Жумакадыр Акенеев:
"Энергосекторду майдалап сатууга каршымын"
Энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси 3-4 жылдан бери түрдүү пикирге жем таштап келди эле. Өткөн жумада бул талаш тартышка чек коюлгансыды. 27-январда "Бишкекжылуулукборбору", "Жылуулуктармактары", жана "Түндүкэлектр" отун-энергетика ишканалары аукционго коюлду. Бирок, кардар жоктугунан соодалашуу болгон жок. Учурда дүйнөлүк кризис менен кошул ташыл энергетика кризиси күчөп турганда өкмөттүн бул кадамга барышы туурабы? Энергосистемабызды кайсыл жол менен жакшыртып, кандай өңүттө иш алпарсак болот? Ушул жана башка суроолорго экономика илиминин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев төмөнкүдөй жооп узатты.

- Дүйнөдө өнүккөн мамлекеттер азыр бардык тармагын электрлештирүүнү көздөп жатат. Алсак, Япония. Жакында, ток менен жүрүүчү авто- унаа ойлоп табышты. Аккумуляторун заряддап койсоң, 400 чакырым жөн эле жүрөт экен. Экологияга да зыянсыз. Эртеби-кечпи бул системага биз да өтүшүбүз керек. Анткени, жер бетинде нефть, газ, көмүр сыяктуу отун ресурстары чектелүү. Мерчемдүү бир убакта түгөнөт. Электр энергиясын алууда бул коркунуч жок. Суунун агымынан, шамалдын согушунан, күндүн нурунан иштелип чыгып, жылуулуктун арзан булагы болуп кала берет. Биз Орто Азияда сууга бай мамлекет болгон соң бул жаатта потенциалыбыз чоң. Келечекте электр энергиясынын арты менен бутка турууга шартыбыз бар. Тилекке каршы, акыркы кездеги энергосистемадагы абал чеке жылытаарлык болбой жатат. Өзүңөр билесиңер элибиз энергия кризисин баштан кечирүүдө. Ал аз келгенсип, бул тармакка тийиштүү ишканалар менчикке кетүү коркунучунда турат. Мунун арты кандай болоору бүдөмүк. Менимче мындай кадамдан көп нерсе уттурабыз.
- Себеп?
- Биз Казакстандан сабак алсак болмок. Алар бир нече жыл мурун бельгиялык бир компанияга электр тармагын сатып жиберген. Оңдойт дешкен да. Алар оңдомок турсун ойронун чыгарган. Менчик деген менчик эмеспи, эмне кылса өзү билет. Айлалары куруганда, кайра өздөрү баштагыдан эки эсе көп акчага сатып алууга мажбур болушту. Биздикин да жеке бир адам же компания сатып алса андай болбосуна ким кепилдик берет? Жеке пикиримде, энергетика тармагын үзүп-жулкуп, майып кылуунун кажети жок болчу. Андан көрө менчиктештирүү маселесин майдалабай, комплекстүү түрдө чечкенде пайда бермек.
- Сиз экономикага эмгеги сиңген ишмер катары энергосекторду жакшыртуунун кандай жолун сунуштамаксыз?
- Эксперттердин пикиринде, биздин жалпы энергетика тармагыбыздын баасы 70-80 млрд. долларды чапчыйт. Айталы, жалпы энергетика системасынын акциясы 100 пайыз болсо, анын 65 пайызын өз колубузда кармап, 35 пайызын гана кайсы бир өлкөгө сатсак, тараза ташы бизге оомок. Анткени, 65 пайыз акция колдо турган соң мамлекет көзөмөлдү өзү жүргүзүп, тариф саясатын өзү чечмек. Ал эми 35 пайыз акцияны сатып алган тарап, болгону өндүргөн электр энергиянын жартысын алмак, өнөктөш болуп айрым маселелерди чечүүдө добуш бермек.
- Кечиресиз, сиз ошол 35 пайыз акцияны канчага баалайт элеңиз?
- 21-22 млрд. долларга. Мындай сумманы табыш үчүн Кыргызстан ушул абалында 40 жыл иштеш керек. Биз үчүн 22 млрд. доллар астрономиялык сан болсо, айрым мамлекеттер үчүн кадыресе акча. Мисалы, Кытайдын жылдык бюджети 4 триллиондон өйдө. Географиялык жактан да, экономикалык жактан да аларга бизден электр энергиясын алуу ыңгайлуу. Бул сунушка коңшу Казакстан же Россия, балким Түштүк Корея деле көнмөк.
- Өткөн жумада энергетика тармагындагы үч ишкананын аукционго коюлуп, сатылбай калышын ар ким ар кандай жоруп жатат...
- Мисалы, мен акчам болсо Бишкек ТЭЦти алмак эмесмин. Эмне үчүн? Анткени анын кирешеден, чыгашасы көп. Мындайча айтканда келечеги жок. Жабдуулары эски, от жаккан жайларынын баарын оңдош керек. Анүстүнө азыр үй салып жаткандар, бул ишкана кызматын пайдалангысы келбейт. Себеби, 400-500 чарчы метр үй үчүн айына 30 миң сом төлөгөнгө караганда, газ, ток, көмүр менен жылыткан алда канча арзан. Кандай болгон күндө да мен энергосекторду майдалап, сатканга каршымын. Анткени бул стратегиялык тармак. Мындай жайды өкмөт аукционго коёрдон мурун, эл менен кеңешип, референдумга койсо болмок. Азыр маанилүү маселенин баары элден сырт чечилип калбадыбы. Бул акырындап ички чыңалууга алып келиши мүмкүн. Үзөңгү-Куушту өзүм билемдик менен Кытайга кармата беришип, аягы эмне менен бүттү?
- Учурдагы энергия кризиси боюнча оюңуз?
- Мурдагы жылы Тажикстан да биздей абалга тушуккан. Көрсө, алардын да биздикиндей "шумкарлары" Вахш суу сактагычындагы сууну агызып жиберишкен экен. Кычыраган кышта эли аябай кыйналбадыбы. Жыл айланбай ал окуя бизде кайталанды.
- Бирок, Токтогул суу сактагычында сууну жасалма түрдө агып кеткен деген сөздөр негизсиз деп чыгышпадыбы?
- СДПК партиясы бул боюнча эркин экспертиза жүргүзөлү десе, "акжолчулар" четке кагып коюшту. Негизи бул тармакка адис адамды коюш керек. Энергетика жана отун минис- трине биринчи орун басар деген статус берип, Жогорку Кеңеште ант бергизсе болот беле. Жоопкерчилик жок болгондуктан, ушул абалга кептелдик да. Болбосо Токтогул суу сактагычында 6 млрд. куб суу калганы катастрофа эмеспи. Ошол абалга жеткичекти кайда карап жүрдүк? Эмне үчүн муну жетекчи бир жыл мурун айткан жок?
- Жакында интернет сайттардын бирине Кыргызстан жана Тажик- станга кошумча ГЭСтердин курулушуна Өзбекстан каршы деген маалымат чыкты...
- Айрым эксперттер энергия кризисин жеңүү үчүн Кыргызстан менен Тажикстанга кошумча ГЭСтер керек деп жатышат. Бул менимче туура. Дегеле биз бул жаатта Тажикстан менен бирге иш алпарганыбыз оң. Анткени алар да электр энергия өндүрүп, сатат. Келишим түзүп, баа саясатын чогуу жүргүзсөк туура болмок. Электр энергия деле базардагы товар сыяктуу. Кайсыл жерде арзан болсо кардар ошону качырат эмеспи. Ал эми Өзбекстан боюнча айтсам, алар бекеринен кооптонгон жок. Кошумча ГЭСтер курулса аларга суу аз барып калышы мүмкүн, анда алардын айыл-чарба иши аксайт. Жакында Россия президенти Өзбекстанга келип, "ким ГЭС кура турган болсо, сууну пайдаланган мамлекеттен уруксат сураш керек" дегендей ой айтыптыр. Мен буга нааразы болдум. Бир нерсе куруш же курбаш ал биздин ички саясатыбыз да. Ага тыш мамлекеттердин кийлигишүүгө акысы барбы? Экинчиден, өзбек тарап жаңы жылдын астында газ баасын 90 пайызга көтөрдү. Биздикилер Ташкентке барып келишимге кол коюп келди. Эмне үчүн мындай сүйлөшүүгө премьер-министр же президент өзү барган жок. Ошол келишимге Өзбекстан газ баасын Кыргызстан үчүн көбөйтпөйт деген бир пункт киргизиш керек эле. Андай болгон жок. Биз жылдагыдай эле 5 млрд. куб суу бермей болдук, алар бизге газды 240 долларга кымбаттатты...
- Сизди Түштүк Кореядан электр жаатына инвестор тартып келди деп уктук?
- Мен Түштүк Кореядан инвестиция тартуу боюнча фонддун президентимин. Биздин милдет юридикалык, экономикалык жактан экспертиза жүргүзүп, инвестор менен иштешүү. Былтыр биз алып келген инвестор буудай үрөнүн өндүрүп, 2,5 тоннасын толугу менен экспорттоп, Түштүк Кореяга алып кетти. Анын 8 жыл ичинде 45 млн. корей элине экологиялык жактан таза тамак жегизем деген ою бар экен. Мындан башка майда, ири бизнестер боюнча 700дөй долбоор бар. Аларды англисче, корейче которуп сайтка илип жатабыз. Бизде инвесторлорго шарт кагаз жүзүндө жакшы жазылган менен иш жүзүндө абдан татаал. Көбү ошон үчүн кетип калып жатпайбы. Энергетика боюнча долбоор былтыр даяр болгон. Бирок, биздикилер аябай созуп, кыйнашты. Ал ортодо дүйнөлүк кризис башталып, тоскоолдуктар жаралды. Ошого карабай, Түштүк Кореядан өкүлдөр келип, премьер-министр, отун энергетика министри менен жолугушту. Ошондон кийин гана, 16-декабрда өкмөттүн атынан Ильяс Давыдов жалпы суммасы 300 млн. долларлык долбоорго кол койду. Эми буюрса, февралдан тарта ишке киргени турат. Анын негизинде Үч-Коргон ГЭСи реконструкцияланат, союз маалында "Датка" деген бизге керектүү подстанция Анжиянга курулуп калган. Ошону кайра Кыргызстандын аймагына курмай болушту. Түштүккө бийик вольттуу линияларды орнотушат.
- Алар бул эмгеги үчүн эмне сурашты?
- Акчабыз жок десек, кредит алгыла кийин төлөйсүңөр дешти. Макул болгон жокпуз. Көмүр сунуштадык. Бизде азыр Сүлүктү, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр өңдүү көмүр чыкчу жерлер иштебей турбайбы. Ошону берели, казып алгыла десек макул болушту. 100 млн. доллар бөлүп, шахталарды иштеткен жатышат.
- Азыр бизде суунун агымынан эле электр энергиясы алынбаса сиз башында айткан күндөн, шамалдан энергия алуу жокко эсе болуп жатышын кандай түшүндүрөсүз?
- Бизде убагында муктаждык болгон эмес да. Болбосо 17 жылдан бери ар бир жараныбыз суу жээктерине бирден терек сайып койсо деле пайда бермек. Кайсы бир жылдары бизде 300 жакын майда ГЭСтер болуптур. Бир айылды жарык менен камсыз кылганга ошолор эле жарачу экен. Кийин чоң ГЭСтер курулганда алардын иштери токтогон. Азыр Феликс Кулов ушуларды жандандырам деп агентство түзүп, чуркап жүрөт. Ысык-Көл, Суусамыр, Төө-Ашууда шамал менен айлануучу пилоттук станциялар иштегени турат. Андан тышкары күн нурун электр энергияга айлантуу боюнча да долбоор бар.
- Жаңыдан курулуп жаткан Камбар-Ата ГЭСи боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Камбар-Ата ГЭСи - биз үчүн маанилүү объект. 17 жыл ичиндеги биринчи мамлекеттик маанидеги курулуш. Союз учурунда курулуш техникалык жактан өксүк болчу эмес. Эгемендик жылдары далай трактор, бульдозер, крандар металлом катары сатылды. Мен статистикалык комитетте иштеп жүргөндө бул боюнча тунгуч президент Аскар Акаевге көп жолу кат жазгам. Ал кезде темир тезек деген сыртка эшалондоп ташылчу да. Кийин өзүбүздө үйлөр курула баштаганда, кран табылбай, миллиондогон акчага алып келдик. Мен Камбар-Атанын курулушун өзүм көргөм, иш жүрүп жатат. Ошондуктан ал жөнүндө айтылган терс пикирге кошула албайм. Балким жанагындай кран, техника жок айрым иштер токтоп тургандыр. Кемчиликсиз иш болбойт эмеспи. Маектешкен Санжи Туйтунова




Кара-Балтада кара жумуш токтоп турат
Кара-Балтадагы авторемонтточу завод дүйнөлүк кризисти жон териси менен сезүүдө. Буга чейин алардын 90 пайыз продукциясы Россия жана Казакстанга экспорттолуп келген. Учурда Казак-стандагы көптөгөн тоо кен өнөр жайларынын иши токтогонуна байланыштуу заводго келчү заказ азайган. Бирок, ишкана жетекчилиги жабылып калбастын жолун издеп жаткан чагы. Абалдан чыгуу үчүн заводго жеңил автоунааларды оңдоочу жай ачышкан. Ишкана директору Алла Измалкованын айтымында, бул жаатта да көйгөйлөр болууда. "Анткени, мастерлердин көбү оор техникага тетик жасап көнгөн. Анын үстүнө электр энергия кризиси да тоскоолдуктарды жаратып жатат. 860ка жакын оор ремонтторду жасоочу станоктор электр энергиясынын тартыштыгынан иштебей турат",-дейт ал 24.kg маалымат агенттигине берген маалыматында.

Сантанын арты менен саман акча табабызбы?
Туризимди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги 5-8 февралда "Санта Клаус жана анын досторунун эл аралык 2-фестивалын" өткөрүүнү көздөп жатат. Ага баш-аягы 16 өлкөнүн өкүлдөрү келмекчи. Бул фестивалды Би-Би-Си баштаган бир нече дүйнөлүк маалымат каражаттары чагылдырмакчы. Россиянын ОРТ каналынын "Непутевые заметки" телеберүүсүн алпарган Дмитрий Крыловдун келиши да күтүлүүдө. Фестивалдын ачылыш аземи 6-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп, Ысык-Көлдүн жээгинде, Каракол шаарындагы лыжа тебүүчү базада улантылат. Агенттик тараткан маалыматка таянсак, мындай иш-чара Кыргызстандын дүйнөлүк масштабда абройун көтөрүп, туристтердин көп каттоосуна өбөлгө болот. Мунун арты менен биздин мамлекетке көптөгөн инвесторлор кызыгып келиши толук мүмкүн.

Оппозицияга өтөм деп ооматынан кол жууду
Казакстандын эң ири коммерциялык банкы БТАнын 78, 14 пайыз акциясы эми мамлекеттин карамагына өттү. Мурда "Туран-Алем" деп аталчу бул банктын жетекчиси Мухтар Аблязов муну "мамлекеттин рейдерлиги" деп атады. Бирок, муну казак премьер-министри Карим Масимов четке кагып "бул утурумдук гана мыйзамдарга ылайык иш чара, улутташтыруу эмес" деп түшүндүрдү. Ошол эле маалда банктын төрагасы Мухтар Аблязов менен төраганын биринчи орун басары Жаксылык Жаримбетовду кызматынан алып салды. Казак өкмөтүнүн бул кадамга барганын банктын финансы кризисине туруштук бере албаганы менен түшүндүрдү. Ал эми айрымдар муну Мухтар Аблязовдун мурдагы оппозициянын лидери болгондугу менен түшүндүрүп жатышат. Учурда БТАнын филиалы ачылган 22 өлкө белгилүү, алардын арасында Кыргызстан да бар. Санжи Туйтунова