"Белгисиз маршрут" фильминин жаңы багыттары
Совет державасы кулагандан бери киного көп көңүл бурулбай калганы, Төлөмүш Океев атындагы киностудиясынын көптөн бери ремонт көрбөгөнүнөн эле байкалат. Албетте, бул нерсе каражаттан көз каранды болсо да, арадагы тыныгуудан кийин кайрадан кыргыз киносу жандана, мамлекетибиздин туусун көтөрүп, алыска тааныта баштагандар жылдан-жылга көбөйүүдө. Өз ишин мыкты билген режиссёрлордун арасында "Белгисиз маршрут" фильмин жараткан Темир Бирназаров да бар. Анда эмесе, бүгүнкү маегибиз тасма жана анын ээси жөнүндө болсун.

- "Белгисиз маршрут" фильми Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан "2008-жылдын эң мыкты тасмасы" болуп табылышы менен куттуктайбыз. Андан тышкары, министрликте кино тармагына тиешелүү дагы кандай маселелер каралды?
- Бир жыл мурун мамлекеттик киновидеокомпания өз алдынча мекеме болчу. Азыр болсо, биз маданият министрлигинин карамагына кирдик. Бир чети бизге эле жакшы болду. Маданият кызматкерлеринин айлыгы жылдан-жылга кошулуп турса, бизде айлык ошол бойдон кала берген. Анткени, кинотармагы маданият кызматкерлери деген категорияга кирбей, жетекчилерибиз көңүл бөлбөй калган эле. Эми маданият министрлигине киргенден бери айлык маселеси да чечилип калаар деген үмүттөбүз. Дагы эң орчундуу көйгөйүбүздүн бири - киностудиянын материалдык жана техникалык базасы. Илгерки 1960-70-жылдардан калган техника менен иштейбиз. Болгону 4-5 спецавтотранспортубуз эле калды. Тасмалардын көркөмдүк деңгээли абдан жогору болсо да, техникалык жактан сапаты начар болуп, дүйнөлүк кинорыноктун талаптарына туура келбей, сатыкка (прокат) чыга албай жатабыз. Андан сырткары, жакында министрибиз Султан Раев кыргыз киносунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында Голливудга жөнөгөнү турат. Мындан биздин күткөн үмүтүбүз чоң.
- Айтмакчы, тасмаңыз Россиянын "Ника" сыйлыгына номинант болуп көргөзүлүптүр. Ушул тууралуу токтоло кетсеңиз?
- Бул сыйлыкта "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн эң мыкты тасмасы" деген номинанттыкка катышат. Алгач, бул конкурска 12 тасма көргөзүлүп, анын ичинен төртөө тандалып алыныптыр. "Белгисиз маршруттун" катарында Ардак Амиркуловдун "Кош бол, Гүлсары", Рустем Абдрашевдин "Сталинге белек" жана Роман Балаяндын "Бейиш куштары" аттуу тасмалары бир орунга атаандаштык курушат. Былтыркы жылы Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" фильми катышкан эле. "Ника-2009" сынагынын салтанаты апрель айына уюштурулуп жатат. Бирок тилекке каршы, мамлекет тарабынан кинокызматкерлерге олуттуу көңүл бурулбай келе жатат. Мисалы, президентибиз мыкты спортчуларга жакшы жардам берип, үйдөн бери белек кылып жатат. Биз да эмгек кылып, туубузду эл аралык аренада көтөрүп чыгып жатабыз. Эми министрликке кирдик, баары өзгөрүлөт деген ойдобуз.
- "Белгисиз маршрут" тасмасы жөнүндө кенен токтолсок, сценарийи кимге таандык жана сарпталган акча акталдыбы?
- Сценарийи өзүмдүкү. Кадимки автобуста болгон окуянын негизинде тартылган тасма. Ал эми, каражатына токтолсок, анда бул - талашты туудурган маселе. Анткени, "Белгисиз маршрут" эл алдына чыга электе, аны пираттар таркатып жибербедиби. Ушул проблемага чек коюу үчүн президенттин өзүнө кайрылбасак чечилчүдөй эмес. Ал эми, тасма мамлекеттин каражатына тартылган. Эл аралык фестивалдарга катышып, ар кандай байгелерге ээ болуп жатат. Өткөндө бирөө жазган экен "жеке режиссёрлор тарткан фильмдер кирешелүү болуп жатат" деп, өзүнө да "режиссер" деген наам ыйгара сүйлөп. Менин оюмча, бул - ойлонбой айтылган сөз. Себеби, биринчиден кино коомдун аң-сезимине өтө чоң таасир бере турган курал. Эсиңиздеби, союздун мезгилинде Станислав Говорухиндин "Так жить нельзя" деген тасмасы коомго кандай таасир бергенин, демек, ар бир тасма коомдун суроо-талабынан жогору туруп, аны үйрөтүүчү жана багыттоочу механизм катары каралышы шарт. Мисалы, акыркы мезгилде "мода" болуп жаткан жана кеңири массага ылайыкталып, акча табуу максатын көздөгөн фильмдер (фильм деп айтыш да кыйын) бир көрүлөт да, калып кетет. Алар биздин рыноктон ары чыгалбайт. Ал эми, чыныгы киночыгарма коомчулукту тазалыкка, гумандуулукка үндөп, түбөлүк болушу кажет.
Учурда, Казакстандын эки дистри-бьютердик компаниясы тасманы башка мамлекеттерге көрсөтүү укугун алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат, б.а., дүйнөлүк прокатка чыгат. Бирок бул оңой эмес. Анын үстүнө айтып кетпедимби, тасмабыз арзан видеоформатка тартылып, сапаты жагынан өтө начар болуп жатат. Ар бир копиясы 24 миң доллар болуп жатса, андай копиядан ону керек болот. Мисалы, буга чейин "Парз" Америкага сатылган. "Боз салкын" учурда Швейцария менен Германияда көрсөтүлүп жатат. "Бешкемпир" болсо, Францияда прокатта. Бирок кирешенин бардыгы ошолордуку, алар кожоюн болот.
- Фильмдеги ар бир элемент белгилүү бир символду жараткан. Ошол жердеги чет өлкөдөн келген жигит көйгөйдү чече алуучу - акыркы чекит сыяктанып калган. Эмне үчүн Кыргызстанда жашап, окуп чоңойгон бала эмес?
- Албетте, Кыргызстанда билим алган жаштарга деле таянабыз. Бирок чет жерде жүрүп жана окуган жигит, өз жерине болгон сүйүүсү артып, бир кыйла жогору патриоттуулук жана улутчулдук сезимдерине ээ болот. Мисалы, белгилүү Ататүрк өз мезгилинде чет жерге тентип кеткен билимдүү боордошторун Түркияга чакырып, шарт түзүп берген.
Дагы бир ой - бул кыргыздарды ынтымакка чакыргым келген. Канчалык урушпайлы, тартышпайлы, биз бир элбиз, бир улутпуз. Кыргызстан - бизге эле керек.
- Акыркы мезгилде бир эле Өзбекстанда эмес, бизде да ырчыларды киного тартмай көбөйүп жатат. Мындай көрүнүшкө оюңуз кандай?
- Бул капиталисттик рыноктун мыйзамы. Акча табыш үчүн жакында порнофильмдерди да тарта башташат. Азыр биздин коомдо абийир, уят, ар намыс деген бийик түшүнүктөр акча табуу материалдык кызыкчылыкка алмаштырылып калган. Негизи кино болобу, адабият болобу, инсандын сапатын, образын, коомго үлгү катары көргөзөт. Кино инсанды таанытышы кажет. Ал эми, белгилүү бир ырчы же спортчу катышкан фильм, бул - тескерисинче, тасманын жарнамасы десек туура болот. Мындай тасмалар негизинен каражат табууну көздөйт. Буга окшогон кинолордун чыныгы искусс-твого эч тиешеси жок. Биздин киночыгармаларыбыз дагы далай сынактарга катыша алмак. Бирок, видео форматта тартылып калгандыктан, бардыгы эле кабыл ала бербейт. Мисалы Канн, Берлин жана Венециандык кинофестивалдары жалаң гана пленкага тартылган фильмдерди кабыл алышат. Ал эми, пленкага тартуу үчүн биздин каражат азырынча жетпейт.
- Жакын арадагы пландарыңыз?
- Учурда, кыргыз жаштарыбыздын көйгөйүнө арналган долбоордун үстүндө иштеп жатам. Демөөрчүлөрдүн бири катары "Градиент" фирмасынын директору Эмир Сарпашев колдоп жатат. Материалдык маселелер каралаары менен кино тартуу башталат. Маектешкен Эльвира Караева

Кино жана театр режиссёру
Темир Бирназаровдун
чыгармачылык баяны
1988-1994 ж.ж. - Алматы театр жана кино институтунун режиссёрлук факультетин бүтүргөн
1993 - "Ыйлаба, носорог" көркөм фильми
1996 - "Шайтан көпүрө" даректүү фильм
1998 - "Жайык" даректүү фильми
2000 - "Кыялым-азабым" спектакли
2001 - "Любовный хоровод" спектакли
2002 - "Сырга" көркөм фильми
2004 - "Күтөм сени, сүйгөнүм" спектакли
2004 - "Күн кайра келет" даректүү фильми
2005 - "Карагул ботом" спектакли
2007- "Кыргыз деп келгем дүйнөгө..." Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин чыгармачылыгына арналган даректүү фильми
2007 - "Парз" кыска метраждуу көркөм фильми
2008 - "Белгисиз маршрут" көркөм фильм. ("Кыргызфильм").

"Белгисиз маршрут" тасмасынын сыйлыктары:
2008 - Казакстанда өткөн эл аралык "ЕВРАЗИЯ" кинофестивалында "Толук метраждуу фильмдердин" секциясында атайын байгеге татыктуу болгон.
2008 - Тажикстанда өткөн эл аралык "Дидор" кинофестивалында Гран-Приге ээ болгон.
2008 - Россияда өткөн Балтика жана КМШ өлкөлөрүнүн кинофорумунун катышуучусу.
2008- Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалында эң мыкты дебют байгесине татыктуу болгон.
2008 - Ташкентте өткөн улуттук кинофестивалынын алкагында көргөзүлүп, 2008- жылкы Борбордук Азиянын эң мыкты фильми деп таанылды.
2009 - Кыргыз Республикасынын Маданий жана маалымат министрлиги тарабынан жылдын эң мыкты фильми деп табылды.
2009 - Учурда Россия киноакадемиясы тарабынан "Ника" сыйлыгына көрсөтүлдү.

Баардыгы болуп, Темир Бирназаровдун фильмдери 48 эл аралык
кинофестивалга катышкан