Светлана Назаренко: "Кыргызстандагы помидорлорду айт, үзүп алып эле жей берсең!"
Милиция жакшы жакка өзгөрүптүр
Менин бул жолку сапарымда, генерал-майор Темиркан Субановду (КРнын мурунку ИИМинин орун басары) эмгек өргүүгө узаттык. Бул келишимде милициянын жакшы тарапка өзгөргөнүн байкай алдым. Маданият үйүн да жакшынакай кылып оңдоп коюшуптур. Эгер милиция кызматкерлеринде жакшы жылыш болгон болсо, өлкөдө калган нерселер да жакшырууда, оңолууда деп ишенем.

Гоп-хоп тууралуу
Жакында эле бизге россиялык рэпэр Баста жана анын "Нагано" тобу менен жарышууну сунушташты. Мындай биргелешкен долбоорлор бизде бул күнгө чейин болгон эмес. Макул болдук. Питердин чоң аянтында "Нагано" тобу менен бир канча биргелешкен репетицияларды өткөрдүк. Ошондой эле биз "Нагано" тобунун ырларын өзүбүздүн, ал эми алар биздин ырларды өздөрүнүн стилинде аткарышты.
Айрымдары бизден "Ал топ менен жарышуудан коркпойсуңарбы? Баары бир Баста - бул баста да. Анын өзүнүн күйөрмандары бар", дешип жатышты. Бирок бизде маданий биримдүүлүк түзүлдү. Мындайча айтканда бул "Музыкалык ринг" сымал бир нерсе болду.
Башка музыканттардын концертине кандай адамдар, кимдер келгенин биле албайсың. Ал эми бул жарыштын арты менен "Нагано" тобунун көрөрмандарын көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Мына ошондо, алар биздин күйөрмандардан айырмаланып турарын байкадым.

Күйөрмандары туурасында
Күйөрмандар ар түрдүү, кээ бир учурларда бүтүндөй бир үй-бүлө биздин сүйүктүү күйөрманыбыз экенин угуп калабыз. Бир жолу "Город 312нин" туулган күнүнө карата ар өлкөдөн биздин күйөрмандар өздөрүн таанытып, бизди аябай жакшы көрүшөрүн, ырларыбызды жактырарын айтып, тартышкан тасмасын жөнөтүшкөн. Мына ошол тасмада Эстонияда бүтүндөй бир үй-бүлө, Томск шаарынан бир топ жашка барып калган мырза, 15 жаштагы кыздар, балдар, студенттер бар эле. Алар ар кыл куракта болгонуна карабастан баарынын жалпы бир окшоштугу бар болчу. Алар музыканы угуу менен эле эмес, аны сезе, маанисине жете билгендиги бизди абдан кубандырган эле.

Кайсыл жактын тобу?
"Город 312" Россиянын да, Кыргызстандын да тобу эмес. Адамдар болгону бизди Кыргызстандан экендигибизди, ал эми 312 Бишкектин коду экенин билишет. "Кайсыл жактын тобусуңар?" деген суроону Москвада көп деле сурашпайт. Кээ бир учурларда гана Россиянын айрым жерлерине же болбосо чет өлкөгө чыкканыбызда жогорудагы суроо менен каршылашып калабыз.
Элге таанылып популярдуу болгондон кийин деле топтогулар баарыбыз мурдагыдай жакшы мамиледебиз, эч кимдин өзгөрүп кеткен жери жок. "Город 312ни" уюштуруп, жаңы түзүлүп жаткан кезде, топтогу ар бир адам чыгармачылык планда колдон келишинче аракет кылып өз салымдарын кошкон. Эч ким башкасынан мен кыйынмын, жакшыраакмын деген түр көрсөтпөйт. Ичибизден бирөөбүздүн эле жок болуусу "Город 312нин" жоголгонун билдирет. Биз бири-бирибизди түшүнүп, колдоо көрсөткөнгө аракет кылабыз, эң эле негизгиси кадырга жетип, топтун ар мүчөсүн баалай билүү. Арабыздан бирөөбүздү жоготуп алуудан коркобуз.

Эң жакшы реакция
Жер-жерлерде концерт койгонубузда эл арасындагы айырманы, өзгөчөлүктү көргүм келе берет. Мос- квада ар бир ырдан кийин "вау" деп үн салышса, Рыбинскийде 3 секундалык үнсүз-сөзсүз тыныгуу болот да, андан соң тегиз кол чабышып "Мо-лод-цы, мо-лод-цы!" деп бир үн менен кыйкырышат экен. Алгач тунжурап, тынч боло калса, коркуп да кеткем. Кийин угуп жатпаймынбы, көрсө, бул көрүнүш алардын көрсөткөн эң жакшы реакциясы экен.

Көз жаш тууралуу
Жакында эле Бельгияга концерт койгону бардык. Антверпенде бул күнгө чейин бир да орус тилдүү топтор концерт койгон эмес экен. Концерт спорт сарайына окшогон чоң жерде өттү. Ал жерге орустар да, башка улуттагылар да аралаш келишти. Көрүүчүлөрдүн жүзүн көрбөсөң эч нерсе болбогондой, билбей ырдай бересиң. Ошентип ырдап жатканыбызда жарык залга берилип калды, ал жерде көзүнө жаш алып отурган орустарды көрдүм. Тамагыма бир нерсе туруп калгандай бир кызык абалда калдым. Бельгиялыктар болсо, мурдагы Советтер Союзундагы элдин ырлары, музыкасы кандай болду экен деген сыңары жөн гана кызыгуу менен угуп жатышты.

Күнөстүү жер тууралуу
Москвада жүргөндө биринчи кезекте мага бул жактагыдай жаркырап тийип турган күн жетишпейт. Ансыз эч болбойт, окшошпойт. Эрте менен турганда күндүн ачык жүзүн көрсөң көңүлүң да куунак, ачык болот эмеспи. Ал жакта биздегидей эмес, эки күн ачык болсо, андан соң кайра эле бүркөлө калат. Биз күнөс- стүү жердин элибиз. Мен мурда күндүн адамга энергия, жашоого туруктуулук, сабырдуулук берерин билген эмес экенмин.
Ошондой эле убакыт, бул мага аябай жетишпей жатат. Мурда Россиянын ырчылары Бишкекке келгенде кимдер чыгып жатат, кайсы музыканттар бар, эл кимди угат деп кызыгаар элем. Азыр өзүм Кыргызстанга келгенимде музыка тармагында эмнелер болуп жатканын байкоого мүмкүнчүлүгүм жок. Ал турсун иштер менен келе калганда да жергиликтүү топторду угууга такыр убакыт таба албайм.
Мындай жетишпестиктерди эсептей берсең толтура. Мисалы, ал жакта биздегидей жашылча-жемиш жей албайсың. Бакчада жаңы бышканын өзүң үзүп жеп дегендей. Помидорлордун даамын айтпай эле коёюн. Биздеги помидорлорчу! Эх, үзүп алып эле жей берсең! "24.kg"