Түштүктөгү молдокелердин диний сабаты начарбы?
Түштүктүн үч облусундагы жана Ош шаарындагы жайгашкан мечиттердин имамдарынын башын бириктирген атайын окуу Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде өткөрүлүүдө.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай окууну жүргүзүү имамдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Жалпы мөөнөтү жыйырма күнгө мерчемделген бул окуунун жүрүшүндө 60 имамга дасыккан илимдин докторлору дарс берип жатат. Теология факультетинин деканынын орун басары Нури Ады Гүзелдин айтымында, соңку мезгилдерде мечитти башкарып жаткан имамдардын, дин кызматкерлеринин диний билими жетишерлик деңгээлде эмес. Ал тургай куранды кырааты менен окууну билбеген имамдар да кездешет. "Биз бир нече жергиликтүү мечиттерде болгонубузда, андагы кызматкерлердин чала сабат, диний билимдеринин жетиштүү деңгээлде эмес экендигине күбө болдук. Ошондуктан алардын билимин жогорулатып, жаңы маалыматтарды алуусуна көмөк көрсөтүүнү максат кылдык",-дейт. Ошондой эле, ал айрым имамдар кары болуп, араб тилин мыкты өздөштүргөнү менен диндин тарыхы, философиясы, психологиясы, социологиясы өңдүү тармактары тууралуу кабардар болбогондуктан, ушул багытта окутуп үйрөтүүгө өзгөчө басым жасаларын кошумчалады.
Диний билимин жогорулатуу максатында, бул окууга алгачкы жолу катышып жаткан Оморалиев Ильяз Ноокен районунан келген. Ал буга чейин "Хизб-ут - Тахрир", "Вахабизм" түшүнүктөрү тууралуу маалыматы жок экендигин айтып, ушул окуудан кийин түрдүү диний агымдардын багыты, көздөгөн максаты тууралуу толук кандуу маалымат алгандыгын айтат. "Чындыгында бул окуудан көп жаңы нерселерди үйрөндүм. Эми алган тажрыйбамды өзүм иштеген мечиттеги кызматкерлерге, дегеле айылдагы тургундарга жайылтамын. Өзгөчө ислам дининин тарыхы тууралуу ой жоруубуз кеңейди. Куранды кырааты менен окууну да үйрөнө алдык",-дейт. Ал эми Кара-Кулжа районундагы Мамасалы ажы мечитинин имамы Мураталиев Жолчубай имам болуу чоң жоопкерчиликти талап кыларын, ошондуктан бул наамга эгедер болууга колунан келген келбегендери да аракет кылбастан, эң оболу диний билими ар тараптуу болуусу керек экендигин үйрөнгөнүн билдирди. "Кайсы бир айылдын же болбосо жамааттын диний түшүнүгү, ошол жердеги имамдын деңгээли менен байланыштуу болот. Ошондуктан, көпчүлүк адамдардын диний сабаты жок болгондуктан, башка диндерге өтүп кетүүлөрү арбын болуп жатат. Имамдар аларга диндин тарыхы тууралуу түшүндүрүп, туура эмес жолдон кайтаруусу үчүн анын жол-жоболорун туура жеткирүүсү керек",-дейт Жолчубай мырза.
Аталган факультеттин окутуучусу, теология илимдеринин доктору Базаркулов Сайфулланын пикиринде соңку мезгилдери коомубузда ислам динин кабыл кылып жаткан мекендештерибиздин катары көбөйүп жаткандыктан, мындай окутуу иш- чараларын байма-бай өткөрүп туруу зарыл. "Мезгил деле бизден жаңыланууну талап кылып жатпайбы. Коомдогу диний терс көрүнүштөр дал ушул диний сабатсыздыктан улам чыгууда. Бул жерден билим алган имамдар өз мечиттеринде, айылдарында алган тажрыйбаларын жайылтса, албетте, мунун үзүрү жакшы болот",-дейт окутуучу.
Мындай маданий агартуу иштерин уюштуруп жактан теология факультетинин дарегине ыраазычылыгын билдирген Ош шаарындагы Жаныбек мечитинин кызматкери Асаев Камчыбек, мындан ары бул жерге тез-тез келип, диний сабаттуулугун дагы да жогорулатууга куштар экендигин билдирди.
Төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан бул окуу курсу Кыргыз өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча агенттигинин жана Түркиянын "Дианет" фондунун көмөгү астында өткөрүлүп жатат. Окуу курсун толук аяктаган имамдарга атайын сертификаттар берилмекчи.




Жыл башы көгүлтүр оттун кымбатташы менен башталды
Өткөн жылы Ош шаарында миң кубометр газдын баасы 7 332 сом болсо, ушул жылы 12 920 сомго чыкты. Мындай маалыматты "Ош газ чарба" башкармасынын башчысы Минхождин Сирождинов билдирди. Эми шаардагы 54 миңден ашуун абонент газдын бир кубун 13 сомго сатып алышмакчы. Жергиликтүү серепчилер көгүлтүр отко болгон баанын кымбатташы эң оболу карапайым элге оорчулук алып келерин айтышууда. Бирок, жетекчи муну дүйнөлүк тенденция менен байланыштырып, баанын көтөрүлүшүн күтүлүп жаткан нерсе катары кабылдоого чакырды. Ал эми шаардагы жергиликтүү тургундардын өңчөй бөлүгү айлыктын көзүн карап жашагандыктан, алган маянасынын дээрлик көпчүлүгү коммуналдык төлөмдөргө кетип жатат. Жергиликтүү жашоочу Бердиева Замира бюджеттик мекемеде эмгектенет. Алган эмгек маянасы болгону 3 500 сом. Күнүмдүк кем-карчына өп-чап айлыгын араң жеткирип жашаган бул жашоочу газдын кымбатташы ага катуу сокку болгонун айтат. "Кошумча кирешенин булагы жок болгондуктан айлыкты карап жашайбыз. Биринин артынан бири кымбаттап жатканда, алган айлыгың жетмек турсун түккө да арзыбай калууда. Эми газга эки эсе көп төлөнсө, кантип жашайбыз билбейм",-дейт.




Энергетикалык кризис газга да таасирин тийгизди
Жарыктын тынымсыз өчүп жаткандыгынан улам, айрымдар көп кабаттуу үйлөргө кадимки отун мештерин куруп, эптеп тиричилигин өткөрүп жатса, бир даары көгүлтүр оттун гана көзүн карап олтурушат. Ушул себептен көгүлтүр отту жагуу өткөн жылга салыштырмалуу 40%га ашыкча сарпталган. Былтыркы жылы бир суткага 140 миң кубометр газ керектелген болсо, бул жылы 210 миң кубометр газ жагылууда. Жашоочулардын көгүлтүр отунду эпсиз колдонуп, карызын өз убагында төлөбөгөндүгүнөн улам, бүгүнкү күнгө карата карызы 59 млн. сомго жеткен. Эми алар эски карыздарын мурунку тариф боюнча төлөшмөкчү.
"Элдер газды жакканды билгени менен карызын өз убагында төлөөнү ойлошпойт. Кычыраган кыштын күнүндө кыркып коёлу десек, ансыз да араң жашап жаткан жашоочуларга оор болору белгилүү. Эми жаз алды менен карызын төлөбөгөн абонеттердин газын кыркабыз",-дейт Минхождин Сирождинов. Ошондой эле, ал алдын ала төлөөчү эсептегичтер жакын арада орнотуларын айтып, бул аракет иш жүзүнө ашса, абонеттерге да, текшерүүчүлөргө да бир топ жеңил болорун кошумчалады.




Суук тийгендер көбөйдү
Жалал-Абад шаарында суук тийип бейтапканага кайрылып жаткандар былтыркыга салыштырмалуу көпчүлүктү түзүп жатат. Бул тууралуу аталган медициналык мекемелердин кызматкерлери билдиришти. Бирок бул маалымат расмий түрдө таралган жок, анткени, өткөн жылга салыштырылган пайыздык көрсөткүчтөр азырынча чыгарыла элек.
№1 бейтапкананын башкы мээрбаны Гүлмира Кадыралиеванын берген маалыматына ылайык, суук тийип кайрылып жаткандардын басымдуу бөлүгүн көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары түзүшүүдө. Анткени, Жалал-Абаддагы андай 36 үйдүн жыйырмага жакынында жашоочулар жылуулук келүүчү трубалар жакшы ысыбагандыктан, кырктырып салышкан. Ал эми электр жылыткычтар менен ысытуу ыкмасына жарыктын тез-тез өчүшү кедергисин тийгизип жатат.




Айтматовдун атын коюу үчүн имарат изделип жатат
Жалал-Абад шаардык мэриясынын кезектеги жыйынында, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын социалдык мааниси бар имарат-жайлардын бирине берүү маселеси талкууланды. Демилгени чогулушка катышкандардын бардыгы кубатташканы менен жазуучунун ысымын кайсыл жерге берүү маселеси кызуу талаш-тартышка себеп болду. Натыйжада, ылайыктуу жерди изилдеп чыгуу үчүн атайын комиссияга маселени чечүү милдети тапшырылды. Облустун борборундагы көптөгөн көчөлөргө орус акын-жазуучуларынын, согуш баатырларынын ысымы, ошондой эле жергиликтүү таанымал кишилердин аттары коюлган. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун наамына коюлган бир да көчө жок. С.Эралиев, Жалал-Абад




Кабат үйгө темир мештер салынууда
Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү "64" деп аталган аймактагы көп кабаттуу үйлөрдүн айрым тургундары жылытуунун баштапкы жагдайына өтө башташты. Алсак, Ленин көчөсүнүн №6-үйүнүн биринчи кабатында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 85 жаштагы карыя Тезекбай Байшериевдин үй-бүлөсү ашкана үйдүн терезесинен керней чыгарып, от жагып жылынышууда. Ал эми Ленин көчөсүнүн №8-үйүнүн 64-батиринде жашаган тургундар болсо, дааратканага темир меш орнотушуп, төртүнчү кабаттан түтүн булатышууда. Нарын район аралык жылуулук берүү ишканасынын башкы кыбаачысы Алмаз Самүдүн-уулу Ленин көчөсүндөгү №6-үй бирдиктүү жылуулук системасына кошулбагандыгын айтат. Нарын гидрометеорологиялык борбор 6-январдан тарта Нарын шаарында абанын температурасы күндүз -20о, түнкүсүн -28о даражага чейин болуп жаткандыгын билдиришти.




Карышкырлар Нарындын элине 18,3 миллион сомдук зыян келтирген
2008-жылда теңиртоолуктардын 538 жылкысы, 120 уйу, 66 топозу жана 1310 баш кой-эчкиси карышкырларга жем болуп, келтирилген зыян 18 миллион 331 миң сомду түзгөн. Өткөн жылда 245 карышкыр, 22 чөө атылган. Бул көрсөткүч 2007-жылга караганда, 125 карышкырга жана 17 чөөгө көп атылды дегенди билдирет. Бирок карышкырлардын терисине мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат 2007-жылга салыштырмалуу былтыркы жылы 2,5 эсеге азайган. Же болбосо 2007-жылда карышкырлардын териси үчүн 252 миң сом бөлүнсө, өткөн жылы 100 миң гана сом ыроолонгон. Мындай маалымат облустук акимчиликтин жетектөөчү адиси Эсен Абышовдон алынды.




Бир күндө 9 чөө атылды
Окуя 5-январда болгон экен. Нарын районундагы Орток айыл округунун аймагындагы Нарын дайранын жээгиндеги "Саске" деген токойлуу булуңунда пайда болгон 9 чөө Нарын облустук аңчылык департаментинин мергенчилери тарабынан атылган. Мындай маалыматты билдирген облустук акимчиликтин жетектөөчү адиси Эсен Абышов, 1940-жылдан бери Нарын районунун аймагында чөөлөр болбогондугун жергиликтүү карыялар айтышкандыгын кошумчалайт.
Ал эми өткөн жылдын декабрь айынын башында, Нарын шаарынын түштүк тарабынан мал кайтарып жүргөн Нарын шаарынын тургунуна чөө кол салган эле. Э.Абышов мырзанын айтымында ушул чөөлөр чыгыш тарапка карай ыктап, Орток айыл өкмөтүнүн аймагына барышкан. Күмөндөр Усуптегин, Нарын