Елена Тельпуховская:

"Грибок өтө тез аранын ичинде жайылат"
Дарыгерлердин айтымында, грибок дарты тери ооруларынын ичинен эң эле көйгөйлүү маселеге айланууда. Акыркы мезгилдерде анын өзгөчө оор түрлөрү кездешүүдө. Бул боюнча Бишкек шаарындагы тери-венерологиялык диспансеринин балдардын тери оорулары боюнча бөлүмүнүн башчысы Елена Тельпуховская менен маектештик.

Тырмакты дарылоо өтө чыдамдуулукту жана узак убакытты талап кылат. Аны дарылоодо оорулуу тырмакты алып таштоо менен кайрадан жаңы тырмак өсөт. Буга көбүнчө эркектердин чыдамы жетпей таштап салышат, ошону менен оору күчөп олтуруп, грибок урук таштай баштайт.

- Елена Вениаминовна, грибок дененин кайсы бөлүктөрүн жабыркатат?
- Грибок оорусу тери ооруларынын ичинен эң эле коркунучтуусу. Бул дарт менен балдар да, чоңдор да көп кайрылышат. Ал дененин түктүү бөлүгүн да, жылмакай терини да жабыркатат. Жылмакай теринин грибогу дененин түктүү бөлүгүндөгүгө салыштымалуу бир топ жеңилирээк. Эгерде бул дарт адамдын баш бөлүгүндө болсо ал өтө татаал өтөт. Грибок адамга оорулуу жаныбарлардан жугат, ошондуктан, адамдар баарыдан мурда жаныбарларда жаралары жокпу, ошону карашы керек. Ошондой эле, бейтап да ооруну таратуучу болуп эсептелет. Адатта бир үй-бүлөдө бир нече адам ооруса да, анын ичинен бирөөсүндө гана клиникалык көрсөтмөлөрү болот. Биз үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштайбыз. Бирок буга көпчүлүгү кулак салышпайт, бирөөнү гана алып келишет. Ата-энелери оорунун белгилерин байкай албай калышкандыктан, бир баладан экинчи балага жугушу да мүмкүн. Натыйжада, таза сакайып барган бала үйдөгү дагы бир оорулуу баладан жуктуруп алат. Ошентип, бардыгы кайрадан башталат.
- Бул дарт менен кайрылгандар көппү?
- Учурда бул дарттын өтө тереңдеп кеткен трихофития, микроспория сыяктуу инфлитративдик-ириңдүү түрлөрү кездешип жатат. Булар теринин үстүңкү бөлүгүнө гана эмес, анын астыңкы бөлүгүнө тереңдеп киргенде ириңдөө процесси күч алып, эгерде ал башта болсо чач түшө баштайт. Ал эми дененин түктүү бөлүгүндө боло турган болсо сөзсүз аны тазалоого туура келет, себеби грибок чачтарга да зыян келтирет. Азыр ириңдүү суюктуктун көп чыгышы менен коштолгон жыныс органдарынын грибоктору көп учуроодо. Мындай көрүнүш бизди да таң калтырууда. Бул азыр коомдук мончолордун, сауналардын көптүгү, баш-аламан жыныстык байланыштан улам келип чыгып жатат.
- Грибоктон сактануу үчүн кандай эрежелерди кармануу керек?
- Өзгөчө энелерге эскерте кетким келет. Көпчүлүк учурда кабат үйлөрдө жашагандар баланын коляскасын подъездге калтырышат. Ага болсо көчөдө жүргөн мышыктар келип жатышат, эгер алар оорулуу болсо ошол колясканын ичинде оору козгоочу микробдор калат. Мына ошол аркылуу да балдарга жугат. Эгерде сыртка калтыра турган болсо, аны жакшылап дезинфекциялап жуугандан кийин гана пайдаланышы керек. Баланы диспансерде тиешелүү дары-дармектер менен дарылап үйгө чыгаргандан кийин дагы ата-энелер бир айга чейин дарыгер жазып берген дарыларды ичүүсүн көзөмөлдөшү керек. Болбосо, көпчүлүк учурларда бир аз жакшы болуп калганда эле "эми айыктым" деп дары ичпей коюшат. Бул дарт аягына чейин таза айыкпай калып ошону менен ал бала кайрадан ооруп калат.
- Мончо, саунага барганда жөнөкөй эле гигиенаны сактоо жетиштүүбү?
- Грибок ооруларынын күчөп турган учурунда жөнөкөй эле тазалыкты сактоо өтө маанилүү. Мончого барганда жууна турган орунду ысык суу менен самындап жууш керек. Чылапчынды дагы ушундай эле жууйт. Мончодо, саунада берилүүчү шейшептерди колдонуу да туура эмес, ар ким өзүнүн шейшебин жана сүлгүсүн ала жүрүшү керек. Көпчүлүк эл келген жердеги шейшептердин жакшы жуулуп, дезинфекцияланышына азыр эч ким кепилдик бере албайт. Ошондой эле үйдө да сүлгү, мочалка, самынды ар ким өз-өзүнчө колдонушу керек. Эгерде үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөөндө гана грибок оорусунун белгилери байкалса, сөзсүз дарыгерге кайрылып аны аягына чейин дарылоо зарыл. Ансыз бул дарт ошол үй-бүлөдө өмүр бою жүрө берет. Мисалы, азыр бизде стационарда август айында толук дарылануу курсунан өткөн кыз кайра келип жатты. Көрсө, бул кызга дарт кайрадан энесинен жугуптур, себеби, ал өзүндөгү оорунун белгилерин эч кимге көрсөтпөй, айтпай жүргөн экен. Биз кыздын энеси менен сүйлөшүп үйүндөгү беш баланы да жакшылап текшертүүнү талап кылдык.
- Айтыңызчы, тырмактын грибогу эмнеден улам пайда болот?
- Тырмакты жана бутту жабыркатуучу грибок онихомикоз (тырмактын дерматофитиясы) деп аталат. Аны аялдар педикюрга баргандан кийин жуктуруп алып жатышат, бул инструменттердин жана ваннанын жакшы тазаланбагандыгынан улам болот. Андыктан педикюр кызматын пайдаланаардын астында колдонула турган каражаттардын тазалануудан өткөрүлүшүн талап кылуу керек. Тырмакты дарылоо өтө чыдамдуулукту жана узак убакытты талап кылат. Ал үчүн 6 айдан 1 жылга чейинки убакыт керек. Аны дарылоодо оорулуу тырмакты алып таштоо менен кайрадан жаңы тырмак өсөт. Буга көбүнчө эркектердин чыдамы жетпей таштап салышат, ошону менен оору күчөп олтуруп, грибок урук таштай баштайт. Ал тырмак пластинкасынан териге, колго, башка тырмактарга өтөт.
- Жогоруда грибоктун өтө татаал түрү кездешип жатат дебедиңизби, мисал келтирсеңиз?
- Бизге Кыргызстандын түштүк аймагынан терисине бүт бойдон грибок жайылып кеткен алты жашар бала келди. Бизге чейин, анын ата-энеси чачынын арасында тактар пайда болгондо жашаган жери боюнча врачтарга кайрылышкан. Андан көп өтпөй эле, ал тез эле бүт денеге жайылган. Алгач 3-4 см өлчөмүндөгү бир аз калыңыраак, шуудураган тактар болгон. Тез жайылуу менен ал тактар деңиз капустасы сымал формага келе баштаган. Баланы алып келгенде башынын бардык чач бөлүгүнө жабырап кеткен. Денедеги өсүндүлөр 5-7 см чейин жеткен. Алар мүйүзгө окшоп, баланын мурдуна, көзүнө, бетине салаңдап чыккан. Бул үй-бүлөнүн трагедиясы болду жана биз үчүн дагы өтө оор көрүнүш болду.
- Ушунчалык абалга жетишине дарттын так аныкталбаганы себепчи болгонбу?
- Бул өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш болгондуктан жергиликтүү дарыгерлерге аны аныктоо кыйынга турган. Бул жакка келгенден кийин гана анын себептерин изилдегенге мүмкүн болду. Бул жакта врачтар чогулуп сүйлөшүп ага грибокко каршы процедуралар жасалган соң бала күн өткөн сайын сакайып, өсүндүлөр куурап түшө баштады. Мындайды биз ушунча жыл тажрыйбабызда биринчи жолу көрдүк. Учурда бизге ошол эле түштүк аймактан дагы бир чоң киши түштү, анын дарты да ошол баланыкындай, бирок өсүндүлөр тамандан чыгып жатат. Ага да күчөтүлгөн терапия жасалууда.
- Окурмандарга кандай кеңеш бересиз?
- Эгерде баштын чачтуу бөлүгүндө, дененин терисинде шуудураган, сезгенген жумуру тактар байкалса сөзсүз түрдө бизге кайрылышы зарыл. Бул тактардан ириң чыга баштаганда ал уруктанып көбөйүп жаткан болот. Мындан соң ал өтө тездик менен көбөйүп, бир жуманын ичинде өтө кеңири тарап кетет. Анын себептерин лабораторияда гана изилдеп, так аныктама берүүгө болот. Канчалык эрте кайрылса, дартты жоюу ошончолук жеңил өтөт. Маектешкен Аймира Жеңишбек кызы




 [ пайдалуу кеңештер ]

Шишикте
Тил шишип кеткенде 250 грамм таза балды 500 грамм ракита мажүрүм талы менен аралаштырып жай отто (20 градус) ысытасыз. Бул дары менен күнүнө 5-6 маал оозду чайкайсыз жана жутасыз. Тамак-ашка жаңы жумуртка жана жаңы сүт колдонуңуз.
Ал эми кулак түбүнүн жана моюндун шишип кетиши алкым безинин сезгенишинен улам болот. Буга кайнатылган ашкөк чөбүнөн компресс жасоо жардам берет.
Тиштин сезгенишинен пайда болгон шишикте аарынын момун (воск) кайнатып ооруган жерге шишик тарап кеткичекти коёт.
Кызарган же көгөргөн шишикте чийки картошканы сүргүчтөн өткөрүп эртең менен жана кечкисин ооруган жерге коёт.

Ооздогу жагымсыз жыт
1. Алгач тиштердин бардыгын текшерип көрүү керек. Эгерде тиштер жайында болсо, анда жагымсыз жыттын себеби тамак сиңирүү органдарында, өзгөчө боордо болушу ыктымал. Биз организмге туура келбеген тамактарды көп жегенибизде боордо өт көпкө туруп калып ооздон жаман жыт чыгат. Эгерде муну менен катар далынын асты оорлошуп, бел, бөйрөктүн оорусу, ичтин көпкөнү байкалса, сөзсүз түрдө тамакты мүнөздөп ичүү менен дарыгерге кайрылуу зарыл.
2. Ооздогу жагымсыз жыт кандайдыр бир себептерден улам этти сиңире албай жаткан ашказандын иштөөсүнөн улам болот. Эт жегенди убактылуу токтоткондо бул жыт жоголуп кетсе, анда жогорудагы божомол туура чыгат.
3. Айрым учурда аялдардын айызы келген учурда жана тамекинин айрым сортторун чеккенде дагы ооздон жагымсыз жыт келет. Бул жытты оозду чайкоо менен кетирүү мүмкүн эмес. Ал үчүн жаңы укроптун тундурмасы менен чайкап, көк алма жеш керек. Сарымсак жегенден кийин артынан ашкөк чөбүнүн же сельдерейдин тамырын чайнап койсо жыттанбайт.

Ак ольха кайыңы
20 грамм майда тууралган жалбыракка 0,5 литр суу куюп кайнатат. 20 мүнөт кайнатып, чыпкалап муздатат, андан соң оозду чайкай берсе болот.
Жалбыз
1 аш кашык жалбыздын жалбырагын 0,5 литр кайнак суу куюп демдейт. Оозду чайкоодо колдонот.
Кырк муун
2 аш кашык кырк муун чөбүн 2 стакан кайнак сууга демдеп түнү менен коёт. Муну менен ооз чайкайт.
Гвоздика
Жаныңызга дайыма гвоздика салып жүрүңүз жана күнүнө 1-3 жолу оозго салып тиш менен жаактын ортосунда калтырып коёсуз.
Ромашка
Аны жаңы демделген чай катары колдонуу керек. 2 аш кашык ромашканы (дарылык) 0,5 литр сууда 5 мүнөт кайнатат.

АЭС ЖКТ -
"Электрондук таблетка". Инструкцияга ылайык ооздо кармайт.

Чорду кантип жок кылса болот
Жатаардын алдында буттарды ыкчам сууга салып буулап, андан соң кургата сүртүп чор болгон жерге бир аз эттүүрөк кесилген лимондун кабыгын байлап коёбуз. 4-5 күндөн кийин чор таптакыр чыгышы керек. Ал эми Сибирде пияздын кабыгын уксуска эки саат чылап, чорго калың кылып түнү менен жаап коёт. Муну бир нече жолу кайталайт. Даярдаган Аймира Жеңишбек кызы