Кыргызстан: Goodbye, Америка аба базасы!
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Акыры Кыргызстан Россиянын койгон талаптарына моюн сунууга аргасыз болуп, АКШ аба базасына "кош" (goodbye) деди.
Президент Курманбек Бакиев Москвада айткан сөзүндө АКШнын аскер базасын чыгаруу тууралуу кыргыз бийлигинин чечиминин себебин экономикалык жактан тил табыша албаганына, бул аскердик база жергиликтүү коомчулукта "терс пикир жаратканына" байланыштырды. Андан сырткары өлкө башчысы Кыргызстандын атуулу А.Ивановдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин аягына чыгаруу боюнча Бишкектин кайрылуусуна расмий Вашингтон үн катпай келгенин кошумчалады.
Ошентип 3-февралда Кремлде Кыргызстан үчүн экономикалык, Россия үчүн ири алдыда саясий утуш ала турган тарыхый документтерге кол коюлду. Жалпак тил менен айтканда Россия Кыргызстанга 1 миллиард 700 миллион долларды Камбар-Ата - 1 ГЭСин курууга, 300 миллион долларды бюджетти жыртык-тешигин бүтөп, кармап турууга насыя бере турган болду. Мындан сырткары азыркы каржы кризисинен чыгып алгыла деп дагы 150 миллион долларды грант түрүндө (жардам катары) берип жатат. Бишкектеги "Дастан" ишканасынын 48 пайыздык акциясы үчүн "чубактын кунундай чубалып келаткан" 180 миллион сырткы карызды да Россия кечем деп убадасын берди. Бул кабар расмий өкүлдөр тарабынан, бир топ серепчи-экономисттер тарабынан Кыргызстан-Россия ортосундагы кызматташтыктын мурда-кийин болуп көрбөгөн бурулушу катары бааланды.
Кыргыз бийлигинин аба база жөнүндөгү чечими Пентагон өкүлү Брайан Уитмэн Манас аскер аба базасын жабуу тууралуу чечими биздин Афганистанга болгон пландарыбызды өзгөртө албайт, деди. НАТОнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Роберт Симмондун пикиринде Кыргызстан дүйнөдөгү терроризм менен күрөшүүгө чоң салым кошуп келди. Эгер Кыргыз-стан АКШнын аба базасын чыгарып жиберсе, абдан өкүнүчтүү иш болорун айтып чыкты. Базанын жабуу кабарын уккан АКШнын Борбордук штабы Кыргызстан өз баасын көкөлөтүп, көп кырдуу саясий оюнга катышып жатат, деп какшыктады. Американын Ала-Тоодогу элчилиги азырынча шашылбай тургула, Кыргызстандын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, али кеч эмес кыязында билдирүү таратты. Бул билдирүүлөрдүн төркүнүн түшүнсөк Америка жакында эле түйүнчөгүн түйүп кетчүдөй эмес.
Кыргызстандын оппозициясынын өкүлдөрү тарабынан президент Курманбек Бакиевдин Москвада жарыялаган чечими кезектеги калпыс, туура эмес кадам катары катуу сынга алынууда. Оппозициянын ана башчылары Ө.Текебаев, А.Жекшенкулов, М.Ниязов, Б.Бешимов АКШ базасын чыгаруу тууралуу чечимди азыркы кыргыз бийлигинин ички-тышкы саясаттагы баш-аламан кадамдарынын бир көрүнүшү катары баалашты. Айтылуу саясатчы Т.Тургуналиев эгер америкалык аскер күчтөрүн чыгарсак, ага кошуп Канттагы россиялык базаны да айдап чыгыш керек, деп эсептейт. Дагы бир башка пикирлерде бул базанын айынан көп донор финансылык институттары, сырткы карыздар, ошондой эле көпчүлүк европалык мамлекеттердин мамилеси кескин түрдө өзгөрүшү мүмкүн.
Кыргыз парламентинин "Ак Жол" жана коммунисттер фракцияларынын жетекчилери АКШ базасын Кыргызстандан чыгарууну кош колдоп кубаттап чыгышты. "Ак Жолчу" Т.Орозалиев Америка базасы канчалык эрте жабылса бизге ошончолук жакшы болот, деп сүйүнүчүн жашырбайт. "Көмүр королу" Нурлан Мотуев менен "ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу Бакиев мындай кадамы менен эл арасындагы аброюн көтөрдү, мусулмандар союзунун талабы да ушундай болчу деп күпүлдөп жатышат.
АКШ аба базасы 2001-жылы БУУнун мандаты менен андагы кыргыз парламентинин макулдугу менен ачылган. Азыркы күндө базада 1 миңден ашык аскерлер, аскер-транспорт самолёттору жайгашкан. Америка тараптын маалыматына караганда АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 150 миллион доллар бөлүп турган, анын ичинен 17 миллион долларды аэропорттун ижара акысы үчүн төлөп келатат.




"Себаттын" окуучулары Кыргызстандын сыймыгы
14-20-январда Алма-Ата шаарында болуп өткөн V эл аралык Орумбек Жаутыков олимпиадасына "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары катышып, бир коло жана байгелүү сыйлыктарга ээ болуп кайтышты. Аталган олимпиада физика, математика жана информатика сабактарынан уюштурулуп келет. Анда Бишкектеги Ч.Айтма-тов атындагы балдар түрк лицейинин 11-классынын окуучусу Шабданбек Касымов физика сабагынан коло медалына ээ болсо, Жала-Абаттагы Курманбек баатыр лицейинин 11-классынын окуучусу Бахтияр Музакбаров да байгелүү орунга татыды. Олимпиадага 8-класстан тарта даярдана башташканын айткан жогорудагы эки окуучу аларга колдоо көрсөткөн мугалимдерине чоң ыраазычылыгын билдиришти. Ийгиликке жетишкен Б.Музакбаров жана Ш.Касымов Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын кабыл алуусунда болушту. Кыргызстандын атын чыгарган окуучулары менен дайым сыймыктанарын айткан О.Инанды аларга медалдарын жана грамоталарын тапшырып, эстеликке сүрөткө түшүштү.
Эл аралык деңгээлде бул жылы 5-жолу өтүп жаткан Орумбек Жаутыков олимпиадасына 16 өлкөдөн бир топто 7ден киши болгон 42 топ катышты (3 математик, 2 физик жана 2 информатик).
Мындан сырткары Түркмөнстандын борбору Ашхабадда болгон "ICPO-2008" эл аралык компьютер долбоору олимпиадасында Ч.Айтма-тов балдар түрк лицейинин 11-классынын окуучусу Медер Садыралиев күмүш медалга ээ болгон эле. Аталган билим берүү мекемесинин таанытуу китепчесиндеги мааламытта ушул күнгө чейин эл аралык олимпиадалардан жалпы 13 алтын, 30 күмүш, 46 коло медалдары жана 11 байгелүү сыйлыктарга ээ болгон. Учурда "Себат" билим берүү мекемесинин лицейлеринде жалпы 7338 окуучу билим алат.




Эми "Бакыт үйүнөн" баш кошкондор көбөйөт
Ноокат районунун борборунда алгачкы жолу заманбап курулган "Бакыт үйү" ачылды. Аталган райондогу жарандык абалдардын актыларын каттоо бөлүмүнүн жана райондук Нотариалдык кеңсенин административдик мекемесин курууга 2 млн. сомдон ашуун акча каражаты жумшалган. Салтанатка катышкан Ош облусунун губернатору А.Карашев куттук сөзүн айтып, бакыт ордосуна алгачкылардан болуп кадам ташташкан Мирзакаримов жана Нурдиновдордун үй-бүлөлөрүнүн никелешүү аземинде баш кошушкан жубайларга бакыт таалай каалап, өз белегин ыйгарды. Назгүл Бостонбаева, Ош


Медициналык тейлөөгө 893 адам нааразы
2008-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишеним телефонуна 893 чалуулар катталган. Ал эми аталган министрликтин коомдук кабылдамасына 1200дөн ашуун адам кайрылган. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын (237 кайрылуу) жана Чүй областынын (51 кайрылуу) жашоочулары. Талас жана Ош областынан болгону 7 адамдан арыз түшкөн. Анын ичинен ооруканага тез жаткырууну 49, акысыз жана жеңилдик менен дарылоону 76 адам суранган. Кабылдаманын башчысы КРнын эмгек сиңирген дарыгери Фатима Турусбекованын айтымында, көпчүлүк жарандар өздөрүнүн нааразылыктарын атайы арызга жазбастан, туугандарына, досторуна, тааныштарына айтууну эп көрүшөт. Ишеним почтасы ар бир дарылоо мекемесинде бар, ал эми ишеним телефону жарандардын арыздарын дайыма кабыл алат. Ишеним телефону: 62-10-23. Аймира Жеңишбек кызы




Дарыгерлер окутулат
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып үй-бүлөлүк дарыгерлерди жана мээрман айымдарды кош бойлуу аялдардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүү боюнча окутуу улантылмакчы. Адистерди ар кандай татаалдыктардын алдын-алуу максатында энелердин боюна бүткөн учурдан тартып төрөгөнгө чейинки саламаттыгын байкоого алууну үйрөтүшөт. Аталган программа аркылуу Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй областтарында 100 врач жана 470 мээрман айым окутулган. 2009-жылы саламаттыкты сактоо секторунун (SWAp) чегинде 13,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү донордук каражат тартылмакчы. Бул система АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) ЗдравПлюс\.ЮСАИД деп аталган Программасынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Медициналык аккредитация борбору ачылды
Медициналык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мамлекеттик институтунда аккредитация жана медициналык тейлөөнүн сапатын дайыма жакшыртып туруучу Окуу борбору ачылды.
Борбордун негизги милдети саламаттыкты сактоону уюштуруучуларды аккредитациянын стандарттарын окуп-үйрөнүү менен медициналык жардамдын коопсуздугун камсыз кылууга үйрөтүү. Жакында эле бул окуунун биринчи баскычы өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын жана Чүй областынын 18 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери катышты. Катышуучулар алган билимдердин жана тажрыйбалардын иш жүзүндө маанилүү экендигин белгилешти. Ушул жылы окууну Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 2 ирет өткөрүү пландалууда. Аймира Жеңишбек кызы