Аргасыз каникул ар кыл пикирлерди жаратууда
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
"Окуу жылы бүтүрүүчү 9-11-класстарга 6-июнга чейин, 1-4, 5-8, 10-класстарга 13-июнга чейин болсо алты, он күн көп деле нерсени чечпейт. 15-20-июнда экзамендер бүтүп сабактар да токтойт",-деген Раиса айым ансыз деле айрым балдар сабактан качып жүрүшкөнүн айтты. Ал эми талаа жумуштары апрелден тарта башталгандыктан кээ бир окуучулар июнда эмес, жазында эле сабактарын аксатышат. Айрым ата-энелерге каникул болобу жокпу айырмасы деле жок. Күзүндө окууга тартылбай калган балдардын саны канча? Каражаты жок, окутууга дарманы келбеген үй-бүлөлөрчү?
Билим берүү министрлигинин маалыматында жогорку окуу жайларга кабыл алуу июль айынан башталып, 8-25-июнга чейин мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн экзамендери аяктайт, ал эми 27-29-июнда аттестаттар тапшырылат.
Республика боюнча жалпы 2 122 мектепте 1 млн. 30 миңден ашуун окуучу билим алат. Мунун ичинен учурда 1 187 мектеп окуп жатса, 935и узартылган каникулда.
Учурда көмүр менен жылытылган жана борбордук жылытуу системасына кошулган 1 187 мектеп иштеп жатат. Ал эми узартылган каникулга кеткен мектептердин саны 935.
Ушул тапта каникулдагы мектептер күзгү жана кышкы каникул убактарында окушкандыктан, III чейректин жарым программасын аяктап калышкан. Ошондой эле мындай окуу ыңгайлуу болгондуктан жарым жылдык баалоо системасына өткөрүлгөн.
Былтыркы кыш абдан оор болгондуктан, быйыл жакшы даярдыктар көрүлүп, көмүрдүн запасы жакшы эле камдалып коюлган. 2011-жылга чейин этаптык түрдө көпчүлүк мектептерди көмүр менен жылытуу системасына өткөрүү пландалып, учурда республика боюнча жалпы 257 мектеп көмүр менен жылытуу системасына өткөн.
Республика боюнча көмүр менен (күйүүчү майлар) жылытылган 507, электр менен 1 113, көмүр менен 377, газ менен 27 жана борбордук жылытуу системасына кошулган 228 мектеп бар.
Чүй областында учурда 179 мектеп иштеп, 134ү узартылган каникулда. Ошондой эле облус боюнча 126 мектеп электр менен жылытылат. Ушул тапта каникулда болгон мектептин окуучулары олимпиадаларга даярданып, ар түрдүү ыр-бий ийримдерине катышып, айрымдары үйдө эле өткөрүп жатышкан кези.

Нарын
Нарын билим берүү округунун аткаруу катчылыгынын жетекчиси Касымбек Мамытовдон алынган маалыматка үңүлсөк, облустагы 138 мектептин көмүр менен жана бирдиктүү электр от казандар аркылуу жылытылган 72 мектебинде окуу 12-январдан тарта жүргүзүлүп жатат. Маселен, Жумгал районундагы жалпы 24 мектептин 20сы, Ак-Талаа районунун 18 мектебинин 11и окуп жатышса, Кочкор районунан 32 мектептен алтоо, Нарын шаарындагы 8 мектептин экөө гана каалгаларын ачышкан. Ал эми 66 мектепте тыныгуу март айына чейин созулмакчы. Мындай көрүнүш окуучулар арасында ар кыл пикирлерди жаратууда. Алардын көпчүлүгү өз учурунда окугандыгын каалашса, азчылык окуучулар кыштын кычыраган суугунда окубай калгандыктарына курсант.

Ысык-Көл
Ысык-Көл областы боюнча, жалпы 194 мектепте 90 миңге жакын окуучу билим алып, 7182 мугалим эмгектенет.
Кышкы каникулга Караколдон бир да мектеп тараган жок. Балыкчыдан 2, Ак-Суу районунан 16, Жети-Өгүздөн 18, Тоңдон 10, Түп районунан 13, Ысык-Көл районунан 14 мектеп тарады. Ар бир райондун акими, Балыкчы шаарынын мэри менен райондук, областтык, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен бирдикте массалык-маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча план бекитилген. Областтык мамлекеттик администрациясынын атайын чыгарган буйругуна ылайык, спорттук мелдештер, семинарлар, экскурсиялар, ар кыл тематикадагы кароо-сынактар уюштурулууда. Муз аянтчаларында коньки тепкен окуучулар да бар. Айрым мектептердин мугалимдери окуучулардын үйлөрүнө чейин барып, сабак өтүшүүдө. Анткени, мугалимдердин айлык акылары сакталууда. Кээ бир ата-энелер балдарынын кышкы каникулга тарагандыгына нааразы болушуп, күн жылыса февралдын орто ченинде кышкы каникулду токтотсо деген пикирде.

Талас
Талас областындагы 114 мектепте жалпы 2 922 мугалим эмгектенип, 39 369 окуучу билим алат. Электр жарыгынын өчүүсүнөн улам кышкы каникул узартылганы баарына белгилүү. Учурда 12-январдан тарта облус боюнча 29 мектеп кайрадан иштеп баштады. (Ошондо 9 225 окуучу сабакка барып, 727 мугалим ишин башташты). Калганы азырынча 25-февралга чейин каникулда болушмакчы. Таластагы №4 орто мектебинин мугалими Мая Осмонкулованын айтымында каникулда жүргөн окуучуларга кошумча сабактар берилип, олимпиадага барчу окуучуларды даярдоо болуп жатат. Мектептер суук болгондуктан, саналуу 1-2 каанага жылыткыч сайып эптеп күн көрүшүүдө. Аймакта аз гана окуучулар спорттук жана башка түрдүү ийримдерге катышуу менен каникулун өткөрүп жатса, калган окуучулар жарык болсо телевизор көрүп, болбогондо көчөдө муз тээп, компьютердик клубдарда убактысын өткөрүп жатышат.

Жалал-Абад
Жалал-Абад областында 468 мектеп болсо анын 287си узак каникулда. Жалал-Абад областтык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Нуралы Абылов калган мектептер көмүр менен жылытылгандыктан учурда иштеп жатышкандыгын айтты. Ал эми каникулга чыккан шаардык окуучулар спортко, ыр-бий ийримдерине катышуу менен өткөрсө, айыл окуучулары үйдө эле өткөрүп жаткан кези. Айрым мектептерде спорт мелдештери өткөрүлүп, олимпиадага даярдык көрүлүп жатат. Шаардагы 20 мектептин 11и эс алууда болсо, калган 9 мектеп ушул өткөн жуманын башынан тарта окутуп баштады. Узак каникулга чыккан мектептердин мугалимдери болсо нөөмөт менен мектепке келип-кетип, керектүү жумуштарын жасап жатышат.

Ош
Ош облусу боюнча жалпы 524 мектептин 204ү аргасыз мартка чейин каникулда. Шаардын өзүндө 8 мектеп болсо баары эс алууда. Күн жакшы жылып, аба ырайы жакшы болбосо мектептер 2-мартка чейин каникулда болушат. Ал эми жогорудагы иштебей жаткан мектептердин мугалимдери атайын билим берүү семинарларына катышып билимин өркүндөтүп жатышат. Окуучуларды болсо спорттук мелдештер, музейге барууга окшогон саякаттар менен алаксытып жатышкан кези.

Баткен
Баткен областы боюнча орто билим берүүчү мектептердин саны 225ти түзүп, анын 136сы көмүр, 10у газ, 79у электр энергиясы менен жылытылат. Областтагы 225 мектептин ичинен электр тогу жок болгон 79 мектеп узартылган каникулда жүрүшөт.




 [ кыска кабарлар ]

Китептер дагы деле жетишпейт
2011-жылга чейин Кыргыз- стандагы бардык мектептерди китеп менен камсыз кылуу пландалууда. Мындай маалымат шаршемби күнү "Ак Жол" фракциясынын отурумунда айтылды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, республикадагы мектептердин 72 пайызы китеп менен камсыз болгон. Бул маселе 2 жылдын ичинде толугу менен чечилмекчи. Мындан сырткары Кыргызстанда жаңы окуу китептерин көбүрөөк басып чыгаруу жана ошондой эле сырттан сатып алып келүү пландалууда.

307 мектеп көмүргө өттү
Кыргызстанда 2008-жылы 307 мектеп көмүр менен жылытуу системасына өттү. Билим берүү жана илим министрлиги берген бул маалыматта ведомстволук интернаттар, кесиптик орто окуу жайларды көмүр менен камсыз кылууда республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Учурда сатылып алынган көмүрдүн 73 пайызы пайдаланууга берилди (1 994 тоннадан 1 464 тонна алынып келинген). Калган көмүрдү алууга каражат толугу менен бөлүнүп, зарыл болгон учурда кайра жеткирилмекчи. Мындан сырткары аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 157 отканалар оңдолуп бүткөн.

Мугалимдердин айлыгы көбөйөбү?
Акыркы үч жылда Кыргыз- стандагы мугалимдердин айлык акысы бир жарым эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Экономикалык өнүгүү жана соода минис- три Акылбек Жапаров "Ак Жол" фракциясынын отурумунда айтты. "Тилекке каршы, айлык акылар аз, бирок биз бул маселени чечебиз" деген министр биринчи жарым жылдыкта мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө көңүл буруп, айтканын аткараарын билдирди. Ошондой эле министр А.Жапаров алгач билим берүү тармагындагылардын андан соң калган чөйрөдөгүлөрдүн айлык акысын караарын белгиледи.
АУЦА ачык эшик күндөрүн өткөрөт
Борбор Азиядагы Америка университети үстүбүздөгү жылдын 31-январында абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн Ачык эшик күнүн өткөрөт. Бул салтанат саат 12ден 17ге чейин созулуп, келгендер университет менен жакындан таанышып, мугалим, студенттер менен жолугушуп, академиялык программалар, окуу жайга өтүү шарттары, грант жана окуудагы жеңилдетилген жактар менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Ошондой эле, ата-энелер үчүн атайын башка жолугушуу уюштурулуп, ар багыттагы бөлүмдөрдү тааныштырышат. Элиза Иранова




Электр энергиясына карыз көбөйүүдө
2009-жылдын 1-январына карата Нарын шаарынын электр энергияга болгон дебитордук карызы 108 миллион 605 миң сомду түзгөн. Электр энергиясынын жалпы жоготуусу 32,7 пайыз болсо, анын 20,6 пайызы техникалык жоготуу. Ал эми элдин өндүрүүгө жатпайт деп табылган 72,5 миллион сомун кыскартуу боюнча шаардык сотко маселе каралып, доону өндүрүү токтотулган. Мындай маалыматтар Нарын шаардык мэриясынын коллегиялык жыйында билдирилди. Ал эми тоо койнундагы шаардын тургундары карызга эмес, кийинки күндөрү электрдин өчпөй калгандарына ыраазы. Күмөндөр Усуптегин, Нарын

Куралдуу күчтөргө кубаттуу жардам келеби?
Түркия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө материалдык техникалык жактан жардам көрсөтмөй болду. Бул үчүн Анкарада 26-январда атайын келишим түзүлдү. Ага кыргыз элчиси Мамбетжунус Абылов менен Түркиянын генералдык штабынын башчысы, генерал-лейтенант Адем Удути кол коюшту. КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, 2008-жылдын 9-июлунда кыргыз өкмөтү менен түрк өкмөтү ортосунда кайтарымсыз аскердик жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу жүргөн. Жогоруда айтып өткөн келишим аны ишке ашыруу максатын көздөйт. Санжи Туйтунова

Эл каттоо менен бирге там каттоо...
Ушул жылдын 24-мартынан 2-апрелге чейин эл жана турак-жайды каттоо жүргүзүлмөкчү. Мындай кабарды Улуттук статистика комитетинин төрагасы Орозмат Абдыкалыков таркатты. Анын айтымында, эл каттоочулар жарандардын санын гана эмес, билимин, социалдык абалын эсепке алышмакчы. Бул өлкөнүн өнүгүү программасын иштеп чыгууга өбөлгө түзөт имиш. О.Абдыкалыковдун билдирүүсүндө комитет эл жана турак-жайды каттоо үчүн 127 млн. сом каражатты бюджеттен бөлүп берүү сунушун өкмөткө сунуштап жатат. Бул ишке бери жагы 15 миңдей адам тартылат. Алар турак-жайлардын кандай материалдан курулганы, бир адамга канча чарчы метр тиешелүү экени, сейсмикалык абалынын баарын аныкташмакчы. Сыягы, статистика комитети жаңы салык кодексине ушундай жол менен "кошумча" кошолу дешсе керек. Санжи Туйтунова