"Жаштыгыбыз Караколдо калды"
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти учурда К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалуу драма театрынын чыгармачыл тобун толуктап, жигердүү мээнеттенип жаткан Таалайбек Касмалиевдин айткандарына караганда, көркөм дөөлөт ээлеринин катарында жүргөнүнө эч өкүнбөйт. Сахнанын куттуу төрү аркылуу ал элге таланттуу актёр катары таанылып, турмушту үйрөнүп, күндөлүк кыйынчылыктарды жеңип чыкты.

- Таалайбек Советбекович, адатта ар бирибиз эле "биз жаш кезде андай элек, мындай болчубуз. Азыркы кесип ээлеринин турмушка карата көз караштары такыр башка" дегендей пикирлерди кимдир бирөөлөргө көбүрөөк таңуулай беребиз. Көл театры жаңыдан көшөгөсүн ачкан жылдардагы Касмалиев менен азыркы Касмалиевди салыштырып көргөн күндөрүңүз болобу? Дегеле, сиздердин соңуңуздарда келе жаткан жаш актерлордун бейне жаратуу чеберчиликтерине канааттанасызбы?
- Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институтту бүтүрүп, көп убакыт көшөгөсү ачылбай калган Көл театрына келген 1983-жыл кантип эсибизден чыксын. Оо, ал бир укмуш романтикалуу жылдар болчу. Дүйнөгө белгилүү көөнө чыгармалардагы каармандар менен гана "сүйлөшүп", ойду омкоруп, тоону томкоруп салчудай болгон күндөр эми артта калбадыбы. Кайда барбагын, "артисттер" деген сөздөрдү угуп, тим эле көчөгө батпай өзүбүздү гений сезген учурларга азыр кадимкидей суктанып, ал күндөрдү сагынуу менен эскерем.
Кандай роль болбосун ойноп жиберсек дегенде ак эткенден так эткен сахнадагы өмүрүбүз текке кеткен жок деп айта алаар элем. Анткени, К.Жантөшев, М.Тойбаев, М.Гапаров, Б.Жакиев, Т.Абдумомунов ж.б. кыргыз драматургдарынан тартып, орус, түрк жазуучуларынын чыгармаларын сахналаштырып, андагы ар бир каармандын ой-дүйнөсү менен жашаганыбызды көпчүлүк көрөрмандар жакшы билишет. Ар бир спектакль ийгиликтүү өтүп, театрга эл батпай келип турчу. Көрсө, ал кезде көрөрмандар театрдын ачылышын көркөм дөөлөт окуя катары кабыл алган экен.
Кыскасы, шыктанып иштечүбүз. Ошол кезде Ч.Айтматовдун "Деңиз бойлогон ала дөбөт" аттуу повестинин инсценировкасы мага өзгөчө таасир калтырган эле. Бул чыгарманы А.Борисов сахналаштырган. Бир топ өлкөлөрдү кыдырууга мүмкүнчүлүк алган аталган спектаклде режиссердун да, актерлордун да, художниктин да айтайын деген ою, берейин деген максаты бир бүтүндүктү түзгөн. Чыгармадагы окуя аппак марлинин үстүндө өтөт. Марли бирде кайык болуп деңизде сүзөт, бирде албуут толкун уруп, кайыкчылардын шаштысын кетирет. Болгон жасалга ушул, айтор бир чемоданга гана баткан декорация менен адам менен жаратылыштын ортосундагы карама-каршылыкты чагылдырган жазуучунун алп күчү толук ишке ашкан эле. Дал ушундай чыгармаларды сахналаштырсак, өзүбүз эңсеген каармандардын бейнесин жаратсак деген учкул кыялдар менен гана жашап, турмуштук көйгөйлөр менен күрөшүүнү оюбузга да алчу эмеспиз. Азыркы жаштар болсо баарын бир күндө эле бүткөрүп, чукул арада эле "жылдыз" болуп чыга келүүнү эңсешет. Актёрбу, режиссёрбу, айтор ар бир чыгармачыл адам бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелерин алып чыгышы керек. Шекспирдин чыгармаларына да жаңыча өң-түс бербесек, анда көрөрмандардан эч качан жылуу пикир уга албайбыз.
Андагы Касмалиевдин каармандары менен азыркы Касмалиевдин каармандарын мезгил бүктөмдөрү бөлүп турат.
- Актёр болгонуңузга өкүнгөн түрүңүз жок го?
- Турмуш мени жакшы эле калчады. Ары болдум, бери болдум, туруктуу ордумду таппай көпкө кыйналдым. Мээмди чулкулдаткан идеяларды ишке ашыруу үчүн жанталаштым. Үй-бүлөдөн, досторумдан көңүлүм калган учурларга кездештим. Өзүмдү коёрго жер таппай карайлап калган учурларымды эч качан унутпайм. Өнөр адамы болбой, башка кесипти тандасам балким ушул кезге чейин өзүмдү дээрлик жоготуп салат белем, ким билет эле. Сахнадагы жашоом гана мени көптөгөн тоскоолдуктардан аман-эсен алып чыкты.
Россиялык дөө-шаа актёрлердун кейиштүү тагдырларын массалык маалымат каражаттары аркылуу баамдап жүрөбүз го. Айрым актёрлор "бомж" болуп дүйнө салышты. Акыл калчап, ой жүгүртүп көрсөм алар турмуштук кыйынчылыктарга даяр эмес экен, жалаң атак-даңк менен өмүрүбүз өтөт деп ойлошуптур. Союз тарагандан кийин, алар өздөрүн бул жашоодон ашык көрүп, чыгармачылык дараметтерин жоготуп коюшту.
Өтө көп убакыт болбосо да, бир аз мезгил мен дагы театрды таштап, айылга кетип калган учурларым болгон. Курсташым Каныбек Дүйшөналиев болбой жатып кайра театрга түртүп салды. Экөөбүз Ч.Айтматовдун "Чыңгыз хандын ак булутун" сахналаштырдык. Анын бет ачаар аземине Чыңгыз агайыбыз да катышкан эле.
- Таалайбек Советбекович, кандай амплуадагы ролдорго жакынсыз?
- Трагедиялык чечилиштеги ролдорду деле мыкты ойнойм. Бирок менин көрөрмандарым көбүнчө комедиялык ролдорумду жактырышат. Шаршен Термечиков атындагы куудулдар театрында иштеп жүргөн кезимде Т.Абдумомуновдун "Жыгылган оогонго күлөт" аттуу белгилүү комедиясында Малабайдын бейнесин түзгөм. Өнөктөшүм экөөбүз бийлеп чыкканда ямаханын клавишалары чачырап кетет. Режиссёрдун ушул табылгасы улуу муундагы актёрлорго жагып, "биз такыр башкача ойнодук элек" деп жылуу пикирлерин айтышкан болчу. Башка дагы комедиялык ролдорум бар.
- Кесиптештериңиздин көбү борбор калаага качышса, сиз Караколго келип калдыңыз, себеби барбы?
- Себебин майдалап түшүндүрбөй эле койгонум туура болор. Мага Ысык-Көл жагат. Табиятка жакынмын, агарып аткан таңды, кызарып баткан күндү, ак мөңгүлүү тоолорду, шоокуму бир башкача таасир калтырган көбүк чачып шаркырап аккан сууларды көрүп суктануудан эч тажабайм. Жогоруда идеяга жакын жайым бар деп айтпадымбы. Караколдун көчөлөрүндө Бишкектеги кым-кууттук жок. Ээн-эркин басып, каалаганча кыялдана бер, сага эч ким тоскоол болбойт. Бишкекте болсо жаңы эле мээңе жакшы бир ой кылт этсе, алды-артыңдан жөөлөгөн кишилер чогултуп алган кыялыңды заматта чачыратып салат. Эл аралык театрлар фестивалына келген курсташым, Кыргыз Республикасынын эл артисти Кыргызбай Осмонов: -"Таалай, биздин жаштыгыбыз, чыгармачыл эңсөөлөрүбүз ушул Караколдун 1-Май көчөсүндө калды ээ", деп жатпайбы. Андагы 1-Май, азыркы К.Тыныстанов көчөсүнө кайрадан издерим калган сайын жаштык кезим эске түшөт.
- Жакында эле сахналаштырган Ж.Кулмамбетовдун "Биз экөөбүз" аттуу чыгармасында Тилектин бейнесин жараттыңыз. Менимче тер төккөн мээнетиңиз текке кеткен жок ойшойт…
- Аталган чыгарманы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү режиссер А.Кускаков койду. Көл театры үчүн жаңылык болду окшойт. Бул спектакль театрдын кичи залында чакан гана көрөрмандардын катышуусунда өттү. Ж.Кулмамбетов сөзгө, диалогго көбүрөөк басым жасайт. Режиссёр болсо болгон окуяга өзгөчө маани берип, ашык сөздөрдү дээрлик кыскартып салды. Бул жерден биз азыркы көрөрмандардын көркөм табитине карадык. Көп сөздүүлүккө караганда, болгон окуя театр күйөрмандарынын бүйрүн кызытаары талашсыз го. Маселен, Бушка ирактык журналист бут кийимин ыргыткандагы болгон окуяга кимдер гана кулак төшөшпөдү. Ошол сыяктуу, бул чыгармада көбүнчө кыймыл-аракет, окуянын өнүгүшү өзгөчө орунда турат.
Күнүмдүк жетишпеген көр оокаттын айынан эле алпурушуп жүргөн журналист менен үйүндө олтурган аялынын ортосундагы карама-каршылыктар окуяны өөрчүтүп жүрүп олтурат. Тилектин бейнеси кандай чыкты, ага көрөрмандар калыс сынын айтышаар. Ушул бейнени жаратуу аркылуу кээде адамдарды телегейи тегиз таттуу жашоо да чарчатабы деп ойлоп калдым. Бүгүн буга жетишейин, эртең дагы бир башка максатымды ишке ашырайын деген ой-кыялдар менен жашагандан өтөөр эч нерсе жок окшобойбу. Дегинкиси эле, дүнүйөнүн түбүнө ким жетиптир…




Журналист китепканаларга миң китеп белек кылды
Акын жана журналист Жыргалбек Касаболотов Кыргызстандын китепканаларына 1000 китеп белек кылды. Алар жакынкы күндөрдөн тарта Бишкек шаарындагы жана район, айылдардагы китепканаларга таратылмакчы.
Бул китеп сүйөрмандары үчүн жыл башындагы жагымдуу кабар болду. Элетке 500 нускадан таратылып бериле турган эки аталыштагы китептердин бири Ж.Касабо-лотовдун калемине таандык, "Самурай кылыч - жүрөгүм" деп аталат. Экинчи китеп акындын апасы, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Шакен Мамбеттаипованын көзү өтүп кеткенден кийин жарык көргөн "Көл боюна жүз келем" аттуу тандалма ырлар жыйнагы.
Бул ыр жыйнактар Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу жер-жерлерге таратылмакчы. Окурмандарга бериле турган белекти кабыл алып жатып, министр Султан Раев булардын басымдуу бөлүгү айылдык китепканаларга таратыларын билдирди.
Китептерди тапшыруу салтанатына катышкан Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова бул жыл башындагы жагымдуу жаңылык, дегеле, жакшы саамалык экендигин айтты.
Ал эми демилгенин ээси Ж.Касаболотов башкысы китеп багышталган окурмандарга жеткени маанилүү экендигине токтолду. "Самурай кылыч - жүрөгүм" жыйнагына мекен, сүйүү, жаштык, турмуш тууралуу ырлары кирген. Андан сырткары журналист чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мезгилдеринде мекенге арналган ырларын өзүнчө бөлүм кылып киргизген. Нургүл Максутова

Окурмандарга бериле турган белекти кабыл алып жатып, министр Султан Раев булардын басымдуу бөлүгү айылдык китепканаларга таратыларын билдирди.