Зита менен Гита жардамга муктаж
Сиам эгиздери Зита, Гита Резахановалар Кыргызстанга гана эмес, башка өлкөлөргө да белгилүү. Аларды ажыратуу боюнча Москвада жасалган ийгиликтүү операциядан бери 5 жылга жакын убакыт өтүптүр. Жакын арада аларга жашоо үчүн өтө зарыл болгон органдарды калыптандыруу боюнча экинчи операция жасалышы керек, бирок, бул маселе али чечилбей келет.

Учурда Зита менен Гита Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө жашайт. Алар бул жерге 2005-жылдын апрель айында келишкен. Балдар үйү оорулуу балдарга ылайыкталбагандыгына карабастан, бул жерде кыздар үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө аракет кылышкан. Мектепке, алар жаткан бөлмөгө да атайы унитаздар коюлган. Аталган балдар үйүнүн директору Аскар Масылов Москвада жасалган ажыратуу операциясынан кийин мекенине кайткан кыздарды аэропорттон тосуп алууга башкалар менен өзү да барган. "Кыздарга операция жасаган москвалык медиктер да чогуу келишти. Зита менен Гита түз эле үйүнө барышып ал жерде эки күн болушту дагы апрелден баштап бизде 3-класста окуй башташты. Ошондон бери биздин балдар үйүндө тарбияланып жатышат" дейт директор. 12-бетте




Эшиттиңизби, элетке май берет
Жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн мамлекеттик материалдык резервге 15 миң куб.м. дизелдик күйүүчү май даярдалып, ал айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2009-жылдын 20-февралынан тартып таратылмакчы. Алдын-ала маалыматтар боюнча, 3 тонна күйүүчү май бир литрине 17 сом 70 тыйындан сатылмакчы. Жер иштетүүчүлөрдү жазгы кампанияга карата өз учурунда каржылоо үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коому 150 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлмөкчү. Бул каражат жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу, анын ичинде жер айдоо, кыртышты иштетүү, үрөн, минералдык жер семирткичтерди сатып алууга жумшалмакчы. Аймира Мендеева


Уурулардын уюшкан тобу бар
Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматтарга караганда, колунда жок бей-бечаралардын жалгыз уюна чейин кол салып, мал уурулукту атайын "кесипке" айланткан шылуундардын арасында кыз-келиндер, жаш өспүрүмдөр да бар. Кимдир бирөөлөрдүн малына көздөрүн кызартышкан уурулар көбүнчө Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорун жойлоп жүрүшөт. Аталган райондордо өткөн жылы 257 мал уурлуктун фактысы катталып, анын 156сына кылмыш иши козголгон. 2-бетте