Таш жазууларындагы түрк элдеринин таалим-тарбиясы
Акматали Алимбеков, Кыргыз -Түрк "Манас" университетинин доценти, педагогика илим кандидаты
Өзүнүн тарых таржымалын, оомал-төкмөл турмуштагы таалайлуу күндөрү менен кейиштүү кезеңдерине сынчыл санаа менен терең саресеп салып, андан сарыгып чыккан ой тыянактарын, келээр муунга туура багыт бериш үчүн санат сабак таризинде мурастап кетүү байыртан калыптанган салт. Мындай ийги тилектерин ишке ашыруу үчүн ар кандай калк өз доорунун социалдык-экономикалык шарт-жагдайларына ылайык ар түрдүү маалымат каналдарын жаратып келген. Кылымдарды карыткан улуу дастандар, баяндар, улама санжыралар ушул озуйпаны орундатуу максатында жаралган. Бирок, адам пендесинин рухун асылдандыруучу чаалыкпас чакырыктарынын узак өмүр сүрүшү үчүн боор эти менен бүткөн көркөм сөз үлгүлөрүнө алымсынбай андан да алымдуу альтернативалуу формаларына б.а. аларды таш бетине тамгалап түшүрүүгө бет алышы өзүнчө сырдуу феномен. Бул кубулуштун купуя себептери ар кайсы илим аспектинен ар түрдүүчө ачыкталган. Биздин божомолубузда мындай жөрөлгөнүн жаралышын түрк калктарынын таштын түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү салттуу түшүнүктөрүнөн жана ошол доордун социалдык кырдаалдарынан издөө керек. Таш отко күйбөс, бороон учуралгыс, душман олжологус касиеттери менен айырмаланган зат. Түрк калктарынын түшүнүгүндө, таш ар дайым узак өмүрдүн, түбөлүктүүлүктүн символу. Ата-бабалар өмүрүң узун болсун деген сөздүн ордуна "башың таштан болсун" деп бата беришкен. Ошондуктан жаныбарлардын ичинен эң узак жашаган бака тибиндеги жандыкты да "Ташбака" деп аташкан. Эстелик жазуулардын көпчүлүгүнүн ташбаканын айкелине орнотулганы да дал ушуну каңкуулап турат. "Миң жылдык түмөн күндүк жазуумду, белгимди ал жерде жазы ташка калтырдым". …Мен бул жазуунун түрк элине арнадым. - Азыркынын даңазалуу кол башчылары жана элдери карагыла муну, муну (эстелик), окуп билип алгыла муну, эсиңерде болсун менин айткандарым" деп айтылат бир жазууда (Хуссеин Намук Оркун. Ески түрк жазуулары. Ankara. 1994. 174-б.түрк тилинде). Экинчиден, "ташка чегүү", "ташка тамга баскандай" деген түшүнүктөр дайыма тактыктын, акыйкаттыктын символу. Расмий тарыхый окуялардын, акыйкаттардын келечек муундарга санжырачылардын ар киминин субъективдүү көз карашына, кызыкчылыгына карай бурмаланбай жетиши үчүн камкордуктун көрүнүшү деп да кароо мүмкүн. Байыркы бабалардын көрөгөч көсөмдүгүнө таң бербей коюуга болбойт. Айтса айтпаса төгүнбү, Европа түрколог жана тарыхчыларынын көпчүлүгү түрк кагандарынын мурунку династиялары түрк тектүү деп кабыл алуудан качышкан. Орхон-Енисейде сакталган жазуу тарыхыбыз гана акыйкатты ташка тамга баскандай айкындоого аралжы болду. Ал жазуулар тарыхыбыздын узак мезгилинде бизге өзүбүздүн бу дүйнөдө ким экенибизди эскертип келет. Ошол себептүү калк башына кыйын кезең түшкөн мезгилдерде эл биримдикке келген. Таш жазуулары биздин түбү бир түптүү түрк элдери экенибиздин чыныгы паспорту, биримдигибизди чыйралтаар кубаттуу күч. Үчүнчүдөн, жоокерчилик заманда эки тараптуу согуш учурларында урпактарды узун тарыхты укумдан тукумга улаштырып-жалгаштырган уламалар, билги адамдар мындай турсун кызы күң болуп, уулу кул болуп же бүтүндөй уруу тукум курут болуп, тоо-таш, токойлордо жашынгандары гана аман калган. Мындай шартта, калктын баштан кечирген өмүр таржымалы тууралуу маалыматтар караманча белгисиз бойдон калыш коркунучу кадиксиз эле.

Жазуулар табылган географиялык аймактарына жараша топторго бөлүнүп каралат
Эң көлөмдүү узун тексттер азыркы Монголиянын территориясынан табылган Орхон жазуулары. Ал эми Енисейде табылган жазуулар сан жагынан көбүрөөк болгону менен, кыска жана татаал. Мазмуну жана көлөмү жагынан теңдешсиз тексттер Күл Тегинге арналган эстелик таштарга чегилген. Батыш тараптан табылган кытай жазууларынан маалым болгондой, ал эстелик 732-жылдын август айына таандык. Күл Тегин 648-731-жылдар аралыгында жашаган байыркы түрк мамлекетинин аскердик кол башчысы - каганы болгон. Мазмундук жагынан Күл Тегин жазууларына үндөш маалыматтарды камтыган тексттер Могилян канга (Билге каган) жана Тонукөккө коюлган эстеликтерде да орун алган. Ал жазууларды тек кагандарды эскерүү эстелиги катары гана кабылдоо, алардын түпкү маанисин түгөл ачууга мүмкүнчүлүк бербейт. Аларда тегибиз кайсы? Кандай эл болгонубуз, салтыбыз, дөөлөттөрүбүз кандай болгону жөнүндөгү даректүү маалыматтар менен бирдикте жалпы түрк элдерин келечекте эмнеге карап түздөнүшү керектигин нускаган улуттук идеологияга түркүк боло турган уңгулуу нарктар, орошон осуяттар орун алган. Ошон үчүн жазууларда: "Түрк бектери, мени уккула! Түрк элин жыйып Эл башкарганыңды мында чектим, жаңылып бөлүнгөнүңөрдү да мында жаздым. Баардык айтайын деген сөзүмдү да бул түбөлүк ташка чектим." деп айтылат. (Китепте: Орхон-Енисей тексттери , Фрунзе, 1982 67-бет. Кийинки шилтемелердин бары ушул китептен алынды.).
Орхон-Енисей жазууларындагы эң ыйык дөөлөт - бул элдин, мамлекеттин азаттыгы, көзкарандысыздыгы, башкалар менен тең ата мамлекет курууга умтулуу руху. Арбын мал же алтын чогултуу, көп аял алуу сыяктуу гедонистик лазаттарга умтулуу эч бир жазууда биринчи пландагы приоритет катары каралбайт. Жазууларда маалымдалгандай түрк уруулары 50 жыл Кытайга көз карандылыкта жашайт. Каруу күчү, кытай каганына кызмат кылат. Кытай кызыкчылыгы үчүн согушат, эмгектенет. Акырында түрк элдери: "мамлекеттүү, өлкөлүү журт элем, мамлекетим, өлкөм кайда, кимге өлкө куруп жатам, кагандуу улут элем, каганым кайда, кайсы каганга кызмат кылып жатам" деп өзүнө өзү суроо коёт, намысына келет. Кытайлыктарга каршы көтөрүлүшкө чыгып 682-жылы көз карандысыз мамлекетин курууга жетишет. Өз мамлекетин, чектерин куруп Билге каган мекендештерин өз ата журтун ыйык тутуп кастарлап жашоого нускалайт. "Өтүкөндүр жана Өтүкөндөн жакшысы жок; ал жакта олтуруп кытай эли менен келишим түздүм", "Өтүкөндө жашасаң түбөлүк чексиз жашайсың".

Кагандардын калк алдында берген эсеби
Жазууларда дароо баамга урунган коомдук жашоо өнөктөрүнүн бири кагандар менен карапайым калк ортосундагы биримдик. Каган болуу, демек, калк жоопкерчилигин алуу, Өзүнө өзү мен эмне жакшы иш жасадым деп суроо коюп эл алдында эсеп берүү. Эстеликтерде өтө эле жыш учураган төмөнкүдөй саптарды белгилүү өлчөмдө кагандардын калк алдында берген эсеби катары кабылдоого болот. "Мен он тогуз жашымда шат болдум. Он тогуз жыл каган болдум. Өлкөнү, мамлекетти коргодум… Илгери Кадыркан жышты ашып, журтту (элди) анда кондурдук, иретке келтирдик. Батышка Кеңу-Тарманга чейин түрк элин жайгаштырдык. Ал кезде кул кулдуу болгон эле, иниси агасын билбес эле, уулу атасын билбес эле". Теңир жалгаганы үчүн, мен курганым үчүн түрк эли куралган эле. Мен мынча тырышкандык менен курганды баштабасам, түрк эли өлөт эле, жок болот эле. Түрк бектери жана эл муну ойлогула! Ушундай деп билгиле! Мен түрк элине душманды жолотподум. Бир дагы атчан бастырып келе алган жок... анан эл кайра баш көтөрүп, чоң элге айланды. Мен өзүм карыдым, улуу жашчы болдум. Мен арбак болдум".
Карайлаган калкты бейпил, бардар турмушка жеткирип, башына бак-таалай кондуруу эстеликтерде эбегейсиз чаалыкпаган эмгектин аркасы менен гана ишке ашаары бир нече ирет кайталанат. "Мен кандыкка келгенде телегейи тегиз журтка кан болбодум. Мен кандык кылган элдин кардында тамагы жок, үстүндө тону жок шордуу эл эле. Биз ата-бабабыз башкарган элдин даңкын өчүрбөс үчүн түн уктабадым, күндүз олтурбадым. Теңирим жалгап кутум бар үчүн өлүп кор болуп бараткан журтту тирилттим. Жылаңач элди тондуу кылдым, жарды журтту ынтымакташтырдым, жоолаштырбадым, бардыгы мени көрдү (урматтады, сыйлады)" (90).
Эстеликтерде айтылган патриоттук идеялар менен "Манас" эпосундагы төмөнкүдөй "Кулалы багып куш кылдым. Курама жыйнап журт кылдым. Телигуш таштап куш кылдым. Тентиген жыйнап журт кылдым", - деген сыяктуу ыр саптарынын ортосунда айрыма жок экендигин ажыратуу анча кыйын эмес. Экөөндө тең эл намысы үчүн жаралган чыныгы ата уулдардын жетишкендиктери үлгү-өрнөк катары айтылат.

Ата журттун, элдин бейпилдиги
Ата журттун, элдин бейпилдиги журт башчысынын акыл көрөңгөсүнө, адилеттигине жана элдин ыймандык нарк дөөлөттөрүнө жараша болоору жазууда өзгөчө эскертилет. "Акылман кан эле, алп эле, буйругу калыс, так кайратман эле, алардын башкаруучулары эл-журту көңүлдөрүндө кири жок ачык эле. Ал үчүн мыйзамы ак жүрдү". Жазууларда кагандардын акыл парасаты, кишилик насили бүт калк үчүн үлгү, идеал жараткыч маани-маңызга ээ экендиги калк башына көкүрөк дүйнөсү караңгы түркөй адам келсе анын арты азаптуу болоору эскертилет. "Акылман эмес такка отурса, анын мыйзамы да акылсыз, мыйзамына баш ийгендер да карөзгөй болду" (62-63). Демек, түрк элдеринде акыл жана ыйман ханды да, карапайым калкты да баалоодогу башкы критерий болгон. Дегинкиси акылы зирек, адеп- нарктуу адамга артыкчылык берүү түрк элдеринин рухий педагогикалык мурастарында туруктуу орун алган көз караштардын катарына жатат. Алсак, "Манас" эпосунда бардык жеңиштер жана жетишкендиктер Бакай, Алмамбет, Каныкей сыяктуу акылман адамдардын ишмердүүлүгү менен байланышта каралат.
Эстеликтерде байыртан келе жаткан жамааттык жашоонун түптүү эрежелерин, санжыргалуу салттарын сактабай байлык жана бийлик үчүн күрөш, эки жүздүүлүк, ичи тардык жана көрө албастык сыяктуу илдеттерге чалдыккан элдин эртеңи жок деген эскертүүлөргө арбын орун берилген.
"Эмгектенип курган элибиздин курган мыйзамы ушундай эле. Түрк огуз бектери эшитиң! Үстүдөгү (төбөдөн) теңири баспаса, астыдан (алдыдагы) жер тилинбесе (жарылбаса) түрк журтту (мамлекетинде) бийлигиңди ким арытат (жок кыла алат) эле! Түрк эли! (69) ...өкүн көрө албастыгың үчүн, акылман каныңа мамлекетиңе каршы болуп, өзүң жаңылдың (жаңылыштык кетирдиң), душман келтирдиң. ...Каның суудай акты, сөөгүң тоодой жатты (жайылды), бек болгон уулуң (тукум, уругуң) кул болду, сулуу кыз балаң (эстеликте кыз уулуң) күң болду. Билбестигиң үчүн каган агам учуп кетти (өлдү)" (65). Абалкы тарыхый тажырыйбадан келип чыккан бул ачуу сабактардын маани-маңызы бүгүн да, эртең да эскирбейт жана актуалдуулугун жоготпойт. Белгилүү го, түрк калктарын бири-биринен ажыратып бөлүп таштоо, алардын түбү биргелигин таптакыр унуттуруу, ынтымагын ичтен ыдыратып бузуу үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонуу тарыхта дайыма боло келген иш. Ошон үчүн жазууларда тарыхый тамырды сезип, "бир жакадан баш, бир жеңдеген кол чыгарууга" үндөгөн акыл кеңештер таасирлүү чагылдырылган. "А биз ичи-тышыбызды туткандай бололу. Жука нерсени топтогонго оңой болот, ичке нерсени үзгөн оңой болот, жука калың болсо, топтогондо алп болот…" (67)

Мамлекеттин эгемендүүлүгү эмнеде?
Эстеликтерде мамлекеттин эгемендүүлүгүн бекемдөө үчүн кимдер менен мамиле кылуу, эмнелерди жасап, кандай жол-жобону, мыйзамды тутуу керектиги жөнүндөгү баштан өткөрүлгөн сабактар да арбын. Бул жөнүндө "Билге Каган" сөзүмдү тандагыла деп элге кайрылып, "Өтүкөн Мекен катары жайлуу жай эле. Бул жерде табгач эли менен ынтымакка келдим. Алтын, күмүш ичимдикти арбын берип жүргөн табгач элинин сөзү таттуу, жумшак эле. Таттуу сөзү, жумшак асылдары менен азыркы, ыраак жашаган калкты өзүнө жакын кондурду. Жакын конгондон кийин бузукулуктарды үйрөтүштү. Ошентип таттуу сөзүнө, асыл тартууларына адашып далай түрк эли өлгөн. Кээ бириңерге бузуку кишилер "ыраак болсоңор дүйнөнүн жаманын берет, жакын болсоңор жакшы белек берет деп үйрөтүштү. Билими жоктор ага жакын барышып набыт болушту" (61) деп алды келээр муунду ар кандай арамза азгырыктардан алыс болуусун эскертет.
Таш жазууларда эл-журт, жакындарын сүйүү, алардын айрылуунун азаптуулугун аңдатып, адамдарда өмүрдү, тирүүчүлүктү баалоого, өлүмдү жектөө сезимин уялатып өнүктүрүүгө багытталган саптар арбын жолугат. Тирүүчүлүк ушунчалык таттуу, ушунчалык кызык, ушунчалык кымбат экени эстеликтерде кезиккен эки ооз сүйлөмдөр аркылуу эле жүрөктүн тереңине жете туйдурулат. М.: ар кайсы жазууларда учураган "көрөр көзү көрбөстөй, билер билигим билбестей болду, өзүм кайгырдым (аза күттүм"; (68) ... "Курдашыман айрылдым, сегиз уулуман айрылдым, аттигиниң ак өргөөдөгү канышамдан айрылдым, сегиз уулумдан айрылдым аттигиниң"; "Төрт инилүү элек, бизди күчтүү кудурет айрыды..."; (170) "Элим өкүнүчүңө калың жоо менен катуу тийип (салгылашып) айрылдым аттигиниң. …иниңизге, агаңызга инген жүгүн арттыңыз (азапка салдыңыз) (171)"; "Кара журтум үч уулума бөкпөдүм (тойбодум)" (172) сыяктуу саптар маркум менен анын жакындарынын ортосундагы каңырык түтөткөн аялуу сезимдеринин канчалык күчтүү экендигин айгинелеп кимдин болсо да гуманисттик сезимдерин ойготпой койбойт.
Орхон жазууларында ата-энелик парызды, ата-энелер алдындагы балдардын парыздарын баяндаган таалим-тарбия маселелерине тикеден тике тиешелүү төмөнкүдөй саптар да кезигет: "Иним жети, уулум үч, кызым үч эле. Уулумду үйлөндүрдүм. ...кызымды калыңсыз бердим. Окутуучума жүз эр, турак (жай) бердим"; "Уулум эр жеткенде окутуучуңдай бол, ханга кызмат кыл, кайраттан"; "Үч уулумду улгайтып өстүрдүм" (191). Ошентип, Орхон-Енисей тексттерин түптүү түрк калктарынын көп кылымдык акыл тажрыйбасына негизделген, көп кырдуу санат-сабактарынын, келээр муун үчүн өлбөс-өчпөс керээздеринин кенчи катары кароого болот.