулбаса, Өзбекстан кошуна өлкөлөрдөгү курула турган гидро объектилерге инвестиция салууга даяр. Бирок, ири алдыда БУУнун деңгээлинде техника-экономикалык жана экологиялык терең талданган иликтөөлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгын баарыбыз алышыбыз керек" деп сыртынан күпүлдөгөнү менен ичи уйгу-туйгу болуп жаткандай. Жаман айтпай жакшы жок, адистердин баамында кары жок кыш болуп калса, Кыргызстан курула турган ГЭСтеринин плотиналарын толтура албаса суунун зарын биринчи кезекте Өзбекстан тартышы мүмкүн. Аны да өзбек "ашиналарыбыз" жакшы түшүнүп жаткандай.
Баарыбыз билгендей, кыргыз президенти К.Бакиев соңку басма сөз жыйынында, Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу аймактын экологиялык абалына коркунуч туудурбайт, Өзбекстан, Казакстанга суу берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет деп ишендиргенге аракет кылды. Ошол эле учурда, К.Бакиев Өзбекстандын быйылкы берген газынын баасына ичи чыкпаганын жашырбай, кошуна өлкөлөр менен мындан ары тең ата мамиле кылууга боло тургандыгын кыйытты. Сөз төркүнүндө "суу менен соодалашам" деди окшойт. "Н.Назарбаев, И.Каримовдон жашым боюнча кичүү болгондуктан жай отурганда чай куйуп беришим мүмкүн, бирок мамлекеттин кызыкчылыгы жөнүндө сөз болгондо тең ата болуш керек",-деди кыргыз журт башчысы Курманбек Бакиев.