Онго чукул канал Баткендиктерге
Баткен облусунда санариптик (цифралык) телекөрсөтүү 136 айылды өз ичине камтымакчы. Калган айылдар жакынкы арада бул кызматтан пайдаланып, КТР, ЭлТР, ОРТ, РТР, Культура, 5-канал баштаган 10 каналды көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Бул боюнча Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов билдирди.
"Аймактын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик саясатты калк арасына кеңири жеткирүү максатында Баткен областында санариптик (цифровой) телекөрсөтүү жабдууларынын курулуш-монтаждоо иштери аягына чыгып калды",-деди министр.
Облуста азыркы күндө цифралык телекөрсөтүүнүн 7 базалык станциясы курулуп бүттү. Эмдиги маселе, ошол цифралык телекөрсөтүү аркылуу жогоруда айтылган 10 программаны элдин көрүшүн камсыз кылуу. Ал үчүн ар бир үй-бүлө атайын ресиверди, же башкача айтканда, кичинекей кабыл алгычты сатып алуусу зарыл.
"Өкмөт тарабынан жакыр, колунда жок жарандарга, кары-картаңдарга 20 миң кабыл алуучу аппараттар даректүү түрдө бекер таркатылат. Бул долбоорду толугу менен ишке ашырууда райондук жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын жардамы керек. Жогоруда айтылган жумуштарды ишке ашышы март айына пландаштырылган",-деди министр Н.Сулайманов.




Таяныч кийимдер тайгалантпайт дешти
Лейлектик улгайган адамдар үчүн "Якс-трекс" аттуу шайман таратылды. Ал буюмдар пластмассадан жана ийилчээк пружиналардан туруп, бут кийимдин сыртынан кийилип, кар жана муздан тайгалануунун алдын алат. Демек, бул шаймандан пайдаланган карыялар эми кар менен муздун үстүнөн кадимкидей басышып, жыгылуу, же травма алуу коркунучунан алыс болушат. Бул идея Голландиядагы "Эльнура" Кайрымдуулук Фондунун төрагасы Ян Бременге таандык. Алынган маалыматтарга караганда, шаймандын ар бир жубу 10 АКШ доллары турат. Лейлек районунда жашаган карыяларга 220 жуп "Якстрекс" таратылды. Жардам "Кыргыз-стандын улгайган адамдары бутунда ишенимдүү турушат" деген долбоордун алкагында ишке ашырылды. У.Кожотегин, Баткен




Аэропорт ремонтко муктаж
Баткен аэропорту капиталдык ремонтко муктаж экендигин аталган областтын губернатору М.Жумабеков коллегияда айтты.
"Баткен облусунун "аба дарбазасы" аркылуу бүгүнкү күндө областка келип кеткендердин саны жылдан жылга улам көбөйүүдө. Ошондуктан бул багытта элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга көңүл буруу зарыл",-деди область жетекчиси. Жыйынга катышкан Тран- спорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов "быйылкы жылы "Баткен" аэропортун капиталдык ремонттон өткөрүүгө даярдыктар башталат",-деп убадасын берди.
Облуска болгон авиакаттамдарды жакшыртуу максатында "Баткен", "Исфана", "Кызыл-Кыя" аэропорттору Эл аралык "Манас" аэропортуна өткөрүп берилген. Бүгүнкү күндө "Баткен" аэропортунан жумасына үч ирет Бишкек-Баткен-Бишкек аба каттамы бар. Мамажан Бердишев, Баткен




Нарындын экономикасында эңкейиш
Былтыр Нарын облусу дүйнөнүн 20 өлкөсү менен соода-сатык иштерди жүргүзгөн. Ал эми өткөн жылда экспорттук жөнөтүүлөрдүн көлөмү 34,7 миллион сом болгон. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырганда сыртка товар сатуу 27,7 пайызга азайды дегендикти билдирет. Нарын облусунан чет өлкөлөргө чыгарылган экспорттун 83,8 пайызы Кытай Эл Республикасына, 10 пайызы Казакстанга туура келет. Ал эми облуска келген импорттук товарлар былтыр 2007-жылга караганда пайызга төмөндөгөн. Мындай маалымат облустук акимчиликтин экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнөн алынды.


Тарыхтагы алгачкы оюн
Нарын шаарынын стадионунда жаңы түптөлгөн муз аянтчада 7-8-февралда хоккей оюну боюнча республикалык мелдеш өттү. Ачылыш салтанат аземде шаар мэри Алмаз Кулматов, шаардык кеңештин төрагасы Ардак Көкөтаев куттук сөз сүйлөштү. Анда Нарын, Бишкек шаарларынан бирден жана Жумгал районунан үч команда мөөрөй талашты. Нарын облусунун 70 жылдыгына арналып өткөрүлгөн бул мелдеште жеңүүчү болгон Жумгалдын "Тынаалы" командасы Нарын шаар мэриясынын жана депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин кубогуна ээ болушту. Нарын шаардык спорт комитетинин төрагасы Төлөгөн Жумаевдин маалыматы боюнча хоккей боюнча республикалык мелдеш Нарын шаарынын тарыхында алгачкы ирет өткөрүлдү.


"Акжолчуларга" губернатор эскертме берди
"Ак-Жол" партиясынын Нарын облустук конференциясы Нарын шаарындагы №7 орто мектептин жыйындар залында болуп өттү. Партиянын Нарын облусу боюнча координатору Эмил Чымылдаков жана чыгып сүйлөгөн делегаттар партиянын катарына кирүүчүлөр өткөн жыл ичинде арбыгандыгын, партия тарабынан ар кандай кайрымдуулук акциялар өткөрүлгөндүгүн шардана кылышты. Ошол эле маалда айрым айыл округдар, жергиликтүү бийликтегилер "Ак-Жол" партиясынын ишмердүүлүгүнө кош көңүл мамиле кылып жаткандыктарын билдиришти. Мындай пикирлерге Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев макул болгон жок. "Силердин жумушуңарды айыл өкмөттөр, акимдер жана губернатор аткарбайт. Бизде көп партиялуулук деген система бар",-деди жыйында сөз сүйлөгөн губернатор. Конференциянын ишине Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков катышты.


Капчыгың канча Нарын шаары?
Нарын шаарынын тургундарынын катышуусундагы "коомдук бюджеттик" талкуу облустук Муратбек Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында болуп өттү. Анда 2009-жылга шаар бюджетинин долбоору 83 миллион 978,3 миң сом деп болжолдонгондугу айтылды. Бул сумма өткөн жылдагыдан 32,7 пайызга көп мерченделгендикти билдирет. Калаа тургундары таза сууга, жашылдандырууга, китепканаларга, спорттук шаймандарга парктарды калыбына келтирүүгө каржаттар өтө аз санда каралгандыктарды сынга алышты. Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов Нарын шаарынын бюджет тартыштыгынан улам айрым жумуштарды шаар калкы өздүк салымда аткаруу керектигин белгиледи. Анткени болжолдонгон бюджеттин 30 пайызы же болбосо 22 миллион сому Нарын шаарынын салыктык жана салыктык эмес каражаттарынан чогултулат. Күмөндөр Усуптегин, Нарын


"Дебитордук карыздардын санын кыскарта албай жатабыз"
Каракол шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын директору Кайыркүл Бакытаеванын айтымында, учурдун эң орчундуу көйгөйлүү маселесине айланган тармакты жетектөө бир топ эле кыйын. Талыкпаган мээнетиң, билим деңгээлиң, көп жылдык тажрыйбаң болбосо, эң башкысы эл менен тил табыша албасаң эч кандай ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес. Анткени, ар кыл курактагы, ар кандай кулк-мүнөздөгү адамдар менен пикирлешүүгө, алардын суроо-талаптарын угууга туура келет.

- Кайыркүл Курманбековна, өзүңүз айткандай энергетика тармагынын күңгөй-тескейи көп эмеспи. Ошолор тууралуу айта кетсеңиз?
- Толгон-токой көйгөйлөрдү эске албай туруп эле "планды аткар, же электр жарыгын үзгүлтүксүз бер, уурдап жаккандарга көз жумду мамиле жаса, жыргаганыбыздан жылкы кайтарып жатыптырбызбы" деген өңдүү жетекчилердин койгон талаптарын аткаруу, айрым бир адамдардын жөнү жок ой-мүдөөсү менен эсептешүү энергетиктер үчүн кыйла эле оор экендигин эске ала жүргөнүбүз туура болоор беле дейм. Анткени, ар бир экинчи адамдын дооматы бизге келип тиет. Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы сакал-мурутун коё берип, башына селде чалынган "Кудай жолундамын" деген бир адамдын "мен светке акча төлөбөйм. Кудайдын суусу менен иштеп жаткан свет үчүн акы алганыңар туура эмес. Мен акчаны Алланын ыраазычылыгы үчүн Аллага гана төлөйм",-деп айтканын укканыбызда төбө чачыбыз тик турду. Чындыгында, ар кандай куру шылтоолор менен айлап, жылдап электр жарыгы үчүн акы төлөбөгөн адамдар областтын ордо калаасынан да кездешет. Контролёрлорго эшиктерин ачпай аларды убара тарттыргандар да жок эмес. Мына ушундай кыйынчылыктарга карабай өткөн жылы биз планыбызды 90,5 пайызга аткардык, атап айтканда, абоненттерден акча чогултуу 104,5 пайызды түздү. Бирок дале болсо дебитордук карыздардын санын кыскарта албай жатабыз. Маселен, "Жылуулук" ишканасы 7 млн., ал эми Каракол шаардык "Теплокоммэнерго" ишканасы 20 млн. сом өлчөмүндөгү карыздарын алигиче төлөшө элек.
- Карызынан качкандарга анан кандай чара көрүп жатасыздар?
- Шаар тургундарынын электр жарыгы үчүн төлөй турган карыздарын толук болбосо да жарым-жартылай жабыш үчүн биз укук коргоо органдарынын жардамы менен атайын график түзүп чыктык. Чындыгында 10 миң сом карызы бар абонент аны 1 жумада, же 1 айда төлөөгө чама-чаркы жетпейт эмеспи. Биз алар менен бетме-бет сүйлөшүп, карыздарын бөлүп-бөлүп төлөөгө шарт түзүп бердик. Көп кабаттуу үйлөрдөгү, же өзүнчө короо-жайы бар тамдардагы счетчиктерди сыртка чыгаруу аркылуу электр жарыгын уурдап пайдалангандардын тизгиндерин кактык. Ошондой эле, энергетиктердин тили менен айтканда, трансформатор тогун так эсептеп туура коюу аркылуу да башыбызды оорутуп келген көйгөйлөрдү чечип алдык.
"Иштеп жүрөмүн" деп кимдир бирөөлөрдүн кожодой колдоосуна ээ болуп, өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илген, ашка жүк, башка жүк ак кол, ак чүчтөрдү жумуштан кетирдик. Контролерлор айына 2200 сом эмес, 10 миң сомго чейин каражат таап алышса болот. Бул үчүн алар тынымсыз иштеп, электр тогун жоготууну 80 пайызга чейин азайтышса, ууруларды кармашса, карыздарды убагында төлөтүүгө жардамдашса, өтөгөн эмгектерине жараша чеке жылытаарлык маяна алышат. Ал эми монтёрлордун айлык акылары чындыгында эле аз. Буюрса, алардын эмгек маяналарын көтөрүү тууралуу сөз жүрүүдө.
- 3 фазалуу электр жарыгын пайдалануучулардын бардыгына эле тыюу салындыбы, же ..?
- Каракол шаары боюнча 2850 абонент 3 фазалуу электр жарыгын пайдаланып келишиптир. Дээрлик көпчүлүгүнүн 3 фазалуу электр жарыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектедик. Өткөн жылдын ноябрь айында жалаң ушул ишти бүткөрүү менен чектелдик. Бирок Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучуларына, майыптарына, чернобылчыларга, ооганчыларга, биринчи, экинчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеңилдиктер берилди. Маектешкен Шейшекан Жаналиева, Ысык-Көл




  Көлдө эми

"Ак-Суу баяны" бар
Өткөн постсоветтик мезгилде "Коммунисттик эмгек", андан кийин "Эмгек туусу" деген аталыш менен өз окурмандарын таап келген Ак-Суу райондук газетасы каражаттын тартыштыгынан, башка да жүйөөлүү жана жүйөөсүз себептер менен акыркы 15 жылдан бери элге жетпей калган эле. Эми газета кайрадан "Ак-Суу баяны" болуп чыга баштады. Ошентип, 1931-жылдын сентябрь айында негизделген райондук газета көп жылдык "эс алуусун" аяктады.
Аталган газетанын редактору Эгемберди Саадабаевдин айтымында, эл турмушун бийликке, мамлекеттик бийлик органдарынын аткарып жаткан иш-аракеттерин калың калктын катмарына "боёксуз" жеткирүү, айтор, коомчулуктун пикирин басма сөз аркылуу элге маалымдоо алардын башкы милдети. Газетанын алгачкы саны 1200 нуска менен жарык көрдү. Акча каражатынын тартыштыгынан улам областтык "Ысык-Көл кабарлары", "Вести-Иссык-Куля" газеталары февраль айынан бери чыкпай убактылуу токтоп калды. Ш. Жаналиева, Ысык-Көл